Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

№546 19-25-апрель, 2013-ж

(Башы өткөн сандарда)

Асман сүйүүдө өзүн жолсуз элестетип кетти. Классташы Берметтин «жигитим министрдин жардамчысы болчу, аты – Исман» дегенин укканда деңгиреп отуруп калды. Ишенбей, «ким?» деп такып сурайт улам. Балким, окшош ысым болуп жүрбөсүн деп өзүн жооткотуп, бирок эч майнап чыкпады. Берметтин сүрөттөп бериши, жүрүм-турумун, кулк-мүнөзүн айтканда эле түшүндү, «демек, кептин баары бул жакта экен да, акмак десе». Ушинткен Асмандын кабагы чытылып, жүрөгү тынчыбады. «Эмнеге, эмнеликтен мен ишенген адамдар үмүтүмө суу себишет? Эмне үчүн махабаттан жолдуу эмесмин?! Көңүлүмдү мынча оорутуп, алдашат?» ачуусун кимден чыгарарын билбеген кыздын ичи жалын, сырты чок. Ал эми ашыгынын жан дүйнөсүндө бороон болуп жатканы менен кабары жок Исман сүйүктүүсүнөн чалып да, СМС жазып да жооп ала албады.
Кечки концертке даярданган Асман салондон сулууланып чыгып, Спорт Ордосун көздөй бет алды. Мына, артында коштоп бийлечү бийчилери да даяр экен. Гримёрка толо жаңы чыгып келаткан жаш ырчылар. Бирин тааныса, экинчисин тааныбайт, концерт койчу ырчы жигиттин продюсери келип, аны менен учурашып калды.
– Кандай, Асман? Ой, тимеле супсулуусуң го, ыя?!
– Рахмат, даярдык жакшыбы? Мен антракттан соң чыгат турбайымбы, ээ?
– Ооба, элдин келгенин айтпа, сыртта эшикти талкалаганга аз калды, «баштабайсыңарбы» деп жемелеп жатышат. Же менин сылан корозум жок, «салондон чыктым» дегени качан,
келе элек эмгиче. Беш мүнөттөн соң баштайбыз, бийчилеримди табайын...
Ооба, бул көрүнүш шоу-бизнес деген түшүнүктүн башталышы эле, ыр дүйнөсүн жаңы толкун каптап жаткан убак болчу. Айрыкча 17-20 жаштын тегерегиндеги жаш ырчылар жаңыдан чыгып, жаштарга жагып жаткан кез. Ырчы жигиттерге караганда кыздардын саны азыраак. Алардын арасында Асмандын аты таш жарып калбаса да, анча-мынчалар таанып, той, кечелерде, концерттерде ырдап калган мезгили. Көбүнчөсү өзү курактуу же андан бир-эки жашка улуу, же болбосо 3-4 жашка кичүү ырчылар. Мүнөзү шайыр болгондуктан, Асман бирөө менен бат тил табышып кетет. Ыр дүйнөсүнө да акырындык менен ушинтип аралаша баштады. Шашкалактап кара торусунан келген бир ырчы кыз кирип келди Асман отурган бөлмөгө.
– Ой, кимди көрүп жатам? Асуля, сенби?
– Аа, салам, Нургуля!
– Клибиң чыккан турбайбы?
– Ооба, бирок сен кайдан көрдүң, мен жайылта элекмин го?
– Жунусбек байке «пираттарга» тараткан окшойт, мен дисктен көрдүм.
– Койчу, ал премьерасын бир укмуш шаан-шөкөт менен өткөрөбүз деп жатпады беле?!
– Билбейм анда, ал да ушул жерде жүрөт, сурасаң. Ошол ырды ырдайсыңбы?
– Ооба, сенчи, сен кайсы ырга даярдандың?
– Мен восточный! Шагыраган бийчилерим бар. Кимден кийин чыгат экенсиң?..
Бир-эки жолу концерттерде сахна артынан саламдашып калганы болбосо, Асман бул ырчы кыз менен анчейин апак-чапак эмес. Болгону, Асмандын клибин тарткан режиссёр
Нургүлдүн да клибин тартып берген, ага көмөк көрсөтүп жүргөн адам аркылуу таанып-билишет бири-бирин. Көңүлү чөгүп концертке келген Асмандын маанайын эмнегедир Нургүл көтөрдү, ар кайсы жаңылыктарды айтып отуруп экөө эски тааныштардай телефон алышып, тил табышып кетишти. Нургүл ырдап бүтүп сахнанын артына өтүп эле Асманды кучактап
калды.
– Көрдүңбү, эл жакшы кабыл алууда бизди, Асман! Тартынбай ырдап, талантыңды көрсөт, таанылабыз биз!
– Куттуктайм! Эми кезек менде.
Көйкөлө баскан Асман сахнанын ортосунан ийиле таазим этип туруп ырын баштады. Залдын ичи жаштарга толгондуктан, кол чабуулар болууда. Ал ансайын алпаруучу жигит «кол
чаап, кубаттап турабыз, достор! Алдыңыздарда Асман Болотбекова
» деп кыйкырып коюуда. Элдин сүрөөсүнөнбү же өзүнө ишенгендигиненби, айтор, ырдын кайырмасына
келгенде Асман жанданып баштады. «Кана, барсыздарбы, Бишкек!» Залдан ышкырык-кыйкырыктар... Бүгүнкү кайгысын кол чабуулар, көрүүчүлөрдүн жайнаган көздөрү жууп кетти.
Ары-бери баскан сайын алдыңкы орундуктарда отурган жигиттер ышкырып-кыйкырып сүрөөнгө алышууда. Бир убакта жездеси чыгып, балдызына гүл сунду. Аны көрүп ого бетер
кубанды. Ошентип ырдап бүтүп сахна артына өттү. Эми аны Нургүл кучактап тосуп алды.
– Жеке концерт берчүдөй эле болуп калыптыр. Асман!
– Жо-ок, бизге эрте го. Анын үстүнө эл экөөбүзгө эмес, башканын концертине келгенин унутпаш керек.
– Ошентсе да жакшы тилек – жарым ырыс. Жүр, ужин кылалы бир жерден.
– Жүр.
Ичтеги бугун, концерттен кийинки ырахатты бөлүшкүсү келген эки ырчы кыз борбордогу кафелердин бирине баш багышты. Үч сааттан ашуун убакытта курсагын тойгузганга, бири
бири менен жакындан таанышып, кээ бир ырчыларды ушактаганга да үлгүрүштү. Кыскасы, экөө «мындан ары жакшы санаалаш болуп жүрөлү, жолугушчу жерибиз сахна болсун, кыйынчылыктарды кошо жеңели» деп сөз беришип жөнөп кетишти. Жездеси берген гүлдү көтөрүп алып, ага рахмат айтканы чалайын деп саатты карап, кайра токтоп калды. «Тынч уйкуларын бузбайын». Подъездге кирип баратканда алдынан мышык өтүп кетти эле, чочуп бакырып алды. «Демейде акча доолаганды кыйын билишет, лампочка салып койгонго алдары келбейт» деп кыжырдана экинчи кабатка чыга бергенде чоң мамалак дагы чочутту. Исман экен. Бир колуна чоң мишканы көтөрүп, экинчисине гүл кармап эшик оозунда күтүп туруптур.
Үн катпай жылмайып турган жигитти бир карап алып эшигин ача баштады. Дале жигит үндөбөйт. «Айыбыңды моюнуңа алгың келбейби, анда мен сага бүгүндөн баштап жат адаммын». Кыз дароо ушинтип ичтен сүйлөнүп алып, үйгө кирип кетти. Коңгуроо басылды, ачпады, дагы басылды, телефонунун жаагы тынбайт. Гүлдү вазага салып, чечинип, өзүнүн иши менен алек болуп жүрө берди. Бир убакта коңгуроо басылбай, телефон чырылдабай калды. Кетти окшойт деп оор үшкүрүнө диванга чалкалай кетти кыз. Ушул убакта сырттан «Асман, Асман, Асуш» деп кыйкырган Исмандын үнү угулду. Эмне кылыш керек, түнкү саат 2де атын айтып кыйкырып жатканын кошуналар укса эмне дейт? Айрыкча астыңкы кабатта жашаган орус кемпирдин кулагы сак. Азыр эшикти ачпаса балээге каларын билген Асман терезеге жетти.
– Чүш. Акырын! Айкырба дейм, бар кет, баары бир ачпайм.
Жигит минткенге болобу, ого бетер атын айтып чакырып «баарын түшүндүрүп берем» деп дарылдай баштады.
– Чүш дейм, ачтым, кир!
Ошентип, жумшак оюнчук коёндун жанына андан чоң мамалак келип кошулду.
– Оюнчук ойногондон өткөм мен! Мындан ары оюнчук менен алдайм деп убара болбо! Сени көрүштү да каалабайм, жалган кебиңе сугарылгым да келбейт! Жогол, жакшылыкча!
– Билем, түшүнөм сени! Бирок антип айтпачы. Билесиңби, сен мени Иси дегенде жиним келчү. Анткени сени табыш үчүн, сени жакындан билиш үчүн мен Берметке жолуккам.
Бермет сен тууралуу баарын айтып берген мага.
– Берметтин да, сенин да атыңды уккум келбейт! Мен түшүндүм, эмне максат кылганыңды, сендей эркектерди урганым жок. Менин оюм, максатымды талкалай албайсың. Алың да,
күчүң да жетпейт.
– Кыйкырсаң да, урушсаң да мейли. Мени ур, сөк, тилде! Бирок алыстатпачы өзүңдөн!
– Жок, кечирбейм. Жалдыраба, мен жалдыраган эркекти жек көрөм, сага эч нерсем кеткен жок, карыз да эмесмин!
«Жалдыраба» деген сөздү уккан соң куру намыска алдырдыбы, айтор, Исман кыйкырынып кирди.
– Сенин башың жок, ушуга чейин ойлонуп көрдүң беле, ким жардам кылды мага деп?! Мына мен жардам бергем, сени ажыдаардын оозунан сууруп чыгып кеткем. Ошон үчүн да сенин курбуңду таап, сен тууралуу баарын билген соң шефке айткан эмесмин! Чоң курсактуу кишиден куткаргам сени!
– Исман эмес эле ит экенсиң, кыйкырба мага. «Жардам кылдым» деп төш какпа! Азыр милиция чакыра электе жогол.
Туталанган кыз жашка муунуп, колу калтырып, жаман болуп чыкты.
– Өзүм эле кетем, отко айдаса бокко качасың!
Ушинткен жигит эшикти тарс жаап чыгып кетти. Асман өзүн карманды, болушунча ыйлабаганга аракеттенди. Бир гана «мен сага көрсөтөм, менин ким экенимди! Мен сени жок
кылам
» деп муштуму түйүлдү.Кубаныч менен кайгы бир жүрөт деген ушул экен. Бир кубанып, бир ыйлаган кызга Исмандын сөздөрү батып кетти, жанын кашайтты. «Карап тур,
сенин түбүңө өзүң тандаган жол аркылуу жетем. Ооба, шефиңдин колу менен жок кылам, шефиңдин көмөгү аркылуу атактуу боло алам!
» Ушул күндөн баштап Асман өзгөрдү.

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 531-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 532-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 533-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 534-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 535-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 536-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 537-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 538-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 539-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 540-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 541-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 542-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 543-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 544-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 545-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 547-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 548-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 549-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 550-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 551-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 552-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 553-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 554-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 555-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 556-сан
Комментарийлер(33)
22.04.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага тамаша... Шефи менен кетет экен да
22.04.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бир жума күтүш керек
22.04.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ui jaw kizdin tagdirin talkalap!baikuw kiz!azirki kundogu bolup jatkan nerseler!!
22.04.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Egerde Baktyguldun istoriyasy bolso anda Nurgulyasy Nelya boluw kerek dep oilop koidum men
22.04.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cunade, сен эн туура ойлогонсун.
22.04.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба, Cunade мен дагы дароо ошентип ойлодум, Нургуляны Неля деп
22.04.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа,Неля гооо...кара торусунан келгени жакты.Кызык эми башталды.
22.04.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исман м.н калатго деп ойлогом,эми уландысын кутобуз
22.04.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмкиде дагы бир жигит жолуктуруп.анан анысын Нургуля тартып кетип тийип алат болсо керек.
22.04.2013. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
восточный ыр ырдайм дегенине караганда Неля го....
22.04.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Galia, точно айттын
22.04.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми чон курсактуу шефи ким?
22.04.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон курсак дегени султан раев го дейм. нургуля точно неля
22.04.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгулдун окуясы экен! Мунозу, башынан откоргон тагдыры жада калса курбусу!
22.04.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жалган жалган жалгаан деп созуп келдида ээ Нелянын алгачкы ырлары ммм эээ озунчоле дал келуу
22.04.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай Шерлок Холмс болуп кеттинерго жон эле ай ай йа
22.04.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм кутуш керек
23.04.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле Бактыгул дей беришип окуп жатканда только ошону ойлоп жатам
23.04.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rozka, Мен да Бактыгулду элестетип окуп жатам. Башкача элестетейин десем да болбойт)))
23.04.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шоу бизнесдеги кыздардын башынан созсуз ушундай нерселер отобу
23.04.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой rozka туура айтасын башында жон эле окучумун аа азыр болсо оюман кетпейт окуп буткучо, чын эле окшойт деп!!!:)
24.04.2013. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгулго Асмандын мунозу такыр окшошпойт го.
24.04.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begim8678, китеп болгон сон коркомдойт да. Дал озундой кылып жазса эмнеси кызык? Ошолбу ошол эмеспи билбейм, бирок жашоосундагы окуялар чын эле окшош Бактыгулдун жашоосуна.
24.04.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каяктагыны баштайт экенсинер озу Бактыгулду элестетип алып мурункудан да кызыгуум арта баштады коро жатаарбыз эгер чын нургуля асмандын жигитин тартып алса анда точна эле Бактыгуул красотканын тарыхыыы:))
24.04.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле Бактыгул менее чогуу жашагандай жазасынар го? Окшош тагдырлар боло берет го, менимче.
24.04.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А Бактыгулдун да бир агасы,бир иниси барбы? Билсенер жазып койсонор сураныч.
24.04.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеси демекчи элем жанылып кеттим.
25.04.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dagy Bakulya dep oilop jatkam, antkeni Asmandyn da algachky mashinasy kyzyl golf 3 emes bele Bakulyanyky da oshondoi bolchu, anan ozunon surasam "jok, Asmandyn maga ech kandai tieshesi jok, oshentip oilogondor adashyshat" dep koigon. Birok emi kim bilet, ooba menmin dep aitmak bele...
24.06.2013. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Clara_Zh, ал Бакуля Асманды кайдан билет..... же ал дагы кызыгуу менен окуйбу......
26.04.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
качан бутот эртерек бутсо болот эле.
26.04.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа кызык! Эгер Асмандын жигитине тиги жаны келген подружкасы тийип алса анда эле бактыгул дей бергиле!
28.04.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, Бактыгулдун бир эжеси, бир агасы бар..
28.04.2013. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim, Рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо