ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

№549 10-май-16-май, 2013-ж

(Башы өткөн сандарда)

Чыгармачыл топ касиеттүү Талас өрөөнүндө концерт коюп жүрүшөт. Кыз ары басса деле, бери басса деле баягы гитарада ырдаган арыкчырай жигит жандап жүрүп алды. Бир чети буга Асмандын ачуусу келди, бир чети эски сүйүү дартын унутуш үчүн аны менен баарлашканга кайыл эле. Жигит шоктук кылбайт, аша чаап тамашалап же дароо эле сүйдүм-күйдүм дебеди. Сөз таап сүйлөгөн, оор басырыктуу жигит болгондуктан, Асманга ал мүнөзү жагып турду. Башка балдардай болуп ырсалаңдап тийишпеди деле, жөн гана түшүнүктүү тил менен сүйлөп, Асман орусча сүйлөсө кыргызча жооп берип коёт. Жалаң жаш ырчылар келгендиктен, анын үстүнө анча-мынчалары ушул аймактын кулундары болгондуктан, эл жакшы кабыл алды. Кыйкырык-сүрөөн менен концерт коштолуп, Таласта 5 күн жүрүштү, кыдырып. Кетер күнү Нургуля Асманга карап:
– Мирзат менен сүйлөшүп баштадыңбы?
– Ким? Менби, жөн турчу, ай.
– Жашырба, элдин баары эле силерге билинбегени менен айтып жатышат, элдин көзү силерде.
– Эмне деп айтып жатышат?
– Эки жүрөк табышты деп.
– Ха-ха...
Нургуля калп коштоп каткырды. Деген менен ал кыз да ичтен Мирзатты жактырып жүргөн. Мирзат жакшы сүйлөп, СМС жазып, кээ бир майрамдарда куттуктап койгону болбосо,
сахналашы катары гана көрөт Нургуляны. А Нургуля анын баарын түз мааниде өзүнө кабыл ала берген экен, Таластагы гастролунда жигиттин көңүлү башкага түшкөнүн көрүп, көөдөнү ооруп калды ичинен. Бирок муну курбусуна кантип айтмак эле? Ортодогу
тыныгуудан кийин Нургуля сөзүн улады.
– Эки жумадан соң кино тартууга киришет турбайбызбы, чындап катышасыңбы?
– Албетте!
«Тартылбай эле койсоң болмок. Сага бышырып коюптурбу» дегиси келип кетти ичи бышкан Нургулянын. Бирок сыртка чыгарбады.
Бирине экинчиси окшобогон күндөр өтүүдө. Министр Ардак Рахимович чакыртыптыр, болгондо да Исманды жөнөтүптүр. Балким, Исман атайылап келгендир. Үн катпай машинага
отурду да, колуна телефонун алып, максатсыз чукулап баратат. Исман не демек, «кандай?» дегенден башка сөз айтпады. Анткен менен мындай кырдаалдан экөө тең чыга албай
турушат, эмне дешет, кандай жооп болуп кетет деп кооптонуу бар, коркуу бар экөөндө тең. Жымжырттыкты Асмандын телефонуна келген СМС бузду. Кыз көзү бакырайып,
сүйүнүчкө толуп кеткенин күзгүдөн карап байкап койду жигит. Мирзаттан экен. «Бүгүнкү күнүң куунак өтсүн, шайыр кыз!» Башка убак болсо жооп бермек эмес. Машинанын ичинде аба жок болуп тумчугуп кете жаздап отурганда ырас болду. «Рахмат!» деп кыска гана жооп берип койду эле, кайра жооп келди «эч нерсе эмес, менин күнүм кантип сенсиз өтүп жүргөн билбейм!» деген.
Кыз жылмайып, кайра жооп жаза баштады. «Ушинтип эле...» деп. Айтор, СМС жазышып отуруп министрликке жетип келишти, кабинетинде демейдегидей чалкалап отурган экен.
– Кел, карындашым, эмне ичесиң?
– Рахмат, келдим! Жок, рахмат, эч нерсе.
– Кой, анткен болбойт, кофеби?
– Ммм...
Асман дагы эмнени баштап жиберер экен деп чочулап турган.
– Азаматсың, сенде таланттан да өжөрлүк, ийкемдүүлүк күчтүү көрүнөт. Маданият тармагында такшалып баратасың!
– Рахмат, сиздей агалардын жардамы аркылуу талантымды элиме тааныта баштадым.
– Менден жардам керек болсо тартынба, менден коркпо, келгениң үчүн рахмат,- деди.
Болду, айтканы ушул сөз экен. Асман сыртка чыгып жеңил дем алды, «демек, мени коё берди, эркин кушмун» деп кыйкыргысы келди. Ушул убакта дагы СМС келди, эми Асман
сөздү таап туруп билдирүү жөнөтүп ийди. «Мен кубанычтамын, билбейм, өзүнчө бүгүн башкачамын» деп, Мирзатка. Эмнегедир дароо жооп келбеди жигиттен. Чалбады дагы, «сен
да башкалардан айырмаң жок маймыл экенсиң» деп ичтен ызырына түштү. Бекер эле санаага баткан экен, түнкү саат 12ни какканда телефон чырылдады. Алса жигиттин коңур үнү
«туулган күнүң менен, туулган күнүң мене-е-ен! АСМАН!» Кыз күлүп жиберди, чындап эртең туулган күнү да,бир жума мурун даярданып баштачу эле, быйыл окууга кирем деп, бир жактан гастролго көп чыгып жатып чама-чаркы келбей калыптыр.
– Рахмат, сен экинчи болдуң!
– Эмнеге мен биринчи эмес?
– Мени жарык дүйнөгө алып келген апам эч качан унутпайт, бүгүн эртең менен эле чалып баштаган, «эртеңки туулган күнүң менен!» деп, ошо.
– Эртеңкиге кандай план бар?
– Ммм, билбейм, гезитте иштеген досум бар, ал «уюштур, сүрөт баян кылабыз» деди эле.
– Жакшы экен, чакырылчу коноктордун катарында бармынбы, ошону билейин дегем?
– Албетте! Өзүбүздүн баягы эле компания да.
Эртеси толкунданып турду кыз. Борбордогу бир кафеге барып алдын ала акча таштап, кечки саат 7ге 10 кишилик орун ээлеп кетти. Куттуктоолор келип, айрым достору, эже жездеси артынан сая түшүп отуруп белектерин бергенге үлгүрүштү. Бир убакта Нургуля чалды.
– Туулган күнүң менен, Асуля! Бактылуу бол, көп жаша!
– Рахмат! Келесиң да, ээ, бүгүн?
– Ооба, биздикилер эртеден бери чалып жатышат, барабызбы деп.
– Барбай турган оюңар барбы, ии, силердиби?!
– Мен жалгыз барбайм, аяшың кошо барам деп жатат, кызганчаак да.
– Ого, келе бергиле мейли.
Бүгүн Асман 22 жашка толуп отурат. Муну менен теңдердин айрымдары 2ден балалуу болуп калышса, айрымдары окуп, иштеп жүрүшөт. Ал эми Асман аларга караганда тыңчыкты, 22 жашка келип башынан бар-жокту, өйдө-ылдыйды өткөрдү. Шоу-бизнеске да аралашып, апасы экөө базарда бизнесин да жүргүзгөнгө жетишти. Кыпкызыл кийинип, салонго
барбай эле өзү боёнуп, апасын ээрчитип кафеге келди. Стилист досу бар эле, ал да сүйлөшкөн кызы менен келип күтүп туруптур. Дагы киного чогуу тартылабыз деген сахналаш достору да бирин-серин келе башташты. Бир убакта кызыл кофта, кыска юбка кийип Нургуля келди,
спорттук кийимчен жигитти ээрчитип.
– Ой, бүгүн баарыбыз кызылбыз го, куттуктайм, бактылуу бол, Асуля!
– Рахмат, сен да. Бул жак болочок аяш болобу, э?
– И, таанышып алгыла.
Жигит жайдары мүнөз экен, отургандар менен бат эле тил табышып кетти. Улам бири кечигип келип, куттуктоодо. Кыскасы, туулган күн кызыгына келгенде колуна кыпкызыл розаларды көтөрүп Мирзат кирип келди. Асман чынында муну күтпөгөн эле, күлүмсүрөп туруп берди.
–Туулган күнүң менен, Асман!
– Рахмат...
Жаштардын арасында апасы өзүн ыңгайсыз сезип кетти көрүнөт, «силер көңүл ачып отура бергиле, мен барайын» деп уруксат алып жөнөдү. Мына эми кызык башталды, ыр-бий, түркүн жер-жемиш, дүйүм тамак, айтор, шаңдуу компания. Көпчүлүгү ырчылар болгондуктан, микрофон талашып ырдап бүтпөй эле коюшту. Бир убакта жеңил бий башталып, Нургуля жигити экөө бийге чыгышты, калгандары карап отурмак беле, эки-экиден чыга башташты. Сылык-сыпаа келген ырчы жигит Асманды бийге чакырды. Жай музыка ыргагында Мирзат менен Асман термеле бийлөөдө. «Сен бүгүн өзгөчөсүң, өзгөчөм» деди бир убакта кулагына шыбырай Мирзат. Асман укмаксанга салды эле, кайра кайталады, «өзгөчөм менин!» Кыз жүрөгү дүкүлдөп кетти, адам көңүлү өтө жумшак болот окшобойбу, айрыкча бат ишенчү Асмандын көңүлү көтөрүлө түштү. Жигит кызды кучагынан чыгаргысы келбей бийлөөдө. Бир убакта оюн башталды. «Баарын ачык айтыш керек» деп улам бири-бирине ыңгайсыз суроолорду берип, жооп бергенге шаштырышат. «Алдаба, туура айт» дешип. Нургулянын жигитине бир кыз «кесибиң өзүңө жагабы?» деп суроо берди эле, жигит «мен «Дордойдо» иштейм, базарда отурам, мунун уяты жок. Кесибим эколог, бирок бүтө элекмин» деп жооп берди. Эми кезек Мирзатка келди. Мирзат көпкө ойлонуп туруп «мендик болчу» деп жигит суранса, макул болор белең?» деп Асманга карай башын бурду...

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 531-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 532-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 533-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 534-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 535-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 536-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 537-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 538-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 539-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 540-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 541-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 542-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 543-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 544-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 545-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 546-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 547-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 548-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 550-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 551-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 552-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 553-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 554-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 555-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 556-сан
Комментарийлер(38)
13.05.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын эле жазып койсонор сонун болмок,куто берип журок оорулу болуп калабыз го
13.05.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uuff dagy 1 juma!( Asmanga jinim kelip ketti jigitine och0shup ne owondoi kiwi m,n bliin(( serial eken da(
13.05.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асмандын туулган куну,газетага сурот баяндама, кыздын белинен кыса кармап бийлоо, оюн ойношуу баары эле башта, супер инфо Бактыгул Бадыеванын туулган кунундогу фото баянга окшошуп кетип жататда))))
14.05.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza_eliza, Ooba ooba.Kalp aytpasam Urmat ekoo biylep jatkan surot"Sezimimdi tutandyrgan tumar kyz"-degen saptar m-n koshtolup chykkan.Esimde Nelya kyzyl (tipa shatlanka)koinok kiygen.)))
13.05.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асман м.н Мирзат киного кыз жигит болуп тартылат.
13.05.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реалга аябай эле окшош экен! Урмат фильм тартылгандан кийин , Урматтын кээ бир интервьюлары эсимде Бактыгулдун кандай экенин билип буткон, мен ойлогон кыз эмес деген сыяктуу! Форумга да кшул сыяктуу жооп жазыптыр эле!
14.05.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lady555, туура айтасынар кайып булак киносу болуп жрбосун аа.
13.05.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирок Урмат баары бир Бактыгулду суйо тургандай сезиле берет, хотя азыр уй-булолуу болсо дагы. Негизи биринчи суйгонуно эч ким жетпейт жана ошол адамдай чужой адам да эч ким боло албайт деп коет экен го...
13.05.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na, Туура айтасын мага да ошондой сезилет,Биринчи эстен кетбейт.экинчи баркка жетбейт деген соз бар,Биринчиден калба,экинчиге басыб барба деб коет кыргызда ошон учун кудайым баарыбызды бактылуу кылсын.Аябай кызык жерине келди эле дагы кутобуз айла жок,башка сериалдарга кызыкбайт элем,Жылдыздуу Асманга аябай кызыктымда кун санаб.
15.05.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigulkg, койгула эми неля менен урмат жок жерден чатакташып журушпосун.
15.05.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na, Бактыгул Урматтын биринчиси деп ким айтты
13.05.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men tuwunbodum. Owondo Asman wefi m.n jatkanby je jokpu? Aityp koigulachy.
15.05.2013. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alai_kyzy, ooba jatkan konsertten kiyin. Murunku seriyasyn okusanar
13.05.2013. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле Бактыгулдун берген интерьвюларына окшошуп кетип жатат. Балким, Бактыгулдур, балким башкасы...
13.05.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу заказ берип жаздыртканбы,же бироонун турмушун уурдап жазды бекен.Кантседа,жашоосуна кедергисин тийгизбесе болду.Гулдон гулго конгон кополоктойле болуп калдыго.А берки Неля айым окуп кандай акыбалда болуп жатат экен.Озу жонундо жагымсыз создорду окуп отуруп......Жазган адамды сотко берип салбаса болду))))).
Дордойдо иштеген Нелянын жигитида эртен интервью берет элем деп келбесе болду)))))
13.05.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жума кутуу.
13.05.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу жерине келдиго.Уландысын кутобуз.Ушу чыгарма кызык болдуда мага.
13.05.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, жашоодо баары болушу мумкун. ошентсе да кудай сактасын!!!
13.05.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле Бактыгулбу? Мумкун биз жанылышып жаткандырбыз. Бул жон эле ойдон чыгарылган чыгарма чыгар. Айгул Шаршендики сыяктуу.
13.05.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык!!!Тезирээк бутсо экен!

13.05.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktigul kizil koinok kyip urmat mn ku4aktawip bir kezdegi jigitim dep tuwkon surotu bar ele go
13.05.2013. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан жанагы чиновник А.М болобу ошондо???Ия?
14.05.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
allan, A.M ubagynda ministr boldu bele?estey albay jatam.Bilbeysinbi?Anda Isman K.K. bolup kalaby?Ubagynda A.Mdyn kolunda ishtese kerek da??????
13.05.2013. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyguldun birde bergen interviewsunda ozumdun turmuwum jonundo kitep jazgany jatam degen bolchu.
14.05.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул точно эле бакуля,урмат экоонун бактыгуль туулган кунун кандай откорду деген суроту чыккан,анда экоо еще журо элек болчу,жон эле четинде сезимдерди тутандырган тумар кыз деген жазуу бар болчу.
14.05.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men ushul chygarmanyn bashkacharaak versiyasyn bashka MMKdan okugam.Jalpy syujeti ushunday ele okshosh.Menimche Bakulya ejebiz mykty jazuuchuga bayndap berip,jazdyrsa kerek.Emi bul jerde Nurgulyany Asmandyn koz karashy m-n surottop jatat.B.a (bizdin oyubuzcha Bakulyanyn).Balkim al bashkacha oilongondur.......
14.05.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baryp-baryp oturup Bermet yrchy bolup chykpasa boldu.Je bolboso dagy bir klasstashy.Al B.K.
15.05.2013. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelechekbizdiki, b. k kim ay?
14.05.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен ушул сериалды окуганда бактыгулду асмандын ордуна койуп алып окуйм.
14.05.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койгулачы, кайдагыны айтпай. Бул деген чыгарма да, жон эле окуп койбойсунарбы, тигиге окшош экен, буга окшош экен деп изилдей бербей! Жашооджо дал келуулор, окшоштуктар болушу мумкун. Келерки санда эмне болор экен коптон жазып салса жакшы болмок автор
14.05.2013. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 2 кун болду башынан окуп чыктым, кызык чыгарма экен, мага жакты, баарын эле жазып коюшса жакшы болмок
15.05.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул китепти жакынкы кундон баштап эле окуй баштатадым кызык чыгарма экен. Бул китепти окуп жатып бир жагынан артистердин кошого артындагы жашоосу чагылдырыптыр беш кол тен эмес дедейт го мумкун Б.Бадиева эмести.
15.05.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshondo urmat nelyany kayip bulakta jaktyryp kalgan da ee?
15.05.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tea23, шашпай куто туралы анан билинет да.
16.05.2013. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул эжебиз озу эле.Эми Сары-Челеке кино тартканы барышса керек.Булардын мурда тарткан киносу бар эмес беле "Кайып булак"деген.Ал кинодо Урмат,Нелья,Бакуляда бар.
16.05.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Бактыгуль Бадыеванын чыгарган китеби екен 100%
17.05.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
simpotichnaya-tina, jok, Badyeva jindi emes da, "men ministr menen jatkam" dep jazmak bele.
16.05.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))) Анда чыгарманын кандай бутушун билесинерда)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо