Айпери Сыдыкова:«ЖАҢЫ ЫРЫМДЫ ЫРДАБАЙ ӨЛҮП КАЛАТ ЭКЕМ ДЕП ОЙЛОГОМ»

№549 10-май-16-май, 2013-ж

«Апакай ак куу», «Эркем менин» ырларын назик үнү менен элге жеткирген Айпери Сыдыкова турмушта тыпылдаган бышык адам. Аны менен баарлашып отуруп, алдыга койгон максатына өжөрлүгү менен жете алган аялзатынын катарын толуктаарын билдим.

– Айпери, ырчылар «бала кезде эле таракты микрофон кылып ырдачумун» деп калышат, сенде да ошондой болду беле?
– Атам чачымды 6га чыкканча устара менен алып салчу, «коюу болот» деп. Чачым жок болгондуктан, майканы башыма кийип чач кылып, таракты микрофон элестетип, күзгүнү карап ырдай берчүмүн. Эжелерим «ырчы сулуу болот, сендей кантип болсун...» деп өңүмө тийишип чычалата беришчү. Мектепти бүткүчө кесип тандоодо ар кайсынын башын айтып жүрдүм. Акыры бийчи болууга токтоп, мектепти бүтөр жылдары эки жыл катуу алектендим. Анан эле «Кыз-Бурак» тобуна тандоо болуп, өтүп кеттим. Эки жыл «Кыз-Бурак-2де» жүрүп, анан негизги курамга киргем.

– Топто жүрүп эмне таптың?
– Микрофон көтөрүп ырдаганыма эле сүйүнүп жүрө бериптирмин. Келечекке деле максат койбогон экем. Азыркы жаш кыздардын «турмушка чыгып, мынча балалуу болушум керек» дегендерин угуп, мен булардай кезде минтип ойлонбоптурмун деп кейип калам. Эмне таптым, эмне жоготтум, басып өткөн жолума өкүнүү жок.

– Топтон кеткениңе эмне себеп болду? «Атасы молдо, ошон үчүн кетиптир» деп уктум эле.
– Гүлшайыр эже 10 жыл иштейсиңер деп калчу. 10 жыл иштесем деле болмок. Жашым 17де болсо, 10 жылдан кийин 27ге чыгам, жашым өтүп кете электе эртерээк кетип калайын деп ойлоно баштадым. Ырдасам жеке ырчы болоюн же таптакыр чыкпайм дедим. Атам чын эле беш маал намаз окуган такыба адам. Бирок менин баскан-турганыма тыюу салбайт, кадимки кыргыз аталарындай эле мамиле жасайт. Тыюу салса башында эле ырдатпай коймок да, туурабы?
Топтон кеткенден кийин ар түрдүү ушак сөздөр жанга батты. Угуп маанайым чөктү, ызаланып ыйладым. Адамдын кулагы укпай, көзү көрбөй турган жерге кетип калгым келди. Орусиянын жарандыгын алган эжелерим бар эле, ошол жакка кетип калдым. Ал жактан ырчы Фатима Султановага жолуктум. «Сен ырдашың керек, эмнеге таштап саласың?» деп ал кайра Екатеринбург шаарына алып келип, бир кафеге ырдатып койду. Түнкүсүн ырдап, күндүз уктоо режимине көнө албай аябай кыйналдым. Үйүрүнөн бөлүнүп калган жылкыдан бетер өзүмдү абдан жаман сезип жаттым. Эптеп жарым жыл иштеп, кайра Москвага кетип калдым. Ал жакта кафеде, барда иштеп жакшы эле акча таап жүрдүм. «Айперинин үнү жок, топтон ырдай албаганы үчүн кетиптир» деген сөздөр абдан курчутту. Ошондон улам «ырдай алганымды далилдейм» деп сөзү-обону өзүмө таандык «Апакай ак куу» деген ырымды жараттым.

– Бул ырыңдын клибинде ачык тартылган жерлери бар, ата-энең эмне дешти?
– Тартуучу топ Ташкенттен келишкен. Өздөрүн профессионалбыз деп макташканынан аябай ишенип алыптырмын. Аэропорттон тартышыбыз керек эле, тартчу күнү барсак жетекчилиги жок, уруксат ала албай калдык. Ошондон улам сценарий бир аз өзгөрүп кетти. Ал кезде менин тааныштарым көп эле да, ресторан, квартира, машина дегендерди өзүм таптым. Кыз менен жигит тартылып жаткан учурду өзүм да көргөн эмесмин. Бүткөндөн кийин көрүп алып эмне дээримди билбей калдым. «Ушул боюнча кала берсинби?» деп актёрлордон сурасам, каршы болушкан жок. Силер көргөн ачык кадрлар эки-үч жерин кесип салып жарыкка алып чыгаргандагыбыз. Ата-энем клип тартылбаган сыяктуу эле бир да сөз айтышкан жок. Кыязы, бирдеме дештен өздөрү уялышты окшойт.

– Дайыма эле агентте отурасың, жолдошуң кызганбайбы?
– Өзү деле агентте көп отурат.Агентти ачып коюп тамак жасап же кир жууп жүрө берем. «Эмне кылып отурасың?» десе, «интернеттемин» деп бир нече баракчаны ачып коём. Мирзамир экөөбүз интернеттен таанышканбыз да, ошондуктан экөөбүз тең жакшы көрөбүз. Кызганбайт, достору кээде тамашалап «Айпериге тийишип коёюнчу» десе, «тийишип көрсөң, бетиңди тытып алат» деп кайра аларды өчүрөт.

– Жолдошуң менен интернеттен таанышыпсың, көрүшкөндө кандай сезим болду?
– Көргөндө эле «меники болот» дедим. Биринчи жолу кафеде отурганыбызда эле колумду сурады. Тамаша иретинде кабыл алып, «датаны 10.10.10 кылбайлыбы» деп койгом. Бир күндөн кийин «сен айткан күн бош эмес экен, тогузунда үйлөнмөй болдук» дейт. Олуттуу иш экенин ошондо сезип, жан талашып кийимдеримди чогулта баштадым. Ал Кара-Көлдөн, мен Ош шаарынан болом. «Биздин салт боюнча, ата-энең келип мага сөйкө салып кетиши керек, болбосо туугандарым уруксат бербейт» дедим.
Аңгыча Июнь окуясы болуп кетти. Мен жашаган көчө менен өзбектер жашаган көчө катарлаш. Эркектер үйгө таптакыр киришкен эмес, таяктын учуна бычак сайып алып сыртта күзөттө турушту. Ошол убакта Мирзамирге арнап «Эркем менин» деген ырымды жазгам. Жаңы ырымды ырдабай өлүп калат экем деп ойлогом. Баары мен ойлогондой бүткөн жок. Эл тынчыгандан кийин кайын журтум сөйкө салып кетишти. Жаңы ырымды тойдо ырдасам деген оюм ишке ашпай, тойдон 20 күн өткөндө борборго келип жаздырдым.

– Интернетте колдонуучулардын сөздөрүнө чычалап урушуп калганыңды көп көрөм...
– Дайыма эле чычалай бербейм. Адамда душман да, дос да бар. Кээде душманымдын достору жазып киришет. Алардан кем калышпай мен да жазып баштайм. Ырайымды бузуп, жиним келип жазбайм. Каткырып отуруп алып уруша берем. Негизи, таарынчаакмын. Айтылган сөздүн баарын түз кабыл алам. Менден күнөө кеткенин сезип калсам, жалдырап кайра-кайра кечирим суроодон уялбайм. Кек сактабайм, бүт эмоцияны сыртка чыгарганга аракет кылам.

– Айрымдар менен пикир келишпестик болгондо элге жарыя кылбай, бетме-бет барып сүйлөшүп алсаң болбойбу?
– Дароо эле элге жарыялабайм, алгач телефон аркылуу сүйлөшөм да, бардык нерсени. Кепке келбей жатса, анан мен эмне кылышым керек? Мурун бир кеп уксам деле көзүм шишигенче ыйлап калчумун. Азыр мага баары бир. Сабырдуулук кылганды үйрөнүп алгам. Сатып кеткен адамдардын деле кылыгын унуттум. Ушул жерден пайдаланып, ырчылыгымдын пайдубалын түптөгөн Гүлшайыр эже менен Кенже эжеге ыраазычылыгымды билдирем. Таарынычтарды сактай берсем, өзүм кыйналам.

– Балаң канчага чыгып калды?
– Августта 2ге чыгат. Аты – Исак. Кылык-жоругу менен атасы экөөбүздү кубанычка бөлөп жаткан учуру. Бала менен отуруп чыгармачылыгым бир аз каралбай калды. Ырларымдын көбүн радиого ылайыктап жазчу элем да. Тойго чакырып калса эле шаңдуу ырым жок, учурда шаңдуу ырларды жазып жатам.

– Келечекте өзүңдү профессионал ырчылардын катарынан көрө аласыңбы?
– Ырдоо – мен үчүн жөн гана хобби. 2-3 жыл ичинде бизнес ачсамбы деп жатам. Бир кезде жаңыдан чыгып келе жаткан жаштарга продюсерлик кылсамбы деп да ойлочумун. Болочокто жеке ишкер же продюсер болом, буюрса.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Айпери Сыдыкова: "Жаңы ырымды ырдабай өлүп калат экем деп ойлогом"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(56)
13.05.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айланайын бетине мынча коп чаптаган
,чыгармачыл ийгилик.
13.05.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оба жакшы кыласын кыз бурактан кетип сага ийгилик. кетпей жургонундо эчтемкеге жетишмек экенсин и репутацияндагы бузулмак азыркыларга окшоп
13.05.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Агентинди ташта, балан 2 ге чыгып калыптыр. Чыгармачылыгына ийгилик.
13.05.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talastan,Сага эмне ким канча олтурат ар ким озу билет сенен сурабайт
13.05.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгиликтер коштой берсин...
SUPER.KG видео
13.05.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогонуно караганда,назик боорукерго,бирок апакай аккуу деген ыры олло жагатта,эл баалайт деген ушулда бирда терс комментарии корбодум азаматсын уйбулолук бакыт и ийгилик сага!!!
SUPER.KG видео
13.05.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын так-так суйлой экен,кээ бир ырчылар суйлогон созун таппай,дудалактап калышат го.
13.05.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызыгы АГК менен катышат болду бекен? Уну тунук айым, бар болсун, а интернетке келсек чеги менен колдонуу аша чапкандык болбойт го...
13.05.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернетте олтурса эч кандай жамандыгы жок баласын да карай берет жумушун да бутуро берет негизи таланттуу ырчы сонун бийлет
13.05.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баласы куйосуно копия го омурлуу акылдуу болуп чонойсун
13.05.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
назик суйлойт экен молодец жаш болсон да озунчо аракетинди корсотуп атасын алга бактылуу бол айпери
SUPER.KG видео
13.05.2013. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааааааааааябай жагат да ушул эже
13.05.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
A4uk airum eken ...sizge 4ugarma4uluk yigilik kaalaim,ui buloonuz mn baktylyy bolunuz...
14.05.2013. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бетине чаптайбы,чаптабайбы озуно жарашса болду.жакшы жар,мээримдуу эне,таланттуу ырчы.чыгармачыл ийгилик,уйбулолук бакыт каалайм,Кудайым дайыма коралбас,душман,жамандыктардан сактасын ылайым!бар бол дайыма!
14.05.2013. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакпайт эле мурун бул айпери ,бирок ушул кыстарылган видеону коргондон киин толук оюм озгорулду аябай кыргызчаны так жана орду менен суйлойт экен!негизи кичипейил адамдай корунот!шоу биснесте онорун оркундой берсин айпери!ийгилик!
14.05.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Айпери мен сени эн жактырган куйормандырынды бироосумун билесин куттуктайм АЙПЕРИШКА ылайым талантын сага албан албан ийгиликтериди гана алып келсин АЛЛАХЫМ оруу сыкоодон наары кылсын кыргыз элине жакшы чыгармаларды чыгара бер сени суйуктуу куйорманын АЙБЕКFacebookAIAIBEK
14.05.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамал Кабулова экоонун аткаруусундагы Апакай аккуу деген ыры аябай жакшы чыккан,ундору бири-бирине шайкешип,оздоруда аккуудай болуп татынакай.Чыгармачылык ийгилик,аманчылык каалайм!!!
14.05.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айпери мага да жонокойлугун аябай жакты,кыз буракта жургонундо да азыр да сени жакшы коргон куйорманынмын,кенже эже омурунун гулдой кундорун,жаштыгын бут кыз бурака арнап,жыйырма жыл эмгектенсе да жакшы соз уккан эмес,сенин эрте кеткенине туура болду,кыз бурагы жок эле талантын менен далай бийиктиктерди багынтасын,сага кааларым уйбулоон менен бактылуу бол,ишине чон чон ийгилик сабырдуулук каалайм.
14.05.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже экоонду суйом го суйом.
14.05.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде жазылган жакшы каалоо-тилектерге аябай ичим жылыды.Баарыныздарга рахмат.Аман болунуздар,оорубаныздар дайыма бактылуу жашаныздар.
15.05.2013. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, ийгилик
15.05.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iigilik saga..siler ketkeni azir Kiz-Byraktin korky da jok azir Saikal menen Aida ele korkyn achishat kalgandarin kochodon karmap kelgendei ele,, yndory da yyjaaz,, a kebetelerichi mamaaachkiii
15.05.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айпери эже, азаат баарына жетишип жатыпсыз!
SUPER.KG видео
16.05.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башын киринен бери айтып не кылышат, талантына маани берели мага жагат.
17.05.2013. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогону жакты.
17.05.2013. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
''apakai akkuu''attuu yry abdan jagat,jurogum menen ugam go chirkin.Unu da abdan jagat,sizge ui buloluk bakyt,chygarmachylygynyzga iygilik kaalaim.dagy dagy jakwy yrlardy kutom!
18.05.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын жонокой акылдуу кызы, жолдошу экоо айабай пара экен бактылуу болгула Айпери сенден коп коп жыкшы чыгырмаларды чыдамсыздык менен кутобуз.
19.05.2013. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка ырчы кыздардын куйолорундой чоон киши эмес жаш тура куйосу даже кичуудой корунот экен. Бактылуу болушсун!
19.05.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха ха ушу айпери эженин бир суротуно комментарий жазып койсом чычалап кеткен. ошондон кийин ойлоп койдум эле сын которо албайт экен деп...
SUPER.KG видео
09.10.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katuu aitsam ke4iresizder, no adamdyn kelbetin emes, kylgan iwine karap koment bersek jakwy bolmok, Aiperi ege suiloso ugup ele oturgun kelet eken.Kyrgyzdar ka4an bolboilu,biroonun kem4iligin ele karap,elge garyja berip,owondo yraxat alabyzby bilbeim???!
Aiperi 4a4yn gajyp alsa da saksaiyp alyptyr demeksiner,ozunor ele Xanyshadai basyp gurgonsup,4a4ynyn boioguna da koment,bersiner.Men u4un taza tykan,gana tak suiloso ele,owogo rahmat.
Aiperi ege alga!!!!
SUPER.KG видео
10.10.2013. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур чыгармачылык ийгилик уйбулонузго бакыт коптогон ырларды кутуп калабыз
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо