№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Нарын шаарында «Мыкты аймак-2013» кароо-сынагы өткөрүлөт. Анын негизги максаты – аймактардын, шаардын маданий, тиричилик, санитардык жана маданий-эстетикалык турмушун жогорулатуу, спортту көтөрүү, өндүрүштөрдү ачуу, аймактарды көрктөндүрүү, коомдук тартипти чыңдоо. Мындан тышкары аймактагы элдин маданиятын, ынтымагын көтөрүү боюнча «Ыр кеселерди» өткөрүү да жобого камтылган.
Нарын шаары 5 аймакка бөлүнөт, аймактарга мэриянын аппаратынан, мекеме-ишканалардын жетекчилеринен жооптуу кызматкерлер дайындалды. Кароо-сынактын жалпы байге фонду 500 миң сомду түзүп, 2013-жылдын сентябрь айынын ичинде жеңүүчүлөр аныкталат. Иш-чараны өткөрүүнү координациялоо жана жыйынтыгын чыгарууну шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин комиссиясы ишке ашырат.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |