Нурбек Савитахунов:«ОМАР ӨЗҮН ҮЧКӨ БААЛАСА, АНДА МЕН ЫРЧЫ ЭМЕСМИН :)»

№549 10-май-16-май, 2013-ж

Учурдун популярдуу ырчылары Омар менен Нурбек Савитахунов 7-май күнү www.super.kg порталынын колдонуучулары жана окурмандарыбыз узаткан суроолорго жооп берип, түз байланышта болушту. Берилген суроолорго ырчылар кээде боору эзилгенче күлүшсө, кээде тердеп-кургап жооп бере албай туталанышты, айрымдардын суранычын аткарып гитара менен ырдап да беришти. Айтор, эки саатка белгиленген түз байланыш 3 саатка созулуп, жалпы күйөрмандарына жагымдуу маанай тартуулай алышты.

Алтынай, Жалал-Абад шаары:
– Нурбек, мен азыр 16 жаштамын, 3 жылдан кийин 19га чыгам. Сизге турмушка чыгуу пландарым бар, мени аласызбы?
НУРБЕК:
– Алтынай, күтө туралы, ээ, анан таанышалы :)
ОМАР: – Мен азыр 27демин, 3 жылдан кийин 30га чыгам дебейсиңби, ха-ха...

– Дагы бир суроо: Жашооңузда бир түндүк кыздар болгонбу?
Н.:
– Жок, жок, болгон эмес...

– Азыр «мен баламын» десеңиз ишенбейм...
Н.: – Ммм...

Айжан, Жалал-Абад шаары:
– Омар, эгер жактырган кызыңызды алып качып кетсе эмне кылмаксыз?
О.:
– Анда сөзсүз артынан бармакмын.

Экөөңүздөрдүн кемчилигиңиздер эмнеде деп ойлойсуздар?
Н.:
– Өзүмө көп ишенбегеним. Керек болсо ушул жерде отуруп сиз менен сүйлөшүп жатканыма ишенбей турам.
О.: – Кемчиликсиз адам болбойт. Менин негизги кемчилигим – жалкоолугум деп ойлойм.

Эркайым, Ош шаары:
– Омар, өзүңүздөн 14 жаш кичүү айылдык кызды сүйүп калсаңыз эмне кылмаксыз?
О.:
– Тфү-тфү, кыздарды шаардык, айылдык деп бөлбөйм, жүрөк антип тандабайт да. Мен үчүн 14 жаш айырма өтө эле чоң болуп калат, жүрөктө ыйман болгондон кийин андай кадамдарга барбайм.

Айжан, Ысык-Көл:
– Өзүңөрдүн ырчылык дареметиңерге кандай баа бересиңер?
О.:
– 5 упайлык көрсөткүч менен эсептесек, 3кө жарайм го.
Н.: – Омар өзүнө үч деген баа берсе, анда мен ырчы эмесмин (күлүп).

Дамира, Бишкек шаары:
– Маданияттын бир учун тартып бараткан мырзаларсыңар, жакында эле бир кесиптешиңерге «Калык Акиев ким болгон?» деген суроо берсе, келмеси оозунан түшүп жооп бере албады. Сиздерге да ушул суроону узатайын дегем...
О.:
– Калык Акиев маданият кызматкери экенин билем, бирок кайсы тармакта экенинен кабарым жок экен. Ушундай көчөнүн аталышы бар (күлүп). Уят эле, ээ...
Н.: – Билбейт экенмин. Чыгармачыл адам болсо, анда акынбы?

ОМАР менен НУРБЕК www.super.kg порталыбыздын колдонуучулары калтырган суроолорго да жооп беришти.

luna.kg:
– Нурбек, «Жатакана» деген сериалга кандайча тартылып калгансыз?
Н.:
– «Азия Микс» командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров мени «Бишкек, мен сени сүйөм!» фильминде аткарган ролумдан байкап, аталган сериалга чакырган. Эльдиярды 2007-жылдан бери тааныйм, ал баланын «Э, Санжар!» деген тамашаларын «обожаю» жөн эле, фанатымын.

Rinatik94:
– Өзүңөрдү Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган ырчыларданбыз деп эсептей аласыңарбы?
О.:
– Бизде дүйнөлүк аренага чыккан эч ким жок. Орусия бул дүйнөлүк арена эмес. «Жаңы толкунду» дүйнөлүк деңгээл десем жаңылышам. Бизде таланттар көп, бирок бир гана талант дүйнөлүк арена үчүн жетишсиз. Ал үчүн бардык тараптан төп келиш керек.
Н.: – Бизде таланттар абдан көп экенине таң калам, айрыкча бийчилер. Ырчыларыбыз эмне үчүн дүйнөлүк сахнага чыга албай жатышат, анткени ар бир өлкөнүн өзүнүн ырчысы бар. Ал эми дүйнөлүк сахнада атаандаштык күчтүү.

– Кыргыз эстрадасынан же дүйнөлүк ырчылардан кимисин атаандаш катары көрөсүздөр?
О.:
– Дүйнөлүккө жетиш кайда?! Жергиликтүүлөрдөн Нурбекти дебейинби, ха-ха. Ырчылар бири-бирине бут тосуп эмес, жакшы жагына атаандашыш керек. Мисалы, «бул мындай стилде ыр жаздырыптыр, мен мындай жаздырайын» деп. Мен баарына атаандашам. Репертуарымда соул, рок, рэп стилинде ырлар бар, эми фольклорду да кошуп комуз менен ырдайын деп жатам.
Н.: – Омарга кошулам, баарына атаандашыш керек.

bela77:
– Нурбек, качан кыргыз тилинде ырыңыз чыгат, дегеле ушул тууралуу ойлонуп көрдүңүз беле?
Н.:
– Ушул айда, буюрса, кыргыз тилиндеги ырым чыгат.
О.: – Чынын айтыш керек, Нурбектин кыргыз тилин үйрөнүүдөгү аракети абдан күч. Бул жигит АКШда окуп калганга кичине кыйналып жатат, аны түшүнүү менен кабыл алалы. Учурда машина айдап баратып кыргыз ырларын угуп, мен окубаган кыргыз гезиттерин окуп, кыргыз тили боюнча курска барууда.

– Омар, айтсаң, сен сулуусуңбу же Нурбекпи?
О.:
– Эркектердин сулуулугу бул – акыл деп ойлойм. Акылдуу адам илгертен сексуалдуу деп эсептелген эмеспи. Нурбектин эрудициясы менен меникин салыштырганда кыргызча жагынан мен утуп кетишим мүмкүн, ал эми калган жагынан Нурбек акылдуу, сексуалдуу.
Н.: – Албетте, Омар. Бул нерсе талкууланбайт дагы.

– Экөөңөр кантип табышып калгансыңар?
О.:
– Мен 2009-жылы АКШга кетерде Нурбектен сабак алгам, англис тилин үйрөткөн мугалимим. Экөөбүз АКШда жүргөндө «Бишкек» деген ыр жазган элек, учурда тар чөйрөдө ырдалып жүрөт.

asan91:
– Жашоодон алынган ырларыңар барбы?
Н.:
– Ооба, «Беги за ней» деген ырым жашоодон алынган. Көңүлүм чөгүп, жан дүйнөмдү кризис каптап турганда позитивдүү нерсе менен айкалыштырып, ушул ырды жазган болчумун. Ыр мени артынан чуркаткан бир кызга арналган.
О.: – «Сүйөм сени, унутпа» деген ырымдын айрым учурлары жашоомдон алынган.

elya2404:
– Атактуулуктун сыноосу оңой эмес, ушул нерсени кантесиңер?
Н.:
– Эки бутумдан кармап турган досторум бар :) Атактуулук менен күрөшпөй элемин. Өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, атактуу болсоң, анда күрөшсөң болот.
О.: – Эч бир ырчыдан өзүмдү бийик койбойм. Эгер көөп кетсем, өзүмө «эмнеме көөп жатам?» деп суроо берем. Чынын айтсам, чоң бир ийгиликтерди жарата элекмин.

– Силердин ырларыңарды угуп, аябай боорукер, романтик, кыргызымдын чыныгы патриот жигиттери деп билебиз... Жашоодо да ошондойсуңарбы?
Н.:
– Менде чет өлкөдө иштеп, ал жакта калууга толтура мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок чыгармачылыгым менен аз да болсо өлкөмө колдон келишинче салымымды кошкум келет. Акыл-эсибиздин, жан дүйнөбүздүн өсүшүнө таасир тийгизсем дейм. Ооба, мен романтикмин.
О.: – Мен да романтикмин. Өзүмдүн үй-бүлөм менен шишкебек бышырып эс алып жаткан күндөрүмдү кээде элестетип алам.

– Жашооңордо таш боор кыздарды жолуктурган белеңер?
Н.:
– Жок, менин эс-тутумум кыска, бат эле унутуп калып, кечирип коём.
О.: – Эркек кишинин сезимдери менен ойногон кыздар бар. Мени деле айрымдар таш боор деши мүмкүн. Бир жолу бир кызды аябай катуу жактырып калып, бирок ал менин сезимдериме жооп бербей койгондо ичимден «таш боор экенсиң» дегем.

– Омар, кыздар колу-жолу бош, бойдок мырзаларды жактырышат эмеспи, ушундан улам сиз жеке жашооңузду жашырып жүрсөңүз керек?
О.:
– Жок, жашырбайм, эмнеге жашырмак элем?! Ушул сыяктуу суроолор мени 2008-жылдан бери кубалап келет. Суроого жооп берип, мен деле биротоло кутулсам дейм, сүйгөн адамым бар, аты мындай деп. Ушунча актанып кыйналгандан көрө чынын айтып салганым жеңил эмеспи. Мен деле Кудайдын сүйгөн пендеси болсом керек, өмүрлүк жарымды тапсам, сүйүү көлүндө калаксыз сүзүп калар күнүм алыс эместир.

Kanu:
– Нурбек, кыргыз тилин билесизби?
Н.:
– Мен кыргызча түшүнөм, сүйлөгөндө акцентим бар, ошондон уялам. Кичинемде «быштак» деген сөздү айтсам, мени шылдыңдай беришчү. Ошол нерсе мага катуу тийсе керек, эми гана жоюлуп баратат. Балалыгымда кыргыз тилинде сүйлөөгө мүмкүнчүлүк болбогонуна кейийм.

MaRmeLaDka:
– Экөөңөрдү сындаткым келип жатат. Бири-бириңердин кайсы жаман жана жакшы сапаттарыңарды билесиңер?
Н.:
– Омар өзүн жалкоомун дейт, менимче, тескерисинче, абдан эмгектенет, аракеттенет. Терс сапаты ошол, жакшы жактарын мойнуна албаганы.
О.: – Нурбек уктабайт, азыр да уктабай келди. Киного тартылат, долбоорлордун үстүнөн иштейт, кечинде клубда ырдайт, айтор, убактысы аябай тартыш.
Н.: – Экөөбүз отуруп алып бири-бирибизди эле мактай беребиз.
О.: – Бир ойчул айткан экен, «адамдын кемчилигин айтып эч качан алдыга сүрөй албайсың» деп. Андыктан макташ керек (күлүп).

– Нурбек, сизге европа түспөлдөш кыздар көп жагабы дейм?
Н.:
– Жок, мага жөн эле кыздар жагат :) Улуту мен үчүн маанилүү эмес.

– Бир жолу «14-февралда сүйгөнүмө учуп барам» деп жаттыңыз эле...
Н.:
– 2 жыл мурун испан кызы менен мамиле кургам, ошого учуп барам десем керек.

Asecha:
– Сиздерге «көп гонорар төлөп беребиз, ич кийимчен көлдүн жээгинде журналга сүрөткө түшүп бер» десе макул болот белеңиздер?
О.:
– Ооба, түшүп бермекмин, көл жээгинде баарыбыз эле ошондой жүрөбүз да :)
Н.: – Эгер менин ушундай келбетим кызыктырса макулмун.

– Омар, сиздин ийгилигиңизди көрө албагандар барбы?
О.:
– Аны билбейт экем, көрө албагандар өздөрү билет. Кээде бетиңе күлүп, артыңдан помидор менен чаап эки жүздүүлүк кылгандар болот. Ушак-айың – шоу-бизнестин мыйзамдарынын бири экен.

Mahabat:
– Алдыңардан чыккан кайырчыларга акча бересиңерби?
О.: – Ичимдик ичкендерге бербейм, мунжу, жетимдерге берем. Пайгамбарыбыз айткан экен «жетимдин башын сылоо бул – башы барлардын иши» деп. «Жерде жетим ыйласа, Алланын ашы титирейт» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары акчаң жок болсо да башынан сылап коюу – мусулмандын парзы.
Н.: – Көчөдө баратканда эки колун сунуп, акча сурап жатса кантип бербей коё аласың? Бербегенден да уяласың.
О.: – Бирок бул нерсе өзүнчө эле бизнеске айланып кетти. Эки буту, колу бар туруп кайыр сурагандарды аябай жек көрөм.

«СУПЕР-ИНФОДОН» СУРООЛОР
– Кыргызда «бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген макал бар эмеспи, жөө жүргөндөн намыстанбайсыңарбы?
О.:
– Бирде жигит велосипед да минет. Өзүм маршруткада эле жүрүп чоңойгон жигитмин. Акча жок болуп калса велосипед бар, андан намыстанбайм. Популярдуулугум жоголсо, башка тармактан иш баштайм.
Н.:– Мен бул нерсени такыр кабыл албайм. Бутумда арзан кеды, галстук, кийимим, кол телефонум деле кымбат эмес. Популярдуулугум жоголсо деле ушул бойдон калам.

– Экөөңөрдү байланыштырып турган кайсы сапат бар?
О.:– Экөөбүз тең кичинекей балдарга окшошпуз. Жаш балдарча ойноп кетсек, эч ким токтото албай калат. Негизги байланыштырып турган нерсе, албетте, музыка. Анан кыялдарыбыз да окшош.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Омар, Нурбек: "Экөөбүз теӊ кичинекей баладайбыз" (2-бөлүк)

Омар, Нурбек: "Экөөбүз теӊ кичинекей баладайбыз" (1-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(102)
14.05.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын акындарын билбеген бул уят эле, силер да чыгармачыл ырчысынар Калык Акиевди билбесенер кыргыздын тарыхта калган корунуктуу токмо акыны улуу инсан чыгармачыл эмгекчил адам болгон.
14.05.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин ырчылар жакшы, бирок ,,,,,,,,,,,,,,,,,
14.05.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек лапочкаго иийййй .
14.05.2013. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эне тилин суйбогон элин суйуп жарытпайт!
14.05.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар кыргыз мектепте окуган, ошон учун соз байлыгы кенен
15.05.2013. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экөө тең сүйүүгө татыктуу жигиттер азаматсыңар ийгилик
15.05.2013. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин суроом кыскартылып жазылыптыр.а бирок ошого да рахмат.жооп беришиптир
15.05.2013. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек Савитахунов, Кыргызча суйлосон Орусчаны да акцент менен суйлойсун.
15.05.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жерде жетим ыйласа, Алланын ашы титирейт» "Аршы"деш керек эле))) Бирок эмне болсода Аллах раазы болсун .Ийгилик иштеринерге.
18.05.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menedjer, Arsh ha-ha-ha
15.05.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар эң мыкты ырчы! Биринчи жолу "Белес" радиосуна берген интервьюсунан эле аябай жагып калган... Омардын гана жеке концерттерине барып келем... Ийгилик Омар! Тилеген тилегиңе жет.. Алла өзү колдосун!
15.05.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек укмуш деле красава эмес экен го..
15.05.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен берген суроо эч кимдикине окшош эмес болчу алып баруучу кызыбыз менин суроомо келгенде кыскартып жиберди алып баруучу кызыбыз да аябай жакшы алып барды мен тан калдым!
15.05.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ата сериалдагы дрей экен дегем да. анча деле красав эмес экен
22.05.2013. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Завидуй молча.
16.05.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииии башты оооруткан нурбек оозу мурдунду кыйшандатпай нормально суйлобойсунбу коргум деле келбей калды очуруп салдым а омар жакшы бала жонокооой
22.05.2013. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mamatmusakuzuraziya, Нурбек сени коргусу келип атат экен аябай....Чыдамсыздык менен.:-)
16.05.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурбек,омар экоонордутен обожаю,но биринерди тандашым керекго,анда силер чечкилечи мени тандашты ок??? ))))
17.05.2013. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar,Nurbek jonokoylugunuzdorgo tan kaldym! "Kop nerse bilgen adam kop momo algan daraktay bolup iyilip turat"dep. Menin adamdardagy en baalagan sapat JONOKOYLUk. Birok bir joobunuzdar jakpay kaldyyy :(. Kayjerde bolbonuzdar Jaratkanym ar dayim jardam4ynyzdar bolsun!!!
18.05.2013. 05:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
biroo aityptyr Omarga:jaratkan bergen jonokoiluktu kaalaim dep,birok jonokoiluk Omarda bar eken..bizde kyrgyzda ushundai baldar koburook bolushun kaalaim..
18.05.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулугу эмне кылып бермек эле, эн негизгиси адамдык сапаты болсо болду да! Сулуу болсо эле жакшы адам болуп калбайт, ал эми жакшы адам болсо демек ал сулуу! Омар, Нурбек сиздерге ийгилик!
19.05.2013. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кай жердин кулундары озу бул бозуландар?
19.05.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiiiiiiiiiiiiiiiiiii baaribir ayirmasy bolot e, bawka elden tarbiya algan balanyn...al emi omar bizdin jonokoi jigit......omardyn harakteri da jakwy bolso kerek
19.05.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbekti orus4a da suiloi albasa kerek dep oilogom)))))))))))))))))nesi bolso da silerge iygilik,bar bolgula!
21.05.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоонортон тен азаматсынар маек учун, Омаар мынча жонокойсун.......
SUPER.KG видео
22.05.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men syyrom jok go?
30.05.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar ty super!!! takoi oboyashka))
SUPER.KG видео
08.06.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар байке мен сизди сиздин ырларызды аябай жакшы кором ар дайым талантыныз оркундой берсин ийгилик сизге
SUPER.KG видео
23.06.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нурбек кыргызча тушунотко!!! ага неге кыргызча суроону орусчага которуп берип атат!!! адамдын нервине тийип!!! кыргызбы билиши керек оз тилини.мин башка тилдерди коп билсенда оз тилин билбегени уят!аны олло сыйлачумун азыр билбей калдым сыйлашымды же сыйлабашымды!
SUPER.KG видео
24.06.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulku, баш тамгалар грамматикалык эрежеге ылайык колдонулушу керек.
Азырынча эскертүү!
SUPER.KG видео
19.07.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун!Кыргызымдын мыкты жигиттери! Билимдуу, таланттуу, сымбаттуу мырзалар!мындан дагы чон бийиктиктерди багынтыныздар!биз сиздерди колдой бермекчибиз!
SUPER.KG видео
19.07.2013. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алып баруучу таланттуу жана жылдыздуу экен!ийгилик!кыргыз, орус тилдеринде эркин суйлогону, мыкты которо билгени мактоого татыйт!Азаматсыз!

SUPER.KG видео
15.07.2014. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan jakshy,bolgonu Amerika emes Antarktida bolson da oz ene tilin bilbegen uiat.yironysh kerek.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо