Бектемир Мамаюсупов:«ТАСМАДАГЫДАЙ ЖАШОО МЕНИН ДА БАШЫМДАН ӨТКӨН»

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Акыркы жылдары байма-бай тартылган тасмалардын артынан кыргыз киносунда жаңы жүздөрдүн пайда болуп жатканы жакшы жышаан. Жаңы муун, жаңы жүз, жаңы идеяларга чаңкап турган кыргыздын маданий чөйрөсүнүн курч, дилгир, таланттуу жаштар менен толукталганы көңүл сүйүнтөт.
«Салам, Нью-Йорк!» тасмасындагы башкы каарман Баатырдын образын жараткан жаш актёр Бектемир Мамаюсупов учурда көпчүлүктүн көңүл чордонунда экени талашсыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 18-январь
Хоббиси – Лыжа, ролик, коньки тебүү, жаратылыш коюнунда эс алуу
Бою –183 сантиметр
Салмагы –78 килограмм
Тартылган тасмалары – «Бишкек, мен сени сүйөм!», «Салам, Нью-Йорк!»
Билген тилдери – Орус, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт

– Бектемир, кандай? «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынан кийин популярдуулуктун даамын татып жатсаң керек, кандай экен?
– Жакшы. Көчөдө баса албай жылдыз болуп кеткен жокмун. Мурун кандай Бектемир болсом, ошондой элемин. Айрымдардын «карасаң, «Салам, Нью-Йорк!» жөө жүрөт» деп айткандарын кулагым чалып калат. Жылмайып өтүп кетем. Мен деле кадимки адаммын, баары сыяктуу маршруткада, кээде жөө жүрүп калам. Бирок туш тараптан сага тигилген көздөр кээде ыңгайсыздык жаратып коёт экен. Мурункудай каалаганыңды жасап, көчөдө баратып тротуардын кырына отура албайсың дегендей. Ошко барсам, бала бакчадагы балдар да таанып алышты.

– Сенин жүзүң бизге «Бишкек, мен сени сүйөм!» фильминен да тааныш, кантип тартылып калдың эле?
– Эрмек деген досум аркылуу Руслан Акун менен таанышып калгам. Досумдун эжеси Сауле Алымбекова – жогорудагы фильмдин жаратуучуларынын бири. Аталган тасмадагы ролумду бир күндө эле абдан шашылыш тартканбыз. Негизи, мен образга бат кирем, 40 саат уктабай деле образга кирип кете берем.
Ал эми «Салам, Нью-Йорк!» фильмине видеодобуш аркылуу өтүп кеткем. Ал кезде мен АКШда болчумун, тандоо болуп жатканын угуп, кол телефонума чакан видеомду тартып жөнөтүп жибергем. Фильмде Баатыр скайп аркылуу апасын шаар менен тааныштырат эмеспи, дал ошондой сыяктуу.

– Тасмада өзүңдү аз да болсо юрист сезе алдыңбы?
– Баатыр идеалдуу студент да. Ролумду аткарып жатканда, албетте, өзүмдү юрист сезгем, азыр сезбей элемин. Жакында бир жерден абдан сонун жумуш беришти, айлык акысы да жакшы экен. Негедир ал жумуш мен үчүн эместей туюлду. Анткени мен ээн-эркин жүрүп, өзүмө жаккан нерсени кылып көнүп калыптырмын. Алар мени кинодогу Баатырдай деп ойлоп алышты окшойт.

– Кеп нугун өзүңө бурсак. Сендей таланттуу актёр кайсы жердин кулуну болду экен?
– Бишкектеги №4-төрөт үйүндө жарыкка келгем. 2 жашымда ата-энем Ошто жашаган чоң ата-чоң энемдин колуна беришиптир. 7 жашка чейин ошол жакта чоңоюп, кайра Бишкекке ата-энемдин колуна келгем. Атам Оштун Ноокатынан, апам Кара-Суусунан. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз, 3 эжем жана карындашым бар. Жалаң кыздардын арасында чоңойгон жигитмин.
Бишкектеги №66-мектепте 7-класска чейин окуп, түрк лицейине тапшыргам. Окууну бүткөндөн кийин Политехникалык университетте 3-курска чейин окуп, ОшТУга которулгам. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кеткем. Дал ушул Кытай жергесинде менин актёрдук шыгым ойгоно баштаган десем болот. Анткени ал жакта чет элдик фильмдер көп тартылат эмеспи. Досум экөөбүз акча табуу үчүн массовкаларда ойноп жүрдүк. Айрым агенттиктерге барсак, көбү «сен уйгурсуң» деп албай коюшчу, алар үчүн уйгурлар чет жердик эмес да. Анан арабдарга, түрктөргө окшоп кийинип барар элем. Учурда Илимдер академиясынын түштүк филиалында аспирантурада окуйм.

– АКШга да барган экенсиң, окуганы кеттиң беле же иштегениби?
– Мага саякаттоо аябай жагат, өмүрүм өткүчө жер көрүп, шаар кыдыргым келет. АКШга ушул максатта эле баргам. 2010-жылдагы Июнь окуясында Ошто болчумун. Шаардын чок ортосунда элем. Албетте, адам өлтүрүп, согушкан жокмун. Туугандардын үйлөрүн корууга көмөктөштүм. Көчөдө жаткан адамдын сасыган өлүктөрүн, согушту көрүп катуу психологиялык стресске кабылып, көпкө чейин өзүмө келе албай абдан жаман болдум. Бир жылдан кийин АКШга кетип калдым. Кеткенде да абдан шашылыш, эки жумада документтеримди бүтүрүп эле сапар алдым. Баргандан кийинки кыйналганымды айтпа. Колдоо көрсөткөн дос-тааныштарым деле бар болчу. Бирок аларга жүгүмдү арткым келбей «силерге рахмат, бирок мен баарын нөлдөн башташым керек» деп бир сумкамды көтөрүп чыгып кеткем.
Нью-Йорк шаары – дүйнөнүн борбору. Ааламдын төрт тарабынан эң күчтүү ишкери да, шылууну да, акылдуусу да ошол жерде чогулган. Бири-бири менен иши жок, ар ким өз жумушу менен алек. Мага бул шаардын нымдуу абасы жакпай, башка штатка кетип калдым. Жумуш жокто ар кайсы кафелерге кирип «I`m looking for job?» («Жумуш барбы?») деп сурай берчүмүн. Ошентип, идиш-аяк жууп, жүк ташып, ашпозчунун жардамчысы болуп АКШнын ар кайсы шаарларында иштедим. «Салам, Нью-Йорк!» фильми тартылып бүткөндөн кийин ошол жакта калгам. Акчам калбай, «Сэнди» ураганынан жабыр тарткан бир
еврейдин үйүн тазалап, фильмде өзүм тартылган Брайтон-Бичке барып жумуш издегем.

– Ошондо фильмдин популярдуу болуп кетерине көзүң жеттиң беле?
– Ооба, сценарийди окуп чыкканда эле билгем. Адамдарга деле чындыкка коошкон, реалдуу окуя баяндалган кино жагат да. Фильмде реалдуу көрүнүштөр көп болчу.

– Демек, тасмадагы Баатырга окшоштугуң бар экен да?
– АКШдагы кыйналган жерлери өзүмө окшош. Ошон үчүн аткаруу оңой болду окшойт.

– Сыр болбосо Баатырдын ролу үчүн канча гонорар алгансың?
– Бекер тартылгам. Мен үчүн жашоодо акча анчейин роль ойной бербейт. Элдер ойлошот окшойт, «тасмага тартылды, демек, бай» деп. Сатыктар менен ишим да жок, тасмага өз аброюм жана Руслан Акундун чыгармачылыгын баалаганым үчүн гана тартылгам. Учурда өзүмдүн чакан бизнесим бар.

– Кыздардын баарын кызыктырган суроо: жүрөгүң бошпу?
– Сүйлөшкөн кызым бар, бирок менин эркиндигим баарынан бийик турат. Аны чектегим келбейт, андыктан буюрган күнү үйлөнөм.

– Сенин табитиңдеги кыздарды билсек болобу?
– Жигиттер менен көп сүйлөшпөгөн кыз болсо. Ыймандуу болсо андан жакшы. Билесиңер, ичимдик кыздарга такыр жарашпайт. Баарынан да өзүн алып жүрүүнү, кантип сүйлөп, кантип басышты билген кыздар менин табитимде. Мен кыздардын арасында чоңоюп калгангабы, алардын психологиясын жакшы түшүнөм. Бир көз карашынан эле билем, эмнени көздөп жатканын.

– Америкалык актёрлор менен да чогуу тартылып калдың, биздикилер менен салыштыруу болдубу?
– Ооба, АКШда жөнөкөй эле адам сен ойлогондон да сонун кылып аткарып берип коюшу мүмкүн. Анткени шаарынын ар бир бурчунда камера бар, тартынып-кысынышпайт, көнүп калышкан. Анан да мактанганды, жасалмалуулукту жаман көрүшөт. Жамандагандай болбоюн, бирок биздин кээ бир актёрлордуку спектакль аткарып жаткандай, жасалма экени билинип калат. Америкалыктар өнүгүү боюнча бизден бир топ жыл алдыга кетишкен, мыйзамды сыйлашат, бири-бирине дайыма жылмайып, сылык мамиле жасашат. А бизде баары маанайы жок, ар ким өз көйгөйү менен алек болуп, көңүл ачуу, эс алуу дегенге
такыр убакыт таппай жүргөндөй сезиле берет. Жашоону кунарсыз өткөрбөй, аны шаңга бөлөгөнгө аракет жасасак.

– Маегиңе чоң рахмат!
– Силерге да рахмат!

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Тасмадагыдай жашоо менин да башымдан өткөн" дейт Бектемир Мамаюсупов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
26.04.2013. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin da ku9lumdardyn biri amerikaga baruu...
SUPER.KG видео
26.04.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кинону кайсыл жактан корсо болот,сураныч айтып коюнуздарчы
SUPER.KG видео
27.04.2013. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyz!
SUPER.KG видео
27.04.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn Bektemir!roldu mykty dengeelde jaratkansyn!myndan ary da iigilikter bolsun!seni jakshy korobuz!
SUPER.KG видео
28.04.2013. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat
29.04.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
29.04.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат осо турган актер экен
29.04.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоону кунарсыз өткөрбөй, аны
шаңга бөлөгөнгө аракет жасасак. таамай айтылган создор , коз караштары жакты
29.04.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой,адамгерчиликтуу,кичи пейил,азаматсыз!!!
29.04.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жаккан кино дагы, актер дагы, жопжонокой адам экен, жок дегенде 50% кыргыздын мырзаларында ушундай сапат болсо...
29.04.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эс алганга убакыт таппай дейт да элдер крда жээрге наны жок олтурса."курсагы ач бала менен курсагы ток бала ойнобойт"деген туура да
29.04.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga jakti!jakwi jigit eken
!
SUPER.KG видео
29.04.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз бар болун...!
29.04.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектемир менен кандай байланышсам болот?
29.04.2013. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээээйййй красавчииик дааа ушул бала. :)) Кинодо да ролун жакшы аткарган. Молодец. Салам нью-йоркту кайра кайра коро бере турган кино болгон.Жаштарга стимул бере турган кино. Кинодогоу Эрика экообу сонун пара болуп калышкан. Может экообун эле уйлонуп аласынар мм кандай карайсынар????? ;))
30.04.2013. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И анан дагы сурайын дегеним МЕГАКОМдун реклама ролигинде да тартылганбы Бектемир аке(ИНФОнун башкы бетинде корсотулуп жаткан роликти айтып жатам)???
30.04.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989,
Ооба ушул мырза)))
SUPER.KG видео
30.04.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун кино, тарткан жигит да , актерлор да жаштар экенине абдан кубандым, ушундай таланттуу балдар кыздарыбыз кобойо беришсин, ылайым иштерине ийгилик каалап, дагы жакшы кинолорду кутобуз!!!!
30.04.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жонокой адам экен, талантын оркундой берсин!!! ийгилик )))
30.04.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба копту коргону билинип турат мага баарынанда ачык мунозу жакты москвага барсан эле копчулугу ушундай жумуштарда иштешет а бирок оздорунон сурай келсен менеджер касир дешет азамат игилик сизге....
SUPER.KG видео
01.05.2013. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат эн сонун комментарий бериптирсиз) Ишинизге ийгилик) Онорунуз оркундой берсин демекчимин!!!
SUPER.KG видео
01.05.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын!ар дайым элдин купулуна толгон кинолорго тартылып эл оозуна алынып журо бер.
01.05.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен тушунбой калдым-саякаттаап АКШга баргам деп,идиш жуудум дейт ко
04.05.2013. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat.,sayakattaw uchun $ kerek. Amerikada ech bir jumuwtun uiaty jok.1 kun idiw juusan KGdagy mugalimdin 1 aylyk akysyn alasyn,nesi bar eken.
SUPER.KG видео
02.05.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
максаттары орундалсын! мыкты актер!
02.05.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кино,актёрго ийгилик албан,албан.Дагы жаны,жаны ролдорду жарата берсин.
03.05.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiperi.edil,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
Эскертүү сизге!
SUPER.KG видео
03.05.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzymdyn uwundai jonokoi baldary menen syimaktanabyz! azamatsyn bizge dagy dem ku4 bere turgan en mykty film!
04.05.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красаааавчик ;))))) сонун аткарган салам нью-йоркто, не переигрывает, такой приятный позитивный парень.....
04.05.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноокаттын кай жеринен болот экен ?
05.05.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фаай ушу баланы тааныгандай болтамда тиги астыдагы фотолор олло тааныш каерде кантип коргом...
SUPER.KG видео
06.05.2013. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жонокой соонун жигитго. жактырып калдым ишинизге ийгилик.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо