Айнура Салахидинова: «ЖОЛДОШУМ ПРОДЮСЕРИМЕ АЙЛАНДЫ»

№548 3-май-9-май, 2013-ж

7 жылдан бери шоу-бизнестин казанында жалгыз кайнап, бирде чөксө, бирде көтөрүлүп отуруп Айнура Салахидинова сахнадан өз ордун тапты. Ырчы айым чыгармачылыктагы кыйынчылыктар жана үй-бүлөлүк сырлары менен бөлүштү.

– Кандайсың, Айнура? Ортодо депрессияга кабылып жүрдүң эле. Баары өз ордуна түшүп калдыбы?
– Кудайга шүгүр, жакшы. Сен айткандай, 2-3 ай жаман болуп жүрдүм. Ал күндөрдү азыр эстегим келбейт. Буюрса, анын баары өтүп кетти.

– Жакшы, жолдошуң чыгармачылыкта сени дагы деле колдоп жатабы же «ырдабай эле койчу» деп кыйытып баштадыбы?
– Бойдок кезимде «кийин турмушка чыкканда ырдабай калбаймынбы?» деп көп ойлончумун. Анткени ырдатам деп туруп, үйлөнгөндө токтотуп койгон күйөөлөр бар. Мына, экөөбүздүн баш кошконубузга бир жыл болот жакында. Тыюу салбай эле, тескерисинче, продюсериме айланды. «Жакшы ыр жаздыралы, клип тарталы» дейт. Мени күйөөм той, гастролдорго жөнөтөт. Жибергенинин себеби мага ишенгендигинде болуш керек. Ишенесиңби, элге окшоп биз бири-бирибиздин телефонубузду аңтарышып, текшербейбиз деле. Бир жолу жолдошумдун жоругу таң калтырды. Шашып телефонумду үйгө калтырып кетип калыптырмын. Ошону менен кеч келип карасам, толтура чалуулар, СМС келиптир. Бирок жолдошум кызыгып ачпаптыр. «Неге караган жоксуз?» десем, «сенин ар кандай күйөрмандарың болот. Болбогон СМС үчүн сени менен урушкум келбейт» деп койду.

– Сени кызганбайт го анда?
– Кээде «кызганычтан таарынышып кетиптир» дегендерди угуп, «мени кызганасызбы?» деп сурайм. Ал «сени неге кызганмак элем?» деп коёт. «Сүйгөн адамын киши кызганат да, кантип эле кызганбайсыз?» деп таарынып баштасам, «кызганбай эле жүргөнүмө сүйүнө берсең. Кызгансам, жаман кылып, төркүнүңө алып барып коём» деп тамашалайт. Бир жолу тааныш эже «интернеттен бирөө менен таанышып, күйөөмдөн көңүлүм калып, ажырашып кеттик» деп айткан эле. Аны уккан жолдошум үйгө келери менен «интернетте отуруп, бирөө менен таанышканыңды көрсөм, таарынба» деди. Ошондон кийин экөөбүз тең таанышуу деген нерселерди жыйыштырып салдык.

Интернет демекчи, бир социалдык түйүндө силердин тоюңардын сүрөтүнө жагымсыз комментарийлерди жазышты. Дегеним, сага чейинки жолдошуңдун жашоосу тууралуу сүрүштүрөсүңбү?
– Жолдошум өзү деле «мен 20 жыл талаада жүрдүм. Мага туруктуу үй-бүлө керек» деп айткан. Ошого мындай нерселерди оюма албайм. Эмне кылам, болбогон бирөөлөрдүн сөзүнө көңүл буруп? Жолдошум менин жанымда, экөөбүз баш кошуп, чогуу жашап жатабыз.

– Бир жыл ичинде бири-бириңерге көнүшүп, сырларыңарды жакшы эле билип калсаңар керек...
– Ой, айтпа, айрымдардыкы 3-4 ай жашаганда эле кызыгы тарап кетет экен го. Биздики күндөн-күнгө сүйүүбүз күчөп баратат. Экөөбүз кечинде тамак жегенден кийин чуркайбыз. Үйгө атайын машыгуучу шаймандарды алып келип койгон, скакалка секирип, деги тынч отурбайбыз. Ал да «үйдө отурсаң бир жөн, сахна адамы болгондон кийин формаңды сакта» деп көп айтат. Айтор, бири-бирибиздин сырыбызды беш колдой билип калдык.

– Жолдошуңдун кайсы сапаты сага жакпайт?
– Элдин алдында «минтпейсиңби, тигинтпейсиңби» деп үйрөтө берген адаты бар. «Неге эле мага үйрөтө бересиз? Эч ким жокто айтпайсызбы» дей берем ага.

– Сага кандай сындарды айтат?
– «Сен шаарда өскөн кыз болсоң, чачыңды байлабай, шаардык кыздардай кийинип жүрбөйсүңбү» деп көп айтат. Бир күнү кыска юбка кийип алсам, «саныңды эмне көрсөтүп алдың, жок дегенде шым кийип албайсыңбы» дейт кайра. Анан да чачымды байлап алганымды жактырбайт.

– Сен продюсерсиз өзүң чыкпадыңбы. Кандай кыйынчылыктарды басып өттүң?
– Баарынан да алгачкы концертимди берем деп чуркап жүргөндө аябай кыйналгам. Радиолор ырларымды алышчу эмес. Ошол нерселерге абдан ызалангам. Азыркыдай машина жок, акыркы акчама чейин коротуп, жөө басып жүрө берип арыктап да кеткем. Эми болсо эмгегим акталды окшойт, баары жакшы.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Жолдошум да музыкага жакын" дейт Айнура Салахидинова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(64)
SUPER.KG видео
04.06.2013. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
маек магада жакты. бактылуу болушсун!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ырас куйоого тийип алды Айнура эже.Бактылуу болушсун.Аявай жонокой карапайымдыгы менен жагат да. Акыркы клиби ваще Супппееррр!! Молодец!!!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Baktyluu omur surgulo.
SUPER.KG видео
05.06.2013. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Talantuusuz syilap baalaibyz baktyluu bolunuzr
SUPER.KG видео
05.06.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото эле жонокой ырчы экендиги байкалып турат. Адамдагы он сапаттардын баарына ээ жандай сезилди. Азаматсыз!!! бактылуу болунуз!!!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жакшынакай болуп калыптыр ушундай кийинип озунузду алып журсонуз жакшына жарашат экен уй булолук бакыт чыгармачылык ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
05.06.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнегеле кечкеле Айнуоа Салахидинованы бат баттан чыгара бересинер сагынтып чыгаргылда
SUPER.KG видео
05.06.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай соонун маек болуптур,мага жакты.Бактылуу болунуздар!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айнура абдан мыкты ырчы! Абдан суйкумдуу, жаркылдаган, сулуу келин. Чон-чон чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ainuranyn jonkoylugu abdan jakty. Syr bolushup otura turgan kyz eken! Eehh ayabay jakyn dos boluunu samap kettim!Suuk kozdon saktasyn seni Alla Taala. Baktyluu bol! Ar dayim ushunday jonokoy bol!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эн соонун маек болуптур Айнура эже мага аябай жагасыз ырларынызды уккан сайын уккум келет ишинизге ийгилик...бактылуу болун!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ички дуйноосу таза экенин жузунон эле байкап койсон болот, абдан жонокой,аччык айрым ырчы экен. мага жакты!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айнура эже ишинизге ийгилик ото сонун маек болуптур.Бактылуу болунуз
SUPER.KG видео
05.06.2013. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayabai jakwi eje bawinan jagat, jakwini jakwi dep ele aitywat jamandi jaman dep ele aitsa 4i4alap ele kaliwat
SUPER.KG видео
05.06.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан сонун маек болуптур! Булбулдай унун очпосун!Кудай кошкон жарын Санжар менен бактылуу бол!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ainuranyn jonokoilugu suluuluguna dagy suluuluk koshup turat. Jezdebiz menen baktyluu bolgula! Biri birine top kelgen para!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ачык айрым ырчысыз. Бирок кеп лексиконунздан эрди-катын деген созду алып салынызчы . Анан шаарда осуп чонойгонунузга жолдошунуз эмес, мен да ишенбейм. Ийгиликтерди каалайм. Сен жокто деген ырыныз мага жагат.
SUPER.KG видео
05.06.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай жонокой айым жагат мага, Уй булоолук бакыт чыгармачылык ийгилик. Шаарда чонойсонузда мыкты тарбия алгансыз.
SUPER.KG видео
06.06.2013. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айнура эже куйоого тийген жагыптыр ачык суйлоп тартынбап ачылып кетиптир мына мага ушул азыркы Айнура жакты мага
SUPER.KG видео
06.06.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына ырчы деп ушул эжени айтса болот...Аябай жонокой
ыймандуу экендиги билинип турат.Ырлары да соонун.Эч кандай шаардыкмын деп кыйынсыбай эле олтурат.Башка ырчылар да улгу алса болмок,жасакерленбей.Азаматсыз ушул мунозунуздон жазбаныз!!!Сизге уй-булолук бакыт каалайм жана ар дайым чыгармачылык ийгиликтер коштоп журо берсин!!АЗАМАТСЫЗ!!!
SUPER.KG видео
09.06.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да абдан жагат Айнура бактылуу бол!!!!
SUPER.KG видео
10.06.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salamatsyzdarby! Baardygynyzdardyn jyluu sozdorunuzdorgo yraazymyn! Bar bolunuzdar!
SUPER.KG видео
10.06.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай сонун болуп келиптир! жагымдуу маек учун чоон рахмат.
SUPER.KG видео
12.06.2013. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул кабарчы кызды суйом да номерин жазып жибергилечи
SUPER.KG видео
13.06.2013. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы,кызыктуу маек.Адамдын баардык жерде жонокой болгону эле жакшы,бактылуу болунуз!
SUPER.KG видео
29.06.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолдошунар стилист экени жакшы экен, мурункуга караганда стиль озгоруптур.
SUPER.KG видео
09.09.2013. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сонун маек болуптур кулуп суйлогону аябай сонун жарашат уй булоолук бакыт каалайм бактылуу болгула
SUPER.KG видео
09.09.2013. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да Айнура негизинен жакшы айым ийгилик сага
SUPER.KG видео
09.09.2013. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткан АЛЛАХ сиздерди эки дуйно бактылуу кылсын. Сиздин ырларыныз жана озунуз аябай жагасыз. Ме сизди сыйлайм ар дайым бар болунуз..
SUPER.KG видео
26.10.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айнуранын баардык ырлары жагат аябай сонун ырдайт ийгилик сага жерге талдын алдынкы келиндеринен болуп журо бер бактылуу болгула!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо