Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жантөрө Сатыбалдиев, өкмөт башчы:«БАТКЕНДЕ ӨНҮГҮҮГӨ ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР»

№548 3-май-9-май, 2013-ж

Баткенде облустагы кен байлыктарды иштетүү, аймактын өнөр жай тармагын көтөрүү, кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүнү максат кылган биринчи эл аралык форум болуп өттү. Элди жакырчылыктан алып чыгуу багытында уюштурулган бул форумда көптөгөн маселелер каралды.

ЧЕТ ЭЛДИКТЕР БАТКЕНДИК УЗДАРГА СУКТАНЫШТЫ
Форум Баткен шаарына премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган Жогорку Кеңештин төрт депутатынын келиши менен башталды. Бул иш-чарага бийлик өкүлдөрүнөн сырткары 14 мамлекеттин элчилери, 68 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана соода тармагынын, ошондой эле кен байлыктарды иштетүүчү компаниялардын мүчөлөрү катышты.
Алгач келген конокторго жарманке уюштурулуп, облус аймагындагы уз-чеберлер кыргыз улуттук кийимдерин, килемдерин көрсөтүштү. Алардан кем калбай кайра иштетүүчү ишканалар меймандарга өз продукцияларын сунушташты. Өкмөт башчы уз-чеберлердин колунан жасалган Баткендин символу болгон айгүл гүлүнүн сүрөтүн сатып алды.
Мындан сырткары катышуучулар өрүктүн түрлөрүнө, андан жасалган комуздарга, ээрлерге жана башка буюмдарга суктана карап баа беришти. Чет элдик өкүлдөр биздин кийизден жасалган буюмдарды көрүп, алардын кантип жасалгандыгы тууралуу кызыгып сурап жатышты.
Форумдун расмий бөлүгү ө­к­мөт башчы баш болгон өкмөт мүчө­лөрүнүн жана эл аралык уюмдардын, элчилердин катышуусунда улантылды. Жыйында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков облустун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө кеңири токтолду.
– Инвестициялык климатты жакшыртуу биздин саясатта негизги багытта турат. Бул форум инвесторлор менен жаңы келишим түзүүгө өбөлгө болот. Ал «Баткен – чоң мүмкүнчүлүктөрдүн аймагы» деген ураандын астында өтүп жатат. Биз облусту бардык тармакта өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө аракет кылып жатабыз. Экономиканын артериясы болгон жолдордун курулушу, көз карандысыз электр линияларын тартуу иштери да өткөн жылы инвесторлордун колдоосу менен курулуп, колдонууга берилген.

Бирок максатына жетпей калган долбоорлор да жок эмес. Форумдун алкагында өкмөт башчы ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ да бул маселеге көбүрөөк токтолду:
– Инвесторлорду тартуу менен аймакты өнүктүрүү багытында түзүлгөн Лейлек районундагы эркин экономикалык аймак бүгүнкү күндө кагаз бетине жазылган бойдон иштебей турат. Мен жетекчилерге айткым келет. Мындай болбойт! Бул ишти аягына чыгаргыла же биротоло токтотуш керек.
Баткен облусунда убагында дүркүрөп сымап чыгып, Сүлүктүнүн көмүрү көптөгөн аймактарды камсыз кылып турган. Бүгүнкү күндө ал нерсенин бири да калган эмес. Демек, иш жакшы болгон жок жана жогорку деңгээлде маани берилбей жатат. Менин айтайын дегеним, Баткенде өнүгүүгө ресурстар жана чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

ЯПОН ЭЛЧИСИ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА ЖАРДАМ КӨРСӨТТҮ
Кийинки бөлүктө катышуучулар инвесторлорго, донордук уюмдарга өз долбоорлорун сунушташты. Андан соң Баткен облусундагы «Манас» эс алуу комплексине катышуучуларга саякат уюштурулган болчу. Аба ырайынын жакшы эместигине байланыштуу бул сапар ишке ашпай калды.
Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү, Баткен районунун акими жана шаар мэрлери чет элдик инвесторлор менен бир топ келишимдерге кол коюшту.
Япониянын Кыргызстандагы элчиси Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканалардын абалын жакшыртууга, Баткен районундагы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө, ага керектелүүчү эмеректер жана окуу куралдары үчүн атайын акчалай жардамын көрсөттү. Форумдун соңунда премьер Жантөрө Сатыбалдиев чет элдик инвесторлорго жана келген конокторго өз ыраазычылыгын билдирди. Мындан сырткары ушундай форум жыл сайын өткөрүлө тургандыгы айтылды.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
06.05.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы учурда ар бир областтарда онугууго чон мумкунчулуктору бар, бирок инвесторлор жок, себеби бизди саясий туруктуулук жок.
06.05.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогордан буйпук келет, ошол жергиликтуу чинуштар конул буруп аткарбайт, ар бир тармакты кайрадан жандандырса болот. Сулуктунун комуру тууралуу эн туура айтты Сатыбалдиев.
06.05.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар буга чейинки бийликтин пайдасыз кылган саясатында, оз арбайын озулору согуп жашап келишкен. бийлик эч кандай деле жардам бере алган эмес. ар бир облус, ар бир кыргыз Кичине гана мумкунчулук тузулсо, мыкты жашап кете алат. ошондуктан, учурпдагы бийликтинн элге кыла турган бир жакшылыгы коррупция менен курошуп, элге онугууго мумкунчулук тузуп берсе эле болду. калганын эл озу кылып алат.
06.05.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн алгач, Баткендеги чек ара маселесин чечиш керек. Акча жок болсо, эл арасында марафон, акция жургузуп деле акча чогултсак Чек араны тосуп салат элек. ушуну колго алуу керек
06.05.2013. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тундуктогу кен байлыктарды сатып бутуп эми Баткенге отуштубу? Чек ара маселесин чечип алышсынчы башта!
08.05.2013. 07:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суббаханалла Баткенге кун тийген го
08.05.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи чек араны чечип алышсынчы Кумторду кыйратышпагандан кийин башкасы белгилуу
13.05.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандын бардык жерин онуктурсо болот азыраак жеш керек Мелис Мырзакматовдой жакшы адам алга брат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо