Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛМАЗБЕК РАИМКУЛОВ КИМ БОЛСО ДА МУШТАШУУГА ДАЯР

№203 22-28-сентябрь, 2006-ж.

Дүйнөгө Кид Даймонд деген ат менен таанылып келаткан кыргыз боксчусу, жеңил салмактагы Алмазбек Раимкулов 7-раундда техникалык нокаут менен мексикалык Хайро Рамирезди утуп алды. Ошону менен ал NABF версиясы боюнча убактылуу чемпион наамын алды.
2-раундда эле Алмазбектин муштарынан Рамирездин эси ооп, үчүнчү раундда кайрадан нокдаунга туш болгон мексикалык бутуна араң чыдап турду. Акыркы муш ушунчалык катуу тийгенби, айтор, Алмазбек да анда колун оорутуп алгандай көрүндү. 7-раундда Рамирез дагы бир ирет жыгылып, рингдеги калыс беттешүүнү токтотууга аргасыз болду.
Эми Алмазбек Раимкулов Корралес-Касамайор матчынын жеңүүчүсү менен беттешип калышы ыктымал. Анткени, ал буга чейин 7-октябрда боло турган WBC версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпион Диего Корралес менен 1-жеңил салмактагы дүйнөнүн экс-чемпиону Хоэль Касамайордун беттешүүсүндө ким утса, ошону менен күч сынашаарын айтып кеткен. Буга кошумча: «Учурда мен мыкты машыктыруучу Мигель Диаздын колундамын, ал мени эң жакшы даярдагандыктан, мен азыр бир кыйла чебер боксчуга айландым» дейт Раимкулов. Ошол эле мезгилде кыргыз боксчусу чыга турган шоунун промоутери Боб Арум бул беттешүүнү уюштурууга болгон аракетин жумшаарын билдирди.

ЗИНЕДИН ЗИДАН МЕНЕН МАРКО МАТЕРАЦЦИ ЭЛДЕШЕБИ?
ФИФАнын жетекчилиги Зинедин Зидан менен Марко Матераццини элдештирмекчи. Эске салсак, эки футболчунун ортосунда жаңжал Германияда өткөн дүйнөлүк чемпионаттын финалдык мачтында чыккан.
«Биз буга сөзсүз түрдө жардам беребиз» деди ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер. Болжолдонгондой эки футболчунун жолугушуусу Түштүк Африкадагы Роббен аралында өтөт.
Өткөн жумада Матерацци Зиданга өзү биринчи тийишкенин мойнуна алып, эми француз менен элдешкиси келип турганын билдирген. Зидан дагы бул маселе эми толугу менен чечилгени калды деп жатат. Анын айтымында, дүйнөлүк чемпионаттын финалында утулуп калуу ага бир кыйла оор болгон.

ШАРАПОВАНЫ ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ ТУРНИР КҮТҮҮДӨ
Теннис боюнча АКШнын ачык чемпионатынын азыркы оюнунун жеңүүчүсү россиялык Мария Шарапова Жюстин Энен-Арденн жана Амели Моресмо менен бирге дүйнөлүк теннис ассоциациясынын Мадридде өтө турган башкы жыйынтыктоочу турнирине катышат.
Испаниянын борборундагы турнирдин байге фонду 3 миллион долларды түзүп, 12-ноябрда өтмөкчү. Ага планетанын мыкты сегиз теннисчиси жана жуптан ойноо боюнча алдыңкы төрт жуп катышат. Шарапова дүйнөлүк теннис ассоциациясында 3-орунда. Быйыл ал WTAнын Сан-Диего менен Индиан-Уэлсстеги турнирин утуп алган. Рейтингдин башында бельгиялык Энен-Арденн, экинчиде франциялык Амели Моресмо турат.

ТОПАЛОВ ЭЛИСТАДА ЧЕМПИОНДУК ҮЧҮН АТ САЛЫШУУДА
Болгария өкмөтү гроссмейстер Веселин Топаловго 50 миң евро бөлүп берген. Бул каражатты Топалов дүйнөлүк чемпион наамы үчүн россиялык Владимир Крамник менен беттешүүгө даярдыкка сарптады.
Гроссмейстерлердин матчы 21-сентябрда Калмактардын Элиста шаарында башталды. Бол­гариялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдиргендей, оюнга даярдык көрүү үчүн Топалов экстрасенстин кызматынан пайдаланат. Регламентке ылайык эки партиядан кийин бир күндүк эс алуу болот. Жыйынтыктоочу беттешүү 10-октябрда өтөт. Матчтын расмий ачылыш аземинде Болгариянын спорт жана жаштар иши боюнча мамлекеттик агенттигинин төрагасы Весела Лечева жана Болгариялык шахмат федерациясынын президенти Стефан Сергиев катышышты.

Жергиликтүү жаңылыктардан
Футбол

КЫРГЫЗСТАНДЫН АТААНДАШЫ ИОРДАНИЯ БОЛМОКЧУ
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2008-жылы Пекинде өтө турган Олимпиада оюндарына карата алдын ала өткөрүлө турган турнирдин тизмесине киргизилди.
Республиканын футбол федерациясынан белгилүү болгондой, чүчү кулакка ылайык кыргыз олимпиадачылары 2007-жылдын 7-февралында Иордания курама командасына каршы ойнойт. Андан соң 14-февралда кыргызстандык футболчулар өзүнүн атаандаштарын Бишкекте кабыл алышы керек. Эки беттешүүнүн жеңүүчүлөрү тандоо оюндарынын экинчи этабынан өтөт. Анын жыйынтыгы менен эки команда үчүнчү айлампага чыгат.

Күрөш

КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫ ДҮЙНӨЛҮК ЧЕМПИОНАТКА ДАЯРДАНУУДА
Классикалык стилдеги кыргызстандык балбандар дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүүдө. Чемпионат ушул жылдын 24-сентябрында Кытайдын Ганьчжоу шаарында башталат.
Дүйнөлүк биринчиликке жаштар арасында дүйнөлүк жана Азия чемпионаттанын байгечилери Ринат Усупжанов, Канат Бегалиев жана Данияр Көбөнов барат. Азыркы тапта спортчулар Кантта күрөш боюнча курама командалардын жыйынтыктоочу машыгуусунда жүрөт. Күтүлгөндөй чемпионатта кыргыз балбандарынын негизги атаандаштары Куба, Россия, Түркия, Корея жана башка өлкө­лөрдүн чеберлери болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо