Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кубанычбек Нуркамил уулу:«ТҮНДҮК-ТҮШТҮК МАСЕЛЕСИ ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БУЗДУ»

№549 10-май-16-май, 2013-ж

«Кош болгун, махабатым,
Мен сени унутпаймын.
Атыңды тумар кылып,
Жүрөгүмө сактаймын...» Махабаты менен коштошпогон адам дагы бул ырды укканда жүрөк кылдары титиреп, жашыктардын көзүнө жаш тегерениши толук мүмкүн. Алгач Алина Жетигенова ийине жеткире аткарып, кийин Фарида Карбосова созуп жүргөн «Кош болгун, махабатым» аттуу ырдын тарыхы автордун жашоосунан алынып, мурунку жубайына арналган.

«ФАРИДА ЭМЕС, АЛИНА ЖАКШЫ ЫРДАГАН»
-Алина Жетигенованын жан дүйнөсүн, мүнөзүн толук билген соң бул ыр мына ушул ырчыга ылайыкталып жазылган эле. Кийин аны Фарида Карбосова да ырдап чыкты. Мага эмнегедир анын аткарганы көп таасир калтыра алган жок. Бул ырды жаратканымда «Алина» тобунда иштечүмүн. 1997-жылы Алина ырдап чыкты. Чыккандан кийин бир жыл беле же эки жыл бекен, так эсимде жок, «Жылдын мыкты ыры» деген наамга татыган. 1999-жылы Алинанын Алмаз деген бир тууган иниси каза болуп калды. Филармонияда концерт болуп, Алина ушул ырды тимеле боздоп ыйлап ырдады. Мен «эмне болду?» десем, «ырды баштаганда эле көз алдыма иним Алмаз туруп алды» деген эле.

«ЫРДЫН ТАРЫХЫ – МЕНИН ӨТКӨН КҮНҮМ»
-Бул ыр көлдүк кызга арналып жазылган. Анара экөөбүз БГУда чогуу окучубуз, бирок эки башка курста. Үйлөнүүбүзгө экөөбүздүн тең туугандарыбыз караманча каршы болушкан. Алардын каршылыгынан да сүйүүбүз күчтүү экен, эки жыл дос болуп жүрүп баш кошконбуз. Мен жыйырма бирде, келинчегим он тогузда болчу. Кайын журтум «эшик-төр көрүп кеткиле» деп Тоңдун Кажы-Сай шаарчасына чакырышты. Менин ата-энем тууган-урук менен Алайдан Ошко келишти. Оштон Караколго учак менен учушту. Атамдын алтымышка чыгып калган эжеси «өх, чын эле жеттикпи» деп жатса, дагы ошончо жол бар экен. Караколдон Бөкөнбаев айылына бара жаткан автобуска түшүп, дагы бир нече сааттан кийин Кажы-Сайга араң жеттик. Шаарча чоң жолдун жээгинде эмес экен. Андан ары дагы бир машина жалдадык. Кыргызда кудага алтымыш-жетимиштеги аксакалдар барат эмеспи, алар менен ушунча узак жолду басыш чын эле өтө оор болду. Келинчегим уялып «мына аз калды, азыр жетебиз» деп коёт улам.
Кийин менин ата-энем да кудаларын Алайга чакырышты, бирок барышпады. Кайын эжелерим сиңдисине ачык эле «тигиге тийсең эмгиче минтип жүрмөксүң, ойлонуп иш кылбайсыңбы» дей башташты. Меникилер дагы каңкуулайт. Ошентип, жолдун алыстыгы, каада-салтыбыздагы айырмачылыктар, тилибиздеги айырмачылык экөөбүздү экиге бөлдү. Ортобузда Ширин аттуу кызыбыз бар. Ал таенесинин колунда өстү. Мындай карасаң оңой эле чечилчү маселе, бирок түндүк-түштүк маселеси менин сүйүүдөн куралган татынакай үй-бүлөмдү бузду. Ошол күйүтүмөн «Кош болгун, махабатым» ырым жаралган.

«КЫЗЫМ ДАГЫ ДЕЛЕ ЖҮРӨГҮМДӨ»
-Ажырашып кеткенден кийин эртең менен тура калып эле кызымды издейм. Кызым болсо теледен мени көрүп калса, «менин папам» деп колу менен сыналгыны жаап алчу экен. Бажам азамат болчу, Бишкекке каттаган сайын кызымды ала келип, мага жолуктуруп турчу. Кийин ал бажам да ажырашып кетти, анан кызымды такыр көрбөй калдым. Баарынан мени таң калтырганы, азыркы жубайымдан Айбийке деген төрт жашар кызым бар. Ал улуу кызым Шириндин эле көчүрмөсү. Өң-келбети, сүйлөгөнү, кылыктары, тобо, деп жакамды кармайм. Ширин азыр он тогуз жашта. Иним бир жолу кызымдын апасына жолугуп «катташып туралы» десе, «жок, ал жөнүндө такыр ойлобогула, биз Ширинге башкача тарбия берип койгонбуз» дептир.
Учурда Москва шаарында ВГИКтин алдындагы эки жылдык курстун режиссёрлук бөлүмүн бүтүрүп жатам. Режиссёр катары ташталган кадамымды да басып өткөн жолума арнадым. Тактап айтканда, «Түндүк-түштүк» аттуу тасма жаратып, ошол күндөрүмдү камтып кеттим. Бул кинону да кызым Ширинге арнайм. Муну менен кызымдан кечирим сурап жатканымды жана «дагы деле жүрөгүмдөсүң, сени эч качан унутпайм» дегим келди. Ушу тапта монтаждоо иштери башталды.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(44)
13.05.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир адамда 80000ден ашуун генди тапса болот экен, анан таза кандуумун деп тошубузду какканыбыз болбойт го RIO,эгерде таза кыргыз ким десен бул Нарында жана Оштун Кытай мн чектешкен Алайкуу жериндеги кыргыздар деп укканмын.А кепти Кол тарапка бурсак 80%ы орусташкан, туштукто басымдуу калк озбек мн тажиктер б.дуктан озбектешип калган.Азыр мурункуга караганда тундук мн туштук аралашып эле жатып калышты го)))чем каапырга тийгенден коро же тундуко же туштуко тийип кыргызды кобойткон туура ))))
13.05.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элибизде жакшы макал бар эмесби Алысты жакындаткан кыз деп,салты,тили болок болсо уйронуп алыш оной элего.
13.05.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар турмушта ар кандай болот.
13.05.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен Нарындан болом Оштон кыз алайын дедим эле.. Тилибиз айырма болуп турса.. Таза суйлогонго уйротойун дедим эле...мына анан тундук туштук деген маселенер таш каап калсын ..
13.05.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ха-ха мына чыныгы кыргыз деген Baktyyar дай болот, азамат мырза экенсин ))). Нарындыктарга 2 аял алыш керек экен, туштуктогулорду анан орусташып калган Кол, Чуйлукторду алып туруп таптаза кыргызча суйлотуп коюш учун ))) Жогорда озу айтып кеткен маселе да жоголт дегендей ;)
13.05.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na айткандай мен ощол Алайкуу жергесиненмин биз суйлосок эле эмне силерде аксент жок же бул жакта чонойдунар беле дей беришет...чындыгында Оштун башка райондорунан айырма бар...Бирок суйуу жери мнен элине карап отурмак беле...
13.05.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул адамдын айкандарынын баары жалган.Келинчеги менин эн жакын курбум.Отконду козгоп эмне кылам деп унчукпаганына пайдаланып жалаа жаап отурат. Жакшы эркектен аял кетпейт, Оштук эмес марсианин болсо дагы.Кеткен аялды ким жакшы демек эле бирок биринчиден адам озунун башындагы союлду корсо боло.Келинчеги абдан сулуу кыз,аны кызганып,канча ирет кок-ала кылып сабап больницага жатып калганга чейин урганын,кайын журтунун бекер жашаткан квартирасында потолоко тукуруп коюп канча жыл жатканын айтпайбы?
13.05.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайын журтун Ошко чакырганы да калп.Кош бол махабатым деген ырын ажырашаардан мурдаа эле ырдап журчуу.Кызын коргонго эч ким тыюу салган эмес.Тескерисинче синдиси куйоосу экоо оздору, коруп алсын деп алпарган.Ошону айткандан уялса болмок,озу келбегенинен балдызы менен бажасы алып келгенин бурмалап айтпай.Баласын коргусу келген адам бир жолун таап да болсо кормок.Инисине"Ширин эми чон кыз.Жолугабы же жокпу озу чечет" деп айткан.Ушу убака чейин бир издебеген атаны бала коргусу келеби?
13.05.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кытайга тийип алардын болгон тууган уругун кочуруп келип атышпайбы биздин тупица кыздар, а тундук-туштук болобу каныбыз кыргыз го.Ал эми акмак адамдар кайда болбосун болбой койбойт.Андан коро кытайга тийген кыздардан сактасын Кудай.
13.05.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тундук-туштук маселеси деп бензин чачпай,аялым стерва, мен сопсоонун турсам эле таштап кетип калды деп байкуш болгон теманы эксплуатациялабай жаны ырларын жаратса болмок.Унчукпайт деп эле шыбай бербей.Иштебей,бала чакасын бакпай анан аялын сабай берген эркектен ким да болсо ажыраш дейт.Өлтүрүп салганча чыдап жүрөбериш керекпи?Кайын эжелерин күнөөлөш оной да.Кызын жалгыз,алимент сурабай окутуп, багып чонойткон аялына ыраазычылык айткандын орду
13.05.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мен да айтып калайын кой десе болбой. Менин 2группалашым кытайга тийген, кыздардын бири кыргыз бирок баптистка бири аралаш атасы кыргыз эмес, андайлар тийсе мейли дечи,бирок башка(чет олколордогу)кыргыз кыздарды коруп жинин келет. Журушот ар кайсы улуттун "кир" колун кармап. Ушундайда Сапаргулду ырас эле кылышыптыр деген ой да келет.
13.05.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
RIO, "кир" ойлуу кыргызга караганда, кайсы улуттан болбосун, таза ойлуу адамдарга тийген төөлүк өйдө. Эң негизгиси түшүнүшүп, бири-бирин аяп жашап кетишсе болду да, бул жерде улуттун эмне тиешеси бар. Адамды адамкерчилигине жараша баалаш керек, улутуна, расасына эмес. Башка улут болсо эле колу эмнеге кир болуп калат эле.
13.05.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Debi, сен билбейсинби дуйнодо кир ойлуу КЫРГЫЗ жок!
13.05.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
RIO,болсун, болсун. Жакшы тилек жарым ырыс! Ар бир адам өз улуту тууралуу жан дили менен ушундай десе керек ))).
13.05.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave., ironlady,
Силерге эскертүү!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек!
13.05.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,
Макул. Бирок менин жанагы жазган пикирим кабыл алынабы?
13.05.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave.,
Ооба, тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук.
13.05.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамдын тагдыры ар кандай... Бул иш болуп отуптур.. Эми азыр монтаждалып жаткан тасманы кутобуз.Ошол кино чыкса кабарлап койгулачы Москвадан болсо деле королу. Анын Москвада ВГИКтин астындагы режиссерлук болумдо окуган адамдын тасмасы жакшы тартылса керек деп ойлойм. Ийгилик !
13.05.2013. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин азыркы адабий тилди отмена кылыш керек анда туштук диалектисин адабий тил катары кабылдаш керек...же бошбосо оо жактагылар таарынып эле жатышат ..мен болсом алардын оордунда жыйынтык чыгарганга шашмак болушум керек
14.05.2013. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kain jurtun jamanandap ne 4ikti kan4a jildan kyin erkek bolso un4ukpai le koiboit bele 20 jildan kyin tuwunon 4o4ugansip
14.05.2013. 07:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле Ош тарапта пакет кортогону ото кейиштуу, тойдо эми мейли дейсин, анан олум-ашта да талашып сурашат пакетти
14.05.2013. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан туугандар тундук туштук деп болунуп отуруп башка улуттарга уят эле болуп жатабызго. Ушунубузду качан токтотот экенбиз
14.05.2013. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wow olgondon da paket kotoryp ketishebi.menin bir taanysh ejem aitty ele oshtuk baldar menen syiloshpo dep salty katty I jaman dep.birok jerinen emes adamdyn ozynon da til tabyshyp ketish.
15.05.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sezy, эжендин акыл эси жайында элеби.? (( чычкым эле келет да.
14.05.2013. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз карапайым адамдарбыз бирок тундук туштук
масалеси
ктр телеканалында бар.кыргызфильмде бар
кыргызстан обондору радиосунда бар.театрларда бар
мен ошол болгон кишилердин атында айтып берем
бирок ереги жокко деп ойлойм
14.05.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээээ атасынын кору баягы кыргыздын кыркы бириксе да ыркы бирикпейт деген ушул окшойт... Озубуз болгону 3миллиондон ашып ашпаган кыргыз болсок, анан анын 1миллионго жакыны чет жердин жарандыгын алып кетти, анын калган торт кыргыз кызыл чеке болуп урушканга даяр эле турабыз. Туштукту алып салып туруп тундукту же тундуксуз туштукту элестетуу кыйын достоор. Эми анча-мынча тамашаны тамаша иретинде кабыл алып койгон дурус го...
14.05.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтышпагыла! Баарыңа эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Жеке айтышуулар үчүн купуя бар!
Дагы кайталанса, көпкө чейин сайттан четтетилесиңер!
14.05.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уятеле! Ушул жердеда тундукко тийбейм,туштуктон уйлонбойм деп денгээлинердин томон экенин коргозосунорда.Кантип куштун эки канатындай болгон тундук менен туштукту болосунор,тубу барып бир элбизго!Менимче окууну буткон Оштун студенттерин Нарынга, Нарындыкын Баткенге,Баткенди Таласка жумушка которуш керек.Кыздарды деле ошондой бир облдан экинчи облга турмушка беруу керек,жол алыспы, жакынбы ага карабай.Ошондо ушундай илдеттен арылабызда таза кандуу,акылдуу балдарды жаратабыз, соок жаныртып.Баптист
14.05.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баптист,буддист, кытай, корейге тийгендерди ушинтип жулмаласанар кана,Акча учун генин кыргыздын генин бузуп жээндерди кобойтуп жатышпайбы.Алардын балдары эч качан кыргыз болбойт.Тундукко тийседа,туштуктон кыз алсада,эн негизгиси кыргыздын бир уйбулоосу куралып,кыргыз кызы,кыргыз жигити жаралып жатпайбы.Тушунгон адамга биздин генибиз таза сакталып жатат.Тунтукто мындайкен,онякта тигиндейкен деп акылы тайкы адамдын созун суйлойсунорда,как будто тундукто чукчалар,туштукто кохолдор жашагандай......
14.05.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тундукто да бар адамдын жакшысы-жаманы. туштукто да бар андайлар.. ошон учун жашообуз азыркыдай ойдо-ылдый да. эн негизгиси ыйманыбыз бузулбасын. биздин эн жаман жерибиз сырттан келгендерди ото тез кабыл алабыз. жыйынтыгында тупкулугубуз унутулуп жоголуп да кетиши мумкун..
14.05.2013. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
колдуктор деле калмак аралашкан деп мага колдук эже айткан
14.05.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Болунсон бору жеп кетет,болунуп калды кыргыз деп,болок элге кеп кетет"-деп Бакай бабабыз айткан эмеспи.Тундуктукбузбу же туштуктукбузбу баарыбыз кыргызбыз.Эч качан сураса тундуктук кыргызмын деп жооп бербейбиз да туугандар .Ал эми сен мындай суйлойсун деп сындоо туура эмес ар бир жердин говору диалектиси бизде эле эмес дуйно жузундо бар.Жашаган жерине жараша жаныбарлар да ар тусто болушат го демек закон ченемдуу корунуш.Баарыбыз бир жакадан баш бир женден кол чыгарып иш алып барсак жакшы болмо
15.05.2013. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nasik198, туура айтыпсын дося!Мен да озумдун оюму жазып кетууну чечтим.Оруссияда деле тундук-туштук,чыгыш-батыштардын акценттери ар башкача алар болушпойт бизге окшоп.Адамдык сапаты томон,манкоо,фашист адамдар гана болунушот!
15.05.2013. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй Кубаныч сен эмне оз койгоунду тундук, туштуктон коруп жатасын.Силерде cуйуу болгон эмес. Мен кошуна кызыма суйшуп,гуйушуп журуп баш кошуп эки балалуу болгуча утуру ажырашып, жарашып журуп акыры ит жашоого чыдабадым башкага уйлонуп тындым.Мына быйыл 25-жыл болот.
Ажырашпай туруп алимент алчуу Кыз маалында баары жакшы жаман....демекчи. искуство адамды да ушундай манроо болобу Уят!! оз дардынды тундук туштук деп бут элди жаман атты кылбай. Ошентип кызына актанып атасынбы.Коробуз го кинонд
17.05.2013. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ailaaaaanayin okup oturup kashmaaar dedim ,bul baykebizdin tagdiri kachanki zamandardagi otup ketgen gundorun aytip jatat da siler gelip alip kaydagi Tunduk Tushtuk bolup kirilip atasinar,azir degen Kirgizstanda andaay bolunmoy jok da misali men Goldukmun gelinim Leylekten ech kanday karshilik gorsotkon jokbuz biz iraazi elebiz Kudalaribiz jakshi ayabay bargan sayin et salip besh barmagin asip siylap turushat ,buga ne jetsin ,Gelgile yntymaktuu bololuk...
17.05.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тундук-туштук маселеси актуалдуу болуп атат, эптеп озумду пиар кылайын деген экен бул артист. Эркектик касиети жок, акылы тайкы артист экени билинип калды. 20 жылдан кийин кайын журтун жамандап кайсы бети менен кызынан кечирим сурайт. ушундай тайкы тушунуктогу адам кайсы жыргаткан тасма чыгармак эле.
19.05.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир жерде бир жаман адам болот,баары жакшы адам болбойт.озунорду ак-куу сезиб жатасынарбы?Оштуктар пакет которобу тазик которобу ал ар бир адамдын озунун иши.болунбогулочу ошон учун да Кр онукбой жатат.Бийликти тундук-туштук талашыб.Болунгонду боору жейт.кичине ыймандураак болсонор КЫРГЫЗДАРЫМ.Баарыбыз бир ата-бир энеден таркаганбызго ынтымыктуу бололучу.Алыс жакта журсон билесин кадырын биз кочодо бир кыргызды коруб калсак суйуунобуз кыргыз деб.Бир тууганыны коргондой, куюб жатам болунгонго
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо