Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АГАСЫН САБАП, МАЙЫП КАРЫНДАШЫН ЗОРДУКТАШКАН

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Жакында милиция кызматкерлери мындан 3 жыл мурун болгон кылмышка шектелип качып жүргөн адамды колго түшүрүштү. Эми аны сот кылмышкер деп тапса, ал ошондо эле кармалып, учурда абакта отурган шеригинин жанынан орун алат.

2010-жылдын 18-июнунда Панфилов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Виталий Статешный аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 17синен 18-июнга караган түнү 2 жигит ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 17 жаштагы кызын зордуктап коюшканын билдирген. Ага удаа эле Олег Булгаков аттуу жаран кайрылып, «ошол эле жигиттер үйгө келип мени сабап кетти» деп арыз жазган. Фактылар боюнча «Киши өлтүрүүгө аракет», «Зордуктоо» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. 2010-жылдын 17-июнунда кечки саат 10 чамасында Нурлан мас абалында аталган үйгө кирип, уктап жаткан 17 жаштагы Виканы зордуктаганга аракет кылат. Вика бала кезинен майып болуп, өз алдынча баса да, кыймылдай да алчу эмес экен. Чочуп ойгонгон Вика кыйкырып жибергенде коңшу бөлмөдө уктап жаткан тууганы Олег ойгонуп, Нурланды үйдөн кууп чыгат. Нурлан таанышы Сейитбекти телефон чалып чакырып, көп өтпөй экөө кайрадан кайрылып келишет да, Олегди сыртка чакырып чыгып сабап киришет. Анан аны ошол эле көчөнүн төмөн жагында жайгашкан суу сактагыч тарапка алып барып катуу сабап, Олегдин өзүнүн эле көйнөгү менен муунтушуп, эсин жоготкондо таштап кетип калышат. Үйгө кайра кайтып келишип, эшиктин кулпусун сындырып киришет да, Виканын алсыздыгынан пайдаланып, күч колдонуп зордукташкан.
Дайындалган соттук-медициналык экспертиза да кыздын зордукталганын аныктаган. Кылмышка шектелип Панфилов районунун 1981-жылы туулган тургуну Сейитбек Кутманалиев колго түшүрүлүп, ал кылмышын мойнуна алган. Ошол эле жылдын 5-октябрында Панфилов райондук соту тарабынан Сейитбек Курманалиев 16 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Нурлан Арабеков из жашырып кетип, 3 жылдан соң гана милиция кызматкерлерине кармалып отурат. Учурда ал Олегди сабагандыгын мойнуна алганы менен, Виканы зордуктаганын мойнуна албай жаткан чагы.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
22.04.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фуу айбан дейин десен макулук да кылбайт мындайды. Атып эле салыш керек.
25.04.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA, анда коп куноосуз адамдар атылып кетет , уруп мойнуна алдыргандар кандай болот ???
24.04.2013. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордуктагандарды эч сураксыз эле атып салышса жакшы болмок канча деген жандар азап чегет ушулар учун
24.04.2013. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озун ошондой кылып зордуктаса экен эми зонадан!
25.04.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыл эси ордунда эмес го дейм , майып адамга ушундай мамиле кылабы ?
26.04.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолугунун мукунчулугу чектелген адамдын жашоо ансыз деле кыйын болуп жатканда, бул айбандын кылганын кара?! Олуп кетпейби, качан мындай манкурттарды атып же кастрация кылып жок кылабыз??! Дагы канча адамдын козу жашы агыш керек, ыя?
28.04.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точно атып салыш керек жок атып салсан оной аркы дуйного кетип калат мындай эшектерди кыйнап олтуруш керек
09.05.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироого олум тилегенче озубузго омур тилейли! Аларды Аллах озу жазалайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо