Жамиля Ишенбаева,«Супер сулуу-2009»:«СУПЕРФУТБОЛДО МОДЕЛДЕР КОМАНДАСЫ ЖЕҢЕТ»

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

«Супер сулуу-2009» сынагынын жеңүүчүсү аталып, аптаптуу Мисирге барып эс алып келген Жамиля сулуу анда 16 гана жашта болчу. Андан бери ал подиум бийкечине айланып, бир канча өлкөгө кыргыз жүзүн таанытты. Анан дагы ырчы мырзалардын клиптеринин келишимдүү каарманына айланды.

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 26-март
Бою – 173 см
Салмагы – 52 кг
Параметри – 85-60-90
Жылдыз белгиси – Кой
Жетишкендиктери – «Супер сулуу-2009», «Азиянын супер модели. Кыргызстан-2011», «Дүйнөлүк туризм сулуусу-2011», «КУУнун сулуусу-2013»
Тартылган клиптери – Арсендин «Жарадар жүрөк», Ильяз Андаштын «Кыздарга ишенбе», Гүлжигит Калыковдун «Кыргызстан жаштары», «ОAKLAND» тобу менен Мister Infinity`нин аткаруусундагы «Менин калканчым» («Мой щит») жана башкалар

– Жамиля, кандай жаңылыктарың бар?
– КОСУнун алдындагы колледжди кызыл диплом менен аяктап, Улуттук университеттин Кыргыз-Европа факультетине тапшыргам. Азыр испан тилин үйрөнүп жатам. Анткени моделдик чөйрөгө аралашканда сынакка катышуу үчүн көп жерлерди кыдырат экенсиң. Анан тил маселесине келгенде эле такалып калабыз. Андан тышкары Дүйнөлүк сулуулук конгрессинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө иштейм. Башкача айтканда, бизде өткөрүлүп жаткан сулуулук сынактарынын уюштуруу иштерине жардам берип, кээде алпаруучулук милдетти да аркалап жүрөм.

– Моделдик бизнеске кантип келип калганың тууралуу айтып берсең...
– Бир күнү курбум «сени моделдик агенттикке жаздырып койдум, шиш такаңды көтөрүп алып, эмки жумадан баштап бара бер» деп калды. Ошентип, ал жактан билим алып, модель болуп иштей баштаганыма 4 жыл болду. Негизи, кичинекей кезимде актриса болууну самачумун.

– Анан бул оюң кыял боюнча кала бердиби?
– Ооба, бирок келечекте ишке ашып калар деген чоң үмүтүм бар.

– Подиум жылдызы болуунун оң жана терс жактары кайсы?
– Жакшы жагынан баштайын. Элдин астында өзүңдү эркин алып жүрүүнү, так сүйлөөнү үйрөнөсүң. Андан тышкары туура басууну, боёнууну жакшы өздөштүрүүгө болот. Көптөгөн адамдар менен таанышасың. Ал эми жаман жагы – Кыргызстанда уюштурулган көпчүлүк сулуулар сынактары таза, калыс өтпөйт. Кыргызстан кичинекей болгонгобу, тууганчылык аябай күчтүү өнүккөн. Кээде ачык эле айткандар болот, «1-орунду сатып алышың керек» деп. Эгерде ошондой сынактарга сунуш түшүп калса, баш тартам.

– А сен 2009-жылы "Супер сулуу" аталбадың беле?..
– "Супердин" сынагы тааныш-билишсиз, калыс өтөт. Буга менин жеңишим күбө.

– Моделдикти кесип десе болобу?
– Кыргызстанда бул чөйрө өнүккөн эмес. Ошондуктан кесип деп айта албайм. Анан да биздин өлкөдө бир дагы модель жок.

– Кандайча? Анда сен кимсиң?
– Өзүмдү модель деп айтууга оозум барбайт, чынында. Мода дүйнөсү өнүкпөсө, кайдагы моделдер болот, туурабы?

– Модель кыздар бири-бири менен курбу боло албайт болуш керек. Анткени атаандаштык күчтүү эмеспи...
– Тилекке каршы, көрө албастык сөзсүз болот. Баарында эмес, албетте. Мисалы, эң жакшы көргөн курбум атаандашып жүрүп мени сатып кеткен. Ал кыз дагы деле моделмин деп жүрөт. Бирок ушул убакка чейин ийгилик жаратканын көргөн жокмун.

– «Сулуулар туруксуз, жеңил ойлуу болушат» дешет. Буга кандай жооп айтасың?
– Андай эмес. Кыска көйнөк кийип, боёнуп алган кыздарды баары эле жеңил ойлуу деп ойлошот экен. Биз деле эмне жакшы, эмне жаман экенин айырмалай билебиз. Чынын айтсам, аркамдан чуркаган жигиттер көп. Бирок мен карьераны биринчи орунга койгом. Ошондуктан азырынча жүрөгүмдүн ээси жок.

– Кандай жигит сенин жүрөгүңдү багынта алат?
– Интернеттен «таанышып албайлыбы, мен дагы моделмин» деп жигиттер тийишишет. Мен болсо ичимден «ии, болуптур, модель болсоң» деп күлүп гана тим болом. Анткени мага модель жигиттер жакпайт, учурдан пайдаланып айтып коёюнчу. Олуттуу, айткан сөзүнө турган, келбеттүү мырзалар менин табитимде.

– Үй жумуштарына кандайсың?
– Үйдө кичүү кыз болгондуктан, бардык жумуштарды мен жасайм. Бирок тамак жасоодо бир аз кыйналам. Чынын айтсам, картошка кууругандан башка эч бир тамак колумдан келбейт.

– Үй-бүлөң жөнүндө маалымат бере кетсең...
– Атам – милиция кызматкери, апам – бухгалтер. Үч бир тууганбыз. Эжем жана иним бар.

– Дайыма диета кармаган жана тамакты ылгабай жей берген моделдер бар. Сен кайсынысына киресиң?
– Тамак тандабайм, баарын жей берем.

– Анда келбетиңди бир калыпта кантип сактайсың?
– Эгерде салмагым ашыкча болуп баратса, спорт менен машыгып, фитнеске, бий курстарына барып турам. Ошондой эле кычкыл сүт азыктарын көп пайдаланам.

– Спорт демекчи, «Супер-Инфо» гезити өткөрүүчү Суперфутболдо быйыл моделдер да ат салышат. Күйөрмандык кылууга келесиңби?
– Ооба, жыл сайын бул мелдешке күбө болуп келем. Биздин кесиптештер ойноп жаткандан кийин, буюрса, сөзсүз аларды колдоо үчүн барам.

– Команда жеңишке жетишет деп ишенесиңби?
– Албетте, жеңиш сөзсүз биз, моделдер тарапта болот.

Асел Асанова
star@super.kg


"Суперфутболдо моделдер жеңет..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
27.04.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажарлуу кыз экен соз жок бирок чачын сарыга бойоп алган жери болбой калганбы е?кыргыздын кыздарына кара тустогу чач кобуроок жарашатко дейм.
SUPER.KG видео
27.04.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан сулуу жана жонокой кыз экен, ийгилик сага Жамиля
SUPER.KG видео
27.04.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кулгону еле сонунго.аябай жакты ,фгурасында соз ок ежешкабыздын
SUPER.KG видео
28.04.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында сулуу, ачык муноз шайыр кыз экен, анан да кубандырганы кыргызча эн сонун суйлойт экен азамат ийгилик!
SUPER.KG видео
28.04.2013. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маша Белова бар эмес беле (универ сериалндагы) ошого окшоттум
SUPER.KG видео
28.04.2013. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реалдын куйорманы экен респект
SUPER.KG видео
28.04.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз мен жазган комментарийди окуган окшойт,уйдо кыргызча суйлойбуз деп ачыгын эле айтты
SUPER.KG видео
28.04.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
otoosy bar jerge otyrgyzyp koisonor bolmok tazalap koimok eken jylmalavatip. birok ya rada chto i y nas est takie krasivie devyshki.. ya jejaiy vam vsem schastie, ydachi i mnogo mnogo lybvi
SUPER.KG видео
28.04.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
болбогон созго деле куло бериптир гоо кызык
SUPER.KG видео
29.04.2013. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз экен. Азаматсын. ачык кийнбеген кыдарды кордунор беле. Ар ким оз табитине жараша кийинишет да. Кыздар деле балдарды шымын уурдап алышпадыбы. А балдар кыздардыкын))))
SUPER.KG видео
29.04.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
butule jakshiken a tak amanele bolsun "betken" :)
29.04.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шорта кийбей деле койсо болмок кен, айырмасы жок го )
29.04.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле кечке жалжандайт?
29.04.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз бизде окуйт, 4-корпуста, кимден кетти билбей турам, бирок бул кыз "Мисс КНУ 2013" наамын алган эмес, менин билишиме караганда бул наамды Кашымбекова Тунук деген кыз алган, ал эми Жамиля 1-орунду ээлеген, гран прини албаса деле "Мисс КНУ" боло береби...
SUPER.KG видео
29.04.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жөнөкөй сулуу кыз экен.
29.04.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага Жамиля бир жакшы заманбап кыз кулсо эмне болуптур негизи кыргызча жооп берип жатбайбы
SUPER.KG видео
30.04.2013. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир КЫРГЫЗ жарааны ЭНЕ ТИЛИБИЗДЕ суйлосо кубанасын. Канча тил билсен пайдалуу бирок КЫРГЫЗ тилин биринчиге койгула!!!
30.04.2013. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анчалык онуккон мамлекет эмес болсо кана.кедей мамлекетке эле киребиз
30.04.2013. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жайдары кыз экен.мага жакты
30.04.2013. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооруп калдым ушул кыз менен чын
SUPER.KG видео
02.05.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кулгондо Сайкалга окшоп кетет экен.ото эле "серьезное лицо" кырганы жарашпай экен!
SUPER.KG видео
02.05.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
94-чу жылкы экендигине эч ишеналбайм!! Чон эле кыз корунот го. 19 жашта болгону чын болсо, анда 2009 жылы супер инфонун сынагын женгенде 15 эле жашта болгон болобу??? 8 класста окуган кыз женип алдыбы супер сулууну??
03.05.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamilya modelder jenet dep chechkinduu aityp algansynargo? je kozunor achykpy?
04.05.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Моделдердин стадиондо топтун артынан чуркап жургтнун элестете албай атам...
04.05.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун суйкумдуу кыз экен.
05.05.2013. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тозоко тушкун келген окшойт э модель.
SUPER.KG видео
06.05.2013. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдааа уж....
06.05.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Б
SUPER.KG видео
09.05.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут кийими аябай жакты...
15.05.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vaauuu suluu kyz go!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо