ТЕРЕКТИН УЧУНДА ТУРУП ЭКИНЧИСИН БУТАГАН ТАШ АКЕ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Жансыз болсо да жаратылыш менен сүйлөшүп, алардын талабына жараша мамиле кылуу керек дешет. Көк терек (мырза терек) үй-тиричилигине эң керектүү дарак болгондуктан, аны өстүрүү да бир топ түйшүктүү. «Терек бутоо боюнча алдыма адам салдырбайм» деген 56 жаштагы Таш аке (өз аты Маматжан Рахматов, бирок жергиликтүү эл Таш аке деп таанышат) менен болгон маегибизден улам терек тууралуу көп кызыктарды билдик.
Ош облусунун Мады айылындагы Таш акенин терек бутаганын көрүп оозубуз ачылды. Угуп, бирок ишенбей барган жаныбыз Мады айылына кирип баратып эле 10 метрден 28 метрге чейинки бийик теректерди учуна жарым метр гана бутак калтырып, калганын бутап салганын көрүп таң калдык. Бутаганы мейли, теректин учунда туруп алганы жакаңды карматат. Маматжан мырзаны айылындагылар Таш аке деп чакырып калышкан.
Анын себебин бизге КЫЯЛ КУЛАЕВ мындайча түшүндүрүп берди:

– Биздин Таш аке таштай катуу, чыдамкай адам. Айылдагылардын баары колдорунан келбеген оор жумуштарына аны чакырышат. 1 метр жерден кулап кетип кимдердин гана буту сынбаган? Бул болсо теректердин учуна чейин чыгып барып бутап түшөт. Анан да таң калганыбыз, бутуна резинка тапичке кийип алат. Колуна араа менен балта кармап алып, эч нерсеси жок чыгып кете берет.
Теректин башында турган Таш акени карап турууга жүрөк чыдабайт.

«Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей, мен бир Терминаторду элестетип алган элем. Бизди кыргыздын калпагын кийген, орто бойлуу, 56 жашка чыкса да 20 жаштагы уландай өзүн жеңил алып жүргөн киши тосуп алды. Бул учурда Таш аке жер казуу менен алектенип жүрүптүр.

– Саламатсызбы, Маматжан ага, иш илгери болсун!
– Рахмат, келгиле, кандайсыңар?

– Айылдын кире беришиндеги сиз бутаган теректерди көрүп келе жатабыз, жоондугу билектей жерге чейин чыгып барыпсыз. Өмүрүңүздү кыл учуна койгондон коркпойсузбу?
– Мен антип теректин башында жүргөнүмө 15-16 жылдан ашты. Эмнеден коркмок элем? Ичкерээк бир теректе туруп, ага жанаша турган экинчи теректи да бутай берем.

– 20 метрлик теректи канча саатта бутап бүтөсүз?
– 30 мүнөткө жетпей бутап түшөм. Бутагы жооноюп кеткендери бир аз түйшүк жаратат, ичке болсо, анда 20 мүнөткө жеткирбейм.

– Бул сизге кесип катары эле болуп калыптыр, бул ишти кандайча моюнуңузга илип алдыңыз?
– Мен кантип терек бутап калганымды так билбейм. Өзүмдүн үйүмдөгү теректерди бутачумун, элге жагып калганбы, үйлөрүнө чакыра башташты. Теректерди 50 сомдон ашык баага бутай элекмин. Арзыбаган баа болгондуктан, айылдагы адамдардын баары чакырчу болуп калды. Ошентип эле уланып кетти окшойт.

– «Кайсы иштин майын чыгара иштесең, ошонун сырын билесиң» деп коёт. Сиз да теректердин сырын билсеңиз керек?
– Теректин сырын билүү жагынан башкалардан өзгөчөлүгүм, терек бутоого даярбы же даяр эмеспи дегенге жооп бере алам. Теректерди жыл сайын бутай бергенге болбойт, мен аларды бир көргөндө эле буташ керек же керек эмес экенин билип алам. Кимдир бирөө мага айтып тургандай боло берет. Теректи кышында буташ керек, себеби алар уйкуда болот да, кесилген жери бат эле бүтөлүп калат. Ал эми күн жылып калганда бутаган болсо, кесилген жеринен суу чыгып, ал жерден теректин ичине курт түшүп кетет. Сууну көп бергенден да терек бузулат. Суу кечке ага берип тамырлар сары өзөк болуп калат. Теректердин сырларын көп билсем да, өзүм багып көрбөдүм. Үйүмдүн алдында бака терегим бар эле, аны да үй-тиричиликке керектеп жибергем.

– Өмүрүңүздө теректен канча жолу жыгылдыңыз?
– Төрт-беш жолу жыгылгам, бирок катуу эмес. Мен бутактары менен чыгып барып башына жетем да, аларды кыркып түшүп келем. Өз жолу менен иш кылсаң, кырсыкка чалдыкпайсың, жаман иш кылсаң, жансыз нерсеге да жакпайсың. Ар бир ишти кыларда ошол нерсеге көңүл буруп коюу керек.

– Мындан башка эмне жумуш кыласыз?
– Элдин ишин жасап жан багам. Кээ бири ажаткана казып бер дейт, бири терегимди кыйып бер дейт, бирөө кран чыгарат элем, кыйналдым, жер казып бер дейт.

– Үй-бүлөңүз туурасында да айта кетсеңиз...
– Жубайым, төрт балам бар. Эки уулум чет өлкөдө. Балдарым мага окшоп терек бутай албайт.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
29.04.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омуру узуун болуп,Алла Таалам бакубат жашоо тартууласын.
29.04.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец брат теректердин баарын кырат
29.04.2013. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыргыздын папаротниктер болуп калыптыр онорунуз оркундой берсин.
30.04.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyiaz,
Рахмат! Катачылык кеткен, түзөтүлдү.
01.05.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Онорлуу олбойт"-деген создун калети жок.Аман болунуз.
04.05.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорунузго соз жок,азаматсыз!
04.05.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болунуз эч качан орубаныз омурунуз узун болсун кылган ишинизди коруп озум ачылды
13.06.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурунуз узуун болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо