Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

11 ЖАШТАГЫ КЫЗ ТОККО ТАРТЫЛДЫ. ТРАНСФОРМАТОРДУН ЭШИГИ ДАЛЕ АЧЫК

№549 10-май-16-май, 2013-ж

«Кырсык каш-кабактын ортосунда» деген cөз калетсиз эмеспи. Жакында Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылынын кичинекей тургуну Айгерим аттуу 4-класстын окуучусу мектептин короосунда жайгашкан трансформатордогу токко урунуп, айыл тургундары араң сактап калган. Окуяны толук билүү үчүн Ат-Башыга сапар тарттык.

«БОРБОРГО БАРСА АЙЫГУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР»
Алгач Айгеримдин абалын билүү үчүн ал дарыланып жаткан Ат-Башы райондук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө баш бактык. Дале эсине келе элек. Токко урунган кыздын абалы жанында киши чыдап тура алгыс. Денесинин белинен жогору жагы бүт күйгөн. Айрым жерлери алакандай болуп тешилип, ириң чыга баштаптыр. Оор жөтөлүп, анда-санда көзүн ирмеп, кыймылдап жатты. «Кара күйүк тарткан денесинин табы учурда 37.8 градуска түшүп калды» дешти мээрман айымдар.

Айгерим дарыланып жаткан Ат-Башы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы ТАШМИР КОЗУБЕКОВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Наристени «Тез жардам» кызматы алып келди. Ошол күнү, 28-апрелде менин нөөмөт кезегим эле. Келгенде абалы өтө оор болчу. Денесинин 60-70 пайызы күйгөн. Шок абалында эсин жоготуп койгон экен, биринчи медициналык жардам көрсөттүк. Алгач 2 бөйрөгү иштебей калган. Анан үзгүлтүксүз дарылап жатып, азыр заара чыгарып калды. Оозуна түтүкчө менен суюк тамактарды берип жатабыз. Денесиндеги күйүк катуу кыйнап жатат. Күйүк жерлер токсин бөлүп чыгарып, кайра эле ички органдарын көздөй уулуу заттар таркагандыктан, абалы жакшы эмес. 4-майда Бишкектен күйүк борборунан үч дарыгер келип, тиешелүү жабдуулар жок болгондуктан алып кете алышпады. Борбордо дарылоого мүмкүнчүлүк табылса, айыгып кетет деген үмүт бар.

 

«КЫЗ КАДИМКИДЕЙ ЖАЛБЫРТТАП КҮЙДҮ»
МАВЛЮДА НИЯЗБАЕВА, окуяга күбө болуп, Айгеримди сактап калганга жетишкен.
– Мен мектепке жакын жашайм. Үй жумуштарын кылып короодо жүргөм. Бир убакта иним чуркап кирип «трансформаторго кичинекей кыз токко тартынып калды» деп айтты. Чуркап чыксам, жарылган сыяктуу «дүң» деп үн чыкты. Мектептин короосуна кирип барып, көмөк чордондун ачык турган эшигинен карасам, кыз рубильниктер (электр тогун токтотуу, үзүү үчүн жасалган жылдырма калакчалар) бар чоң каалганын ичиндеги токко жабышып күйүп жатыптыр. Эл тез эле топтоло калды. Кыздын бир жак капталы күйүп, башы, чачы кадимкидей эле жалындап күйө баштады. Тыбырчылап, туйлап кыйналып жатканынан куткарайын деп колумду сунсам, мени да ток тартты. Анан «колуңду бер, сени куткарайын» десем, «сизди да ток урат, кармабаңыз» деп ыйлап жатпайбы. Эптеп куткарыштын жолун издеп, эсиме тырмоо келди. «Тырмоо алып келгиле» деп кыйкырсам эле, балдардын бири барып көтөрүп келе калды. Ага чейин Айгерим жалындап күйө берди. Бир маалда бүк түшүп отура калып чыңырып жатканда тизесинин бүгүлгөн жерине тырмоонун сабын салып тартып алдым.
Денесине жабышып күйүп жаткан кийимин сыйрып ыргыттык. Чечинтип жерге жаткырдык да, «Тез жардам» чакырттык. Жарым саатка жетпей алар да келди, ага чейин биз кызды жуурканга ороп койгон элек. «Тез жардамды» көргөндө эле аны көздөй кызды көтөрүп чуркап жөнөдүм. Ооруканага чейин кошо барып, ары киргизишкен жок. Кыз «ата!» деп бир катуу кыйкырган, андан кийин эсин жоготуп, ошол бойдон эсине келген жок.
Көргөндөрдүн айтымында, ошол көмөк чордондун көлөкөсүндө үч кыз ойноп жатышкан экен. Балалык кылып ичине кирип ойношсо керек, атайын ачып киргенге алдары келмек эмес. Анын эшиктери дайым эле ачык турат. Өзүң көргөндөй, кулпу эмес, кулпу салганга чагарак жок. Өткөндө так ушул жерден менин беш улагым токко тартылып өлгөн эле, эми бул кызды ток урду.

ТРАНСФОРМАТОРДУ КЫРСЫКТАН СОҢ КУЛПУЛАШТЫ
Ооруканадан чыгып, көмөк чордон жайгашкан жерге бардык. Мектептин короосундагы кыштан тургузулган көмөк чордондун ичинде трансформатордон үчөө бар экен. Көмөк чордондун үч эшигинин бирине кулпу салынып, сыртынан ороп коюшуптур. Аны да кырсык болгон соң кулпулап бекитишти дейт. Экинчиси болсо темир тосмо менен эшиктин жарымына чейин тосулуп, жип менен байланган. Ал эми үчүнчүсүнүн эшиги дале ачык, ичинде кулпу же чагарагы жок, эшиги ачык трансформатор турат.
Гүлмира Ниязова аттуу Ат-Башынын тургунунун айтымында, мындай ачык калган көмөк чордондор аталган Ак-Жар айылында көп. «Балдардын кайда ойноп жүрүшкөнүн дайым эле көзөмөлдөй албайбыз да. Жамгыр жаагандан кийин малдар токко урунган мындай кырсыктар көп катталат. Бир ай мурун менин уюм да башка бир трансформатордун жанынан өтүп сүйкөнсө керек, токко тартылып өлүп калган»,- дейт.

КОМИССИЯНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮШҮҮДӨ
Мындан улам «көмөк чордондор кандай абалда болушу керек, аны ким көзөмөлдөйт?» деген суроолорго жооп издеп, Ат-Башы райондук РЭСинин башчысы Азим Аалиевге кайрылдык. Ал «учурда бул факт боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө жүрүп жатат. Комиссиянын чечими чыгып келмейинче эч кандай жооп бере албайм» дейт.
Андан соң бул ишти карап жаткан Ат-Башы РИИБинин тергөөчүсү АЛМАГҮЛ КАЛИЕВАдан окуя тууралуу жооп уктук:
– 28-апрель күнү саат 17:30дар чамасында жабык имараттагы көмөк чордонго 2002-жылы туулган Айгерим Дүйшөмбиева аттуу мектеп окуучусу токко тартылып, ооруканага жеткирилген. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып көрүшкөндө көмөк чордондун эшиктери жана ичиндеги трансформатордун ооздору да ачык болгон. Бул боюнча атайын адистерден турган комиссия түзүлүп, иш алып барууда. Ал эми жабыркаган кыз боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгы чыккандан кийин ошого жараша иш жүргүзөбүз.

«АЙГЕРИМ УЧУРДА ЖАРДАМГА МУКТАЖ»
Кичинесинен багып чоңойткон таякеси МУРАТ ДҮЙШӨМБИЕВ төмөнкүлөрдү билдирди:
– Айгеримдин атасы менен апасы кыздар кичине кезинде эле ажырашып кетишкен, кийин апасы каза болуп калган. Атасын тааныбайт дагы. Айгерим эжеси экөө апамдын колунда чоңоюшту. Апам биринчи топтогу майып, эки көзү көрбөйт. Окуя болгон күнү мен Бишкекте болчумун. Мага телефон чалып билдиришти. «Дары-дармек ала кел» дешкенинен таба алгандарымды алып келсем, ооруканада экен. Абалы оор. Бишкектен келген дарыгерлер «кычкылтек жетишсиз» деп коюп кетип калышты. «Менчик ооруканалар бар, аларда оорулууну алып кеткенге толук жабдуулар болот, бизде андай жок» дешти. Учурда тиешелүү жерлерге кайрылып жардам сурап жатабыз. Айгерим эки күн мурун эсине келип, «ата, мени алып кетиңизчи» деп сүйлөгөн. Мени «ата» деп чоңойгон да.
Боорум ооруп, жооткоткон сөздөрдү айткыча эле кайра эсин жоготуп койду.

Учурда окуя боюнча комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүрүп жаткан чагы. Ал эми айыл тургундары жана Айгеримдин туугандары Ат-Башы райондук РЭСин күнөөлөп жатышат. Негизи эле мындай трансформаторлор кулпуланбай ачык турганын кай жерге барба көрүүгө болот. Малга го мейли, адам өмүрү баарынан кымбат, кыйбас экенин тиешелүү тармак түшүнсө кана?! Тиешелүү чечимдер чыккан соң бул ишке дагы кайрылмакчыбыз.
Ал эми сиз, окурман, көчөт кыздын тагдырына кайдигер карабайм, көмөк берем десеңиз, таякеси Сүйүндүктүн телефон номери: 0773 747674

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(42)
13.05.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо кудай ай,кайдыгерчиликтен качан кутулабыз.Жаш балдарды озубуздой баарын билет деп ойлобойлучу.
13.05.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарын районундагы мектептерде жардамга деп, окуучулардан тузулгон мектептин депуттары акча чогултуп жатышат. Жараткандын козу туз болсо болду, бул да кырсык да. Эми ар кимди куноолобой мындан кийин ушундай окуялар болбошун алдын алыш керек. РЕСтин кишилери деле куноолу болуп, ичтеринен сызып жатышса керек. Эми болгон ишти кайрый албайбыз да. Айыгын кеттусун гана Жараткандан тилоо керек.
13.05.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу шыпаасын берсин.
13.05.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ананайын ай..:( :( :( Редакция, Ушул кызга жардам бергенге банкта счет ачылганбы? болсо дарегин, номерин жазып койгулачы...
13.05.2013. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиги РЕСтин чондору акча жегичекти кичине кулп салыш кыйын бекен? кичине кыздын омуруно зыян келтириптир журогун ооруйт го ээ кудай
13.05.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо,
Суйундук байке банктардын биринен эсеп ачыптыр деп айтышты мага. Ошону билип макаланын аягына жазып коюнуздар. Боорукер, жардам берем дегендер коп эле...
13.05.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш ий аллах шывасын берсин карашбайбы тоба боорум ооруп жатат
13.05.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
светтин акчасы дегенде кууп,соттошушат болбогон тыйынга. мындайда бир адамды чала жан кылып комиссиянын жыйынтыгын кутот бекен,толош керек надо будет дары дармегин. и то аздык кылат жоопко тартылыш керек куноолуулор
13.05.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
байкуш кыз кудай озу жардам берсин ушу качан кайдигерчиликтен кутулат экенбиз эхх, качаан бироону басып калганда, бироосу куйуп буткондо анан секиииин башты тырмап кыймылдап калабыз жергиликтуу РЕСти жоопко тартыш керек дары дармегин толосун уятсыздар светтин акчасына жугуруп келет , ушундай кандай бир эшике кулпу асып койушпайт
13.05.2013. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
13.05.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми Кудайым буйруса Атбашыдагы баардык трансформаторлорго кулпу салынат!Азим Аалиев эсине келээр.РЭСтин чондору дары дармегин толошсо болмок.
14.05.2013. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айыл ели окмотту карап еле отура бербей оздору еле тосуп салышпайбы
14.05.2013. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooi kudai iylap aldim ayagip ketsin baikuw ai ata enesi da jok bolso
14.05.2013. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Super info, amerikadan kantip akcha jonotsom bolot. Amerikadagylarga schet achyp bere alyshat beken, tayakesi. 50 dollardan da bolso jardamybyz tiymek, oshonu bilip bergilechi suranych
14.05.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana,

Счет ачыптыр деп уктум. Чалып корунуз таякесине. Жардам берип жатышат колунан келгенче...
15.05.2013. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana, maga tayakesinin nomerin berip koygulachi suranych
14.05.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай окунучтуу. Ыйлагым келип жатат.
14.05.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой биздин башчылар жегенге жараша ушул жакты да карап койо жакшы болмок да, оздорунун балдары урунса анан корот элем да,кантип чуркашаарын,наалат силерге((((((((((((
14.05.2013. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай боодо кырсыктан кудай сактасын, сак айыгып кетишин каалайм,омуру узун болсун!
14.05.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токко тартылган Айгеримге жардам бергиси келген окурмандар төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип, байланышсаңыздар болот.
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=64483
Модератор admin_media түзөттү 15.05.2013 09:44
14.05.2013. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
РЭСтин жумушчуларын айыпка тартуу керек.Башчысын иштен алыш керек,трансформатор деген адам омуруно ото коркунучтуу,олумго дуушар кылуучу нерсе экенин билбейби?Кудайым озу сактаптыр наристени.Батыраак айыгып кетсин. Мал токко урунганда деле РЭСтин бир да жумушчусу мээсин иштетип тосмолоп койбоптурда.Жазалаш керек ошолорду.
14.05.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
33SUUN, Кайдаан.башчысын иштен алып,РЭСти жазалаш чиновниктердин колунан келбейт.Светтин акчасын доолашса тим эле аркандан сая тушуп алышат.60сомго кулпу алып салып койушса жакшы болмок.Ушул эле окуяны кутуп отурушкан да.эми точно кулпу салышат!
14.05.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!Айгеримге чын ден соолук жаркын келечек каалагандан башка соз келбей атат мага мен окуп алып шок болдум.почему взрослые такие черствые
15.05.2013. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chika78,
Саламатсызбы! Сиздин билдирүүңүз толук жазылбай же сакталбай калган болушу мүмкүн. Өчүрүлгөн эмес.
15.05.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токко тартылган Айгеримге жардам бергиси келген окурмандар төмөндөгү шилтеме аркылуу кирип, байланышсаңыздар болот.

http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=64483
15.05.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Форумчулар, баарыныздарга рахмат!!! Бул менин инсандык ыраазычылыгым. Суперстандагы ойлорунуздарды да окуп, журогум жылыды. Айгеримди көрүп келген соң мен дагы 2 күн шокто жүрдүм. Буйурса жакшы болуп кетет деген ишеничтемин, ИншАллах!
15.05.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызга бекем ден соолук, омуру узун,келечеги кен болсун.Кудайым апасынын калган омурун ушул кызга буюрсун! Мен мурдагы билдируумдо; " кантип борборго алып келгенге болбосун, МЧСтин вертолетунда болсо да, бул да кырсык го" деген оюмду жазган элем.
15.05.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдын ширенкедей болгон кулпусуна акча жетпей жатабы,эмне?Эми ушул жакшыбы,бешиктен бели чыгалек баланын омуру соолуп жатат!!!:'(
16.05.2013. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Секетинкетейн айгерим ылайм жакшы болуп кал окуп жаман журогум ооруду менда ойсанаада калдым озум алыста журом иштеп балдарым айылда кудайым озу сактасын.
16.05.2013. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рестин началнигин сотко бериш керек сабаты жок элебироо пара менен началник болуп отуруп алганда ал озу пилус минусту да билбесе керек ошондойлорду карашпайта бироо эле акчасын толобосо зымын узгонго жугурот.
17.05.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба жакшы болуп кетсин!! кудайдан суранып туралы. А биз болсо келгиле жардам берели акция откоролу, кайдыгер карабайлык уйбулолук ахыбалы да оорураак экен. достор замандаштар http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=64483 ушул аркылуу кирип кайдыгер карабаган жаштар бар болсо байланышалы колдон келген жардамымызды аябайлык.
18.05.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай шалакылык качан токтойт, элдин камын көрүш керек да мамлекет кызматкерлери.
18.05.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да иним токко тартылып каза болгон ошол убактагы трансформатыр азыр деле ачык эн окунучтуусу айыл окмотунун иштебегендиги тосуп койсо болот да ошол жерди баарын жазалаш керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо