Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОКУУЧУЛАРДЫН ОБЛУСТУК СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

19-20-апрель күндөрү Баткен шаарында окуучулардын облустук спартакиадасы башталды. Бул тууралуу спартакиаданын башкы калысы, Баткен райондук спорт мектебинин директору Улукбек Рахимов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Спартакиада спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт. Алгачкы оюндар Баткен шаарында спорттун бокс, улуттук күрөш, шахмат, тогуз коргол түрлөрү боюнча өттү. Жыйынтыгында бокс боюнча 1-орунду Баткен шаарынын спортчулары, 2-орунду Лейлек районунан келген коноктор, 3-орунду Кадамжай районунун мушкерлери ээлешти.
Улуттук күрөш боюнча Баткен району алдыга чыгып 1-орунду багындырса, 2-орунга Лейлек району, 3-орунга Сүлүктү шаары татыды. Акыл жарышы болгон шахмат боюнча Лейлек району 1-орунга, Баткен району 2-орунга, Кадамжай районунун шахматчылары 3-орунга илиништи.
Спартакиаданын кийинки бө­лүк­төрү 23-24-апрель күндөрү Кызыл-Кыя шаарында спорттун баскетбол, футбол түрү боюнча уланат. Ушул эле күнү Лейлек районунун Исфана шаарында волейбол, грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өтмөкчү.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо