Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ ЧЫН ЭЛЕ СИРИЯГА ЖИХАДГА КЕТИШКЕНБИ?

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Өткөн жумада «кыргыз жигиттери Сирияга согушка кетишиптир» деген кабар бүт өлкөбүзгө дүң болгон эле. Алар согушка кантип кеткен, кимдер азгырганы тууралуу иликтеп көрүүнү чечтик.

ТҮРКИЯДАН ДА КАБАР ЖОК
Алгач 17-апрелде парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков «Сирияга согушка кеттим» деп кабарлаган балдардын ата-энелери кайрылганын айтып чыккан. Анын айтымында, кайрылган ата-энелердин балдары Түркиянын Стамбул шаарынан телефон чалып, «Сирияга жихадга баратабыз, кокус келбей калсак шейит кеткен болобуз» деп билдиришкен.
«Согушка кеттик» деген балдардын эки-үчөөсү Стамбулда экендиги аныкталып, депутаттардын дагы бири Өмүрбек Бакиров алардын ата-энелери менен Түркияга учуп кеткен эле. Келген соң эл өкүлүнө байланышканыбызда, ал Түркиядан чалган балдар азырынча табыла электигин, өзү менен кошо барган ата-энелер балдарын таап калабыз деген үмүттө Түркияда калгандыгын билдирди. Депутаттын айтымында, ал балдар Түркияга барып окуп-иштейбиз деп кетишкен экен. Бирок балдардын бири апасына телефон чалып, "Сирияга чектешкен бир шаарда турабыз" деп айтыптыр.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу эл аралык уюмдар жана жергиликтүү өкүлдөр менен биргеликте тиешелүү иштер жүрүп жаткандыгын, азырынча эч кандай маалымат жоктугун билдирди.

ТАК САНЫ БЕЛГИСИЗ
Болжол менен 20дан ашуун мекендештерибиз Сирияга согушка катышуу максатында кетиптир. Так саны белгисиз. Болжол менен Кызыл-Кыядан 14, Ноокаттан 8 бала кеткен. "Алардын баары динге берилип, намазга жыгылып, дааватка чыгып жүргөндөр болгон" дешүүдө. Кээ бирлери «Орусияга иштегени кеттим» деп үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
"Сирияга кетти" делген балдардын ата-энелери менен жолугушуу үчүн Ноокат районуна барганыбызда, ал балдардын ата-энелери маек берүүдөн баш тартышты. Ушундай эле көрүнүш Кызыл-Кыя шаарында да кайталанды. Аларга укук коргоо органдарынан «эч кимге эч кандай маалымат бербегиле» деп эскертишкенин айтышты.

«ТЕРРОРДУК УЮМДАР КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН ЖИХАДГА ҮГҮТТӨШҮҮДӨ»
19-апрелде УКМКнын маалымат кызматы «радикалдуу террордук уюмдар кыргыз жарандарын Сириядагы конфликтке катышууга үгүттөп жатышат» деп видеобилдирүү таркатты. Андагы маалыматка караганда, диний-экстремисттик уюмдар жаштарды мечиттерде жана диний окуу жайларда террордук уюмдар менен иштешүүгө тартышкан. «Сирияга кеткен» деген маалыматтар иликтенип, алардын кеткен жагдайлары, маршруттары, жихадга кимдер үгүттөгөнү боюнча фактылар аныкталып жатат. Чет өлкөдө диний окуу жайларга окутуу, жумуш таап берүү шылтоосу менен Кыргызстандан алып кетип, идеологиялык жактан даярдагандан кийин Сириядагы согушка жиберүүнү пландашат. Алгач Түркияга, андан соң согуштук аракеттер болуп жаткан Сирияга ташташат. Учурда Кыргызстандан кеткендердин турган жерлерин аныктоо, Кыргызстанга кайтаруу иштери жүрүп жаткандыгын билдирген.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимовго байланышканыбызда, ал «азырынча Кызыл-Кыя шаарынан жана Ноокат районунан 7 адам Түркияга кеткендиги аныкталды. Алардын бардыгы бардар үй-бүлөлөрдүн балдары жана өз эрки менен кетишкен. Бул иш боюнча иликтөө жүрүп, алардын кетишине ким түрткү болгону аныкталып жатат» деп билдирди.

«ЧЫН ЭЛЕ СИРИЯГА КЕТИШКЕНБИ,АНЫКТАЛА ЭЛЕК»
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аналитика бөлүмүнүн башчысы МАМЕТБЕК МЫРЗАБАЕВ:
-Биздин комиссияга 7 баланын ата-энесинен арыз түшкөн. Мындан башка да балдар кетиши мүмкүн, себеби арыз жазган ата-энелердин айтымында, балдарыбызга бир нерсе болуп кетпесин деп коркуп айтпай жаткандар да бар. «Сирияга согушка кетти» делинген балдардын чоо-жайын териштиргени жана мечиттерди текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлүп, алар учурда иликтеп жатышат. Алар чын эле Сирияга кетишкенби же жокпу, аны УКМК да тактай элек, жумушчу топто да азырынча эч кандай маалымат жок.

«БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ ТҮРКИЯГА ДААВАТКА ЭЧ КИМ КЕТКЕН ЭМЕС»
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери ЖОРОБАЙ ШЕРГАЗИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
Балдарды дал мечиттен үгүттөп алып кетти» деген сөз туура эмес. Биз эркин мамлекетпиз, ошондуктан ким кайда кетип жаткандыгын көзөмөлдөй албайбыз. Азырынча так маалымат жок, балким, алар Түркияга дааватка же иштегени кетишкендир. Эгер дааватка кете турган болсо, анда алар биздин даават бөлүмдөн жана ИИМдин 10-бөлүмүнөн уруксат алып чыгышы керек эле.

Мындан улам эгер ал жигиттер дааватка кете турган болсо, кабары болушу мүмкүн деп Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси ЖОЛДОШ АБДЫЛДАЕВге кайрылдык:
-Чет өлкөгө дааватка чыккандар биздин бөлүмгө келип, уруксат албайт, жөн гана «чет өлкөдө жүргөндө кокустук болуп кетсе сиздерге дооматым жок» деп макулдук кат таштап кетишет. Борбор шаарыбыз гана эмес, республика боюнча чет өлкөгө дааватка чыккандар Бишкек аркылуу гана кетишет. Үстүбүздөгү жылдын эсебинен 4 киши чет өлкөгө дааватка чыккан. Алар Индия, Пакистан жана Бангладешке кеткендер, арасында Түркия, Сирияга кеткендер жок. Ошондуктан айтылып жаткан жигиттер Түркияга өз иштери менен эле кетиши мүмкүн.

Эгер бул фактылар аныкталып, биздин жарандар жихадга кетип жатышкан болсо, бул мамлекетибиз үчүн олуттуу коңгуроо. Биз бул темага дагы кайрылабыз.

СИРИЯДАГЫ СОГУШ ТУУРАЛУУ
Сирияда жүрүп жаткан жарандык согуш 2011-жылдын башында "араб жазы" аталган толкундоолордун чегинде башталган. Президент Башар Асаддын бийлигин кетирүүнү көздөгөн тынч митингдер куралдуу көтөрүлүшкө өсүп жеткен. БУУнун эсеби боюнча, бул убакыт ичинде 70 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган. Күнүнө
5 миңден ашуун адам өлкөдөн чыгып кетишүүдө.
"Сириядагы жарандык согушта чет элдик ыктыярчылар чоң ролду ойношот" деген маалыматтар да бар. Ага таянсак, Сирия жихадчылар үчүн жаңы Ооганстан болуп калган. Ал жакта Тунис, Иордания, Ирак жана башка араб өлкөлөрүнүн тургундары бийликке каршы согушуп жүрүшөт.
Мындан сырткары Австралиянын, Косовонун жана башка өлкөлөрдүн жарандары да согушуп жаткандыгы жөнүндө маалыматтар бар, ал тургай Бельгиянын укук коргоо органдары экстремисттик көз караштагы адамдарды Сирияга жөнөтүп жүргөн кишилерди кармашкан.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
МЕЧИТКЕ БАРЫП ЖАТКАН БАЛДАРЫҢЫЗДЫН ЭМНЕ МЕНЕН АЛЕК БОЛУП ЖАТКАНЫН КӨЗӨМӨЛДӨЙСҮЗБҮ?

Насыр Намазбеков, Ысык-Көл облусу:
– Мечитти биз Алланын үйү деп билебиз. Күйөө балам экөөбүз неберелерим менен чогуу мечитке намаз окуш үчүн барабыз. Алар менен мечитке дайыма чогуу баргандыктан, көзөмөлдөп турам.

Кайыркүл Байсалова, Бишкек шаары:
– Балдарым ыймандуу. Мен неберелеримди көбүрөөк көзөмөлдөп, балдарыма дагы "аларга көз салгыла" деп көп эскертем. Мечитке барса деле көзөмөлдөмөкмүн, бирок ал жакта ыйман жолуна түшкөндөн башка жаман жолго барбаса керек.

Анарбек Темирбеков, Талас облусу:
– Албетте, көзөмөлдөйбүз. Жаштардын баары эле Алла жолуна түшсө деген жакшы ниетим бар. Балдарым намаз окушат. "Жашоодо туура жолго, Алла жолуна түшкүлө" деп үгүттөп келгем, дагы да үгүттөй берем.

Суусар Абдыгазиева, Бишкек шаары:
– Эң улуу неберем мечитке барат.
Ал жакта эмне кылып, эмне менен алек болуп жатканын өзү айтып келип турат. Башка диний агымга өтүп жаткан бала болсо, жүрүм-турумунан эле билинип калат.

Абдымажит Исаков, Жалал-Абад облусу:
– Менин 14 жаштагы жалгыз уулум бар. Ал 10 жашынан тарта мусулмандык парзын аткарып мечитке барып намаз окуп жүрөт. Азыр жаш болгондугуна байланыштуу тентек балдарга кошулуп кетпесин деп артынан сөзсүз көзөмөлдөйм.

Алим Орозов, Бишкек шаары:
– Мен Кудайга ишенем, бирок балдарымды мечитке жибербейм. Себеби азыр секта, диний агымдар абдан көбөйүп кетти. Алардын көбү мечиттерде чогулушат. Андан көрө "көбүрөөк окуп, жумуш кылгыла" деп үйрөтөм.

Абдирашит Исаков, Баткен шаары:
– Мечитке барган бала намаз окуганды, андан сырткары араб тилин, илимди үйрөнөт. Ыймандуу да болот. Менин билишимче, мечитке барган балдар жакшы жактарга гана үйрөнүшөт.

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(63)
29.04.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул чын болсо абдан окунучтуу. Мындай жоруктарды мамлекет токтотпосо кыргызстандагы салттуу ислам динине да доо кетиши ажеп эмес. Кээ бир адамдарга тан калам эмне кереги бар эле ботон жерде жихат деп кандарын тогуштун. Ансыз да арабдар бирбири менен бийлик талашып согушуп жатканда.
29.04.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
динди жамынып алып согушка ундогондорго Алланын каргышы тийсин,мындайды токтотпосо динди жаман корсотот бул ишти мамлекет катуу козомолго алышы керек,
бир каарын майды бир мамалак чиритет болуп жатат динди жамынып алып тынч жургон елди угутошуп. буларды катуу козомолдош керек.
29.04.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазып жаткандар жана окугандар ислам боюнча толук тушунгондон кийин гана судить эткиле халифат куруу керек бул деген исламский государство деген ошондо гана мусулмандардын укугу корголот ошону курууга жол бербей тескерисинче мусулмандарды бири бирине жаман коргозуп жатышат кафурлар жардырууну цру менен фсбынын агентери кылып жатат
29.04.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок,оз эрки менен бейиштей жерин таштап,тозокко кетиштиби,демек оздорунон корсун.Байкуш ата-энелеринин акыбалын ойлоп коюшпайбы....Кок мээлер.Бул нерсе кудайгада жакпайтго.Бул нерсенин башында Европалыктар турат,мусулман дегенде колуна курал кармаган,сакалчан терорристи элестете турган болушатда дуйно эли,тупку максаты,мусулмандарды бири-бирине касташтырып акыры барып тубуно жетип,Дуйнону чокунгандар башкарып калыш керек
29.04.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай иштер мечиттерде болбойт квартираларга студент балдарды чакырып таалим откондор кылган бул ишти китептери да жалан еле туркчо
29.04.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таала озу сактасын,исламды жамынып адам омурун кыйуу бул эн чон куноо деп билем.Ушул маалымат чын болсо ошол кеткен балдар аман-эсен кайтып келишсин.Ата-Энесинин,бир туугандарынын алдына,мусулман мусулманга кол котрбошу керек.Акча учун,адашып,же болбосо приключение издеп кеткен болсо,канткен кундо да аман эле кайтышсын!!!Ата-Энелерибиздин коз жашы акбасынчы!!!
29.04.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Islamdi jaman korsotkon ushul akmakar Bash al dese börk algan Alladan Basra ech kim jan alganga akysy jok Kok meeler Allah akil bersin ar dayim tura joldu korsotsun inSAllah!!!!
30.04.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamko, Туура АЛЛАХ гана жан алат жана жан берет. Бирок биздин мамлекетти каапырлар талкалап ,согуш ачса ,сен жата бересинби??? Сен уй булоонду,элинди коргошун керек туурабы? Канга кан деген бар. Жихаадда мамлекетинди коргоп,киши олтурсон куноо эмес. Сага айтарым жихаад жонундо кенен маалымат алчы.
30.04.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo, Мусулмандар бири-бирин талкалап жихаад кылышы мумкун. АКШга, Россияга, Европага эч кандай жихад кыла албайсын колундан келбейт дагы. Ал державаларга автомат которуп чуркап жургонун, колуна чыбык кармап жургондой эле корунот. Жихадга ундогондор ислам динин кандуу коргозгусу келген геосаясий кучторду колдогондор.
29.04.2013. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энелерине боорум оортат!
29.04.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыз Улуу Өкүмдардын, Жараткан Эгедерибиздин алдына таза жүрөктөрүбүз менен келип, сыйынышыбыз керек. Уландарыбыз денелик жактан да, руханий жактан да аман-эсен болсун, өлкөбүздү караниет адамдардан сактасын деп.
30.04.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Урматтуу Мусулман момун бир туугандар! Ар бир мусулман оз мекенин коргоо парз!!! Ал мусулман жихадда коз жумган болсо ал шейих кетти деп эсептелет. Жаны жаннатта болот. Бул кеткен мусулмандар,болуп жаткан Сириядагы согушка барып парзынан кутулууну ниет кылган. Бул жаман эмес.Коркок коендой болуп,жаткан коро АЛЛАХТЫН ишин кылган сооп. Кеткен мусулмандарга кааларым АЛЛАХЫМ озу жар болсун. Ажал жетсе шейх кетесинер. Аман эсен кайтып келсенер парзынардан кутуласынар,чоон сооп жазылат . ИНШААЛЛАХ!!!
30.04.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kamo, көзүңдү ач! Сирияда болуп жаткан нерсе эч кандай Кудайдын иши эмес, анык шайтандын иши. Адамдын парзы жакшылык кылуу, согуш, кан төгүү эмес! Кыргызстанда баары гүлдөп, Кудайдын иши бүтүп калып, эми Кудайдын ишин кылыш үчүн СИРияга барып өлүш калыптырбы? Ушунчаңда эсиңди жый!
01.05.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, Эсимди жыйбасам сен жыйып бересинби??? Сен томондо жазган проблемаларды мамлекетта ,сен да ,мен да чече албайбыз. Качан Ислам орногондо бардыгы оз ордуна келет. Ушул демократиядан тажаган жердештер,мусулмандарга жардам беруу максатында кетишкен экен. Мен оз ойумду толук тушундуро албай атам. Элдерда туура эмес тушунуп атышат. Мен эч кандай манкурт ,бузуку эмесмин.
01.05.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo, эсиң сага керекпи же магабы? Мага да керек, анткени мен жашап жаткан коомдун бир мүчөсү сенсиң. Бирок, сага көбүрөөк керек. Ар бир адам өз эсине өзү ээ болушу керек. Так ошол сен, мен мамлекетти түзөбүз. Сен ошол көйгөйдүн оңолушуна салым кошсоң, мен салым кошсом оңолууга арышыбыз чоңоёт.
01.05.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Проблема чече албайт экенсиңер анан кайсы исламды орнотосуңар? Проблема чече албайатып, анан өзүңөр менен кошо бир топ адамды жардырсаңар ислам орноп бардыгы чечилип, жыргап калабыз дегенге кантип ишенибатасың? Тажагыдай эмне болду, ээн эркин сүйлөп, ээн эркин жашап жүрөбүз. Исламды тутканыңарды бул жерде бирөө кой дебатабы? Кудайга тобо десеңер, ошол Сириядагыдай граждандык согуш болуп кетсе эм
02.05.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, Кайактагы онолгонду айтып атасын? Сен экообуз жашаган коомдун жетекчилери аркасын карабай качып,элдин казынасына кол салгандан башка эмне билет? Бироого эстелик тургузуп, бирону эскердик,майрамдык кооздука мынча сом кетти деп отурушат. Башка проблемаларын чече албай атышып. Карызга кокосуна чейин баткан,сойкулары кочодо турган ж.б, чондор уялбай оз элине от аткан коомунду айтып атасынбы?
01.05.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo, Кудайга тобо десеңер, ошол Сириядагыдай граждандык согуш болуп кетсе эмне кылат элеңер? Демократиядан тажаган деп, ырысыңарды теппегиле, Кудайга тобо дегиле.
02.05.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, Туура айтасын ,Исламды курал менен тургуза албайсын. Демократияда жашап атабы,элдер жыргап кеттиби? Жок! Баягы эле корунуш,сен айткан проблемалар. Ал проблемаларды чон курсак чондор чечет ,бейиш орнотот деп ойлоп атасынбы? Эч убакта андай болбойт. Качан Ислам келгенде бир баштык алтынды садага таратайын десен элдер албай калат. А мен чирип калган демократияны колдобойм. Ислам эч кандай согушсуз эле орнойт,буюрса.
02.05.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сенин акылыңа Кудайдын буйруктары орномоюн жыргал жашоо орнобойт. Кудайдын буйруктарын аткарган киши башкага доомат койбой эле колунан келген жакшылыктарды кыла берет. Демократияны чириди десең, сен өзүң чириди деген нерсеңдин мыйзамы менен жашабатасың. Кудай ар бир адамды өз эрки менен жараткан. Ар бир нерсени өз ыктыяры менен тандап алат. Же демократия болбой, сага бирөө өз оюн таңуулап, кыйнап-кыстап кабыл алдырганы
02.05.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Же демократия болбой, сага бирөө өз оюн таңуулап, кыйнап-кыстап кабыл алдырганын каалайсыңбы. Исламдын келгенине кылымдар болгон, келмек тургай сиңип калган ислам өлкөлөрүндө алтын көчөдө жатып калыптырбы? Чоңдор проблема чечет дедимби мен сага, аны кайдан алыбатасың? Мээңдеги чаң-будуңду көрдүңбү? Биринчи эмнени жооп берейин? Менин жаныма өзүмд
02.05.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Debi, Мен кайсы чириди деген мыйзам менен жашап атыптырмын? Кайсы мыйзам экен? Далилдеп бербейсинби.
02.05.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Debi Айланайын Ислам орногондо жыргал жашоо келет . Кудайдын окуму менен жашайбыз. Кайдагы менин акылыма деп буйрук орносо деп кайдагыны айтпачы.
02.05.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, Сен айтсан,сен биринчи жооп берсен. Сен эмне кыласын? Же жанынды корголоп ,энендин этегине жашынасынбы? ???????
02.05.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamo, биринчи эмнени жооп берейин? Адамдын жанына өзүнөн башка эч ким зыян келтире албайт. Кудай менин жанымды камсыздандырып койгон. Жаным мээси айлангандар жардырып ийген күнү да бейишке барат. Кудай жолунан күнөө жолуна түшүп алган күндө гана жаныма зыян кылган болом.
02.05.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Debi, Сириядагыдай согуш болуп кетсе эмне кылат эленер? Деп сураптырсын. Айтсан сен биринчи ,сен эмне кылат элен???
30.04.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kamo,Кудайдын ишин кылам десең, айланаңды кара, канча ач, жетим-жесир, арактын, баңгизаттын кулдары жүрөт. Ошолорго кам көр, чачылган, бүлүнгөндү кура, жыйна, тазала. Кудайдын ишин чындап кылам десең,шейх кетесиңер деген шайтандын калпына ишенип, акылдан адашпагыла.
02.05.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Debi, Ошончолук эле демократия деп куйсон мага байланышчы. Патриот экенинди коройун . Коркпо мен эч кандай уюм суюмдан эмесмин,жардыртып жибербейм. Кезиккенде демократияны жактап сайраганынды угайын. Эгер духун жетсе. Макулсунбу????????
02.05.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kamo,эмне үчүн демократия деп күйгөн киши сени менен байланышы керек экен? ))). Патриот экенимди сага көрсөтөт элем деп барайынбы ))). Эмне дебатканыңды жакшылап, акылды токтотуп ойлонсоң жакшылап, чамгарактабай. Сени духуң уже эле чачырабатат, бир тыныш белгини 10 жолу жазып, элдин духун сураганды эмне кыласың.
02.05.2013. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Менден демократияны билгиң келсе мен жетишердик жазыбатам бул жерге, дагы эмне керек болубатат? Менден бирөөлөр коркубатат деп ойлоп таап, өзүңдүн өксүк комплексинди жубатыбатасыңбы? Сендейлердин далайы жанымда жүрөт. Ислам жыргата турган болсо, сендей исламды жактагандар демин басат эле, демикпей. Андан көрө берер кеңешим, фанат болуп демикпей, чындап Кудайды сүй.
02.05.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Debi, Эми бул суроого жооп бер. Канча ач,жетим -жесир,арактын,бангизаттын кулдары журот. Бунун туура сен айтпасан деле корунуп турат. Ошолорго кам кор,чачылганды жыйна,булунгонду кура ,жыйна ,тазала дептирсин. Мен эмне учун жыйнап ,мен тазалашым керек экен. Же сен алкаш,наркомандардын артынан тазалап ,жыйнап журосунбу? Буну эмне учун сен суйгон демократия чиновниктер карабайт экен?
02.05.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби ; бул мамлекеттеги жетим жесир,алкаш ,наркоман,уруулук,сойкулук ж.б. дагы толуп аткан проблемаларды эч ким чече албайт. Сенда менда жыйнап ,тазалап,бутунду курай албайбыз и чиновниктер дагы. Ошон учун Ислам турганда элдин жашоосу онолуп ,угул проблемалардан кутулабыз деген ойду айтып атам.
30.04.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo, колундан келген ишти кылсанчы, исламдагы манкурт
02.05.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bren2, сен озун манкуртсун!!! Мурдуна ченеп ышкырчы,мен эмне иш кыларымды койорумду сен чечесинби? Сенин ишин болбосун! Жер тоголок,таба албайт деп атасынбы! Козунду ач эшек.
02.05.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага! Исламды таасири да ээ, жаныбарларды кошуп сүйлөмөй ))))))) Сен ойлогондой ислам келсе, Кыргызстан "зоопарк" болуп кетет го я? "Эшектер" жүрсө "алтындарды" тебелеп, ой укмуш ))))).
02.05.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Debi, Мен ойлогондой Ислам келет ,орнойт. Аз калды. Ошондо эшек сен болуп ,алтындарды тебелеп журосун
30.04.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo, сага окшогондор жаштарды ушундай жолго салып жатышат,кыргызстанда мындай манкурттар кобойуп кетишкен окшойт,буга окмот жакшылап чара корушпосо башка элге да зыяны тийип калбасын,менин бир таанышым да ушундай билим алат экен,булар мечитте эмес башка жерлерде чоглуш кылышат экен,чубак аажыны да скинхеттердин башчысы деп уккам чынбы жалганбы билбейм.
01.05.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alik1602, Мен эчкандай жаштарды жаман жолго салбайм и салгымда келбейт. Эч кандай уюм -суюму жок эле жашайм. Манкут эмес ,эл катарында жашаган мусулманмын. Суйлосон абайлап суйло.
30.04.2013. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo, Анда сен эмнени карап отурасын?Кетпейт белен ошол жака шейх кеткин келсе,сооп тапкын келсе!!!
01.05.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, Каапырлар тынч жаткан ,мусулман мамлекетибизди талкалап атса ,аллбетте чон салымымды кошмокмун. А эркек болсом Ислам учун жанымды бермекмин!!! Тилеке каршы кечиресиздер мен кызмын.
01.05.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo,
Аллахым жакшы ниетинизге ыраазы болсун.
30.04.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча кыргыз елиме кол салгандар коп болду? не болсода аман есен кайтып келсин сирияга кеткен балдарыбыз
30.04.2013. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kamo senin oiuna baarysy karwy sendeilerden dagy koboiup dindin bawka tarmagyna kirip ketiwip owondoi jumuwtardy jasawkan bolso anda kele4ek 4oon korkunu4ta! Aman esen jaraandarybyz tabylyp jergebizge kelip jwoodo tuura jolun taap ketiwin kaalar elem
30.04.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кандай шейит мейит кетпейт ко.ошол крдагы балдар согушкп кетсе, ал жакта кудай озу билет канча адамдын канын тогоорун. Согушта олгон адамга шейит кетти деген соз жарашпайт менимче..........
01.05.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч киминер мени манкурт тиги бул дегенге акынар жок. Козунорду чоон ачкыла. Мен ойумду жазып атам. Ислам учун коз жумган адам шейит деп саналат. Халифатты тургузбаш учун каапырлар,мусулман мамлекеттерин талкалап ,алсыздандырып атат. Ошону коргон биздин жардештер парзын аткарганы кеткен экен. Аларды эч ким кыйнаган жокта. Озулору ушул жолду тандап алды. Ар бир киши оз башына жооп берет,АЛЛАХ алдында!!!
01.05.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kamo, жанды Кудай берген, Кудай гана алууга укуктуу. Адам өзү өз жанын өлүмгө сайганы күнөө болот. Касташып, жоолошуп Кудайдын падышалыгын курууга мүмкүн эмес. Кудай адамдардын Анын Падышалыгы үчүн согушушуна муктаж эмес. Ар кайсы жерди жардырып, канчалаган адамдардын өмүрүн кыйып халифат курулушуна Кудай кызыкдар деп ойлойсуңбу. Болуп жаткан согуштардын дегеле Кудайдын кызыкчылыгына тиешеси жо
01.05.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болуп жаткан согуштардын дегеле Кудайдын кызыкчылыгына тиешеси жок, баягы эле адамдык кыянаттыктар. Кудайдын Падышалыгы курулушун кааласаң, өзүңдөн башта. Касташууну, жоолошууну, жектөөнү эмес, сүйүүнү, кечирүүнү, тынчтыкты тандаган күнү сен Кудайдын Падышалыгындасың. Бөйдө кыргынды күчөтүүнү парз деп терең жаңылышасың.
01.05.2013. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamo сени түшүнүп турам.Бирок.."Бир жаш сахаба Пайгамбарыбыз(с.а.в.) алдына келип,мен сиз менен жихадка катышкым келет.АЛЛАХ насип кылса шейит болгум келет деп 3-жолу келгенде да аны 3-жолу Пайгамбар(с.а.в.)"оо жигит энеңдин көзүү тирүү болсо энеңди жакшылап карагын деп кайтарып жатты"/Аялдарга 33 хадис китебинен/. Менин айтаарым.Жихадка чыгып шейит болоордон мурун ата- эне ыраазылыгын табуу үчүн , ошолордун кызматын кылып ж
02.05.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toolos.85, эн туура жана орундуу мисал айттын мен сага абдан ыраазы болуп калдым.
01.05.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммммм ушул жонундо жакында эле бир сайттан окудум эле. Кыргыздын жаштары террорист деп. Адатынча коро албагандар тантырап атат деп конул болбодум эле. Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт деп бекер айтылбаса керек. Сирияда кайсы мекенин коргогону барышты экен? ( Эгер чын эле кетишкен болсо):(.
01.05.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштарга диний тушунук жетишбейт. Алданып башка секталарга кирип кеткендердин да саны осуп жатат. Мектептерге дин таануу сабагын киргизсе жакшы болмок.
02.05.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
kamo, Debi,
Айтышпай, темадан алыстабай талкууну улантабыз.
02.05.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кулкун келеьда карап турсан
эмнеге динге биринчилерден кыздар каршы чыгышат
шайтанга жакын дегени чын окшойтдааааа
03.05.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bren2,
Ар бир колдонуучу сайттын талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Маданиятсыз сөздөрүңүз үчүн 3 күн сайттан четтетилдиңиз!
03.05.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамдын оз екрки оз колунда, колумдан келгенде мен да барып жардам бермекмин.бирок 15 адамды ойлоп калдынарбы, колунардан бир нерсе келер бекен? БИРОК БИЛИП БИЛБЕЙ ДАВАТЧЫЛАР ДЕГЕНИНЕР ТУУРА ЕМЕС, ДАВАТЧЫЛАР ОРУЖИЯ КОТОРО АЛАБЫ ОШОНУ ОЙЛОДУНАРБЫ? Бул тура емес, биргана жалгыз жаратуучу, кудуреттуу АЛЛАХ билет мумкун чет олкодо иштеп жургондур
05.05.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудааай,бул жак озунчоле акыйнек айтымайго!!!!)))))Аларды кайтарыш колдон келбегенден кийин келгиле кызыл чеке болуп кырылышпайлы!
08.05.2013. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi Kamo деги ал жигиттер кимге болушууга кетиптир менин оюмча алар демократия орноткону кетишти демек Асадга каршы себеп которулушчулорду батыш Америка Израиль колдойт а Асадд болсо тынч мамлекеттин президенти эми бул жерде ким шейит ким мусулман ким каафыр болушуп алгыла
09.05.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rashmoll,Мен учун болушо турган эч нерсе жок. Мен мусулманкамын.
09.05.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мусулман бир туугандарым. Баарына учун АЛЛАХтан ыйман,ырыскы ,ден соолук сурайм. Мен бир суроо бергим келип жатат. Мумкунчулугунор болсо жооп берип койсонуздар,,оз оюнарды жазып.
09.05.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз озубузду мусулманбыз деп эсептейбиз. Суроо;Биз АЛЛАХ ТАЛЛАМДЫН окумдору жазылган ыйык Куран Карийм менен жашашыбыз керекпи же ,ак уйдо отурган ичип жээр депутат ,чиновниктердин оюнан алынып жазылган окумдор менен жашашыбыз керекпи ??? Адилеттуулук,калыстык,ырайымдуулук , кайсы тарабында деп ойлойсунар???
09.05.2013. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде биз Кудайдан коркуп,Ислам менен жашасак чойробуздо болуп аткан оз кызын зордуктоо,наристеледи таштоо,аракечтик,уруулук,наркомандык,зына ,сойкулук ж.б толуп жаткан проблемалар чечилип ,баарыбыз ыйманга келип,алакандай кыргыз элим куркуроп,калыстык окум сурот беле...
12.05.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жердештериме не болгон. Акмакпы алар кетик десе эле кете бере тургандай.
15.03.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ислам халифатын курууга каршымын аны тузода албайт согушуп жатса тузулсо деле согушат, динди окуп уйронуш керек бирок саясий багыттагы нерселерин емес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо