№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Жыл сайын Юрмала шаарында өтүүчү «Жаңы толкун» сынагынын финалы быйыл да өз маалында, эл көнгөн даректе өтөт. Жаш аткаруучулардын эл аралык сынагынан жемиштүү кайткан мекендештерибиз да аз эмес. Эске салсак, Омар 2008-жылы атайын «Алтын жылдыз» сыйлыгын айтылуу Алла Пугачёванын колунан алып кубанса, Арсен менен Айбек Замирбек уулу 2011-жылы 4-орунду багындырып кайтышкан. Быйыл бул сынактын жарым финалына 9 аткаруучу: Назгүл Токтакунова, Ислам Акматов, Аскар Бержибаев, Айбек Бакытбеков, Нурбакыт Разаков, Жийдеш Идирисова, Курал Чокоев, Адилет Жумабеков, Руслан Ботобаев катышышкан. Жыйынтыгында Айбек Бакытбеков менен Нурбакыт Разаков кийинки турга өтүшкөн. Калыстар тобунун тандоосу менен эми бул сынакта Айбек Бактыбеков Кыргызстандын намысын коргомокчу болду. 20 жаштагы Айбек М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищенин студенти. Албетте, жаш талантка ийгилик каалайбыз!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
экен деп аттым эле.