Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжигит Калыков:«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗДАРЫМДАН ТАЖАГАНДАН КОЛ ҮЗГӨМ»

№548 3-май-9-май, 2013-ж

«Чоң сахнаны багынтып, кыргыз жылдыздарына аралашуу, алар менен баарлашуу менин бала чагымдан берки кыялым эле»,- дейт Гүлжигит Калыков. Анын минтип ыр чөйрөсүндө ийгилик артынан ийгилик жаратып жатканы ошол тилегинин ишке ашканы деп түшүнсөк болот.

«МЕНИН ДҮЙНӨМ»
Ырчылык эмнеси менен жагат?
Ыр жаңырып турганы – тынччылыктын белгиси. Ошон үчүн.
Сыймыктанам... Кыргыз экениме.
Жек көрөм... Уйкуну.
Тажабай көрөм... Концерттерди.
Алектенем... Сууда сүзүү, футбол менен.
Досторум мен жөнүндө... «Гүлжигит – душа компании»деп айтышат.
Эмне үчүн үйлөнбөй жүрөм?.. Атам 27ге чыкканда үйлөнгөн. Андыктан менде дагы убакыт бар.
Сүйүктүүмдү кызганам... Убагы келгенде. Жакын адамыңды кызганбасаң болбойт да.
Мен 10 жылдан кийин... Балдарымдын атасы.

– Гүлжигит, кандайсың? «Евразия жылдызы» болгондон кийин көп чыкпай калдың да?
– Жакшы, рахмат. Бир туугандарымдын баары чет өлкөдө иштеп жатышкандыктан, үйдүн түйшүктөрү мага түшүп, учурда ата-энеме каралашкан жалгыз мен болуп жатам. Ошого карабастан, чыгармачылыгымды да аксатпоого бардык аракетимди жумшап, ырларды жаздырып, клип тартууга жетишүүдөмүн. Жакында эле «Сен дегенде» аттуу ырыма клип тарттырып, репертуарымды жаңыладым.

– Ырчылыкка жаңы аралашканда ушундай бийиктиктерди багынтам деп ойлодуң беле?
– Ырчы өзүнө «мен популярдуу болоюн, бийиктиктерди багынтайын» деп максат койбош керек. Анткени «эл – тараза, эл – сынчы» дегендей, канчалык аракет кылсаң да, чыгармаларыңды эл баалабаса, анда ырчы болбой эле койгон оң.

– Өзүңдү актёр катары да сынап көрдүң. Жактыбы?
– Сунуш түшүп калганынан улам «Сулуулар жана миллион» тасмасында роль жаратып калгам. Киного тартылайын деген оюм жок болчу. Ал эми образымды жеткиликтүү чагылдырып бере алдымбы, жокпу, ага көрөрмандар өздөрү күбө. Чынын айтсам, бул боюнча оң дагы, терс дагы пикирлерди айтышты. Ар бир иште сын угуп турган жакшы, анткени өсүү болот. Бирок буга кейибейм. Себеби менин башкы планым – актёрлук эмес, ырдап элге кызмат өтөө.

– Күйөрман топтоп, чоң жетишкендиктерге ээ болдуң. «Жылдыз оорусу» жабыша элекпи?
– Бул «оору» шоу чөйрөсүндө жүргөндөргө билинбей келет. Ооба, калп айтпайын, мен дагы бул «дартка» кабылганмын. Мындайда дос-туугандарым «Гүлжигит, жылдыз болуп бараткан жоксуңбу?» деп кулак кагыш кылып коюшат. Булардан мурун менин чыгармачылыгымдагы жүрүш-турушумду көзөмөлдөп турган адам – продюсерим Канат Култаев.

– Өзүңө кандай ырчымын деп баа бересиң?
– Менби (күлүп)? Жаман эле ырчымын дебейминби, тамаша. Эми кандай десем, укмуш оригиналдуумун дегенден алысмын, албетте. Эл катары эле ырдап жүрөм. Бирок ар бир чыгармачыл адамдын өзүнө гана тиешелүү бир өзгөчөлүгү болуш керек. Ошондо гана өзүңө күйөрман, аброй топтой аласың.

– А сенин ырларыңда ошондой «изюминка» бар деп ойлойсуңбу?
– Аз да болсо күйөрман чогулта алдым. Андыктан «ооба» деген жооп айтмакмын.

– Сендей келбеттүү, жылдыздуу мырзага ашык кыздардын саны аз эместир. Күйөрманыңдын эсте калган жоруктарынан эстеп кетсең...
– Күйөрманым жетиштүү эле. Былтыр бир күйөрман кыздын жоругуна таң калгам. Алгачкы жеке концертимден жыйналып чыкканбыз. Машинага түшүп алып үйдү көздөй кетип баратсак, бир машина артыбыздан калбай келатат десеңиз. Эмнеге мындай кылып жатканын билели деп токтоп сурасак, күйөрман кыздарымдын бири экен. Көрсө, менин жашаган жеримди билип алып, кийин сүйлөшүп турайын деп атайын такси жалдап, биздин чыгышыбызды күтүп туруптур.

– Продюсериң экөөңөрдүн ортоңордо пикир келишпестик жаралбай койбосо керек...
– Албетте, баары нанга май сүйкөгөндөй боло бербейт да. Негизи, чоң уруш болбойт. Майда-чүйдөдөн эле тил табышпай калган учурлар кездешет. Мисалы, кээде кийим тандоодо менин табитимди Канат байке жактырбай коюшу мүмкүн. Көп учурда байкенин айтканы туура чыккандыктан, талашып-тартышпайм.

– А жеке жашоо кантип жатат? Сени сүйлөшкөн кызын дайым окууга алып барып, алып келет деп айтышат...
– Чыгармачылыкка көп көңүл буруп жатканыма байланыштуу жеке жашоомдо азыр жымжырттык. Кыз жандоо – чоң жоопкерчилик. Андыктан мага эртерээк. Сүйлөшкөн кызым жок болсо, кимди окууга алып барып, алып келмек элем? Менин деле эл катары досторум, группалаштарым бар. Ошолор менен сүйлөшүп туруп калганда көргөндөрдүн чыгарган сөзү болсо керек.

– Чынын айтсаң, ушул кезге чейин канча кыз менен сүйлөштүң?
– Мм... 3 кыз менен мамиле кургам.

– Аларды сен таштадыңбы же сени таштап кетишти беле?
– Мен таштадым же алар деп айтпайм. Бири-бирибизден тажаганда өзүбүз эле көз караштан, мамиледен сезип, эки ача жолго түшчүбүз.

– Мирбек Атабеков кара көздөргө ыр арнагандай, сен дагы кимдир бирөөгө ыр тартуулагансыңбы?
– Жок, азырынча ыр арнап жиберчүдөй таза сүйүүгө кезиге элекмин. Эгер ошондой болуп калса, менден акын чыгып калышы да мүмкүн.

– Маегиңе рахмат!

Асел Асанова
star@super.kg


Гүлжигит Калыков: "Кыз жандоо-чоң жоопкерчилик"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(53)
06.05.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур,создору да орундуу.Чыгармачылык ийгилик каалайм
06.05.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хит ыры да азго
06.05.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот!!!!!
06.05.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен дегенде кун батпайтда,тан атпайт)))жакты ушул ыры...
06.05.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай красавчик ырчы да.Тушунугу да кенен.Чыгармачылыгынызга ийгиликтерди каалайм.
06.05.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогонун угуп эле отура бергин келет экен,аябай жагымдуу,оор басырыктуу,жылдыз ооруусу дегенден бир чымчым да жок,жонокой,мына ушундай ырчыларды чыныгы ЖЫЛДЫЗ десек жарашат.Азамат,Гулжигит,ун десе уну,келбет десе келбети бар мыкты жигит.Оркундоп осо бер.
SUPER.KG видео
06.05.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит чыгармачылыгына ийгилик!!!!!!!!!
06.05.2013. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин сынагына татыктуу экенсин чынында жонокой жигит.оркундой бер дайыма кыргыздын мыкты чыгаан жигитеринен болгун.
06.05.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жигит!!!ото жонокой талантту акыл-эстуу.Аман бол!!!
06.05.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 ,5, 5 dagi 5,5,5.
07.05.2013. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай ыймандуу созду оорду менен суйлогон кыргызымдын акылдуу мырзаларынын катарын толуктайт экен. гулжигит азаматсыз сизге иийгилик жузунуздон жылмайуу кетпесин
07.05.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу адам ушиндай маек берет, мен легендамын, мен укмушмун, колум айга жетет, тобом кокко жетет дебей эле...)))Элдер Гулжигиттей болуп эл аралык концерттерден женип келгенде, опколорун колтукташып алышмак)))Мыкты маек болуптур, талантына талант кошулсун, дагы да кооптогон ийгиликтерди багынта бер.
07.05.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушунун чачын корсом эле озумчо жудой берем.
07.05.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз! чындыгында жонокой жигит экен
07.05.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красава
07.05.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы чачын корсом жудой берем а так унуно соз жок сонун ырдайт
08.05.2013. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы сандарда эн Эле орундуу суйлогон ырчылырдан маек алып жатастар рахмат, ушундай ырчылырдан кобурок болсун,мисалга алганда;Алишер Тоотаев и Гулжигит Калыков силер суппердин супперисинер))))))
SUPER.KG видео
08.05.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец.. Соз байлыгы жакшы экен, жакшы суйлойт экен.. А журналист карап эле отуруптурго, суроо деле бербей..
08.05.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакбайт!
08.05.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!
08.05.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачы эркектикиндей болсо жудонку корунбок эмес Чачы аябай жудоо корсотуп койот экен калганы бааары жакшы)))
09.05.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар такси менен кууса талантын бар екен ийгилик....
09.05.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ийгилик сага
10.05.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Гулжигит! Ийгилик сага!
11.05.2013. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KYRGYZSTANDY aalamga tanytkan adamdardan boluwunuzdu kaalaim..Baktyluu bolunuz!
12.05.2013. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зн жакшы ырчы....
13.05.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talantyna taazim kyrgyzda jonokoi akylduu myrzalar kop bolso eken, udachi!!!
22.05.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагы келгенде атасынын копиясы болот окшойт аябай окшош экен.
SUPER.KG видео
02.06.2013. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик,кудай сизге жузду да унду да бериптир.
SUPER.KG видео
17.08.2013. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия деп зуруп кыргызстандагы чыгармачыл адамдарды билбей да калмай болдук.Уну да озу да сооз жагымдуую,суйкумдуу жигит экен. ЙГИЛИК САГА ИНИЧЕК.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо