Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасова:«КЫЗ-БУРАКТЫН»КЫЗДАРЫ ТАШ БАРАҢГА ДА КАБЫЛГАН»

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Кыргызстандын шоу чөйрөсүндө кыздардан топ куралса, эмнегедир өмүрү кыска болот окшойт, тез эле аты чыкпай калат. Ал эми илгерки «Кыз-Бурак» дагы деле өмүр сүрүп келет. Анда азыркы курамдын көзүрү болгон Сайкал Садыбакасова менен маекке назар таштаңыз.

– Сайкал, «Кыз-Бурактын» аткаруучу директору сен эмессиңби, кандай жетекчи болуп жатасың?
– Кандай жетекчи болгонумду кыздар айтса жакшы болмок. Бирок мен аларга чоңсунуп же өйдөсүнбөйм. Кадимкидей эле өз оюмду айтып коём. Форма, ыр, клип боюнча ишти жөнгө салуу, албетте, башында бир аз кыйын болгон.

– Иниң чоңоюп калдыбы? Келечекте аны дагы шоу-бизнестин өкүлү катары көргүң келеби?
– Иним Эркин Оштогу «Себат» түрк лицейинде 5-класста окуп жатат. Кичинекей болсо дагы өтө сезимтал, акылдуу. Эстүүлүгүн байкап кадимкидей ичимден «менин иним да» деп сыймыктанам. Жалаң бешке окуп, анан ырчы болом десе капачылык жаралат да. Негизги себеби бул деле эмес. Апам да, мен да чыгармачыл жаатта жүрсөк, анан иним дагы кошулса болбой калат го. Ошондуктан Эркинди таптакыр башка чөйрөдөн көргүм келет. «Сен жакшы оку, министр, президент болосуң» деп койсом, өзү дагы сүйүнүп, жан талашып окуп калат. Спорттун айкидо түрү менен машыгат, апамдан качып барып бир бий топко да мүчө болуп алыптыр. Аны кийин билдик.

– Топтогу маселелерди ким чечет?
– Кийим тиктирүү, ыр тандоо, клип тартуу дегендерди мен «мындай кылганы жатабыз» деп апама сунуштайм. Апам жактырса, ал иш андан ары уланат. Эгер көңүлүнө толбосо, кайрадан иштеп чыгабыз же ошол боюнча жок болот.

– Ал эми күнүмдүк турмушта жаралган иштерге да апаңды аралаштырасыңбы?
– Апама жеткирбей өзүм эле чечкенге аракет кылам. Такыр эле болбой баратса, кайрылам.

– Түнкү клубдарга көп барат дешет?
– Аны ким айтып жатат? Өмүрүмдө бир эле жолу баргам. Анда дагы Айжамал эжелер менен. Караокеге барып ырдаганымды айтып жатышса керек. Дос кыздарымдын туулган күнүндө караокеге барып куттуктап ырдап коё берем. Апам өзү деле жиберет ал жакка. Топто оператор, айдоочу, жан сакчы болуп отуруп он бештен ашык жигит иштейт. Кыскасы, жан сакчысыз эч кайда барбайбыз.

– Жигитиң барбы?
– Чынында, ар бир адамдын ичинде сезим жашайт. Ал сезим бир күнү жанат жана өчөт. Менде жактыруу болгон, бирок жигит катары сүйлөшкөн эмесмин. Андай сезим болсо апама келип айтып берем. Апам менен жумушта жумуштагыдай, үйдө сырдаш курбулардай элемин. Ал «азыр жашсыңар, жаш кезде иштеп калгыла. Кыздар үчүн турмуш куруу жыйырма эки, жыйырма үч жаш туура» деп көп айтат.

– Чыгармачылыгыңдагы акыркы жаңылыктардан айтып берсең...
– Сөзү, обону Гүлжигит Сатыбековго таандык «Ыйлатпачы» деген ыр жаздырдым. Андан сырткары Гүлнур Сатылганованын үнүнө ылайыктап бир обондуу ыр жаратуудамын. Эженин өзүнө «сизге ыр жазгым келип жүрөт» десем «макул» деген. Ошол ырдын үстүндө иштеп жатам. Негизи, менин 30га чукул обондорум бар. Айрымдарын таанымал ырчыларыбыз ырдап жүрүшөт. Көбүн өзүм ырдайм жана топтогу кыздардан ашпайт.

– Коомдук иштерге катышайын деген оюң жокпу?
– Үч жылдан бери Кыргызстан аялдар конгрессинин мүчөсүмүн. Аялзатынын коомдогу орду туурасындагы ар кандай иш-чараларга катышып келем. Кытай Эл Республикасынын Аялдар министрлигинин чакыруусу менен 30 өлкө катышкан симпозиумга кетип жатам. Ал жерде өз өлкөсүндөгү аялдардын орду туурасында доклад окулат. 12 мүнөттүк ал докладды жаш лидер айымдар окушу керек экен.

– Азыркы «Кыз-Бурактын» кыздары мурунку курамдай топ жарып чыга албай жатат дегенге кошуласыңбы?
– Кошулбайм. Мисалы, Айжамал, Гүлнара, Кенже эжелер топко 1993-94-жылдары келишкен. 2001-жылы Бишкекте концерт бергенибизде Айжамал эже «Жан-жан», Гүлнара эже «Сындырбачы назарымды» деген ырлары менен таанылышкан. Барары менен эле атактуу болуп кетишкен жок да. Сегиз-тогуз жыл апамдын тарбиясын алышты, такшалышты, бышышты. Бир жерге концерт коюп барышса аларды эл тааныбай, «Кыз-Бурактын» атын жамынгандар» деп таш бараңга да алган учур болуптур. Тааныгандар апама телефон чалып, «ушундай кыздар келишиптир, эч кимисин тааныбайт экенбиз» дешиптир. Азыркы курамды 2-3 жылда эле эл жакшы кабыл алып жатпайбы. Анын үстүнө топтогу кыздарга жеке ыр жаздырбай элемин, мени кошпогондо. Мен эми кичинемден эле жеке ырдайм да. Кыздарга эмнеге жазбай жатабыз? Ыр жазылса да, клип тартылса да, топ биринчи орунда болуп жатат. Ошентсе деле кыздардын ар биринде жеке аткарылган ырлар бар.

– Ич ара көрө албастык болобу?
– Көрө албастык эмес, жадакалса талаш-тартыш да болбойт. Анткени баарына бирдей форма тигилип, баарына бирдей ыр жазылып жатат да.

– Топтогу кыздар эмгек акы алып иштешеби?
– Белгилүү бир өлчөмдө айлык алышат, андан сырткары гонорар төлөнөт. Жөө жүрбөйбүз, кызматтык унаабыз бар, кыздардын тамак-ашы, жашаган жери бекер.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(89)
30.04.2013. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сайкалдын голосу жок вообще унун жасап коет экен уккам негизи азыр жандуу ун менен ырдагандар аз таланты жок болсо деле чыга бергендин эмне кереги бар
30.04.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз бурактын азыркы курамын тааныбайбыз эле дейсинер, баам салып, маани бербесенер тааныбайсынар да, . Сайкал укмуш ырчы эмес, бирок, салыштырмалуу дурус эле.
30.04.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул маекти окуган адам Сайкалдын мурунку топко кандайдыр бир ич куптусу бардай сезилет экен.Жаш эле кыз мурунку топтогу кемчилик болобу кандай нерсе болсо деле айтпай эле койсо болот да баягы "анакатын" деп койчу беле откон кеткен кептерди чукуп кеп чыгаргандарды, ошолор сыяктуу эле болуп калыптыр.Ал эмес АПАсы деле андай кеп айтпай эле журду эле го.Мурункубу же азыркыбы кандай нерсе болсо да топтун абройуна шек келтирет,жакшысы мындай создорду айтпаганы эле дурус го Сайкал айымга)))
30.04.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na, Сизге кошулам.
30.04.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Канча болбосун бары бир Кенже, Айжамал, Гулнара эжелер бардагыдай денгээлге Кыз-Бурак эми жетпейт.
30.04.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз бурак тобуна ийгилик талантынар мындан ары да оркундой берсин
06.05.2013. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
барына тен кошулам
30.04.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кошумчалай кете турган нерсе Сайкалга кара тус жарашат, азыркы сары чачы башын ого бетер чон корсотот. Имидж боюнча да З.Молдошева ондуу айымдар мн иштеши керек.Кара коздуу адамга сары тустуу чач ашыкчалык кылып коет.
02.05.2013. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na, молдошева эмнени билет экен???
30.04.2013. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир кызыктай болуп бойонуп алганы эле жакпайт да!жаш кыздын жаштай эле жургону жакшы.Чыпчыйган кара немени кийип алганы огош бетер жанды кашайтат!А так,жакшы эле ырдайт.
30.04.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыркы курамдын эн сулуусу Аида деген кыз. Ага жакшы ырларды кобуроок берсе, Сайкал отдыхать этип калат го.
01.05.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал акылдуу кыздай корунот,жакшы жооп бериптир,уну да жакшы Уркуяны жакшы ырдаган мага жагат.
01.05.2013. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкалдын уну алдынкы орунда турат!!Сынчынын сынык отугу майрык болуп сындай бербегилечи макулбу? озунорду билгиле.жакпаса укпа же окуба!!!!Гулшайыр эженин баласы да сонун бийлейт.Сайкал сен кызбуракты омур бою мурас катары сактап калышын керек!!!!
01.05.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaisy inisi? Gulwair ejenin dagy balasy bar bele?
01.05.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peach, ооба дагы бир бала багып алган дешет.
06.05.2013. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдан билесинер багып алганын?
01.05.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал жаш да ойноп кулгусу келет башка кыздардай эле тунку клубдарга ким барбайт азыр.бирок кыз-бурактын кыздарынын уну жакшы эле ырлары маанилуу эмес трассага чыккандай болуп кийимдери да хуник.Кыз-бурака чонораак кенешчи керек болгону. анан оздорун сазнада алжындашпай жакшына алып журсо болот эле ал тансасын клубда кыла берсе болот.
04.06.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulina, Точно трасса
01.05.2013. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыз-бурактты теги эле коро алышпайт го элдер! баары эле таанымал эле ырчылар! омуру газета окуп же клип коруп жатканда маани бербесе таанышпайт да! анан дагы бизде ким биринчи "жаман" "мага жакпайт" десе кийинки калтыруучулар дагы ошону жазашат! ийгилик сиздерге Кыз-Бурак.
02.05.2013. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалдын үнү жакшы, келечеги бар. Ийгилик коштосун. Бул кызда жасалмалуулук,өзүн көрсөткөндүк жок, Айгеримдерге караганда бир топ эле мыкты.
02.05.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир нерсе оз убагында жакшы. Чындыгында Кыз Бурактын мурунку ырлары уккулукту,ырдагангада ынгайлуу. Азыркы тобу Кыз Буракты алып кете албай атат окшойт. Сайкал жаш кыз. Башчы болгонго улуурак ,тажрыйбалуу ,ожор адам керек деп ойлойм. Кенже эже жакшыраак иштечу экен чынында.
02.05.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче кыз буракты КЫЗБУРАК кылган Кенже,Айжамал,Гулнара эжелер болгон.Ошол маалда билесинерби кызбурак тобу кандай авторитет болгонун и алар жонокойда болушкан азыркыларына окшоп бираз ырдап койсо асманды карабай...А азыркы кызбурактын улуттук формасы гана улгу болбосо эч кандай уккулуктуу ыры жок и эч кимге кызыгы жок болуп калгандай...
02.05.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ова Кыз буракты кыз бурак кылган Кенже. Азыр не ояуп баратышат концертерине эч ким деле барбайтко. Бул кыздарды Ошуктар сыйлабайт анткени сырларын билишет да.Озу Эже Гульшайр Эркектерден калышпай согуп журот кочолордо а ким сыйласын буларды
02.05.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арыктаса сонун болуп калмак эххх..
06.05.2013. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ага арыктаган жарашпаса керек
02.05.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лично мага жагат Сайкал!!!Ырлары аябай маанилуу,озу да талантуу!!!Копко популярдуулугун жоготпой ырдалып жургон ырлары бар,,,,ал эми тунку клубка барабы жокпу озунун иши гоо..жеке турмушу.ийгилик!!!!
02.05.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орусча жазганым учун кечирим сурайм.Которсом маанисин жоготот экен.Рано вышло замуж-ЗАЛЕТЕЛА.Не вышло замуж-НИКОМУ НЕНУЖНА.Не можеш найти нормального мужика-СТЕРВА.Рано родила-Ш...ВА.Не радила-БОЛЬНАЯ.Родила одного-МАЛО.Родила много-КУДА НАРОЖАЛА.Работаешь-ТРУДАГОЛИК.Неработаешь-ЛЕНТЯЙКА.Ничего не хочешь-ДУРА ВООБЩЕ.Учишься-БОТАН.Не учишься -РАЗГИЛЬДЯЙ. НАШ НАРОД МОЛЧА ЖИТЬ НЕ МОЖЕТ.
03.05.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazimkа Эн туура айтыпсын гооо?
03.05.2013. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eh eh eh,Kyz burak degende maga Kenje kubatova ele esime gelet ,konsertti tim ele erkeke okshop aparip koychu ele ,ayrikcha ayil jergesine konsert koyup gelgeni esimde da ,erkekter tiyishse soonun kilip joop berip koychu...
05.05.2013. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Bahar, Причем тут Кубатова.Дуйшеева деп туура жазсан боло.


03.05.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бул кызды коруп калам,экрандан коргонго караганда бир топ эле сулуу экен анан дагы жапжаш кыз экен.Телевизорго тушоордо аябай эле шпаклевка тартат экен.Мен дагы Сайкалдын жонокойлугу жакты, дукончу кыздар менен жакшынакай суйлошот экен, а Расулдун кызына кеп жок озунчо эле дуйного таанымаал жылдыздай асманда журот, жонокой кишилер менен суйлошконун корсон жерге тукуросун деп журушот тааныгандар.Айгеримди айтып жатканым Сайкал экоону салыштырып болбойт Гулшайыр эжеге ыраазычылык
03.05.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кызын ушунчалык карапайым остуруптур.
04.05.2013. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аиий жон койсо биякта тим эле Кыз-Буракты катуу талкуулап кетипсинер го я?! Биздин эл бироону жамандап, бироону кокко которо мактаганды эле билет. Ушунча созго алсанар ,анда эмнеге Гулшайыр эжебиздин ак эмгегин да баалап кетпейсинер??! Кыз-Буракты "Кыз-Бурак" кылган ошол эжебиз болот, билбегендерге маалымат))каяктагы Кенже, Айжамалдарды айтасынар..же алар асмандан туштубу даяр болуп?!Азыркы муундун кыздары,туура,мурунку кыздарга караганда анча таанылбайт.Себеби ырлар азыр бир гана топко жазылат!
04.05.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заман ушакчылардын заманы болуп калыптыр. :-(
04.05.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен тушунбойм Сайкал кайсы ырлары учун наам алган
05.05.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
syrajidin, эстей жур, башка ырын лична мен билбейм , эми гулшайыр эженин заманында алып калды да
04.05.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Emnesi bolso da Saikal eje sizge iigilik! Ushak sozdorgo jaman kordorgo maani berbeniiiiz
05.05.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аларды ташбаранга ким алмак эле. Кадптын да чеги болот.
10.05.2013. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооооииий.койчу Сайкал.Айтат десе катуу кеттин да.Мурунку курамды эч ким антип кубалашы мумкун эмес.Азыркыларды эч ким тааныбайт десе болот."Апама чалышыптыр"-деп тимеле.Ким билет экен апандын номерин.
26.04.2016. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал,Сайкалга ырчымын деген кынылдаган сулуулар улгу алышса,жамандабай.Ундору кооз,майын чыгара ырдашат.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо