№546 19-25-апрель, 2013-ж

Ырчы Темир Назаров бир кездерде «Туулган жер» аттуу ыры менен жарк эте чыгып, сахнаны, аны менен кошо кыздардын жүрөгүн багындырган эле. Кыздар караанына байланып, карегине кагылып турган кезде үйлөндү да, сахнага мурункудай чыкпай калды. Эки баланын атасы болгон ырчы мырза учурда эмне менен алек экени күйөрмандары үчүн кызык. «Эл көзүндө жүрүүдөн чарчадым. Ушак-айың, интрига сени ээрчип, көңүлүң көп жолу чөгөт. Негизи, чыгармачылыктан алыстабай, жаңы ырларды жаздырып жатам. Бирок мурункудай бат-баттан концерттерге катышып, сахнага кайтайын деген оюм жок»,- дейт Темирбай. Ырчылыкты эмес, телеалпаруучулукту тандаган Темир ал жакты да жакшы өздөштүрүп кетерине күмөнүбүз жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Койчу ай каяктагыны айтпай, уй-булолук бакыт, бала жыты адам баласынын жашоосунда биринчи кезекте болуш керек.
http://www.super.kg/media/audio/88587.