Райкан Абдувалиева:«ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ АДАМДЫ СҮЙГӨМ»

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Ачык, шайыр, тарсылдаган ырчы Райкан Абдувалиева кеңсеге келип, жарык чачып кетти. Дегеним, алдынан чыккан адам менен жаркылдап учурашып, ал-акыбал суроо менен көңүл көтөрдү. Эмесе, каарманыбыздын жашоо сүртүмдөрү назарыңыздарда.

Туулган жери – Ноокатта төрөлүп, Көлдө чоңойгон
Билими – Улуттук консерваторияны аяктаган
Материалдык байлыгы – Ортодон жогору
Жашы – Кырктан ооду
Репертуарындагы ырлары – «Периштем», «Кыздын каты», «Кар жаады», «Сүйкүм элес» жана башка

– «Периште» тобу бир убакта катуу чыкты эле, азыр дымыңар чыкпайт. Тарап кеттиңерби?
-Топ бар, учурда үч кыз эмгектенет. Тойлорго барып ырдап калабыз. Турмушка чыгып кеткендердин ордун улам жаңы кыздар толуктап турат. Алина, Элиза деген кыздарым мектепте окуп жүргөндө эле келишкен, 5 жылга жакындап калды. 2008-жылы топтун 10 жылдыгын белгиледик. «Периштенин» улуу мууну, ортоңку мууну, баары келишти. Алды 2-3төн балалуу болуп калышты.

– Кийим тигүү жагына катуу киришип алып, чыгармачылыгыңызды аксатып алдыңыз окшойт...
-Чыгармачылыгым тигүү цехинен кийинки орунга чыгып калганы ырас. Бирок акыркы жарым жылда кайрадан катуу иштей баштадым. «Сүйкүм элес» деген ырга клип тарттырдым. Жакында эле, керек болсо Кыргызстанда биринчи жолу дебейинби, чет тилиндеги ретро ырды жарыкка чыгардык.
АманЭль деген жигит экөөбүз Крис Нормандын «Чалынабыз» («Stumblin in») деген ырын ырдадык. Англисче жакшы эле билем, бирок эркин сүйлөй албайм. Чет өлкөгө көп чыккандыктан, эми англис тилин үйрөнүү үчүн курска барып жатам.

– Тикмечиликке баш бакканыңызга канча болду?
-Эсимде, мындан 8 жыл мурун 9-майда тырмагыбыздын учунан жаралган алгачкы кийимдерибизди биринчи жолу Орусияга салганбыз. Менин түштөн кийин эки жерге чакыруум бар эле, ошого жетишүү үчүн жан талашып «ийне кайда, этикетканы так, топчуну када» деп бири-бирибиз менен ызы-чуу болуп араң жөнөткөнбүз. Азыр андай ызы-чуу жок, бардыгы иретке салынган. Цехтеги кыздар менен 8 жылдыгыбызды белгилеп тоого чыгып, эс алып келдик.

– «Сүйкүм элес» ырында сүйгөнүнө жетпей калган адамдын арманы баяндалат. Анын үстүнө бир жолу «жактырган адамым менен бирге боло албайм, анткени ал үй-бүлөлүү» деп муңайган элеңиз. Ошол жөнүндө айтып берсеңиз...
-Бул ырды мага чейин көп ырчылар ырдашты. Мен болсо ырчы досторумдун сунушу менен ырдап калгам. «Ыр сенин үнүңө аябай төп келет экен» деп эле энчилеп салышты. Ырды жаздырган учурда чынында жан дүйнөмдө, жүрөгүмдө жууса кеткис жара бар болчу. Мен баалаган, сыйлаган, эч кимге теңей албаган кымбат адамым дүйнөдөн өтүп кеткен. Ушундай жакшы адамдар да өмүрдөн өтүп кетеби деп турган турпатымда зар какшап, көзүмдөн жашым кургабай, жүрөгүмдө жара ырбап турган эле. Азыркыга чейин о дүйнө салганына ишенбейм. Үндү жаздыра баштагандан бүткүчө ыйлап, көз алдыма ошол адам келе берди. Ал кишиде мага арналган сезим болгон, туйчумун. Үй-бүлөлүү болгондуктан, достук чектен өткөндөн коркчумун. Менде кандай гана маселе болбосун, ал гана эмес, жакын досторумда, туугандарымда, тааныштарымда да кандай кыйынчылык болбосун, дароо чечип берчү. Мына ошол адамды таппай буулугуп турганымды «Сүйкүм элес» ырынан чыгардым. Мен атасыз чоңойгом, балким, атадан көрбөгөн мээримди, колдоону мына ошол адамдан көрдүм.

– Учурда жолдошуңуз барбы? Эмнегедир ал тууралуу такыр кеп кылбайсыз...
-Менин жолдошум – сахна жана машинам, кайда барбайын жеткирет, кайра үйгө алып келет.
Кызым Бегимай бойго жетти. Менин жашоомдогу колдоочуларымдын бири. Бар-жогумду колдон-буттан алып жеңилдетип турат. Цехиме да жардам берет, андан сырткары Кытайдан, Түркиядан кийим алып келип, кыргызстандыктарды кийинтет.

– Мен көргөндөн дайыма жаркылдап жайдары жүрөсүз, бул сиздин чыныгы бет кабыңызбы?
-Болгон бет кабым ошондой. Кыздар да «сиз кирип келгенде күн жаркырап бет маңдайдан чыга калгандай болот» деп калышат. Адамдарга акчалай жардам берип көңүлүн ала албасам да, өзүмдүн жакшы энергиямды, жарыгымды чачкым келет. Менин жашоодогу девизим ушундай. Ишканада талап катуу, бирок баарына энедей мамиле кылам. Сыртка чыгып эркектин ишин, үйгө кирип аялдыкын жасайм. Аялзаты катары кээде ыйлап да алам. Кимдир бирөө намысыма же жиниме тийсе «бачагын» да чыгарам.

– Мисалы...
-Бир кездеги жоругумду айтып берейин. Ырчы катары элге атым таанылып калган кез. Азыркыдай машина менен эмес, троллейбус менен жүргөн учур. Жаңы эле троллейбустан түшүп үйдү карай баскам, караңгы кирип калган. Артыман бир жигит жете келип сумкамды жулуп алып качканы жатат. Сумкамды коё бербей туруп эки буттун ортосуна бир тептим. Тиги болсо жерден тура албай жатып калды. Анда каратэ менен машыкчумун.

– Эки жолу телефон чалсам, «сулуулук салонундамын» дедиңиз, бат-баттан барып турасызбы?
-Жашымдын бир топко таяп бара жатканына карабай дагы деле жаш көрүнөм. Бетиме бырыш түшө элек. Апамды тартыптырмын. Апам бир топ жашка барып калса да, дале жаш, сулуу, күүлүү-күчтүү. Акыркы учурда сулуулук салонунун кызматынан бат-бат пайдалана баштадым, анткени жаш өткөн сайын аял өзүн жакшы караш керек экен.

– «Периште» тобунан Гүланданын чыкканын билем. Азыркы ырчылардын дагы кимиси сиздин уяңыздан учкан?
-«Периште» тобунан Гүланда гана эмес, Неля да чыккан. Гастролго көп чыкчу элек. Жигиттерден Акбар Сүйүнбаев да бизде ырдап калды.

– Жеке концерт берүү оюңузда барбы?
-Күзүндө, октябрь, ноябрь айларына пландап жатам. Буюрса, мени жакшы көргөн күйөрмандарым жаңы ырларыма күбө болушат. Оркестр, фольклор, эстраданын коштоосунда жандуу үн менен ырдайм. Менин ырларымды сахналаштарым да аткарышат. Кыскасы, эртелей эле план түзүп, концерттин үстүнөн иштей баштадым.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Жашоодо көп нерсеге жетпей калдым" дейт Райкан Абдувалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
17.05.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жогорку иште иштеген адам бул Мухтар Омуракунов болсо керек ээ
SUPER.KG видео
18.05.2013. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сооонун...аягында чет жерде жургон кыргызстандыктарга айтканы аябай сонун болуптур!
SUPER.KG видео
18.05.2013. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооой сооонун мен да Кыргызстанды сагынып кеттим го чиркин
SUPER.KG видео
18.05.2013. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy maek boluptur.yigilik
SUPER.KG видео
18.05.2013. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябааай жакшы киши экени корунуп турат,азаматсыз эжеке,жаркылдаган мунозунуздон жазбай журо бериниз,аман болунуз,иштеринизге ийгилик.
SUPER.KG видео
18.05.2013. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат эже кыргызстан силерди кутот деген созунуз ыйлагыны келтирди го,кыргызстанды сагынып аран жургондо,ишинизди дайыма ийгиликтер коштоп журсун бар болунуз бактылуу болунуз.
SUPER.KG видео
18.05.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интерпол дегендей болдубу??
SUPER.KG видео
18.05.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
максатынызга жетиниз!
SUPER.KG видео
18.05.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздуу эже,ийгилик сизге!!
SUPER.KG видео
18.05.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizda suiobuzdo )))))
SUPER.KG видео
18.05.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырларын көрүп жүрчүмүн сүйлөгөнүн биринчи көрүшүм, абдан жагымдуу жан экен.
SUPER.KG видео
18.05.2013. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizge igilik! Juzunuzdon ushunday jylmayunuz ketpesin.
SUPER.KG видео
18.05.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун Райкан эже сизге ийгилик
SUPER.KG видео
19.05.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Raykan ejebiz ayabay ishtemchil ech jani tinbagan eje,apasin gorsonor karisa da ayabay titingan ishtemchil ayal,tovarlarin sumkalardi tashiganin gorson men jash turup anday ishterdi kila albaym tan kalasin ,Begimaydin toyu bolot deyt,baktiluu bolsun ,Raykan eje ar dayim juzunuzdon gulku getbesin.
20.05.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уххх маекти акырына чейин окубай туруп башкача пикир жазып сала жаздапмын )))
20.05.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЧЫндап эле жаш корунот Райхан айым, ийгиликтер жарала берсин!!!
20.05.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай семирип кетиптир кызы сулуу кыз болуптур
20.05.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм.
20.05.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
райхан эже сизди мурда кандай корсом дагы деле ошондойсуз чыгармачылык ийгилик каалайм
21.05.2013. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жан дуйносу таза айым экен.Бактылуу болунуз.Кудайым бир жактан бакыт бербесе башка жактан кобуроок берери анык
21.05.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда жакчу эле, уй булолуу адамды суйгом десе жек коруп калдым. Анан да досторума, жакындарыма жардам берип турчу деп коёт. Озун ошол кишинин аялынын ордуна коюп корду бекен. Уялбай да ошол жонундо айтып алыптыр!
21.05.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми аял да...
22.05.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуп калуу кылмыш же уят нерсе эмес. Адам бешенеге жазганды корот.
22.05.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
периштемдеги кыздар кыргыздын кыздарыбы,же башка улуттарда барбы
22.05.2013. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ турмушка чыгыныз!
23.05.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпайт кыскасы, бирок аялдык бакыт каалайм.
25.05.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баш тамгалар мн жазыб алдым кечиресиздер
27.05.2013. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aigulkg - эскертүү!
Билдирүүңүз жалаң баш тамгалар менен жазылгандыгы үчүн өчүрүлдү. Дагы кайталанса сайттан четтетүүгө аргасызбыз!
SUPER.KG видео
31.08.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чоон рахмат! Эжекенин талантынан да, адамгерчилигин баалайм! Ар дайым жаркылдаган, тырышчаак эже! Ийгилик сизге! 4 жыл мурун уйго келип, кудача болгондо билгем.
SUPER.KG видео
18.01.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу Супер инфо,Райкан Абдувалиеванын Сагынуу деген ырын жуктоп койсонуздар алдын ала рахмат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо