АТА-ЭНЕНИН БАЛАСЫНА КАЛТЫРА ТУРГАН БЕЛЕГИ – ЖАКШЫ ТАРБИЯ Мухаммед (С.А.В)

№546 19-25-апрель, 2013-ж

Ар бир ата-эненин дилинде «кантип уулума же кызыма туура тарбия бере алам?» деген суроо жашайт. Эмесе, баланын тарбиясы тууралуу шариятта жана салтыбызда...
«Ислам дининде баланы тарбиялоо ал төрөлө электен мурун эле башталууга тийиш» дешет аалымдар. Буга мисал, илгери жакшы эле бир үй-бүлөнүн баласы ууру болуп чоңойгон экен. Атасы өз маңдай тери, адал жол менен акча таап үй-бүлөсүн баккандыктан, «кантип эле менин балам мындай болсун?» деп ойлонот. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры аялынан сурайт. Ошондо аялы ал боюнда бар кезинде коңшусунун алмасынан сурабай бирди жеп койгондугун айтат. Күйөөсү дароо коңшусуна барып, болгон окуяны айтып, ал алманын карызынан кутулуу үчүн ага акча сунат. Коңшусу карызынан кечет. Мына, сурабай жеген бир гана алманын таасири.
«Балдарыңар үчүн мурас топтойм, байлык жыйнайм деп убара тартпагыла. Ата-энелер үчүн өз балдарына жакшы тарбия берүүдөн өткөн мурас жок» деп айткан Мухаммед (С.А.В). Шариятта баланын муктаждыгын гана канааттандырбай, башкача айтканда, кымбат оюнчуктар жана башка нерселер менен эмес, мээрим менен убакытты көбүрөөк бөлүү пайдалуу экенин айтат.
Мурун арабдарда кыз төрөлсө, тирүүлөй көмүү кадимки иш болгон. Ислам дини өкүм сүргөндөн кийин гана балдарды өлтүрүүнүн бардык түрлөрүнө тыюу салынган. Бул кепти козгогонум, үй-бүлөлүк тарбияда да бул нерсе билинип, кыз бала өзүн керексиз сезип же укугум төмөн деп ойлошу мүмкүн. Бирок кызбы, уулбу, анын даражасы, укугу үй-бүлөдө тең жана тегиз болуусу шарт.
Кыргыздардын салтында да баланы тарбиялоого көп көңүл бурулган. Баланын тарбиясына өзгөчө эл көзүндөгү хандар, бийлер көп көңүл бурган. Эң эле жөнөкөй мисал, баланын колго суу куюусу. Эркек баланы чөөгүн көтөрө ала турган маалына келгенде эле милдеттүү түрдө колго суу куйдуруп үйрөтүшкөн. Анын эң чоң мааниси – чоңдордон бата алуу, экинчи жагы – улуу адамдардын катарында болуп, алардан тарбия алуу. Бир мисал, атактуу Жантай хан баласы Шабданды бийлер топтолгон жерге колго суу куюусун буюрат. Ошондо Калыгул олуя карып калса да, көзүнүн курчтугу кайта элек кези экен. «Ушу балаңдан чыгат. Көзү, жүзү нурлуу экен, бактылуу болсун, кармаганын коё бербеген шер, элдин уулу болот» деп баа берген экен.
Ошентип, колго суу куйдуруу тартибинен эле конок үй ээсинин наркын, адебин, балдарына кандай тарбия бергенин баалай алган.
Адатта кыргыздар тың чыга турган баласын уруусундагы атагы чыккан баатыр жана акылман адамга тарбияга беришкен. Бергенде да «сөөгү меники, эти сеники» деп тапшырышкан. Анткени өз колунда болсо баары бир балага ийигип, жаман адаттарына, айрым кемчиликтерине көздү жумуп койбойлу деген кооптонуудан улам беришкен.
Учурда балдарды батыштын мультфильмдери жана компьютер­дик оюндар менен гана тарбияла­бас­тан, ыйман, ынсап, өтмүш-та­рых, салт менен кызыктырсак деген ойду айткым келет.

Хадистерден алынды
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
22.04.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мени раматылык атам ойлоп корсом таалим тарбисын жакшы эле бериптир жалгыз баласы болсом дагы айткан насаатарынан "Акыл менен кудай талааны тааныптыр" дечу эле. Жайы жанатта болсун топурагы торкоо болсун!
22.04.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланы жанынан чыгарбай, бироого кор кылбай багуу, биздин убакта ото чоон олуттуу маселе болуп жатат!!! 2 баламды 3-жолу таштап, акча издеп,темселеп... балдардын кетпен деп ыйлап турганын эстеп, журогум ордунан чыгып кетткени турат, Аллахым озу мени кечирсин!!!
23.04.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарымды сапгындым,мен да алыстамын.Аллах Таалам озу кечирсин,балдарыбыз ыймандуу,акылдуу эле болуп чоноюшсунчу...:-|
24.04.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин балдарым дагы ыймандуу акылдуу болсунчу Россияда окушуп коп нерселерди билишпейт тарбияласам дагы муноздору орус апа ал сиздин маалыныз азыр башка дешип жанды кашайтышат Аллахым ыман берсин балдарыма
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо