№548 3-май-9-май, 2013-ж

«Сейил бакта эс алып жүргөн кыздын жигитин сабап, өзүн зордуктап кеткен» деп шектелген жигиттер колго түшүрүлдү. Бул топ алдынан жолуккандарды тонойбуз деп алдын ала даярданышкан «мергенчилер» болуп чыкты.
АТАЙЫН ЖОРТУУЛГА...
21-апрелде саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине зордуктоо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. 20-25 жаштагы белгисиз 5 адам Бишкек шаарындагы «Ататүрк» сейил багында 19 жаштагы кызды күч колдонуп зордукташып, уюлдук телефонун алып, из суутуп кетишкен.
Көп өтпөй Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 5 адам кармалган. Алардын төртөө Талас облусунун Чолпонбай айылынын тургундары 17 жаштагы Нурлан, Нурсултан, 19 жаштагы Медер, Жамалбек, ошондой эле Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылынын 19 жаштагы Нуртамды аттуу тургуну болуп чыкты. Кылмышка шектүүлөрдүн айтымында, алар ошол күнү күндүз Бишкектин «Ала-Тоо» аянтынан жолугушуп, «ыңгайлуу жерлерден жолуккандарды тонойбуз» деп сүйлөшүшкөн. Кеч киргенде Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан «Ататүрк» сейил багын көздөй жортуулга чыгышат.
«МЕН ЗОРДУКТАГАН ЖОКМУН, УРДУМ»
Кылмышка шектүүлөрдүн бири НУРТАМДЫНын сейил бактагы окуя тууралуу көрсөтмөсүнөн:
– Сейил бакта жүрүп, отургучта кыз менен бала отурганын көрдүк. Алардын жанынан өтүп кетип, кийин кайра келатсак дагы эле отурушуптур. Анан Медер «Нурлан экөөбүз баланы өйдө жакка алып кетебиз, силер кызды тоноп, буюмдарын алгыла» деди. Кыз жалгыз калганда Нурсултан барып телефонун алганда кыз «Коё бергиле!» деп кыйкырды. Жамалбек кызды артынан барып муунтту. Мен «оозун баскыла» дедим. Ошол учурда жигиттин жанындагы Нурлан чуркап келди да, мени ордуна жөнөтүп жиберди. Барсам Медер экөө турушуптур. Мени ал баланын жанына таштап коюп Медер да кызды көздөй кетти. 15 мүнөттөн кийин эле Нурсултан чуркап келип, «фонарикчен эки киши жүрөт, жигитин уруп качып кетели» деди. Баланы бир жолу урдум, анан качып кеттик. Мен кызды зордуктаган жокмун, Нурлан, Медер, Жамалбек зордукташкан.
Шектүүлөрдүн төртөө арасынан Медер аттуу баланы уюштуруучу катары көрсөтүп жатышса да ал: «Мен ал жерде болгон эмесмин. Жумуштан түз эле үйгө келгем. Бул балдар милиция кызматкерлери урган үчүн коркуп эле мени кошуп күнөөлөп жатышат. Соттук-медициналык экспертизадан өтүп келдик. Ошонун жыйынтыгы деле менин күнөөлүү эмес экенимди далилдейт»,- деп мойнуна албай жаткан чагы.
«ШЕКТҮҮЛӨР КҮРӨШ МЕНЕН МАШЫГЫП ЖҮРҮШКӨН»
Бул кылмыш тууралуу Октябрь РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн оперкызматкери АЗАТ ЖАКЫПОВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 21-апрелде «Ататүрк» сейил багында 19 жаштагы К.М. аттуу кыз зордукталып, белгисиз адамдар тарабынан тонолгон. Мындан сырткары кылмышкерлер жабырлануучунун жанындагы акчасын жана уюлдук телефонун тартып алышкан.
Балдар эркин күрөш менен машыгып жүрүшкөн. Алардын үстүнөн Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 129 (зордуктоо) жана 167-беренелер (тоноо) менен кылмыш иши козголду. Учурда кармалгандар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 | 2 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |