Роза Шакирова:«ТҮРК, КЫТАЙГА ТИЙГЕНДЕН КӨРӨ КЫРГЫЗ ЖИГИТИНЕ ОНУНЧУ АЯЛ БОЛУП ЧЫККАН ЖАКШЫ»

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Дайыма жайдары мүнөзүнөн жазбаган Роза айым учурда камкор эне, бактылуу жар, сүйүктүү ырчы. «Таппай жүрөм», «Үйлөнүү той» деген популярдуу ырлардын аткаруучусу биздин маек төрүбүздө.

– Роза, жаздын деми менен өзгөрүүнү имиджиңизден баштаган окшойсуз?
– Чачымды кырктырганыма көп болду. Мурун такай узун болгондуктанбы, ошол чачыма көнүп калыпмын. Кыска чач деле бир чети жакшы экен, тараганга оңой дегендей (күлүп).

– Сахналаш курбуларыңыз Фарида Карбосова, Айгүл Чалова үчөөңөрдүн чач жасалгаңар окшош экен. Атайын окшоштуңарбы?
– Жо-ок, атайын деле эмес. Эң биринчи мен, андан кийин Фарида менен Айгүл кырктырышкан. Чачтарачка барсам, Замира Молдошева «каре кылып көрбөйсүңбү...» деп кеңеш берген. Анан ушундай чач жасалганы тандап алдым.

– Учурда жеке концертиңизди өткөрүүгө кызуу даярданып жатыпсыз...
– Ооба, 10 жылдык отчёттук концертиме даярдык көрүп, үйдөн таң атпай чыгып, кечинде барып, көчөдө эле жүрөм. Концерт демекчи, учурунда көп ырчылар «келебиз, бизди да чакыр» деп коюп, эми биринин да дымы чыкпай калды. Кичине тыңыраак болуш керек экен, мындан кийин акымды ошол күнү эле албасам деп калдым. Антпесең кызматыңды учурунда пайдаланып алып, ишиң түшкөндө жүзүн буруп кетип калышат турбайбы. Колдоо көрсөткөндөрдөн деле куру эмесмин.

– Кайгылуу ырлардын майын чыгара ырдайсыз, эми шаңдуу ырларга өтүпсүз...
– «Үйлөнүү той», «Карабачы», «Таппай жүрөм» деген ырларым кайгылуу эмеспи. Тойлордо кайгылуу ырлар анчейин өтө бербейт. Анан «Той ыры», «Ашыкмын» деген шаңдуу ырларды жаздырып, учурда той-кечелерде ырдап жүрөм. Анан да көпчүлүк «Ырларың муңдуу, жашооң жакшы элеби?» деп сурай беришет. Жашоом ойдогудай, буюрса. Ар бир үйдө уруш-талаш болот. Уруш-талаштан үй-бүлө урабайт, тескерисинче, сүйүү жанданат деп ойлойм.
Ар бир ырды жан дүйнөм аркылуу өткөрүп ырдайм. Мисалы, «Үйлөнүү той» деген ырымда «Эмнеге мен ак көйнөк кийип турмушка чыккан жокмун?» деп элестетип алып ыйлап ырдагам. Кыз кишинин жашоосунда ак көйнөк бир эле жолу кийилет эмеспи, мен да бардык кыздар сыяктуу барпыраган ак көйнөк кийип турмушка чыккым келчү. Бирок, ырымда айтылгандай, буйрубаса не кыласың?..

– Турмушка кеч чыкканыңызга кейип каласызбы?
– Мен 4-5-курстарда окуп жүргөндө деле бала, күйөө тууралуу эч ойлончу эмесмин. Жашмын деп жүрө бериптирмин. Жигиттер сөз айтышса олуттуу кабыл албай, «мен ырдайм» деп сунушун четке кагып койчумун. Кийин жолдошум менен таанышып, карасам эле жашым 30га келип калыптыр. Жолдошум «турмуш куралы» деп сунуш киргизгенде «Ой-оой, эми ырдабай каламбы, жөн эле акчасын берип жүрө бербейби?» дечүмүн, ха-ха. Анткени кыз-жигит болуп жүргөнүбүздө чыгымдын баарын өзү көтөрүп, ырларымды жаздырып берчү да. Азыр концертиме күйөөм чуркап жардам берип жүрөт. Чынында, балам төрөлгөндөн кийин өзүмө аябай жиним келди, «Бул убакка чейин 4-5ти төрөп албай не кылып жүрдүм?» деп.
Мен эч качан уялбайм, ооба, күйөөмдүн экинчи аялымын, аны Кудай бешенеме жазып коюптур. Түрккө, кытайга, корейге чыккандан көрө кыргыз жигитине онунчу аял болуп тийген жакшы да, кыргыз төрөйсүң. Өзү шоу-бизнесте көпчүлүк ырчы кыздардын тагдыры ушундай болуп калат. Жаш кезинде ылайыктуу жигит тандай албай жүрө беришет. Бирок «отурган кыз ордун табат» дейт. Аларды да өз бактысы күтүп турса керек.

– Баарын бетке айткан, тарсылдаган мүнөзүңүз бар. Бул мүнөзүңүздүн зыянын көп тартасызбы же пайдасынбы?
– Зыянын көп тартып калам. Айрым досторум « Роза, эч кимге сырыңды айтпа" дей беришет, билишет да менин ичиме ката албасымды. Эгерде бирөө жакпаса, барып туруп «Сен деген ушундай турбайсыңбы?» деп эле бетине балп эттире айтып салам. Тойдо 20 миң сом тапсам, эртеси баарын иштетип салышым керек. Ошондой эле түзүлүш да, мындайча айтканда. Бугумду ичиме ката албайм, жарылып кетем. Күйөөмө таарынсам, курбума айтып бөлүшпөсөм, анда таарынычым жазылбайт, ооруп калам.

– Үйдө ким башкаруучу да, ким аткаруучу?
– Жолдошум өзү башкаруучу, өзү аткаруучу. Мага «баланы эле жакшы кара» дейт. «Кой, балам зеригип жатат, аны менен ойношум керек» деп үй жыйнабай коём.

– Жалгыздыктан өзгөчө коркот экенсиз...
– Ооба, абдан корком, ал тургай үйдө балам менен жалгыз калбайм. Сөзсүз курбуларымды жаныма чакырып алам. Жалгыз калганда өлүп калсам, бул тууралуу эч ким билбей калгандай эле сезиле берет.

– Экөөңүздөр тең тапканыңыздарды үй-бүлөлүк бюджетке саласыздарбы?
– Менин тапканым өзүмө эле коройт. Үй-бүлөнүкүн күйөөм көтөрөт. Бирок такыр акчаны «Кайда иштеттиң? Эмне кылдың?» деп сураган эмес, кийлигишпейт дагы.

– Үй-бүлөдө кимдин сүйүүсү күчтүү?
– Аялдын сүйүүсү күчтүү болсо, турмуш куралат. Ал эми эркектер эркектигин кылат да. Кудай аларды ошондой кылып жаратып коюптур, үйдөн жети кадам алыска чыкса бойдок болуп алышат. Эми эркектерге ал нерсе жараша берет. Аял киши ошондой жоруктарына көз жумуп, чыдамкайлык менен жеңиши керек. Биздин үй-бүлөдө менин сүйүүм күчтүү, күйөөмдү аябай сүйөм, баламды катуу жакшы көрөм.

– Шоу-бизнесте кайсы ырчылар менен үй-бүлөлүк катыштасыз?
– Азиза, Айнура Салахидинова, Гүланда менен үй-бүлөлүк катыштабыз.

– Кызыктуу маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Кайын журтум келин катары көрүшкөн эмес" дейт Роза Шакирова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(78)
22.04.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЫкты ырчы, анча-мынча ырчылырды алдына салбайт. Окунунчтуусу экинчи болуп тийгени экен. Кантип эле ушундай булбул ундуу, келбети деле эл катары татынакай айымга бойдок табылбады экен, мумкун озу да тоготпой жургон болуш кк эле анча-мынчаларын. Кансе да бактылуу болсун Роза айым жана бактылуу болгонго татыктуу айым!!!
SUPER.KG видео
22.04.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже ийгилик, концертиниз жакшы отсун!!!
22.04.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектердие баары 10 дон аял бага алса гана...кыргыздын кыздарын башкаларга кор кылбай...10 эмес бир аял бага албай атышса...
SUPER.KG видео
22.04.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унунузго береке!!!!
22.04.2013. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«ТҮРК, КЫТАЙГА
ТИЙГЕНДЕН КӨРӨ КЫРГЫЗ ЖИГИТИНЕ
ОНУНЧУ АЯЛ БОЛУП ЧЫККАН ЖАКШЫ»деген жерин таппай атам, 100жолу кордумго видео материалын кайра кайра турдуруп атып , ушунтип айткан жери барбы озу? биякта бир кок мээге угузуп коргозуп коюш керек болуп атат
22.04.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim,
Гезитке башка, сайтка кабарчы интервью алат. Ошол үчүн ал сөз видеодо жок болушу толук мүмкүн)))
22.04.2013. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, а рахмат ,тушундум
25.04.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, ха ха ха ха дееги бир токтоно алсамчы
22.04.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже мен сизди суйом.
22.04.2013. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза айым ушул создорду башка кыздардан укпасам да сизден укканыма СУЙУНУЧТОМУН. Бар болунуз, кудай сиздей айымдардан кур кылбасын КЫРГЫЗЫМДЫ!Сиздей кыргыздын Патриот кызы бар экенине кубанычыма чек жок.
22.04.2013. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза жаным досум менин.Унундон сенин.Сени кандай сагындым.Тааныйттырсын мени.Ошто,муз училищада бирге окуганбыз.Сенин парпыраган кызыл гулдору бар когуш койногунду кийип алып 1курсту буткомун.Уйлону тойду эки голосто ырдачуубуз.Маркум Акыл досубуз пианино ойноп берчу.Баары эсимде.Той,ак койнок менен тагдырыбыз чечилбейт экен.35ке чыгып мен да эми бала кутуп жатам.Башкысы бактылуу бол!Чыгармачыл ишине ийгилик.Аман жур.
23.04.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Роза эже.Кыргызга гана тийгиле деген созунузго +5.Мен да бир озбечканы алам деп,кийин ойлонгом.Жакшыбы,жаманбы озубуздун кыргыздын эле кызынан алам деп.Окунбойм,озумда кыргыз,балам,аялым "Кыргыз".Сиздей патриот кыздар кобойо берсин.Чыгармачыл ийгилик.
23.04.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдарды туураганда куло берип ичим ооруп калды
24.04.2013. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын кырк чачы улуу. Чачынызды кырктырган куноо.
24.04.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Roza eje siz ekinchi aialymyn deiskoo.no sizdi syilaim,talantynyzga taazim.
24.04.2013. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасыз
25.04.2013. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роза эжени ар дайым сыйлайм.Адам катары жана таланттуу ырчы катары.бирок ......гуланда менен катышканыныз жакпады.гуландадан алыс эле болсонуз жакшы болмок
25.04.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыны жакшы деш керек.баардыгыбыз жылуу создорду жазыптырбыз.эч кандай терс коммент жок.жаман-жуман ырчы чоорчу артистти жамандап койсок эле,коро албайсын.ичин таар деп жооп жазышат кээ бири.Роза эже жакшы.Ошого ылайыктуу жакшы создор жазылат.Эжеке бар болунуз!!!
25.04.2013. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза аябай жонокойлугу менен айырмаланат башка ырчы,чоорчуларга Караганда!Анан дагы МАИчинин мурдун талкалап салбайт!!Кийингени дагы биздин менталитетке ылайык!Бар болунуз!
25.04.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу айым. Уну соооонун ээ! А Гуланда не жаман аялбы э????
26.04.2013. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызбурактын сулуусу Аида Маканбаевадан дагы интервью алып бергилечи кененирээк Супер.
SUPER.KG видео
26.04.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyz en mykty,waiyr munozunuzdon jazbanyz konsertinizge iigilik,ununuzgo bereke.
26.04.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына жакшыны жакшы деп мактайбыз,бироонун кемчилдигин айтса,коро албайсынар деп ортодон чыга калышат,Жалан гана мактоо коментарийлерди окудум,Чынында элтрге берген интервьюсун коруп ыраазы болгом.Эч кандай менменсинуу деген жок,жопжонокой кыргыз жыттанган айым.Айгеримге окшогондор(то есть мен Рассул кызымын деп тош каккандар)улгу алса дейм кесиптештеринен...
SUPER.KG видео
26.04.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
роза эже талантынызга таазим мурда ошто обл оорукананын артында жашап кеткенс го ошондо элн шайыр элениз бар болунуз талантыныз ташкындай берсин
26.04.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Кой, балам зеригип жатат, аны менен ойношум керек» деп үй жыйнабай коём деген создорун окуп озумду элестетип кеттим да! Роза эже сизди сыйлайм,урматтайм!
SUPER.KG видео
28.04.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корреспонткага макияж жасашын сунуштаймын. Роза эже жакшы стильге отуптур.
03.05.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en tuura soz aitypryr, bawka uluttagylarga wer torop Prinsessa bolup jawagandan koro, ozubuzdun kyrgyzga ele turmuwka 4ygyp kyrgyz torop bergen kandai bakyt! Azamatsyz iygylyk sizge!
03.05.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toktoo,ozuno iwengen sapattary jakty
SUPER.KG видео
06.05.2013. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза еженин унуно жетпеген ун жок болсо керек кимдердин гана журогунон орун алабай койбойт
SUPER.KG видео
06.05.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ZUR.NUR8693,
Жалаң баш тамгалар менен жазгандыгыңыз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү. Кайталанса сайттан четтетүүгө аргасызбыз.
30.12.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эже турк китайга тийгенче онунчу аял болуп тийген жакшы деген экенсиз,менин жолдошум турк мен башка аялдын суйуусун тебелеп уй булосун бузуп балдарын аттап ыйлатып кеткенче туркко эле тийген жакшы эмеспи деп ойлойм,алар дагы адам алар дагы мусулман.Эмне эми дейин ийглик сизге.
SUPER.KG видео
22.05.2014. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эгер розанын куйоосунун мурунку аялы тын болсо жакшы болсо куйоосу таштап розаны албайт эле да жакшы аялдан куйоо кетпейт да.
Модератор admin_superstan түзөттү 22.05.2014 12:02
SUPER.KG видео
22.05.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен куйорманымын азыр розаны куоосу экоо бактылуу болуш керек кээ бир аялдар озунун ким экенин билбей туруп бироого асылат тыныраак уй шыпыралбасан койногун жууп бере албасан мурдунду тыныраак тарталбасан сендей аялдан куйоо жииркенип качат да кээ бир аялдар бар го оз башындагы тоону корбой бироонун башындагы чопту корот роза сен мыкты аялсын ошон учун куйоон аялын таштап туруп сени алган бар бол
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо