ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ САНТЕХНИККЕ АЙЛАНГАНДА...

№548 3-май-9-май, 2013-ж

Борончу менен Тынардын жаңы долбоорун көрмөккө 28-апрелде Спорт Ордосуна сапар алдым. Бул долбоордун өзөгүн «Ала-Тоо периси-2013» сулуулар сынагы түзмөк. Билет баасы 300-400 сом болуп, залдын жарымы толду.
Концерттин башында Борончу Кудайбергенов чыгып бир топко сүйлөдү. Сулуулар сынагы үч этап менен өтөрүн, катышуучулар Орусиянын ар кайсы шаарларында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү экенин, бул жерге финалга келишкендерин божурады. Сынактын максаты – чет жерде жүргөн кыздарыбыз эне тилибизди унутпай, каада-салтыбызды карманса деген ой экен. Кыскасы, бир нече мүнөттү эле кириш сөз «жеп» койду. Аңгыча Тынар Курбаналиев чыга келип, Борончу экөө кайым айтышып элди бир күлкүгө бөлөдү. Борончу «Тынар бир эмес, эки түштү, Нарынга биринчиси кыйгач түшүп калыптыр» деп өнөктөшүнүн эки никесине тийишсе, Тынар «нарындыктар майда-майда эле болуп бара жатасыңар, бир аз чоңойтуп коёюн дедим» дейт. Аңгыча кыргыз кийимдерин кийген сулуулар алпаруучулардын чакыруусу менен четинен чыгып саламдашып башташты. Селкилер өзүн тааныштырып, анан уюштуруучулар тарабынан түзүлгөн бир суроого жооп бериши керек экен.
Мына кызык. Эки куудулдун күлдүргөнү бир тең, кыздардын саламдашканы бир тең болуп, залдагылардын боору эзилип эле калды. Бир сулуу «күймандарга айтам саламды» деп тантыраса, экинчи кыз «Чыңгыз Айтматов кесиби боюнча ким болгон?» деген суроого «сантехник» деп жооп берип ачылыш жасады. Мындайды күтпөгөн айрымдар санын чаап каткырып жатса, кээ бирлери кабагын чытып, «ушуну кантип айтты, окуганбы өзү бул кыз, сантехник азыркы замандын жумушу да, уят» деп жинденишти. Жоопту уккан алпаруучулар «зоотехник, зоотехник» деп шашып оңдоп калдастап кетишти. Дагы бир сулуубузга «Абийир кечирбейт» драмасы кимге таандык?» деген суроо берилсе, «Түгөлбай Казаков, ой, жок, Саякбай Каралаев» десе болобу?! Залдагы тың чыкмалар билгенин кыйкырып жатып кыздын кулагына да жеткиришти окшойт, тиги «кечирип койгула, мен алмаштырып алдым, Токтоболот Абдымомунов» деп оңдоп кетти. Айтор, мындай «ляптар» өтө көп болду.
Ортодо Борончу агабыз жакшы ырлардан созуп өттү. Андан соң  кыздардын бири ырдаса, экинчиси бийледи, дагы бири Орусияда жүргөн кыргыздардын монологун айтып муңайтты. Үчүнчү тапшырма боюнча кече көйнөгүн кийип чыккан сулуулар бир топ убакыт калыстардын чечимин күтүп калышты.
Ошентип, биринчиликке илинген Орусиянын Екатеринбург шаарынан келген кыз темир тулпарды илип кетти. Сынактын идеясы жакшы, бирок уюштуруусу начар болуп калганы өкүнүү жаратып, үйгө кайттым.

Толик сынчы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
06.05.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сонун экен, видеосун чыгаргылачы, сураныч..
06.05.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
youngyoung,
Тилекке каршы видеорепортажы жок...
06.05.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Даа жакшы даярданышпаптыр, 300с жалка эле болду,же профессионалка кыздар эмес, Ошкийдеги койнокту кийип алган айрымдары...
06.05.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчыбыз жыргап концерттен концертке каттап калыптыр да..
06.05.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияда только акчада элдин оюу.Кыргыздын баалуулуктарын ойлош кайдаааан.Иш,иш жана иш!!!!Акча, акча. жана акча!!!!Албетте баары эмес......
06.05.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сураныч супер инфо толик сынчынын суротун да бир чыгарып койгулачы аябай кызык болуп жатат кандай адам экен баарын эле сындайт
12.05.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08, Толик сынчынын суроту чыкса ошол кундон баштап жашоо кыйын болот, бул адамга жиндеген ырчылар кобойгон. Уурунун жолу нарк деген соз бар элибизде, бир кун бари бир кармалып каласын, андан коро тынч эле тиричилигинди гылдыдат...
06.05.2013. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы-инкогнито...суроту чыкса кызыксыз болуп калат...
06.05.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Толик,сен барда жылдыздарыбыз "кыйгач" баспай калышат.
07.05.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо кара жерге киргир десе, тантырап, элдин шермендеси
07.05.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сантехник ха ха
07.05.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не честный болду деб уктумго,1-2местаны Екатеринбург сатыб алды деб,Монолог айткан кызга бериш керек эле.Россияда жургон адамдардын арманын айтыб берген болчу баарына татыктуу эле ал кыз 2 жолу МИСС ПИТЕР болгон эле.талантты бар эле.1ни алган кызга ичим чыкбады.Таанышы кучтугоо деб айтышты элдер.
07.05.2013. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатылды да 1-2 местаны бир шаар алды туура эмес.Монолог айткан ПИТЕРден келген кызга бериш керек эле ал баарын татыктуу айткан эле.
08.05.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун болгон турбайбы
09.05.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Толик сынчы. Ушундай саны сапаты жок концерттер элди тажатты. Эки куудул алып баруучуга элдер кулот бекен. Мен болсо ушунчалык жиним келет.ушул экоо чыкса
10.05.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда Толик сынчыдай сынчы жок. Толик алга!
10.05.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы байкебиз(эжебиз) мурда мындан да өлтүрө сындайт эле. Кийин эле Борончу байкебиз "атып кетем" десе коркуп калды окшойт:)
11.05.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Толик эже!!! Ар дайым элдерге өлтурө турган сын айипай, өстүрө тургын сын айтасыз!!!
14.05.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
питер экатеринбург эмне бул концерт кай жерде отту озу эмнеге ал кыз питерликпи ?тушунбодум вроде бы суротто кыргыз эле кыздарго?
14.05.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин досум аябай жакшы аткарды еле жыйынтык туура емес чыкты дайым еле ушинтип елди нааразы кылбай чындыкты еле жыйынтык чыгарышса болмок консерт жакшы елеболгон баардыгы жыкшы дайарданышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо