Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЯЛЫМ БААРЫБЫЗДЫ БАГЫП ЖАТКАНЫН КАРАП ТУРА АЛБАДЫМ»

№547 26-апрель-2-май, 2013-ж

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Бактыбек Кудабаев Түп районуна кеңири таанымал. Ал «баса албайм» деп отурбастан, айылдаштарынын бузулуп калган кир жуугуч, кийим тигүүчү машиналарын заматта оңдоп, ээсине тапшырат.

«КЫРСЫК КӨЗ АЧЫП-ЖУМГАНЧА БОЛДУ»
– Мектепти бүткөн соң кесибим боюнча айылда эки жылга жакын трактор айдадым. Кийинчерээк башкалар сыяктуу үй-жайлуу болуп, бала-бакыраны жетиштүү турмушта багуу үчүн Түп айылындагы курулуш отрядына жумушка орноштум. Түп районундагы Күрмөнтү айылына цемент заводу курулуп, ошол жакта иштеп жаткам. Куюп жаткан цементтин кырында отургам, жерге түшөйүн деп өйдө тура калсам, башым айланып кетип 2 метр бийиктиктен жерге кулап түшүп, эс-учумду жоготуп койгон экенмин. Жанымда иштеп жаткандар «Тез жардам» чакырышып, Түп райондук ооруканага алып барышты. Ал жерден бир күндөн кийин Каракол шаарындагы ооруканага жөнөтүштү. Андан соң Бишкектеги ооруканага барып, үч ай жаттым. Бутума операция жасалды, бирок тизем бүгүлбөй, баса албай калдым.
Ооруканадан үйгө чыгып келип, эки жылдан ашык кыймылдабай төшөктө жаттым. Убакыт өткөн сайын буттарым такыр эч нерсе сезбей, тырышып калды. Кыймылдабай жата берсем бутум катып калат экен деп коркуп, ооруганына карабай кыймылдап баштадым. Тааныштарымдан ден соолукка пайдалуу кеңештер жазылган китеп, журналдарды алып окуп жүрдүм. Жаткан керебетиме ылайыктап велосипед жасап колум менен тегеретип, бутумду кыймылдатам, гиря көтөрөм, турникке тартынам. Мына ушул сыяктуу түркүн көнүгүүлөрдү жасап, үзүлбөгөн үмүт менен спорттон жардам сурайм. 4-5 жыл бою жасаган аракетим натыйжа бербеди. Кайра буттарымдын сөөктөрү ичкерип, эти катып баштаганын байкап, көнүгүү жасоону токтоттум.

«АЯЛЫМДЫ КАРАП ТУРУП ТҮТПӨДҮМ»
– Арадан жылдар өтүп жатты, түйшүктүн баары жубайыма түшүп, төрт баланы багуу анын мойнуна жүктөлдү. Эркектер менен тең тайлаша жер иштетип, мал багат. Анын баарын көрүп туруп, бир орунга отура албадым. Караколго келип, бир тааныш адамдан бут кийим тиккенди, кир жууган машина оңдогонду үйрөнүп алдым. Айылга барып жок дегенде балдарымдын бут кийимдерин жамап берип турайын деген ойго келдим. Анан кошуналар да анча-мынча бут кийимдерин, кийинчерээк тигүүчү, кир жуугуч машиналарын да «оңдоп бериңизчи» деп кайрыла башташты. Убакыттын өтүшү менен сыналгы, үналгы, чаң соргучтан баштап бардык тиричиликке керектүү оокаттарды жасай баштадым. Алгач элдин буюмдарын эч акы албай эле жасап берчүмүн, кийин кайрылгандар көбөйө баштаганда аз-аздан акы ала баштадым.
Үйгө атайын устакана ачып, учурда коңшу айылдардан да ар кандай буюмдарды «оңдоп берчи» деп келишет. «Эми арабада отуруп алып кантип үй салам?» деп абдан сарсанаа болуп жүрдүм. Кийин айыл өкмөтү, жергиликтүү тургундар, бир туугандарым жардамдашып, ашар жолу менен үй тургузуп алдык. Үйдүн баары бүтпөсө да, жашоого болот. Биринчи топтогу майып деп айына 3500 сом пенсия алам. Келечекте каражат топтоп, чет мамлекетке коляска менен барып, бутум менен басып келсем деп тилейм.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(31)
29.04.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тилегинизге жетиниз
29.04.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай тилегинизди берсин.
29.04.2013. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат экенсиз
29.04.2013. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таала дартын берген,дабасын да берсин.Азаматсыз,балдарыныздын,жубайыныздын бешенесине бар болунуз.
29.04.2013. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз.кудайым шыпасын берсин.тилеген тилегинизге жеттиниз.
29.04.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алты-саны аман туруп "жок" дегендердин оозун ушундай асыл адамдар жабат. Бала-бакыра, урук-туугандарыңыз менен бар болуңуз!
29.04.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым ден соолук берсин аман эле болунуз бактылуу болуп узак омур сурунуз, жана ойлогон ойунузга жетиниз
29.04.2013. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец байке ден солугунуз жакшы болуп кетсин
30.04.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байке ойлогон оюнузга жетиниз. Кудайым омурунузду узаак кылсын!
30.04.2013. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат байке,Кудайым шыпаа берсин,бар болунуз.
30.04.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз, ага...Кудай деген куру калбайт буюрса сиз дагы оз бутунуз менен басчу кун келет.Маданият, ыр-куу дей бербей ушундай адамдарга жардам берчилер чыкса гана.Рахмат, супер инфо ушул макаланарга айрымдар муну окуп эсине келишээр...
30.04.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайм тилегинди аллах ишке ашырсын.
30.04.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kandai akylduu adamsyz.men sizge baa berdim. oiunuz ishke ashyp ketsin. kudaiym bergenin aiabasyn
30.04.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз ишинизге ийгилик балдарыныздын бактысына бар болун.
30.04.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭх арман дуйно.бироого зар.бироого кор.алты саны аман бомждарды коруп кыжырым келет.жумуш жок.окмот карабайт деп жооп беришет.
30.04.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudai taalam nietinizge jetkirsin! egerde mumkun4uluguz bolso Germaniya kelip daarylansanyz jakwy bolmok, biz bul jaktagy jawtar owondoi bizdin jaraandarga keede jardam berip da kalabyz
30.04.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы тилек жарым ырыс.Кудай тилегинизди берсин.Бар болунуз ,оорубаныз.
30.04.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кана эле кыргыздын бардык эркектери ушундай аракетчил болсо,12мучосу соо болуп эркектерибиз аялын тапканын жеп олтургандар канча рахмат сизге байке кудай сизге шыпаа берсин.
30.04.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эркектер жнесин раазы кылып бейишке кирет,аялдар куйоосун раазы кылып бейишке кирет деп укканмын.Жубайынызга рахмат! Аллах Таалам тилегинизди берет деп ишенеем.
30.04.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен супердин сайтынан коп угамда эркектер бакпайбы деген созду кайсыл эркектерди айтышат же озунун атасынбы билбейм
ушундай создон улам мен бир кыздан олуп баратсамда жардам сурабай турган болдум себеби эртеси айтып чыгат кыргыздын эркектери деген соз жаман экен
кудай урсун жардам сурасам
30.04.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эман болгула кыргызымдын эркектери оорубагыла
Азыр заман башка алдамчы заман бироону алдай алсан жашап кете аласын
эгерде эч кимди алдай албасан же ооруп калсан кор болосунар биринчилерден аялынар чыгат жатат уйдо деп мен тушуном силердин акыбалынарды
баты которуп кор болбой жашап отолу бул дуйнодон

сен кыйналып жатканда сага жардамга келе турган кыздар насип кылсын баарыбызга
30.04.2013. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyz KUDAIym shypaa bersin
01.05.2013. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз байке, бар болунуз! Кудайым тилегинизди берсин! Эрди эр кылган да, кара жер кылган да аял болот. Эринин тапканына канаат кылбай, багалбай атат деген анткорлор канча! Кудайым баарыбызга сабыр ж.а каниет берсин, амийн!
02.05.2013. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудай тилегинизди орундатсын - умутунуз зор, кучтуу адам екенсиз , баары сооадамдар кичине оор туйшук тушсо арак ичип катын баласын кетирип отурат го.
03.05.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayalynyz akylduu eken. Azyrky ayaldar kuioosu oorup kalsa tashtap ketishetgo.. birok andaidan Kudai saktasyn! Batyraak aiygyp ketishinizge tilekteshmin!!!
03.05.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай тилегинизди берсин! Азаматсыз,аялыныз да абдан акылдуу аял экен.Сабырдын тубу сары алтын кудайым суйгон пендесинен жакшылыгын аябайт.Буюрса сизде да баары жакшы болот

03.05.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баатырак айыгып келинчегиниз балдарыныздын мандайында амн болунуз!
04.05.2013. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз кудайым озу колдосун
04.05.2013. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым ниетинизге жеткирсин!
09.05.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз! Буту соо адамдар сизден сабак алыш керек. Тилегинизге жетишинизге ишенем!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо