Жан Воинов:«КҮЙӨРМАН КЫЗДАР «СЕНДЕН БОЮМДА БАР» ДЕП КОРКУТУШАТ»

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Атактуу спортчу Александр Воиновдун жана телеалпаруучу Ассоль Молдокматованын уулу Жан Воинов жаш болсо да өзүнүн жетишкендиктери менен бий күйөрмандарын кубантып келет. Дене тилинде сүйлөгөн бул жигитти биз эне тилинде сөзгө тарттык.

Толук аты-жөнү – Воинов Жан Александрович
Туулган күнү, жылы – 11-август, 1996-жыл
Бою – 166 см
Салмагы – 51 кг
Жетишкендиктери – «Жаңы бий сеансы-2011», «Көчө ыргактарынын өнөрпозу-2011» (Казакстан), 2012-жылы Лос-Анжелесте өткөн Дүйнөлүк бий сынагынын жана башка көптөгөн бий сынактарынын жеңүүчүсү

– Жан, айтсаң, атактуу адамдардын уулу болуу кандай?
– Мен эч кимге ата-энемдин ким экенин айтпайм. Айрым досторум да кимдин баласы экенимди билишпейт. Ата-энемдин атактуулугу менин жашоомо таасирин тийгизбейт.

– Бий дүйнөсүнө аралашып калышыңа ким же эмне түрткү болду?
– Көп нерселерге кызыгып, футбол жана кикбокс менен алектенип көрдүм. Бир кезде «Let’s dance» тобунун бийлегенине таасирленип, бийге кызыгып баштагам. Алгач көргөн кыймылдарды туурап, кийин ошол топто сабак алдым.

– Бийлегенден башка эмнеге кызыгасың?
– Эч нерсеге. Себеби бий – менин жашоом, бийлеп акча табам, жашайм, ырахат алам. Кээде таң атып калгыча машыккан учурлар болот. Анан үргүлөп мектепке кетем. Канчалык түйшүктүү болсо да, бий – менин жан дүйнөмдү чагылдырып туруучу күзгү.

– Сынактарга катышам деп сабактан кыйналбай элесиңби?
– Сабактан көп калам, бирок мен окуган мектептин жамааты мени түшүнөт, колдоп турат. Фестивалдарга катышканда уруксат беришет. Аларга ыраазымын. Сынактан келгенден кийин жетишип алам. Менин оюмча, адам талантына карай жашашы керек. Макул, мен азыр окуюн дейин, мектепти алтын медаль менен бүтөм. Анан ЖОЖго тапшырам, аны да жакшы бүтөм дейли, жакшы маяналуу жумушка орношом. Бирок мен жашоомдогу чыгармачылык убактымды өткөрүп жиберем, чынбы? Өзүмө андай кызыксыз жашоону каалабайм, буюрса, кыймылдай албай калгыча бийлейм. Себеби дене кыймылы аркылуу мен дем алам.

– «Жылдыз оорусуна» чалдыгышың мүмкүнбү?
– Жок, жылдыз болуп мурдумду асманга көтөрүп, обу жоктонгум келбейт. Канчалаган белгилүү адамдар менен достоштум. Голливуд жылдыздары эңсеген сахналарда бийледим, бирок мен ошол эле Жанмын. Бир жолу студияга маршруткада келгенимди күйөрман кыз көрүп аябай таң калган. «Маршруткага түшөсүңбү?» деп. Мага ыңгайлуу болсо, эмнеге түшпөшүм керек? Азыр бир-эки ыр жаздырып, Спорт Ордосунда ырдап койсо эле айрымдар жылдыз болуп чыга келишет. Менин
оюмча, «жылдыз оорусуна» адамдык деңгээли төмөн адамдар чалдыгышат.

– Апаңдын жашоосунда жаңы адам пайда болбодубу. Кызганбай элесиңби?
– Эмнеге кызганмак элем? Мен үчүн апамдын жылмайып туруусу кымбат. Азыр анын жан дүйнөсү бакытка балкып турган кези. Жанында жакшы адам бар. Алмаз апамды бактылуу кыла алат деп ишенем.

– Атаң менен бат-бат эле көрүшүп турасыңбы?
– Ооба, албетте, күн сайын.

– Кел, сөздү өзүңдүн жеке жашооңо буралы. Сени кандай кыздар кызыктырат?
– Мен үчүн кыздын тарбиясы, өзүн алып жүрүүсү маанилүү, келбети кызыктырбайт. Мен жандай турган кыз атактуулугума эмес, адамдык сапатыма байланышы керек. Мурунку сүйлөшкөнүм 19 жаштагы казак кызы эле. Бирок колум бошобой, ага көңүл бура албай калгандыгымдан мамилебиз үзүлгөн. Ал кыз экөөбүз эски тааныштардан элек. Менин атым чыга электе, жөнөкөй Жан убагымда таанычу.

– Демек, сен үчүн жаштагы айырма маанилүү эмес?..
– Ошондой десем болот. Адамдын жашы эч нерсени чечпейт да, эки адам бирин-бири түшүнүп, дүйнө таануусу дал келсе, эмнеге бирге боло алышпайт?

– Күйөрмандарың аша чапкан учурлар болобу?
– Ооба, күйөрман кыздар чалып, «сенден боюмда бар» деп коркутушат. Айла жоктон күлүп гана тим болом.

– Маегиңе рахмат!

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Голливудду багынтам дейт Жан Воинов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
20.04.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага ЖАН
SUPER.KG видео
20.04.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
super Jan! podnimai nash flag s gordost'u, ya lichno gorjus' takim sootechestvinnikom kak ty, spasibo za pozitivnye otvety! bud' vsegda vperedi.
22.04.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jash bolson da baikap, oluttuu suiloit eken,good luck,buddy!
22.04.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец,Жан!Классно танцуешь! Удачи,достижения поставленных целей и осуществление всех твоих заветных мечт!
22.04.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыржыйган ким десем Ассолдун уулу тура!;) Но ийигиликтер жарала берсин, ийгиликке умтулган адамга.
22.04.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан акылдуу осуптур.Ассольго баракелде тарбияныда жонокойлукту да жетишинче берген.Ийгилик!!!
22.04.2013. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу, сүйкүмдүү жакшы бала экен, көздөгөнүнө жетсин!
SUPER.KG видео
22.04.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай соонун маек болуптур анча мынча чон адамдарда мындай интервию бералбайт
22.04.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life saga sinatip koiso le boldu ken da! kirjiysa azir jaw dagi osup ozgorot!
23.04.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик
23.04.2013. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец! ушуну жылдыз десе болот
24.04.2013. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөнөкөй,акылдуу бала экен тилегине жетсин.
24.04.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jonokoiluk adamdagy en beiek sapat!Azamatsyn,Alga jana Alga!
24.04.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы тарбия алганы корунуп турат. Атасы табиялаганбы же апасыбы? Азыр ким менен жашайт болду экен?..
24.04.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче атасынын тарбиясы. Атасы ушундай жонокой киши. Ассольдон тарбия алса жаман эле бала болсо керек дейм да
25.04.2013. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!! Вперед,Жан! Удачи! Так держать!
25.04.2013. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы ото жонокой адам.жанында маектешип отуруп жакшы ойдо калгам.апасы илгертен эле жакчу эмес.азыр тем более жакпайт
25.04.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iigilik!
25.04.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорду оорду менен суйлогон акылдуу бала экен, Молодец онорун оркундой берсин Алга!
25.04.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасынын баласы да!!!Ассольду тартса ойду тоону суйлоп,таманы сай таппай журмок да дагы бир жерде!Менин угушума Караганда атасы кобуроок тарбия берет.Ассольдун болсо озуно куйоо издегенден колу бошобойт да!
26.04.2013. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes Jan, udachi tebe! Do Ur best and Ur dreams will come true!!!
26.04.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бий жаатында ийгиликтерди жана чон жетишкендиктерди каалайм, бар бол, азаматсын!
26.04.2013. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокойлук сапаты жакшы,азамат жигиткен,турсийсин коргозуп кийингенин эске албаганда;)
27.04.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atasy mn kundo joluksa tarbiyany atasynan algan bolush kerek
28.04.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассоль деле кыйын инсан баарын тобокелге салып кылып корот озуно ишенет. Айткылачы 18 жашынарда кимин оз каржынарга машина ала алгансынар,? А Ассоль жеткен, эмгекчил айым. Апасынын деле салымы барда тарбияда, эн негизгиси апасын сыйлайт экен азамат, оомат.
28.04.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын,ийгиликтерди каалайм коптогон бар бол!
SUPER.KG видео
03.05.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozu jaw bolso da bergen intervyusu menen tan kaltyrdy azamatsyn sendeiler koop bolso deili! Kyrgyzstandy jakwy jaktary menen taanytam degenin ozu ele 4oon jetiwkendik! Iygilik saga!
SUPER.KG видео
15.06.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызский ДЖАСТИН БИБЕР!!!
17.11.2013. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иии кыздар боюмда бар деп коркутат дейт,коп кыз менен жататго дейм!
25.04.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life,боорумду эзип салдын тууган:))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо