Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭКСКАВАТОР ЖАСАГАН ОКУУЧУ АСЫЛБЕК

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин «тоонун башында отуруп да дүйнө тааныса болот» деп айтканы бар. Анын сыңарындай, Өзгөндүн Тоо-Дыйкан айылынын 11-классынын окуучусу Аязбек уулу Асылбек тоо башында отуруп пульт менен иштөөчү кичинекей экскаватор жасаптыр.

– Асылбек, бул экскаваторду жасоо идеясы сага кандайча келип калды?
– Мен кичинекей кезимден эле техникага жакын өстүм. Быйыл «Жаш интеллектуалдар» аттуу Республикалык сынак болуп жатканын угуп, пульт менен иштөөчү тик учак жасоону баштагам. Бирок ага көп убакыт керек экен. Эртең сынак деген күнү ушул экскаваторду жасап алып келүүгө жетиштим.

– Экскаватор кандай жолдор менен жасалды? Материалдарын кайдан таптың?
– Мен экскаваторду көрүп жүргөнүм менен, анын функциясын толук билбейт элем. «Бул жерин мындай кыл, тигиндей кыл» деген адам болбоду. Бирине бирин улаштырып ушундай экскаватор жасап алдым. Буга DVD менен чөнтөк телефондун жабдыктары, зымдары керектелип, сыртын үйдүн чатырына жапкан каражаттар, сыр боёктордун идиштери менен каптагам.

– Буга дагы эмнелер жетишпейт, толуктайын деген нерселери болсо керек?
– Албетте, бар. Бул кичинекей болгондуктан, 200 граммга чейин гана салмакты көтөрө алат. Ишке жаратуу үчүн муну дагы чоңойтуу керек. Анан да учурда дөңгөлөктөрү алдыга жана артка гана жүрө алат. Эки жакка бурула турган кылып да толукташым керек. Мен муну күйүүчү майсыз иштей турган кылып ойлоп жатам. Азыр пульт менен иштейт, ага чөнтөк телефондун батарейкасын салгам. Муну электр энергиясы менен иштетсе да болот. Учурда магнит талаасынын күчү менен иштөөчү мотор ойлоп жатам. Ал толук ишке ашып калса, бул экскаватор майсыз, электр энергиясыз иштеп калат.

– Ал күйүүчү май менен электр энергиясынын ордун басчу кандай мотор болду экен?
– Бул эч ким ойлой элек мотор десем жаңылышпайм. Ишке ашырууга чоң аракет кылып жатам, эгер бүтүрүп алсам, Кыргызстанга жардамы чоң болот. Магнит талаасынын тартылуу, түртүлүү күчү менен иштейт. Буга электр энергиясынын, күйүүчү-майлоочу майдын, күндүн энергиясынын кереги жок. Караңгы жерде болобу, жарыктабы, тоонун башындабы, тартылуу, түртүлүү күчү менен иштей берет. Бул да толук бүтпөй калды. Ушуну ишке ашырып алсам, чоң жумуштарга пайдасы тиет деген үмүттөмүн. Учурдагы кызматы – вентилятор иштетет, анан кыз менен жигиттин бийлеп жаткандагы элесин жасап койгон сувенирлер бар го, токко сайып койсоң айланып турган, ошолорду электр энергиясыз айланта алат. Мунун системин дагы жакшылап иштеп чыгып, машинанын моторун жасаса болот. Алар азыр планымда бар, буюрса, ишке ашырам.

– Планыңда дагы кандай ачылыштар бар?
– Эң пайдалуусун айтып өтөйүн. Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, мал менен жайында тоолорго чыгып кетебиз. Адамдар отурукташып, бирок аларга суу барбаган бийиктиктер болот. Ошондой жерлерге чуңкурдан суу тартып чыгуучу насостун системин ойлоп жатам. Ал да эч кандай каражаттын күчү керектелбей иштейт. Суу бараны, ал эми бара насосту айлантат, насос бийиктикке сууну тартат. Буга суунун күчү керек болот.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
29.04.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы жана жакшы, ишине ийгилик, тоонун башына отyрyп дуйнo таануy эмес негизи ааламга жол айылдан башталат да
29.04.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Жаштын тилегин берет.
29.04.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилеген тилегинизге ,ойлогон ой мактасынызга жетип,чон чон ийгиликтерди багынтыныз.
29.04.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлогон ойлорун окуп, бир жагы тан калдым, бир жагы кубандым. Ойлорун ишке ашсын мекендеш!
29.04.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таалам ниеттериндин ишке ашышына жол ачып берген болсун,АЛГА!!!
29.04.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ehh kandai gana talanttuu geniyleribiz bar, sponsor tabylsa jakwy bolmok eken bul jigitke,dagy da iygilikterdi kaalaibyz.
PS:oilop tapkan nerselerindi mumkun bolso patenttep al, anan tigi kytailar ukpasyn. . .
29.04.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!! Ийгилик каалайм. Келечекте элдин сыймыгы болгон инсан болчудайсын. Алга карай осо бер!!!
29.04.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Ойлогон оюн ишке ашсын.акчага азгырылып мунубузду дагы чет мамлекет чакырып албаса эле болду
29.04.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлогон ишин ашыш учун бир ишкана ачып патент алып ал эгер чон жаралыш кылсан маторбу барабы башка бироолор ээлеп албасын. Жананы салык кызматтары налогун албасын. Ишине чон-чон ийгилик Кыргыз учун кыргызстан учун чон жаралыштарды аткара бер.
29.04.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик иним ийгилик
29.04.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте эч кандай каражатсыз ишеген маторду ойлоп тапсан укмуш ачылыш болот го. ийгилик каалайм чон чон
29.04.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм Асылбек менен кандай байланышсам болот экен ким жардам бере алат номерин, мен да ойлоп тапканга кызыгам ойлоп тапкан нерселерим да бар келечекте чогу иштешсек болчудай Асылбекти билгендер болсо кабарлап койгула 89122407001 nuku1992@mail.ru
04.05.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!Сага ден-соолук каалайм.Сенден кыргыз жаштары кобойо берсин..!
05.05.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын иним! Кыргыз эли сендей уулу менен сыймыктанат.
14.05.2013. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgez,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
24.05.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорун оркундой берсин.
13.06.2013. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо тан калыштуу ,молодес турбайсынбы.Ойлогон ойлоруна жет иним ,кудайым озу колдосун.
17.06.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Онорун осо берсин!
28.06.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Асылбек Кыргызстанда сендей башкатыйлар кобойо берсин.
28.10.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо