«ТҮНКҮ КӨПӨЛӨКТӨР» ТОРГО ТҮШТҮ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Чүй облустук ИИББинин кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн рейд учурунда бир нече жашыруун борделдер табылды. Кейиткени, сойкулук менен алектенген деп кармалгандардын арасында кош бойлуулар да, күйөөсү барлар да жолукту.

СОЙКУЛАР ҮЧҮН МЫЙЗАМ ЖОК
12-13-апрель күндөрү Чүй ОИИББинин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери СОБРдун кызматкерлери болуп «Өспүрүм» аталыштагы сойкулук менен алектенген жаш өспүрүм кыздарды аныктоо, алардын сойкулукка берилип кетүүсүнө бөгөт коюу, притондорду аныктоо боюнча рейд өткөрүштү. Анын алкагында облустагы көптөгөн сауна, сойкулар иштеген мейманканалар текшерилди. Маалымат сыртка чыгып, сауналардын жетекчилиги мекемелерин жаап салбашы үчүн рейд жашыруун пландалып, райондордогу кесиптештерине да айтылган эмес. Себеби сауналарга «крыша» болгон милиция кызматкерлери да жок эмес.
Мындан бир нече ай мурун ошол убактагы Ички иштер министри Шамиль Атаханов да сауналарга, сойкуларга «крыша» болгон милиция кызматкерлери жөнүндө фактылар бар экендигин айткан эле. Ошентсе да рейд болуп жатканын угуп, көпчүлүк сауналар жабылып калган. Жалпысы 15-20 сауна, шектүү 3-4 мейманкана текшерилип, 30дай кыз-келин кармалып, ал эми өздүгүн аныктоочу документтери жоктордон 5 кыз «приёмник-распределителге» камалган. Рейд журналисттер менен чогуу өткөрүлгөндүктөн, бир да сауна-мейманкананын ээси келип, чечишип кеткен жок, бирок телефон чалып «разводить» эткенге аракет кылгандар болду. Сойкулар үчүн атайын мыйзам жок болгондуктан, кармалгандардын манжа издери алынып, каттоого алынат да кайра эле коё берилет. Андан соң алар кайра өз иштерин уланта беришет.

НИКЕ ШАКЕГИН ТАГЫНЫП ИШТЕГЕНДЕР ДА ЖОЛУКТУ
Милиция кызматкерлери кайсы жерде кандай сауналар бар экендигин алдын ала аныктап алышкан. Алардын көпчүлүгүндө сойкулар жашашкан. Кээ бирлеринде жыгач сөрүлөрдө жатып иштешсе, кээ бир жерлерде кыздар саунанын бир бөлмөсүнө коюлган 2 ярустуу темир керебеттерде тыгылып кир шейшептерде жашашкан.
Сойкулардын орточо жашы 18-20 жаш болсо, бирок арасында жашы өтүп калгандары, жакында эне болом деп тургандары да бар болуп чыкты. Торсоюп чыгып калган курсагы да сойкулук менен иштөөгө жолтоо болгон эмес. Кармала берип көнүп калышканбы, айтор, кээ бирлери формачан кирген милиция кызматкерлеринен да, камералардан да оңтойсузданып калышкан жок. «Мындай туруп берейинби же мындайбы?» дешип камерага «позага» туруп беришкендери да болду.
Кармалгандардын арасында жаш өспүрүмдөрдөн тартып, нике шакегин тагынып, 2-3 баланын энесимин дегендерге чейин болду. Сокулук районундагы бир саунада иштеп жаткан 16 жаштагы өспүрүм кыз кармалган. Аны милиция кызматкерлери ата-энесине алып барып тапшырышканда, алар кызынын бул жолдо иштеп жатканын билбегенин айтып ооздору ачылган.
Рейддер дайыма өткөрүлүп турганы менен, кармалгандарга карата эч кандай чара көрө алышпайт. Ал үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Болгону притон кармаганы үчүн мекеменин администраторун жоопкерчиликке тартуу мүмкүн. Бир канча убактан кийин анын ордуна башкасы иштей бермекчи. «Эмне үчүн бул кадамга бардың?» деген суроого сойкулардын дээрлик бардыгы «жумуш жоктугунан, акча тартыштыгынан» деп жооп беришет. Бирок илгери деле мындан оор жашоо, ал тургай ачарчылык заман болгон. Анда деле
кыздар денесин сатпастан таза эле жашап келишкен. Ошондуктан турмуштук көйгөйгө жамынып, ушундан келип чыкты деш бул – жөн гана арамзалык, жалкоолук...

ДҮЙНӨЛҮК СТАТИСТИКАДА
Дүйнөлүк статистикага таянсак, мыйзамсыз адам трафиги киреше алып келүү жагынан баңги бизнеси жана курал сатуудан кийин үчүнчү орунда турат. Чет өлкөгө алып кетүүнүн эң көп таркагандары – «бийчилик», «фотомоделдик», «тейлөө кызматтары» жумуштары. Барган соң кыздардын паспорт, телефон, акчаларын алып коюп, билет, тамак-ашка болгон карыздарын актап бүткүчө бекер иштетишет. Карызын өмүр бою актай албашы да толук мүмкүн. Акча талап кылбашы үчүн кээ бир сутенёрлор кыздарды баңгиликке берилтип койгон учурлар да кездешет. Андайлар акча эмес, доза жана тамак үчүн гана иштеп калышат. Анча-мынчасы гана ийгиликтүү болуп ири притондорго туш келип акча таап келбесе, калгандары андан ары жок болушат.


Чубак ажы Жалилов, дин аалымы:«СОЙКУ БОЛГОНЧО АБЫШКАГА ТИЙИП ЖАНЫН БАГУУ АБЗЕЛ»
Коомубуздагы бул терс көрүнүштү кандайча токтотууга болот же шариятта кандай жаза болот деген соболубузга дин аалымы ЧУБАК АЖЫ ЖАЛИЛОВ төмөндөгүдөй жооп берди:
– Сойкунун тапканы шарият боюнча арам деп таанылат. Уурулук кылып, коррупция менен же мародёрлук кылып, чочко багып тапкан сыяктуу эле арам оокат. Ал тамак менен бала-чаканы багууга болбойт.
Экинчиден, шариятыбызда сойкулук менен жан баккан эркекпи же аялбы, айырмасы жок, эгер үй-бүлөлүүлөр болсо таш бараңга алынып, өлтүрүлөт. Алардын тирүү жашаганга укуктары жок болуп саналат. Анткени үй-бүлөлүү болуп туруп коомду бузуп жатышат. Ал эми бойдоктордун ар бирине жүздөн балак уруп, анан үйлөнтүү керек. Учурдагы заман менен алганда, сойкулук менен алектенгендин ордуна эгерде тыйынга муктаж болуп турса, акчасы көп абышкаларга турмушка чыксын. Эгер эркектин кучагына муктаж болуп турса, анда экинчи же үчүнчү болуп эрге тийсин. Эркектер да сойкуга барып, өз аялынан башкалар менен ойноштук кылуунун ордуна ошол аялды экинчи, үчүнчү же төртүнчү кылып никелеп алсын. Адал болот! Адамдар бир нерсени түшүнбөйт. Сени менен жаткан сойку сенден башка менен да жатат, аны менен жатмак турсун өбүшүүнүн өзү канчалык жийиркеничтүү.
Үчүнчүдөн, сойкулуктун түбүн соолутуу үчүн ыймандан башка жол жок. Жумушсуздукту шылтоо кылалы десек, курсагы ток сойкулар бар, демек, маселе Кудайдан коркууда турат. Ошондой эле шарият өкүмдөрүн мыйзам аркылуу киргизүү керек. Сойкуларды таш бараңга алып уруп өлтүрсөк, калгандары сопу болуп калат. Башка жолу жок.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(41)
30.04.2013. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай адамдарга алах озу ыймаанын берсин дегенден башка айла жок.
30.04.2013. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
буларга закон кабыл алса болбойбу не
тытынып иштесе иш чыгат го жумуш жок деп сойку болуп кетпей.
30.04.2013. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир саунага барып эн сулуусун сатып алып
жатсам биздин ак уйдо иштеген далай депутаттарды министрлерди айтып берди кундо келип алып кетет бизди дейт
ошол депутаттар теледен чыгып таптаза адам болуп суйлоп олтурушат

аларга караганда сойкулар бир аз таза ким кошулат мага

05.05.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akrosa, тазаланып текшерилип кой тияк биягыны анан аман эле бол копчулуктун арасында кантип жийиркенбейсинер деймда? анан мынтип жоо кууп келгенсип мактанып койгонуна баракелде!
30.04.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yshyl kizdarga sen sen prst- sin desen betindi titat men andai emesmin dep alar yshyl kiligin ish dep koiyshat ,,, ishteibiz dep koiyshat eken
30.04.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар нерсени сүйлөп, сойкуларды күнөөлөй бербей, ошолорго барган 4-5 эркекти сүрөтү менен, ким экенин кошо жазып чыгарсаңар,бул иш акырындап барып тыйылмак, ал эми чет өлкөлүктөр ж.б. үчүн иштеп жаткан путаналарга жазаны катуулатуу керек. алардан алынган ири жазапулдарды жетим балдар үйүнө чегерүү керек.
30.04.2013. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
514947a, Арам жол менен табылган акчаны жетимдер уйуно да ыраа коро албадым,Аллахым ыймандан алыстатпасын элибизди.Бечара жетим балдар ансыз деле оздору томолой болуп отурса анан аларды дагы арам акча менен суугарышыбыз керекби???...Ойлонуп королучу...
30.04.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх жашоонун айынан эмнеге гана барышпайт
05.05.2013. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
saltanat., jawoo emes akchanyn aiynan, akcha tapsa anan jawoo bolobu
30.04.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргызстанда жумуш менен камсыз кыла мындай сойкулардын саны азаймак
30.04.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жумушсуздук бул шылтоо гана!аллах журогуно ыйман салсын ылайым, куноолорун кечирсин!!
30.04.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы Жалилов сойкуларды таш баранга алууну койуп, башкасын ондоп алсынчы.
30.04.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ав
30.04.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх, кыздар,кыздар! Табиятынар ушундай беле?!
30.04.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар эле дейсинер ошолордун "бизнесин" жургузгон эркектерди ким айтат? Кудайым оздоруно ынсап,журогуно ыйман берип куноолорун кечирсин
01.05.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бал кызым деп эне сутун эмизген
Кайран кыргыз энелердин эмчеги...
01.05.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rlo озунор кандайсынар бардык. Кыздарды жолдон чыгарган силер. Эркектер болосунар. Кыздарга куноо койо бербегиле. Эркектерди жек кором
02.05.2013. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуш жок,акча жок бекер эле шылтоо да буларга. Тооба жийиркенбей кантип барат эркектер. Боюнда бары, күйөөсү бары да жүрөт дейт..... ынсап берсин кудай баарына.
02.05.2013. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогубузго ыйман берсинчи
02.05.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы.ушул жолдо жургондун баары эне деген атка татыктуулар.элестетип корушпойбу оз кызынын ушул жолдо жургонун анан энесинин сыздаган журогун тушунушот эле
02.05.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
заманга шылтап оной акча табуу жолун тандагандары уят да андан коро кудай сурап кочдо отурса байкуш деп боорум оорумак.Кудай сактасын.Дилибизге тазалык,журогубузго ыйман берсин
02.05.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектер да сойкуга барып, өз аялынан башкалар менен ойноштук кылуунун ордуна ошол аялды экинчи, үчүнчү же төртүнчү кылып никелеп алсын. Адал болот! . Ошондой эле шарият өкүмдөрүн мыйзам аркылуу киргизүү керек. Сойкуларды таш бараңга алып уруп өлтүрсөк, калгандары сопу болуп калат. Башка жолу жок. бул созго кошулам
02.05.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол чондор,депутаттар оздору сауналарда сойку сатып алышат,80 % кепилдик берем,анан калпеле эл алдына "умный дурак" болушпасынчы
02.05.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин мамлекеттин кызматкерлерине башка иш калбаганго э. Акыркы кундору сойкулар деп ролик тартып оздору интернетке киргизип биз иштеп атабыз сойкуларды кармап деп мактангандай. Бул нерсени эч ким эч бир мамлекетте токто алган эмес.. Мына интернет жогунда эч ким алар м.н иши жок эле болчу. Жакшы эле болчуубуз. Эми баарыбыз эле макалчы акын болуп комментарий жазып болбой эле. Жон эле койсок боло.
22.01.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz4ik, менин оюмча эн туура деп эсептеймин ушул видиолорду коргондо кээ бироолор ээси барда этегин жыйып алышаар бул видиолорду адамдар корбосо мынчалык сойкулар кобойуп баратканын эч ким биле алмак эмес.мамлекеттик кызматкерлер бул кызарды 2 3саат кармабай эле биротоло жазалаш керек мындай нерсени
05.05.2013. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adam bul jashoodo turduu jol menen kunoogo batabyz,bular da bul jol menen ozdoruno kunoolordu moiuna ilip jatyshat.Kech bolo elekte Allahty esinerge alyp,tuura jolgo tushkulo.Allah baarybyzdy kechiret.Yiman jurogubuzdon ketpesin.
05.05.2013. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
esibiz barda etegibizdi jabaly , Urmattuu kyrgyzymdyn kyrk 4a4y uluu kyzdary
Модератор admin_media түзөттү 08.05.2013 14:24
08.05.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikow1994 - эскертүү!
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү.
10.05.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))сойку кыздар дуйнонун баардык бурчунда бар и аны эчким жок кыла албайт)))
11.05.2013. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzyk,'alar'(atyn da atagym kelbeit)uwundai iwterdi kylyp jatkanda neni oylonuwat boldu eken?je tamak menen kumardan bawka e4 nerseni oylobogon janybardan aiyrmasy jokpu?Uwun4a adamdyn sozunon,jutup jiberi4uu koz karawtaryndan,erkekterdin sogup,kordop,kaalagan4a koldongonundan,ata-enesinin koz jawyndan kiyin kantip jawap juruwot..bulardyn dele jurogunu oyugon,janyny tyn4 koybogon uiaty boluw kerek....Allah yiman bersin kyrgyzdyn kizdaryna ele emes erkekterine da
12.05.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пацаны я знаю каждый из нас шею свернет любому за свою сестру. Так давайте помнить, что каждая чья-то сестра и не будем прикалываться над мимо проходящей девушкой и тем более распускать сплетни. УВАЖАЙТЕ КАЖДУЮ ДЕВУШКУ КАК СВОЮ СЕСТРУ!!!
13.05.2013. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул рейд жон гана корсотмо(показуха) рейд. Баарына эле белгилуу, органдын адамдары аларды коргоп (крышовать этип) тураары! Бул кыздар жонундо айтаарым акча табуунун женил жолуна кызыгып алышкан.Башка жумуш таап берген кундо дагы иштешпейт!
22.01.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок акыркы кундору кыздар эмес эркек сойкулар кобойуп жатат эки эркек баш кошкон тоюн коруп алып ээсим ооду булда болсо акыры замандын белгилери деп тушуном.Ошондуктан баарыбыз озубузго жана жаман жолдо жургон кыздар балдарга Аллахтан ынсап тилейли баарыбызга Алла Таалам ынсап ыйман берсин.
18.11.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оба балдар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо