№549 10-май-16-май, 2013-ж
Концерттин аталышы – «Ойнодум аккордеонду»
Концерттин өткөн орду – Спорт Ордосу (8-майда)
Башталышы – 19:54 (24 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 85 пайызы
Алпаруучулар – Элмара Турсуналиева, Рыспек Жантөрөев жана Жеңишбек Айтиев
Билет баасы – 350-650 сом
Концертти «карапайым» деп мен атаган жокмун. Минтип Бек Борбиев өзү атады. Концертти ачып берген «Керемет» бийчилер тобунан кийин чыга келген Бек мырза элди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, «өзүңөрдү ээн-эркин сезип отургула. Анткени бул «карапайым» концерт болот. Жүрөгүңөрдү бекем кармагыла! Бүгүн сүйүү сезимдерине толгон ырлар ырдалат» деп эскертип өттү.
Чынында, жөнөкөй, жагымдуу, жакшы концерт болду. Жалаң аккордеон, гитара, шылдырактын коштоосундагы ырлар жаңырды, Бектин 5-6 эстрадалык ырларын кошпогондо. Анан да көпчүлүк концерттерде айтылчу «кана, кол чаап колдоп отурабыз!» деген ураан бир да жолу жаңырган жок. Көрүүчүлөр ар бир номерде өздөрү эле сурантпай кол чаап, ал тургай аткаруучулар менен кошулуп ырдап отурушту.
Бек азамат! Концерттин аталышы айтып тургандай, бир топ обончу-аккордеончулардын башын бириктириптир. Концертте ырлары элге сиңген белгилүү обончу, аткаруучулар Абдыманап Төрөбеков, Камчыбек Турсункулов, Айтбек Муканбетов, Тургуналы Нурматов, Алтынай Нарбаева, шылдыракчы Кадырбек Мураталиев, кыргыздын Жиммиси Болот Алымкулов, жаштардан Алтынбек Алымов, Кубаныч Сатаев, Эрлан, Баян аттуу жигиттер жана куудулдар Жеңишбек менен Рыспек өз өнөрлөрүн тартуулашты. Обончулар дээринен тамашакөй келишеби, билбейм, Бек баш болуп, аткаруучулардын баары чыккан сайын куйкум сөздөрү менен элге тамаша ыргытып жатышты.
Жалпысынан алганда 3 сааттан ашык убакытка созулган концерт келгендерге майдай жакты көрүнөт. Анткени алпаруучулардын «келгениңиздерге чоң рахмат! Аман-эсен жетип алыңыздар» деген сөзү араң ордубуздан козголтту.
Толик Сынчы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы! Тилекке каршы видеосу жок.