«ФАРИДА МАЙРАМДАП КЕТКЕНБИ?»

№548 3-май-9-май, 2013-ж

Концерт өткөн жай – Спорт Ордосу
Башталышы – 20:10 (40 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 60 пайызы
Алпаруучулар – Мирлан Жетигенов, Жанара Атабекова

Билет баасы – 300-400 сом 1-Май – Эмгекчилер күнүнө тушталып өткөн Фариданын концертине барбай койбосом болбос. Адат болгон кечигүүдөн эл тажаганбы, жети жарымда эле «ай, ачпайсыңарбы, Фарида эмне, майрамдап кеткенби? Андай болсо биз деле шашпай келмек экенбиз» деп эшикти каккылап жатып киришти. Мага жакканы, сахна гүлгө оролуп, жоогазын талаасында жүргөндөй сезим калтырат экен. Көпкө күттүрбөй чыккан Фарида адегенде эле кайгылуу ырларын созолонтуп, кыйкырып-ышкырып жаткандарды ойго салып койду. Ырчы айымдын чын эле күйөрманы көппү же тууганыбы, же колдоо катуубу, айтор, сахнага чыккан сайын жок дегенде 5тен гүлдесте алып, гүлгө оролуп эле калды. Анысы го ырчы үчүн жакшы дечи. Бирок айрымдар «концерт көрөбүзбү, жокпу?!» деп да нааразыланышты. Фариданы куттуктап Гүлнур Сатылганова, «Жетиген» куудулдар тобу, Азиза, Айнура Салахидинова, Малика Дина, Бактияр Токторов, Гүлжигит Сатыбеков, Азиз Жетигенов, Айгерим Расул кызы келишиптир. Айгерим ырдап жатканда кичинекей кыз гүл берсе, колундагы микрофонду унутуп калдыбы, кыздын бетинен өөп салып жатпайбы! А фонограмма болсо өз нугунда кетип жатты. Анан да Фаридага «жоргодой арышың кенен болсун, концерттен чыкканда минип кет» деп таластык акеси жорго белек кыларын айтты.
Карбосова карындашым жеке концертин бербей буулугуп калганбы же сахнадан кеткиси келбей койдубу, концертин 4 сааттан ашык убакытка созуп жиберди. Ошентип, түнкү 12 жарымда бүткөн концерттен карбаластап үйүмө кайттым.

Толик сынчы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
06.05.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул ырчынын ырларын уккан эмес экем,не болсо да ийгилик каалайм.
06.05.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuzat88,
Бул жактан уксаңыз болот
http://www.super.kg/media/?search_term=&search_author=245&media_search=1&x=5&y=6
06.05.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хит ырлары жокко эсе,Же мен билбеймби?
06.05.2013. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
угуп корсонор жагып калат,ото маанилуу ырларды ырдайт,салмактуу,тухту барахту эмес
06.05.2013. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Кара колго уйлонуу тойго барганда ушул ырчы келип кайгылуу ырларды ырдап кеткен ошондо тойго жараша шандуу маанайды которо турган деле ырлары жок экен деп ойлоп калгамын
07.05.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Keshaa,
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
Эскертүү сизге!
07.05.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айй ушу Токем сындаган жагынан катыратта. Карбаластап уйуно жеткенин жакшы болуптур ,талада калбай. Эжекебиз жакшы эле ырдайт.
07.05.2013. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчынын сындаганына сыналып калган ырчылар кооп экен,.
09.05.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фарида,азаматсын!
12.05.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хи хи хи Айгеримдин кыздын бетинен опкону:-)
13.05.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыры жеке концертин бериптир да... Талыкпаган эмгек, изденүү каалайм...
20.05.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырчы кыз жакпады. ырчыларга окшоп корунбойт
20.05.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 майда кордум тунку саат 12 ден отуп алганда. жаш балдар менен уят эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо