Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БЫЙЫЛ ОРОЗО КАРМАЙСЫЗБЫ?

№203 22-28-сентябрь, 2006-ж.

ДҮЙШӨН БАЙДӨБӨТОВ, КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ:
– Чынын айтсам, өмүрүмдө бир жолу орозо кармайм деп ооруп калгам. Катуу сасык тумоо тийген экен, дары ичүүгө туура келди. Мечитке молдого барып, жөн-жайымды түшүндүрдүм. «Минтип өзүңүздү кыйнап эч качан орозо тутпаңыз. Оозуңузду ачып, дарыланыңыз» деди. Кийинки жылы кармайын десем мага жанагы «кант диабети» деген оору жармашыптыр. Мындайда ачка жүргөнгө такыр болбойт экен, ар бир саат сайын бир нерсе жеп туруш керек экен. Болбосо, орозо кармоо тилегим бар.

КАНЫКЕЙ ЭРАЛИЕВА, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТИ:
– Быйыл төртүнчү жылы кармаганы турам. Орозо мага аябай жакшы таасир берет. Себеби, психологиялык да, физикалык да чоң пайдасы бар. Тазалануу, аруулануу сыяктуу касиеттерге ээ. Дилиңде ыйманга сугарыласың, өзүңдү сергек сезесиң.

САЛАМАТ САДЫКОВА, КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ:
– Мурун бала кезде ата-энелеримден көрүп, кызыгып орозо кармачумун. Андан бери кесибиме байланыштуу кармай элекмин. Быйыл дагы кармай албайм. Анткени, ырчыларга ачка жүрүп ырдоого болбойт

АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА, ЭСТРАДА ЫРЧЫСЫ:
– Буга чейин толук кармап көрө элек болсом да быйыл толук кармаганга ниет кылып жатам. Себеби, денсоолугум мурдагыга караганда жакшы болуп калды. Бир жылда бир келчү орозону тутуу – бул мусулмандык парзыбыз эмеспи. Медицина жагынан алып караганда да чоң пайдасы бар, анткени, ички органдар тазаланат.

КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ, КЫРГЫЗ ЭЛ АРТИСТИ:
– Былтыр ооруп калып кармай алган эмесмин. Быйыл болсо кармайын деп ниеттенип турам. Баш-аягы орозону үч жыл кармагам. Бирок, орозонун денсоолукка чоң пайдасы бар экенин билем. Себеби, күндүзү ачка жүрүү кезинде ички органдагы шлактар чыгып, зат алмашуу жакшырат.

Даярдаган Гүлмайрам Шерматова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо