Кутман Султанов, ырчы:«ФОНОГРАММАДА ЫРДАЙМ ДЕП АБАКТАГЫЛАРга УЯТ БОЛГОМ»

№549 10-май-16-май, 2013-ж

«Аксыдан келе жатам» деп редакциябызга өзү менен кошо кызын, келинчегин ээрчите келген Кутман Султанов менен маектешүү аябай кызыктуу өттү.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 14-август
Кичи мекени – Ош облусу, Кара-Кулжа району, Алтын-Күрөк айылы
Үй-бүлөдө – 6 бир туугандын эң улуусу. Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы
Репертуарында – 18 ыры бар. Чыгармачылыктагы багын ачкан ыры катары «Тамашалуу ыр» аттуу дуэтин эсептейт
.

– Саламатсызбы, Кутман мырза, көрүнбөй кеттиңиз...
– Саламатсыздарбы, чыгармачылыктан, сахнадан алыстаган жокмун. Учурда «Ден соолук» аттуу ырымдын үстүндө иштеп жатам.

– Бажырайган ширин кызыңыз бар экен, үй-бүлөңүз туурасында айтып өтсөңүз?
– Бул кызымдын аты – Малика, 2 жашка толду, эң кичүүбүз. Аябай шок, Маша деп коёбуз. Дагы бир кызым бар. Уулум алтыга чыгып калды.

– «Кайын журтум аксылык» деп калдыңыз, алыстан келин алууга каршы чыккандар болгондур?
– Болгон. Мунаранын ата-энеси да каршы чыккан. «Ата-энем макул болбой жатат» деген сөзүн укканда кыйналып:
Жолубуз узак дебе,
Алтыным, сүйүп туруп.
Ата-энем бербейт дебе,
Сүйүүмдү билип туруп...- деген ырымды жазгам. Кудайдын буйругу экен, баш кошуп калдык.

– Таанышып калган күнүңүздөр да кызыктуу болсо керек?..
– ОшМУнун тарых факультетинде 3-курста окуп жүргөндө Мунара менен таанышып калдым. Ошол учурда ата-энеме айтпастан Мунарага жакын болуш үчүн жатаканага чыгып кеткем. Ачка калып, студенттин жашоосун ошондо көргөм. Курсак тойгузуш үчүн комузумду көтөрүп алып кыздардын бөлмөлөрүнө ырдамыш этип кирип, тамактанып чыкчумун. Мунара менен сүйлөшүп жүрүп мен 5-курста, ал 3-курста окуп жатканыбызда баш коштук.

– Элдик ырларды катыра ырдаган Кутман үй-бүлөдө кандай жар, кандай ата болду экен?
– Жасалмалуулукту жактырбаган, жөнөкөй жар, мээримдүү атамын. Сахнада деле, жашоодо деле бирдей болсом керек.

– Музыкага болгон кызыгуу үй-бүлөдө сизге ким тараптан өттү деп ойлойсуз?
– Үй-бүлөдө атам Тагайбек комуз чертип, ырдап калмай жайы бар. Ошондой эле мен туулуп-өскөн Кара-Кулжа жери – таланттардын кени дейт. Биздин айылда күү чертип, ыр ырдаган тууган-уруктар да көп. Негизинен, атаман өткөн талант десем болот.

– Эң алгачкы сахнага ташталган кадамдар кандай болгон?
– Эң алгач сахнага 2005-жылы ОшМУнун тарых факультетинде окуп жүргөндө факультеттер аралык «ОшМУ мырзасы-2005» кароо-сынагында чыккам. 12 мырза катышып, 1-орунга ээ болгом. Ошондо менин атаандаштарымдын катарында эстрада ырчысы Темир Назаров да бар эле. Ал «Таланттуу мырза» деген наамга татыктуу болгон.

– Эл алдында ырдап жатып ыңгайсыз абалда калган учурларыңыз болду беле?
– 2013-жылдын алдында Жалал-Абаддагы түрмөгө концерт коюп барганбыз. Алып баруучу мени сахнага чакырып, микрофонду сунуп жатып шнурун үзүп алган экен, мен аны байкабай ырдай бериптирмин. Көрүүчүлөр «делай, делай» деп кыйкырып, ышкырып жатса, «мени коштоп жатышкан турбайбы, кыйратып жатат экенмин да» деп ырдай бериптирмин. Көрсө, алар фонограмма ырдап жатканымды шылдыңдашкан экен. Акырында «рахмат» дейин десем үнүм жок. Уялганымдан «менден мурун ырдагандардын баары фонограмма ырдашты. Бирок мен таза үндө да ырдай алам» деп комузумду алып, чыныгы үн менен ырдап бергем.

– Эс алуунун кандай ыкмаларын колдоносуз?
– Мен үчүн эс алуунун эң жакшы түрү бул – уйку. Башкаларга окшоп тоого чыгып же кафе-ресторанга барып эс алам деп көптүрбөй эле чынын айтам.
Чарчап калам аябай, чыгармачылыктан башка бизнесим деле жок. Кээде тойлордо тамадалык кылам. Үй-бүлөмдү багып жаткан кирешелүү тармак ошол эле.

– Той-кечелерди алпарганда келинчегиңиз да жардам берери айтылып жүрөт...
– Ооба, мурун Айпери Кулбаева менен ырдаган «ооба, сизди сүйүп калыпмын. Көрүп алып эстен таныпмын» деген саптары бар «Тамашалуу ырды» азыр тойлордо келинчегим экөөбүз ырдап калабыз. Сейитказы Андабеков байбичеси менен ырдаган тамашалуу ырдын жаш жубайларга арналган вариантын иштеп чыктык, жакында элге тарай баштайт.

Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
13.05.2013. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булонтз менен бактылуу болуп,онорунуз оркундой берсин.
13.05.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула аялы мунара шакылдаган келин да жакшы аял силерди жакындан тааныган досунар
13.05.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жердешим екен ийгилик калайм
14.05.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызынын башына жалаяк жаап алганы жылмайттыда.Омурлуу болсун.Менин кыздарым бул ырчынын Сыргажан деген ырын,тамашалуу клиби менен кунуно жуз ирээт коруп жадататда.Жадакалса тушумдода кором Сыргажанын.
14.05.2013. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин тойдо тамадалык кылган. Чыгармачылык ийгилик, таланттуу мырза чынында.
16.05.2013. 05:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунаранын азыр ушундай куйоосу бар экенине торкуну сыймыктанат! Аксыдан кыз алгыла 'эрке куйо бала' болосунар!
16.05.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу ырчы.Бишкекке барса осмок.Ошто болсо значит КРга тааныла албайт го.бирок алга.Кызынардын башына жалаякты жаппай журунуз Кутя мырза.
16.05.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
prezent, кызы балалык баеолугу менен ойноп жатып, башына жаап алса айып этилбес. Жөнөкөй, кокустан тартылган сүрөт экен.
19.05.2013. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротко озу сулууланбай ар кандай болуп тушуш керек, ошол учун эстелик да. А Курман мырза копуроок ичип коет экен деп уктум эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо