Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бактыгүл Закирова:«МЕН ЭМИ ТОЙЛОРДО ЫРДАБАЙМ»

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Маңдайымда «кайрадан үйлөнүү тоюбузга баргым келип жатат» деген жаш келин тойдо түшкөн сүрөттөрүн улам суктануу менен барактап жатты. Ал – Бактыгүл Закирова. Мындан бир-эки жыл мурунку ачык, тамашакөй Бактыгүл менен эмес, турмушка олуттуу караган ырчы айым менен маектешип отурдум.

– Куш боо бек болсун! Алгачкы сөздү үлпөт тойдон баштайлы, кандай өткөрүп алдыңар?
– Рахмат, буюрса, баары жакшы. Бул жашоодо адам баласы бир жаралып, бир жолу гана турмуш курат экенбиз. Албетте, айрымдардын ажырашып кеткенин эске албаганда. Ошол себептен тойду жолдошум экөөбүздүн гана эсибизде эмес, тойго келгендердин баарынын эсинде калгыдай өткөрүүгө аракет жасадык. Адаттагы тойлордон кантип өзгөчөлөндүк? Билесиз, ар бир тойдо тост айтылат. «Качан мага сөз берилет?» деп бир аз толкунданып күтүп отурабыз. А биз атайын стенд жасатканбыз, келгендер каалоо-тилектерин ошол жерге жазышты, ортого чыгып каалоо-тилек айтышкан жок. Той башталышын коноктор сыртта күтүшөт эмеспи, бизде чайлашууга өзүнчө стол жасалган. Келгендер той башталгыча чай ичип, Алмаз экөөбүздүн дубалда илинген ар түрдүү сүрөттөрүбүздү карап жүрүштү.

– Коштоп жүрүүчү курбу кыз менен жолдош бала да болгон эмес турбайбы?
– Ооба, болгон жок. Жыргап экөөбүз эле отурдук. Келгендерге шоколаддай таттуу турмуш каалап шоколад берели дегенбиз, бирок ал оюмдан кайттым. Андан көрө биздин тойду эстеп жүрүшсүн деп жолдошум экөөбүздүн сүрөтүбүз түшүрүлгөн магнит белек кылдык.

– Кайын журтуң, жолдошуң туурасында кененирээк айтып берсең...
– Жолдошум да, кайын журтум да абдан түшүнүктүү, боорукер, жакшы адамдар. Менин бул жашоодогу эң жакын адамдарым. Күйөрмандарым ачык айтпай коюптур деп таарынышпасын. Ар бирибиз бактылуу турмушту эңсеп, кыялданабыз. Кыскасын айтканда, жашоодогу бактылуу адамдардын катарын мен да толуктайм. Буюрса, жакында эне болом.

– Күзүндө эле үйлөнүптүрсүңөр, тойду эмнеге кеч бердиңер?
– Убакыт болгон жок. Анын үстүнө эмнегедир шашкан жокпуз. Ошондуктан ушул маалга туш келди. Жакшылыктын эрте-кечи жок эмеспи. Дубайда досторубуз бар. Үйлөнүү тоюбузду символикалык түрдө ошол жактан белгилеп коёлу деп жатабыз. Алмаз да, мен да көп эле чет жерде болгонбуз. Анан экөөбүз тең Дубайга барып келели деп чечтик.

– Жолдошуң эки бир тууган экен. Кайын журт менен чогуу турасыңбы?
– Жок, өзүнчө турабыз. Ошентсе да бат-баттан барып, апам менен атама ысык чайымды берүүдөн тажабайм. Өз апамды кандай жакшы көрсөм, кайненемди да ошондой көрөм. Алар болбосо Алмаз кайдан болмок эле? Кудай буюрса, өмүрүм өткүчө аларды сыйлап өтөм.

– Сенин сахнада, тойлордо ырдашыңа жолдошуң каршы эмеспи?
– Жолдошум ар дайым чыгармачылыгымды жан дили менен колдоп келет. «Жакшы ырларды жаздыр, маанилүү, кооз клиптерди тарт, бирок тойлордо ырдабайсың» деди. Ал эми чоң-чоң концерттерге катыша берем.

– Бизнесиң менен чыгармачылыгыңды чогуу алып кетейин дейсиңби же бирөөнү эле колго аласыңбы? Сурайын дегеним, чыгармачылыгыңда бир аз солгундоо болуп жатат го?
– Ооба, чын, мурункудай көңүл бура албай калдым. Бардык нерсенин өзүнүн убак-сааты болот. Азыр менде тыныгуу, мындан ары аракет кылам деген ишеничтемин. Тоюмда жолдошума арнап сөзү өзүмө, обону Азамат Такырбашевге таандык «Жүрөгүмдө сенсиң» деген ырымды ырдадым.

– Сулуулук салонуң абдан заманбап үлгүдө жасалыптыр. Бул өзүңдүн аракетиң мененби?
– Биринчи Кудайдын жардамы менен. Менин аракетим андан кийинки орунда турат.

– Эми турмуштук кадимки суроолорду берейин. Бул жашоодо эмнени баалап жашайсың?
– Үй-бүлөмдү, жакындарымды, достукту, анан да убакытты баалап жашайм. Себеби убакыт деген учкан куш экен. Кечээ эле 19 жашымда ырдап чыксам, минтип жыйырма сегизге келип калдым.

– Салонуңдун кызматынан өзүң пайдаланасыңбы?
– Албетте, чачымдын жасалгасынан баштап, тырмагыма чейин өз салонумдан жасатам. Салон гигиеналык тазалыкты талап кылат. Бизде ар бир кардардан кийин колдонулган буюмдарды дезинфекциялап турабыз. Ошол себептен өзүмдүн салонума ишенем.

– Сүйүүгө кандай аныктама бересиң?
– Сүйүү бар. Сүйүүсүз жашоо кызыксыз. Сүйүүнүн түрү көп. Ошонун ичинен эки адамдын ортосундагы сүйүүгө токтолсом, аялзаты менен эркек адам бири-бирисиз жашай алышпаса, демек, ошол чыныгы сүйүү.

– Жашоодогу коркконуң?
– Кудайдан башка эч нерседен коркпойм. Өлүмдөн да тайсалдабайм. Ажалың жетсе ал сени кайсы жерде жүрбөгүн таап алат. Маңдайыбызга жазганды көрөбүз да. Бул жашоодо түбөлүк калган эч ким жок. Ар бирибиз бүгүн болбосо, эртең кетебиз. Ошондуктан ар бир күнү адам болгум келет. Эч кимдин көңүлүн ооруткум келбейт. Жакындарыма жылмаюу гана тартууласам дейм.

– Кандай ураан менен жашайсың?
– Баары жакшы болот!

– Эсте калган таарынычың?
– Таарынычтарды унутканга аракет кылам. Ошондуктан эсимде жок.

– Сүйүп жеген тамагың?
– Лагман деп айтып коюшум мүмкүн. Бирок ар ким ар кандай жасайт да. Ошондуктан берилип, чын жүрөктөн, жакшы назар салып жасалган тамактын баары жагат.

– Мүнөзүңдөгү жаман жагың кайсы да, жакшы жагың кайсы?
– Ар бир адамдын жаман жагы жана жакшы жагы бар. Кээ бирөөнүн жаман жагы көп да, жакшы жагы аз. Айрымдарда тескерисинче. Менин жакшы жагым көп деп ойлойм.

– Сыймыктанганың?
– Кыргыз болуп, Кыргызстанда төрөлгөнүм.

– Бошоноруңа аз убакыт калыптыр, аман-эсен көз жарып ал.
– Рахмат! Сиздерге да ийгилик.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(87)
24.04.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыгулдун кызы бар деген чынбы айткылачы???
25.04.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nadira89, мен дагы ошентип укканмын.Белгилуу эле чиновниктен деп.А.М деген.
27.04.2013. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, жалган
04.05.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, жалган кайдагы кыз,биринчи баласын эми жарык дуйного алып келет.
24.04.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жигитим, жигитим деп эле мактана берчу, эми жолдошум, жолдошум деп мактанып онуп калат экен да ээ?))). Мен бул ырчы кызды муруун сыйлачумун, бирок бир нерсесин оз козу менен коргон адам айтып берген сон сыйлабай да калдым... Бул коро албастык эмес. ( алдын ала айтып койоюн, куйормандары тытып жебесин мени))). Бирок ар бир адам бактылуу болууга укуктуу, албетте бактылуу болсун сулуу айым!
24.04.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izana, мен да оз козум менен бактыгулду коруп эсим ооп калгам.мен коргон кылыктарын жолдошу куйормандары корбой эле койсун.
04.05.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., эмне кылык экен,кыз кылыгы менен да,ошону коруп тан калып жатасыз мумкун
24.04.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер-Инфо видеосун дагы жуктоп коюнуздаааарчы сураныч
24.04.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargizka.kg,
Тилекке каршы видеоматериалы жок)))
24.04.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол
24.04.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин бир билгеним ал ичинде кири жок кыз ошонусун пайдаланып жакын болумуш болуп сатып кетип жатышат .негизгиси бактылуу болсун!
Модератор admin_media түзөттү 24.04.2013 19:02
24.04.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бактыгул жаман эмес.ичинде кири жок.бирок тартип жагынан бир аз аксайт.эми бир аз жолдошунан тарбия алаар.
24.04.2013. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne demekchimin baktyluu bol.
24.04.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.
25.04.2013. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!!!!!!!!!!!!!
25.04.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз!!! Ар бир адам оз суйгонуно тийип бактылуу болсунчу
25.04.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким эмне десе да утуш, жениш Бакуляныкы болуптур. Куйоосунун жерлиги, тоюндагы видеолорун таркатпаганына караганда "белдуу" бир "крутой" адам менен баш кошкон сыяктуу. Бактылуу болушсун, анткени ал бактылуу болгонго татыктуу "сулуу" айым.
04.05.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life, ооба сулуулук ошодо,чын кыргыз кызынын сулуулугу Бактыгулдо.
25.04.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш бооңор бек болсун! Ар дайым кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
25.04.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суротундогу чон кайненеси не довольная болуп отурат гоооо?Байкадынарбы,же мага эле ошондой корунуп жатабы?
26.04.2013. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул бактылуу бол эсен аман коз жарып ал )))
26.04.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул суйуктуу жар, бактылуу эне бол! Чыгармачылыкта жакшы жетишкендиктерге жеттин деп ойлойм, азыркы учурда уй-булоо жаатындагы ийгиликтерди каалайм, бар бол!
26.04.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Счастья вам!!!!
26.04.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле чон кайненеси кантет, небере келинден итиркейи келип качкандай кейиптего,эмнеси болсода бактынды берсин кудайым....
04.05.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, просто суротто ошондой чыгып калган да,негизи картайган киши ошндой эле болот.
17.11.2013. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady,ошол аялдын жашына жет сен андан да отсон керек.
26.04.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш жаш келин чоооң кайненесине шыбырап жатабы же өпкөнүбү ал кишинин кабыл алышы жаман экен го.Бул жерден мен Бакуляны жактырбасам да боорум ооруп кетти.Башка үй бүлөөгө көнгөнчө далайлар баштан өтөт да.Неси болсо да бактылуу болушсун.
26.04.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактулуу таалайлуу болушсун! Мага да жакчу эмес мурда эми ойлойм турмушта жанылбаган жаак, мудурулбогон туяк болбойт, коп нерсени корду акты караны айырмалап калды ийилди сынды дегендей создору орунду болуп калыптыр. Баардыгы жакшы болот деген созго эле негедир ичим жылыбайт тообо, бир эжемдин да девизи ушундай да.
27.04.2013. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн негизгиси турмушунан жанылбасан болду,бактылуу бол,таш тушкон жер оор болсун.Кызга башка эмне кааламак элен.
27.04.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми эмнесин корсонор уксанар созсуз ошону жазып кетиш керекпи.мен муну Бактыгулго жан тартып айтып атканым жок болгону шариятта бироонун айыбын ачкан куноо болуп эсептелет.
27.04.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул кармашан колунар эч качан узулбосун ар дайым бар бай болгула аман эсен коз жарып ал!
27.04.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам чыныгы суйууго жолуккандан кийин бир топ эле озгорот эмеспи.эн башкысы куйосун сыйлап жашаса болду.бактылуу болсун!
27.04.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул бактыгул бадыевабы?
04.05.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahilka, уйкудан турдунбу хахаха
17.11.2013. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahilka, ооба менда тан калдым кече эле Бадыева болгон бугун Закирова кантет?эмне ошондо жолдошунун фам.сыбы иии куйдурот ушуларда!
28.04.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул бактылуу болгула !!!
03.05.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adamdy baktyluu koro albagandar da koop! Ar kim baktyluu boluwka ukuktuu! Baktyluu bol Baktygul! Jaman adamdyda jakwy adamdy da uwak kowtop jurot alarga maani berbei ele koigonun en tuura!
04.05.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunuz! Karmashkan kolunar eechkachan uzulbosun!
04.05.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маашаллах бактылуу болгула! Ыйманы бар экени созунон билинип турат. Ал Эми коралбагандар кайдагы видеону айтбайле койгула, ал оюн экени корунуп эле турат. Бактыгул аябай жылдыздуу айым!
05.05.2013. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакуля бактылуу болгула жолдошун экоон. Айтылган создорго эч качан конул бурба баары бир ты супер!
18.05.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйосу Закиров Алмазбек Женишбекович, 1978 жылкы, Нарындан тубу, бирок Чуйдо оскон.Атасы Закиров Женишбек Асанбекович, бажы коопсуздук кызматынын начальниги
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо