Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БОЗ ТЕКТИР АТА МАЗАРЫНЫН БАЯНЫ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Илгертен ата-бабаларыбыз «ыйык, касиеттүү» деп мазар тутуп, зыярат кылып келишкен жерлер арбын. Мына ушундай жерлердин бири –
Боз Тектир ата мазары. Ал Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Наматбек айылынан 15 чакырым алыстыкта Күмүштак тоосунун ичинде жайгашкан. Аталган мазардын келип чыгышы тууралуу эл арасында бир нече уламыштар да айтылып келет.

ҮЧ БИР ТУУГАНДЫН ЖАНА БОЗ ТЕКТИР БААТЫРДЫН ОКУЯСЫ
Алгач Боз Тектир ата мазарынын жайгашкан орду тууралуу кыскача маалымат берели. Аталган мазарда салмагы болжол менен
10 тонна, бийиктиги 3 метрден ашык чоң таш бар. Бул өзгөчө таш тууралуу эл арасында уламыштардын бир нече варианттары бар экенин бизди ээрчитип барган ОРОЗБЕК аксакал айтып берди
:
-Илгери, мындан бир нече кылым мурда бул жерде ислам динин тутунгандар менен башка диндин өкүлдөрү кармашып, ал катуу салгылашта миңдеген адам набыт болуптур. Боз Тектир ата ошол согуштун башчысы болгондуктан, өлгөн жоокерлерди, элди улам таш менен жашырганга буйрук берип, үстүнө белги коюп кете берген дешет. Анткени топуракка жашырганга убактысы жок болгондуктан, таш менен корумдап кете беришиптир. Качан гана душмандар өзүн кубалап жетип, өлтүрөрдө бир чоң ташка жашынып калат. Ошондо кандайдыр бир сыйкырдуу күч пайда болуп, ал таш Боз Тектирди өзүнө сиңирип алган делет.
Анан дагы ал кишинин колдоочусу бүркүт болгон дешет. Ошондуктан ташты аркасынан караганда бир нерсени калкалап турган бүркүттүн элесин чагылдырып турат. Бул ташты эч ким жасаган эмес, табиятынан ушундай. Ал эми мындагы үймөк-үймөк таштар ошондогу шейит болгон адамдардын бейити катары эсептелип, бул жерди ыйык деп жүрөбүз.

Ошол арада майда дөңсөөлөр, башкача айтканда, эски мүрзөлөр аябай көп экен. Албетте, аксакалдын айтканы бир гана варианты. Ал эми мазардын тарыхы катары айыл аксакалы КУШЧУБЕК ата төмөнкүлөрдү баяндап берди:
-Мазардын Боз Тектир деп аталып калышынын кыскача тарыхы бар. Бирок бул окуя канчанчы кылымга таандык экендиги тууралуу так маалымат жок.
Илгери үч бир тууган жашап өткөн экен. Улуусунун сөөгү Түркияга коюлат. Экинчисинин ысымы – Арсланбап, Арсланбап токоюнун аты ушу кишинин урматына коюлуптур. Ал эми мында Бозум дегени коюлган. Үчөө тең олуя кишилер болгон дешет. Бул аймакта катуу кыргын согуш болуп, не бир мыкты адамдар ушул жерден курман болушкан экен. Окуянын болгонун баяндаган арабча жазуу ошол күндөн ушул күнгө чейин мында сакталып калган. Аталган жазууну 1963-жылы Союз убагында эле дин башчылырынын бири Ашымкан Төрө чечмелеп окуп, бул жердин ыйыктыгын, мында касиеттүү адамдар өткөндүгүн белгилеп, зыярат кылууга болорун айткан.

МАЗАРДЫН КАСИЕТИ ТУУРАЛУУ
Мазарга көптөгөн адамдар келип зыярат кылып же тарыхый жер катары кызыгып көрүп кетишет. Боз Тектирге зыяратка баргандар жакшы ниет менен барышы зарыл дешет. Көп учурда ооруп жүргөндөр, туура эмес жолго түшүп, ичкиликтен жабыр тарткандар келишет. Аталган мазардын касиети тууралуу биз менен барган ОРОЗБЕК аксакал да өз башынан кечирген бир окуяны айтып берди.
-Мындан көп жыл мурун, 17-18 жашта болсом керек, бир тууган агам чабан болуп кыштоого көчүп барышты. «Жардам бер» дегенинен мен, апам ыраматылык, анан карындашым үчөөбүз ат минип жөнөп калдык. Күмүштак сайын өрдөп баратып Боз Тектирге кире бергенде эмнегедир башым айланып, көзүм караңгылай түштү. Аттан жыгыла турган болгондо апам сүйөп жерге жаткызганын билем, андан аркысы эсимде жок. Канча жатканымды билбейм, эсиме келип, карындашым да мендей болуп эсин жоготконун тушүндүм. Ошондо апамдан сурасам, ал айтып калды «бул жер ушундай касиеттүү» деп. «Силер биринчи жолу келгениңер үчүн болсо керек» деп келме келтирип, андан ары жолубузду улаганыбыз эсимде.
Мына азыр 70тен ашып, 80ге келип калсам да, ошол күн эсимден кетпейт. Демек, касиеттүү жер. Бул жерге Кыргызстандын булуң-бурчунан келип зыярат кылышат. Ал эле эмес, Казакстандан да келип жүрүшөт.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(8)
29.04.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мазарларга сыйынып алардан ден соолук,омур,байлык,ыйман суроо ширкге жатат,Аллах ширкти эч убакта кечирбейт,биз мусулмандар бир Аллахга сыйынышыбыз керек.андай адамдарга куран окуубуз керек,
01.05.2013. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
beka88, Эн туура айтасын. АЛЛАХ ТАЛЛАМ айтат экен"Тоодой болгон куноолорунорду кечирип койушум мумкун. Бирок ширикти эч убакта кечирбейм "-,деп. Таш эмне жон эле таш,эч кандай касиети жок. Тоголотуп сууга салып жиберсен же тубуно бомба койуп жардырып жиберсен озун коргой албайт. Анан сыйынып отурган,сиздерге кантип жардам берсин???
29.04.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Касиети канчалыккенин билбейм,бирок озгочо таш экен,кол менен чегип жасагандай.
30.04.2013. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мазарларга сыйынганда тилегин кабыл болуп калышы мумкун анча мынча, бирок мазар себепчи кана болуп берет тилегине баардык нерсе Алладан
30.04.2013. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
01.05.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ким билет...Ар ким ар кандай айтат.Бирок,бир кана Кудайга кайрылышыбыз керек деп ойлойм.
02.05.2013. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, Ойлойм дегенин кандай??? Каяктан келдин,каяка бараарынды унутпа. АЛЛАХ ТАЛЛАМДАН башкага сыйынганга болбойт.
04.05.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташты коргум келип кетти . .Бирок биз жакта да ч00Н бийиктиги 4 Метрден ашык таш бар аны ЖАРЫЛ ТАШ деп коюшат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо