«СУМКАМ АЙЫЛДА, ӨЗҮМ ОЮНДА»

№548 3-май-9-май, 2013-ж

Каракол шаарында 20га жакын интернет оюн клубдары бар. Эртеден кечке чейин мындай клубдарды балдар байырлашат. Өткөн жумада Каракол шаардык ИИБинин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмү тарабынан компьютердик жана ойноо клубдары текшерилип, өспүрүмдөр арасында рейд жүргүзүлдү. Рейд күндүзгү саат 10:00дө башталды. Сабак учурунда мектепте болууга милдеттүү окуучуларды биз, тескерисинче, дал ушул жерден жолуктурдук. Айрым өспүрүмдөрдү кепке тарттык:
– Атым – Урмат. Каракол шаарындагы №5-мектепте 8-класста окуйм. Мектептен тышкары музыкалык окуу жайында окугандыктан мектептен суранып, убактылуу бошонгом. Мурун үйдө компьютерим бар болчу. Азыр сынып калып, бул жерге биринчи эле жолу келдим.
– Менин атым – Нуржигит. Каракол шаарындагы №14-мектепте 9-класста окуйм. Бул жерде жүргөнүмдү ата-энем билет, алардан алдын ала сурангам. Ойногону келгениме аз эле болду. Азыр кетейин деп жаткам. Негизи, жумасына 2-3 гана жолу келем. Күнүгө ата-энем жибербейт.
– Атым – Эламан. Кечээ айылга барып, мектепке көтөрүп барчу сумкамды унутуп калыптырмын. Апамдар таксиден салып жиберебиз дешти. Бүгүн кайсы сабактар болору да эсимде жок. Ошондуктан эртең сумкамды алып, даярданып алып барайын деп жаткам. Интернет клубга 3 айдан бери келем.

Каракол ШИИБинин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага нускоочусу, милициянын капитаны АЙБЕК САДЫКОВ:
– Каракол шаарында жаш өс­пү­рүмдөрдүн арасында атайын план түзүп, «Түнкү өспүрүм» деген аталышта эки күндүк рейд жүр­гүздүк. Эки күндө 12 жаш өспүрүм сабак учурунда интернет оюндарын ойноп жаткандыгы далилденди. Алардын айрымдарынын ата-энесине, мугалимдерине эскертүүлөрдү бердик. Бир окуучу түнкү рейдде кармалып, аны үйүнө жеткирип бардык. Мындай текшерүүлөр бир айда эки жолу өткөрүлүп турат.
Ата-эне, сабак учурунда мугалим балдарды көзөмөлдөбөсө, балдар билимди арткы орунга коюп, клубдардын фанаты болуп калабы деген коркунуч туулат.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(19)
06.05.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа,проблема.Уйдон дагы.мектептен дагы козомол катуу болуш керек.
06.05.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 жылдын ичинде Кыргызстандагы орто билимдин денгээли томондоп баратат. Мамлекеттин №1 приоритети билим м-н саламаттыкты сактоо болушу керек. Мындай жолдо бара берсек, мамлекетибиз Конго сыяктуу олколордун катарына кирет (кудай сактасын). Канча жаман суйлосок да, СССРдин билим системасы эн жакшы натыйжа берген.
06.05.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uidon katuu kozomolgo aluu kerek.
06.05.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
inet klubka kol boshogondo baruu kerek
06.05.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш оспурумдорду колго алып остурбосок алдыдагы жылдарыбыз эмнеге айланат ошол жакты да караш керек
06.05.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмот тарабдан клубдарды катуу козомолго алуу керек.
06.05.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалим менен ата-эне контролго алса!Бала кайда ,эмне кылып журот деп.
06.05.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы не керек? Биз кыргыздар керек деп эле журо беребизго...
07.05.2013. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TUMAN1, туура айтасын хихихихихии пикирин аябай эле жакты мага
08.05.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TUMAN1, эн туура!
07.05.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбия жана козомол, тушундуруу жолу менен ата-энелер жана мугалимдер балдардын мээсине куюп туруш керек.
07.05.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мендагы убагында жаман качат элемда сабактан,бирок бир гана эмгектен.:94:
07.05.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ieee bizdi ejekeler inette oturgan jeribizden sabaka alyp ketiw4u daa))))
08.05.2013. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары эле окумуштуу болуп чыга бербейтта, тентектери да болуп туруш керек:)
09.05.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен "баары эле окумуштуу болуп чыга бербейт"-деп балдарды клубдарга жиберип коюп отура берсек,келечек кимдмки?Каракол шаарындагы мектептерде коп эле рейддер болчу эле го.Козомол кылыш керек!
10.05.2013. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата-эне канча жакшы тарбия бербесин чойросу жаман болсо бала бузулуп кетуусу бат.интернет клубтардыда окмот тарабынан тарбиялоо керек.
12.05.2013. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернет клубдар жабылсын УУУУ!
12.05.2013. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул проблема Бир гана кара колдо эмес буткул кыргызстанда, жаш балдардын ан сезимин уулап жаштарыбыздын келечегин сындырып жатат. Бир гана ата энеге жуктобой ар бир кыргыз айтса болот, жаштарды туура жолго салалы кыргыздар.
12.05.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin inimda internet m,n o0ruit. kerelden kechke internet klupda kech kirgende z0rg0 uig0 chakyrabyz jur apam chakyryp atat dep men sudur0p alyp kelem. uid0 k0mp bar ozu oin0g0nd0n zeriget bir balaket oiundardy oin0it emnesine kyzygat bilbeim tuwunb0isun bir0k sabakty jakshy okuit.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо