КЫРГЫЗ САЛТЫН МЫКТЫ БИЛГЕН НЕМИС ЖИГИТ

№549 10-май-16-май, 2013-ж

Талас облусунун бир эмес, бир нече райондорунда немис улутундагы үй-бүлөлөр бар. Алардын жашоосу кызыгууну туудуруп, Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылын көздөй сапар алдык. Барганыбызда өзүн Евгений Михайлович деп тааныштырган немис улутундагы жигит буларды баяндап берди.

– Евгений, Кыргызстанда жашоо сиздер үчүн оор эмеспи?
– Биз Кыргызстанда төрөлүп, чоңойдук. Ошондуктан Кыргызстанды өзүбүздүн үйүбүз деп эсептейбиз. Биз жашап жаткан айыл 132 жыл мурун түзүлүптүр. Аны түзүүгө биздин чоң аталарыбыз да катышкан экен. Алар кыргызча таза сүйлөшкөн. Биз дагы кыргызча сүйлөгөндү үйрөнгөнбүз. Ал эле эмес, кыргыз элинин салт-санаасын жакшы билебиз. Сен кыргыз, мен немис деп бөлүнгөн эмеспиз.

– Мындай жакшы мамиленин жаралышына эмне себеп болду деп ойлойсуз?
– Муну биздин ата-бабадан калган мурас деп да койсок болот. Бул жактан көчүп кеткен немистер азыркы биз жашап турган Орловка айылы тууралуу китеп жазышкан. Анда тарыхка кайрылышып, көптөгөн кызык маалыматтар берилген. Ал эми таятам Якоб Герд Кызыл-Сай айылындагы Үрмарал суусуна жакын жерде жашаган. Алардын өздөрүнүн чакан суу тегирмени, алма багы да болгон экен. Азыр аларды тааныгандар менен сүйлөшүп калсаң, таятам, таенемдер тууралуу кызык кеп салып беришет.

– Ата-бабаларыңыздар бул жерге качан отурукташып калган?
– Таласка Екатерина IIнин учурунда эле бир гана Германиядан эмес, Голландиядан да келишкен дешет. Ал эми немистерди бул жакка алып келүүнүн негизги максаты – немис элинин үрп-адатын, салт-санаасын, маданиятын үйрөнүү, башкача айтканда, цивилизациянын өсүп-өнүгүшүнө таасир этүү болгон.

– Улуу Ата Мекендик согуш учурунда кандай жашашыптыр?
– Чоң атамдын айтымында, ал учурда биздин аталар кыргыздар менен бирдей эле азап тартып, жардамдашып, кайгы-муңун бөлүшүп, бир үй-бүлөдөй эле жашашыптыр. Ар бири бар тапканын ортого коюп, чогуу тамактанган учурлар да болгонун көп айтчу.

– Немис калкы убакытка так дешет, бош убактыңыздарды текке кетирбесеңиздер керек?
– Негизи, музыкага жакын элбиз. Көп ырдайбыз, андан тышкары кичинемден эле пианинодо ойнойм. Кыргыздын музыкалык аспаптарынан сыбызгы, чопо чоор, ооз комуз, комузда ойнойм. Ак-Дөбө айылындагылар түзгөн ар улуттан турган ансамбль бар. Өткөн жылдын ноябрь айынан баштап өз алдынча репетиция кыла баштадык.

– Үй-бүлөдө кайсы элдин салты басымдуураак?
– Эки жактыкы бирдей эле. Бирок бизде сөзсүз түрдө аткарыш керек деген өзүбүздүн айрым салттарыбыз бар. Мисалы, немистерде келиндер кечинде эртең менен жегенге сөзсүз түрдө таттуу токоч жасашы керек. Кыргыз элиники сыяктуу эле бир топ майрамдарыбыз бар. Мисалы, Фрюлинсфес деген майрам туура эле Нооруз сыяктуу. Мында үйгө конок чакырабыз, дасторконго болсо бир нече даам даярдайбыз.

– Карасам, чарбаңыздар да кенен экен...
– Өзүбүзгө тиешелүү фермабыз, андан тышкары 10 гектарга жакын жерибиз бар. Анын канча бири ижарага алынган. Андан тышкары уй, жылкы, кой багабыз. Бир аз тоогубуз да бар. Немис болгонубуз менен, кыргыз жыттанып турабыз.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
13.05.2013. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун жооп бериптир го... :-)
13.05.2013. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы ойлоп кетипмин Германиядан келип аз убакыттын ичинде уйронуп салганбы деп, Кыргызстанда жашап жатабы алардын уйронушу керек. Бирок азамат экен кээ бир чала кыргыздарга салыштырмалуу )))
13.05.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда жүрүп кайсы орус кыргызча сүйлөбатыптыр. Азамат, ата-энеси кишиликтүү адамдар тура, тарбиясы көрүнүп турат. Ушундай инсандар көп болсун эл арасында!
17.05.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Debi, кыргызча билген жана сүйлөгөн орустар бар негизи. А бирок дээрлик басымдуу бөлүгү өз тилинде сүйлөшөт...
14.05.2013. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tiri4ilikee tin kiwi korunot sozdoruna karganda. molodec ken
14.05.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага кызыгы булар келинди кайдан алышат,кыздарын кимдерге берет?Озулору аз эле болсо?же кыргыздар менен эле кудалаша беришеби.?
15.05.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, келинди Германияга заказ кылышат экен ;-)
15.05.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rustam25, Кызык эле э?))
15.05.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заказы келбей калса, дуйнодон так отобу ошондо) )))))
15.05.2013. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кичи мекенимдеги немецтерго, мурун булар ото коп эле. азыр азайып кетти айылдын аты мурун арловка эле азыр ак-добо.
19.05.2013. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dikeii, орелду арел деп калышканбы силер жакта? :-))) (тамаша)
19.05.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy joop beriptir. Azamat.
26.05.2013. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фрюлин фес эмес Фрюлингфэст деп аталат. Фрюлинг - жаз . фест болсо майрам. Bularduku baaru bawkacha. bizzge jarawa kelbeit, tuuganchuluk degen jok. abdan bawkacha bular,bizdin meimandostukka ech nerse jetpeit eken bul duinodo! Pivonu olorcho kop ichiwet, anan urdabaganda kim urdait? izde dele andailar kop bolup ketti go? Birook saattu abdan jakwu koldonuwat! Konokko kop baruwpait! Baruwsa da bizdei chachulup barbait, konok tozgon kiwi da chahulup dele tozboit- birok uwu jerin jakwu dep oiloim, !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо