Каныкей, «2012-жылдын супер ырчы айымы»:«КУДАЙ МЕНИ ЭЧ КАЧАН КЕЧИРБЕЙТ»

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Үч жылдан бери «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Жылдын супер ырчы айымы» наамын багындырып келаткан Каныкейдин жашоосу ачылбаган сандыктай. Анан да ырчынын философиялаштырып сүйлөгөндү жактырарын көп байкайм. Каныкей менен маек куруп отуруп ал тууралуу көп маалыматка ээ болдум.

– Каныкей, сенин башка ырчылардан өзгөчөлүгүң эмнеде?
– Билбейм, мен азыркы шоу-бизнеске кошулбайм, кошулгум да келбейт. Болгону мен өзүмө жаккан нерсени кылам. Мейли мени жаман көрүшсүн, жолумдан кайтпайм. «Мени жакшы көр» деп эч кимге чыгармачылыгымды таңуулабайм.

– Эмнеге шоу-бизнеске кошулгуң келбейт?
– Мен бул чөйрөгө башынан эле кошулган эмесмин, кийин деле кошулган жокмун. Мага мурдагы продюсерим «биз өзүбүзчөбүз, сага бул чөйрөгө аралашуунун кереги жок» деп айтчу. Шоу-бизнес – пафос, жалтыр-жултур, жасалмалуулук. Андай мага керек эмес.

– Анда бул чөйрөгө бааң кандай?
– Шоу-бизнес бизде жок. Бул жөн эле артисттердин пафосу. Анткени бизде ынтымак деген жок. Мурун улуу муундагылар бири-бирин колдоп, сыйлап турган, аларда билим бар болчу. Азыркылардын баары жаман дегенден да алысмын, арасында жакшы адамдар да бар.

Жашоодо катачылык кетирдим деп өкүнгөн күндөрүң болгонбу?
– Жеке жашоомдо жоготуулар, катачылык абдан көп болду. Ар күнү ошол өткөн нерселерди эске салып, унутпай келем. Анткени өткөн күнүм мени чыдамкай кылып, жашаганга үйрөттү. Башымдан өткөн бардык нерселер менен сырдашкан жалгыз менин Кудайым. Башкалардын Кудайы оңой эле кечирсе кечиреттир. Бирок менин Кудайым мени эч качан кечирбейт.

– Мынча чоң кандай күнөө кылдың эле?
– Бул сыр, бул менин жеке жашоом. Балким, аны кийин тасмада чагылдырып берермин.

– Чыгармачылык чыйыр менен жүрүп кандай адамдарга туш болдуң?
– Адамдардын алсыз жан экенин түшүндүм, эки жүздүүлүгүн, ар кандай болорун байкадым.

– Сени деле эки жүздүү, куу деп айтышат экен го?
– Мен жөнүндө куу деп ойлоп жатышса, ошондойдурмун. Эгер мага бирөө эки жүздүүлүк кылса, мен да ага жараша мамиле кылам. А эгер ким жан дүйнөсү менен ачылып, чын дилинен мамиле кылса, аларга мен да ачылам.

– Сенин образыңды көпчүлүк түшүнө бербейт эмеспи. Апаң кандай кабыл алат?
– Апам дайыма мени колдоп турат. Ал киши менин намыстуу экенимди билет, чыгармачылыгымды туура түшүнөт.

– Алпаруучу катары да өзүңдү сынап келесиң. Эмнеден улам мындай программа тартып калдың эле?
– Негизи, мен сыналгы көрбөйм. Бир күнү эле коюп калсам, бүт жакта жалтыр-жултур болуп кетиптир. «Чыныгы турмуш кайда?» деген ой менен «Жашоо бар» аттуу автордук программамды иштеп чыктым.
Мен, мисалы, өтө жакыр үй-бүлөдөн чыкканмын. Биз реалдуу жашоону эч качан жаап-жашырбашыбыз керек.

– Киного тартылууга сунуш түшүп турабы?
– Сунуш түшкөн жок, бирок тартылгым келбейт. Кино жаатында сулуулар менен улуулар турганда мага барыш кайда. Мен тартылсам, жаш актрисалар ыйлап калышат го. Жаштардын жолун тоспой эле коёюнчу (күлүп).

– Окуучу кезде деле азыркы эпатаждын «учкундары» бар беле?
– Мектепте окуп жүргөндө өзүм каалагандай кийине алчу эмесмин. Анткени мен окуган мектепте тартип абдан катуу эле. «Эмнеге бул турмушта баары окшош?» деп ошондо эле өзүмө суроо бере берчүмүн. Ал кезде ырчынын баласы гана ырчы болот деп ойлогом. Эч качан мен азыркы деңгээлге жетем деп элестеткен эмесмин. Анткени менде кебете-кешпир деле жок болчу, үнүм гана бар эле. Борборго келгенде продюсерим мага ишенип, колдоп, жашоодон өз ордумду табууга жардам берди, ага ыраазымын. Мурун менде «байлык болсо, баары болот» деген ой жашачу. Бирок байлык эч качан жан дүйнөңдү толуктап бере албайт экен, мен аны азыр түшүнүп отурам.

– Чын эле ишенген үнүң бар, эл аралык сынактарга неге барбайсың?
– Бар андай ойлор, азыр ошол тууралуу ойлонуп жатабыз.

– «Гениалдуу адамга турмушка чыгам» деп көп айтасың. Негизи, адамдар идеалдуу эмес да. Эгер сен каалаган мырзаны жолуктура албай калсаңчы?
– Анда мен Кудайдын алдында кетирген күнөөм үчүн жаза деп кабыл алам. Гениалдуу адамга турмушка чыгам, болбосо жок.

– Жалгыз калуудан коркпойсуңбу?
– Мен эч нерседен коркпойм. Карап көрсөңүз, атактуу адамдардын көпчүлүгүнүн жашоосунда бир кейиштүү жактары бар. Балким, мага бир жактан бакыт берип, экинчи жагынан алып коюшу мүмкүн. Мен ага кайгырбайм, Кудайдын жазганына капаланбайм.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Каныкей: "Кудай мени эч качан кечирбейт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(175)
23.05.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыздын чыгармачылыгын ото баалайм,ырлары аябай жагат!А бирок озун ашыкча эле озгочо коруп баратканы кыжырга тийип бараткансыйт!Ото озумчул кыз экен(эгоистка)Баардык кылып аткан нерселерим туура дегиси келет.Бирок эч кандай андай эмес да.Дал сенин фанаттарын сенден бииираз иренжип баратканын качан байкаар экенсин!?
23.05.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу кыз оригинальная болом деп атып таза акылынан тайып бараткан бейм...?! Элди айтат "пафосные" деп, а озунузчу Каныкей айым?! Эми созунун мааниси жок ырлар бутуп, Кудайды болуштургону калганбы?! аябай сыйлачу элем, негедир бул интервью жана акыркы кездеги ырларынан кийин иренжип калдым...
23.05.2013. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Тьала кечиримдуу боорукер зат! Аллах кечирет эгер чын журоктон тообо намазын окуп кечирим сурасак.
23.05.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аябай жагат ырларынды сыйлайм алга.
SUPER.KG видео
24.05.2013. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мдааа....не то что странная она...калжандап жооп берип озунун жылдыз оорусунун симптомдорун корсотуп коюптур..чересчур рисуется фууууу!!!!!!!!!!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 24.05.2013 10:56
SUPER.KG видео
24.05.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыздын жоопторун угуп жатып жашоодон тажап калган, же копту коргон аялга окшоштурдум....бетиндеги боегуна эми соз жок:-)
24.05.2013. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ырлары эле эмес озу да жагат, жаны чыгып жургондо гезиттерден, телефондон, телевизордон чыгып калса телевизорду башыма кийип алчы элем. Жолугуп сyротко тyшкум келет, Каныкей дегенде ичкен ашымды жерге койгонго улгуpбой калчымын убагында, азыр конo баштадым.
24.05.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул ырчы кыздын бир да ырын уккан эмесмин, бирок гезиттен интервюларын окуп калам. Ой жугуртуулору элден озгочо кыз экени байкалат. Бойонгонун сындап отупсунор, бирок бир маегинде ото боёнуу жакпасын, камерага тартылуу учун гана боёноорун, кунумдук жашоодо боёксуз эле журоорун айткандай болгон.
24.05.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tynara81, туура адамдар сынарга кемчилик таппай калса кебете кепширине асылып кетет биринчи озулорун кузгудон карабай нетпейле , Каныкей шилекейди куйулткан сулуу болбосо да дуйносу, коз караштары тан калаарлык сулуу, голосуна соз жок суктанам,бар болсун жонокой озгочо кыз Каныкей!
24.05.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат мен Каныкейди сыйлайм ырларын филасофиялык жактан тушунсон аябай маанилуу анан биздин айрым филасофиядан кабары жок акындар артына суу куя беришет эч нерсени тушунбой эле. Озгочо уну менен Кыргызстанды дуйного танытса болот.
24.05.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей жакшы ырчы ийгилик!!
24.05.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STRANNAYA TAKAYA
25.05.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
v-secret, баш тамгаларды грамматикалык эрежеге ылайык жазыңыз.
Сизге эскертүү!
25.05.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Каныкей! жашоодон же коомдон таарынган же арданган сезимиңиз байкалат, адам баласы 99% ката кетирип түз жолун тандап тообо кылса Аллах кечирет, бирок, 99% жакшы жашап 1% ката кетирсе эл күнөлүү карайт. эң мееримдүү, улуу зат Аллах баарын кечирет, Аллахка гана жооп бере алсак гана болду, айтайын дегеним өзүңдү күнөлөй бербе, өзүн күнөөлүү сезү
25.05.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантыңа таазим! көп адамдар жарата албаган бийиктиктерде жүрөсүң, уландуу алга жүрө бер. көзгө көрүнгөндүн ар дайым буттап тушап турган терс күчтөр болот тура, шайтан жолундакылардын, бирок мунун баарын Кудай оңдойт, эч кебелбей алга жылыштай бер, жасасаң баары колуңан келмек, бирок өзүңдүн тандап алган жолуң менен жүрүүнү ойлой
25.05.2013. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырлары жагат,бирок менин кудайым деп сопс кылганы бул озун корсоткусу келип кечирбейт деп пияр кылгандай кабыл алдым!кудай баардыгыбызга бир!анан да билбейм менин оюмча мусулман эмес ондуу
26.05.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Unu jagat,iygilik saga
26.05.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир башкача жан го,чиркин.
27.05.2013. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Каныкейдин ырларын укканда обонун угам, кандай керемет.Эс аласын.Албетте текстке конул бурбайт, бирок бул да стил.
SUPER.KG видео
28.05.2013. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлойт десе суйлой берген го, мааниси жок каяктагы эле создорду суйлойт.
SUPER.KG видео
28.05.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm seni da olturushuptur koro albagandar biroogo aybai jinin kelgen go da koro albastardyn koluna tyshkonsun go

SUPER.KG видео
30.05.2013. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдардан озгочо болом деп страшный болуп алыптыр.Жарашпаган нерсени кылып не кереги бар,эл алдындагы адам болгондон кийин ойлонуп суйлосо болмок.Типа мен звезда башкалардын ырын угуп болбойт.
SUPER.KG видео
30.05.2013. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каныкейди коруп шайтанды элестеттим , мындайда бул кызды ким алат .
SUPER.KG видео
01.06.2013. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей ырдаганы абдан уккулуктуу талантына жогору баа берем боёнгону эми Леди Гага сыяктуу эле аны туура кабыл алыш керек бирок суйлогону кругозорум кучтуу деп аракет кылат экен бирок андай эмес мааниси жогураак суйлойт экен.
02.06.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейди деги ким бойонтот?
SUPER.KG видео
03.06.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каникей мага аябай жагат...бирок башкалардын созуно конул бурбаганыныз он,туура кылас журналистерден алыс болуп интервью бергенден баш тартканынызда жакшы,ырларынызда кийингенинизда аябай озунузго жарашат...Чындыгында суперсиз!Кана эми менин эжем болуп калганыныздаа
SUPER.KG видео
07.06.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечирип кой Каныкей, создорундун маанисин тушунгон жокмун же менен тушунугум жетпей жатабы, билбейм. бирок сени алам деген адам озу гений болсо керек...
SUPER.KG видео
07.06.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каникей мен сага толугу менен кошулам азаматсын адам болуп жаралгандан кийин адамча озубуз калагандай жашаш керек биз ушу адамдар бир багытка озгорулуп калганбыз кичине элден озгочо болсон эле жиндиге чыгарып коют анан куйоого чыкпай журсон сени торотуп да коют эмне учун башка мамлекетте журотго аларды айтпай тан каласын...
SUPER.KG видео
08.06.2013. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Konechno,kyrgyz eli uialat da sen kinogo tartylsan,emne dep suilop jatkanyndy ozun bilbesen,no nenormal'naya ekenindi jakwy bilet ekensin...
SUPER.KG видео
22.06.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей мурун сойкулук менен алектенген деген кептер канчалык туура болду экен?мени кудай кечирбейт десе менин оюма ошо келип кетти
13.11.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей, Арстан Алай, Нурдин Мотуев дегендерге озунчо эле "феномен" адамдар да...
Медиа-портал
23.04.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында Каныкейди ичинен башка куч башкарып жаткансыйт. эээх. аягы жакшы болсо экен....................
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо