КӨК-ОЙ АЙЫЛЫНЫН ТУРГУНДАРЫ АЧКАЧЫЛЫК ЖАРЫЯЛАШТЫ

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

22-апрелде Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында Көк-Ой айылынын тургундары мөөнөтсүз ачкачылык жарыялоо акциясын башташты. Бул тууралуу аталган айылдык кеңештин депутаты Автандил Жапаров билдирди. Ачкачылык кармагандар кызматтан убактылуу бошогон Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Ынтымак Өмүровду кайрадан кызмат ордуна дайындоону талап кылышууда. «Ачкачылык кармаган айыл тургундары улам көбөйүүдө, биз акыйкаттыкты талап кылабыз»,- дешет катышуучулар. 
Эскерте кетсек, 2013-жылдын 7-мартында аталган айылдын Т.Карыбеков, К.Токтоналиев, С.Токтоналиев аттуу тургундары агасы Ш.Токто­налиевдин жаш курагы жетип, айыл өкмөтүнүн катчылык кызматынан бошотулганы үчүн чыр чыгарышкан. Ошол кездеги айыл өкмөтү Өмүровдун иш бөлмөсүнө кирип, ага кол көтөрүп, жыйынтыгы мушташка айланган. Андан соң аталган жарандар айыл өкмөт башчысынын үстүнөн арыз жазышып, Жумгал райондук сотуна кайрылышкан. Жыйынтыгында райондук сот Өмүровду кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу чечим чыгарган. Бул чечим менен макул болбогон айыл тургундары буга чейин Өмүровду кызматтан убактылуу четтетүү маселеси менен Жумгал райондук сотуна кайрылышкан. Сот 3 күнгө убакыт беришин айтып, ачкачылык жарыялоо акциясын токтото турууну суранганына карабай акция уланууда.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
29.04.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай,ооой,жаш курагы жетсе пенсияга чыгатта эми,же ал ишти омурунун аягына чейин иштейт деп,мыйзам чыкканбеле.Кичинекей креслону талашып кызыл чеке болуп мушташкандын кереги барбеле......ачкачылык жарыялагандар болсо оздорунун ден соолугун жабыркатышат,алардын ачкачылыгынан эчкимдин кылы кыйшайбайт
29.04.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик туболук эмес го айланайындар,адамдык сапатыбыздан тайбайлычы!!!
30.04.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
:) элге жарыялап , бекинип алып тамак жеген элдерге кызык окшойт да кобойуп кетти негедир.
30.04.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин уйумдо свет очту, ыссык суу чыкпай атат, башым ооруп атат, акча керек болуп атат деп эле ачарчылык жарыялай бергендин кимге кереги бар? Кой ушу элдер айтып атат деп аны кайра бийликке алып келсе мунусунун адамдары чыгат,эч эле токтобойт окшойт бул. Кыргыздар болду кылалы эми, ар кимибиз оз ишибизди кылалы.
02.05.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пенсиянерлер уялбайбы кызмат талашкандан, пенсионерлер качан оз каалосу менен креслосун бошотот деп карап отуруп жаштар жумушсуз калып чет жерлерде жумуш издеп темселеп журушот, уятсыздар бийлигин коруно ала кетчудой болгон...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо