Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛАР ТАЙ УТАБЫЗ ДЕЙБИ?

№548 3-май-9-май, 2013-ж

1-май күнү Бишкектеги кичи футбол майдандарынын биринде «Ырчылар» курама командасы Суперфутболго карата кезектеги машыгуусун өткөрдү. «Команданын көпчүлүгү мурунку күнү «Реал» – «Боруссия» беттешин көрүп, бүгүн уктап калышыптыр. Машыгууну ушундай аз сандагы киши менен өткөрүп жатабыз»,- дейт команданын капитаны Бактияр Токторов. Бул машыгууда ырчылар Асел Кадырбекова, Айпери Сыдыкова, «Биз» тобунун толук курамы жана башка ырчылар болушту. Машыгуу маалында Асел менен Айпери сезимдери менен бөлүшүп кетишти.

АЙПЕРИ СЫДЫКОВА, чабуулчу:
– Мен үйдө интернет менен отуруп жеңил жумуштарга көнүп калыптырмын. Бүгүн Бактияр байке менен күйүккөнчө чуркап, машыгуунун жаагын айрыдык окшойт. Мен үчүн спорт чоочун эмес. Мурун баскетбол ойноп жүрчүмүн. Эми өзүмдү футболдо сынап көрмөкчүмүн.

АСЕЛ КАДЫРБЕКОВА, чабуулчу:
– Машыгуу жагып жатат. Негизи, мен спорттон өтө алыс болчумун. Мектепте окуп жүргөндө деле «ооруп калды» деген аныктама жаздырып, дене тарбия сабагына катышчу эмесмин. Бийлеп, ойноп жатып катуураак кыймылдан эле буту-колумду ооруксунтуп алган күндөр болгон. Топтон да корком. Азыр ошол фобияны жеңип, Суперфутболго катышууну чечтим. Тааныштарыма айтсам, «сен эле футбол ойноп кал» деп жатышат. Ишендире кетейин, былтыр Айперинин ойногонун көрүп, менде кызыгуу пайда болгон. Буюрса, быйыл өзүм ойнойм.

МАРАЛ КОЙЧУКАРАЕВА, «Актёрлор» командасынын оюнчусу:
– Моюнга алып коюшум керек, футбол көргөндү жаман көрөм. «ЮАР-2010до» футбол түшкө кирди го. Вувузелалардын үнү телевизордон угулуп, таанышыңа чалсаң «футбол көрүп жатам» деп... Айтор, катуу көңүл калган. Бирок футбол ойногон жагат. Командага чакырышты эле, ойноону чечтим. Бизде бир гана максат бар, өз күчүбүздү майданда сынап көрүү.

 

 

ФАРИДА КАРБОСОВА, «Ырчылар» командасынын оюнчусу:
– Футболду жакшы ойнойм деп айта албайм. Бирок чуркап, алдоо ыкмаларын билем. Мен, негизи, волейбол боюнча окуучу кезде мектептин командасынын башында турчумун. Волейбол боюнча мелдеш уюштурсаңыздар, анда өзүм биринчи болуп колдоп, команданын капитаны болгонго да даярмын. Суперфутболду уюштуруучуларга, анда ойноочу командаларга ийгилик каалайм. Мен азыр концерт менен алаксып, машыгууларга барбай калып жатам. Капитаныбыз Бактияр байке ойнотпой койбосо болду...

 

 

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(11)
06.05.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактыяр байке Алга!
07.05.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футбол бул жылы аябай кызык отот окшойт.
07.05.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кыргызстанда болгонумда мен да барып катышпасам да коруп эс алып келмекмин бирок ишенем супер футбол болооруна ийгилик анда
12.05.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazika5, иий десен кыргызтанды сагындыыыыым....... менда баргым келип аткан.
07.05.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга демекмин, бири келип бири келбей жатса кантип утушат тайды, даярдыгы начар болсо!
07.05.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sozsuz kelip,korup,konul achyp ketinizder :)
07.05.2013. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тайды алгыла ийгилик мен ырчыларды колдойм
07.05.2013. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ырчыларды колдойм,Кыргызстанда болгонумда бармакмын
08.05.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xixixi Asel Kadurbekova aybai nazik kuz ele. Kantip oinoit boldu eken? ))) Aseldin oinogonun korgonu uchun baramgo XD. Baxtiay aka jagat maga azamatsuz!!! Yrchular kamandasunda dagu kim bar? YRCHULAR AAALLLGAAAAA!!!!!
09.05.2013. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асельдин кандай ыры бар,такыр укпаптырмын?
09.05.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ledy.1993,
Бул жактан угуп, клиптерин көрсөңүз болот
http://www.super.kg/media/?search_term=&search_author=533&media_search=1&x=2&y=2
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо