БЕГИМАЙ БЕКБОЕВАНЫ БАТКЕНДИКТЕР ТААНЫШПАЙТ...

№548 3-май-9-май, 2013-ж

Концерт өткөн жай – Баткен шаары, «Октябрь» кинотеатры (1-майда)
Башталышы – 19:30 (1 саат 20 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – 87 пайыз
Алпаруучу – «Тамашоучу» Файзидин
Билет баасы – 100 сом

Күн жылып, жылдыздар да Баткен өрөөнүнө жабылып келе башташты. Дайыр келип калган экен, бир сын көз менен карап келейинчи, айыл жергесинде кандай концерт коюшат болду экен деп бардым. «Концертке куш келипсиздер» деп чыгып, өзүн тааныштырууну унуткан «тамашоучу» жигит концерттин «тамадасы» болду. «Мен силерге бир КамАЗ ырчыларды алып келгем» деп алгач сахнага Асел Касымованы чакырды. Ырчы биринчи көп жайыла элек ырын аткарганда көрүүчүлөр уктап коё калды. Кийин гана «Эркелеп» аттуу ыры менен «эркелеп» баштаганда зал кичине жандана түштү. Ойдологон эркектердин көңүлүн Аселдин ырынан да, кыска көйнөктөрү бурду окшойт, чиркин. Андан соң биз көптөн күткөн Дайыр сахнага чыгып, ал-жай сурашайын десе эле микрофон иштебей калып жатпайбы. Айтор, ыр аягына чыкканча бир көшөгөнүн артында, бир сахнада ырдап жатып
бүтүрдү.
Ырчыда чынында күнөө деле жок, техника деген дайым эле айткандай болуп бербейт да. Колонкалардын үнү өтө бийик болгондуктан, ырчылардын үнү даана угулбай жатты. Ал эми алпаруучу жигиттин атын концерттин аягына чейин билбей эле тамаша кылып отура бердик. Коноктордун бири Бегимай Бекбоева көпкө эл алдына чыкпай калгангабы, ырдап жатса көпчүлүк атын тааныбай «ким эле бул?» деп сүрүштүрүү менен убара.
Бир маалда ойго батып, башын жерге салып Мирлан Сыдыков деген ырчы чыкты. Залды «Гүлдана» деген ыры менен Мирлан жарды бейм. Концерттин ээси Дайыр акыркы чыгышында 2-3 ыр ырдап, аягында караанын көрсөтпөй кетип калды. Бу бала эл менен коштошконду унутуп калдыбы же техникалык каталар маанайын катуу буздубу, көрүүчүлөрүнө кош дебей кетип калды. Жанагы баштан бери аты белгисиз болуп тизгинди кармаган сырдуу жигит акыры өзүн Файзидин деп тааныштырып, анан коштошту.

Акыйкат Адилов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(11)
06.05.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы 2
06.05.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сындап эле жатып калыпсынар го...
06.05.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керемет концерт болгонго:)).
06.05.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгон концертин келген элдин акчасы актабай калса керекда,коштошпой кеткенинен.же шашыьыш кабар келип Бишкекти коздой сызгандыр!))))
06.05.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, андан кийин Сулуктудо концерт койгон.
06.05.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле тааныбайм
06.05.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
surap koruw kerek eken ozunon
07.05.2013. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwygo
07.05.2013. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимайды менден башка тааныбайтко.мен деле кокустан таанышып суротко тушуп алгам
08.05.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аппаратура иштебей калганда маанайын аябай чогот. Ошончо элдин алдында шагын сынып турса анан кантип чыдайсын. Дайырдын да ошол учурдагы ахыбалын сезип турам. Эч капаланба сенин стилин ырларын анча мынчаларына караганда жогорку денгээлде. ийгилик сага
11.05.2013. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бекбоеваны мен деле тааныбайт экенмин..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо