Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КҮЙӨӨМ БАР, БИРОК КЫЗДАРДЫ СҮЙӨМ»

№550 17-май-23-май, 2013-ж

«Урматтуу «Супер-Инфо» гезити, өзүмдүн жан дүйнөмдү кыйнаган сырымды силерге гана айтууну туура көрдүм. Мен өзүм аялзаты боло туруп, кыздарды жакшы көрөм. Мени кечирип койгула, бирок ушундай болуп жаралып калсам эмне кылам?» деген кат таң калтырууну жаратты. Обу жоктонуп ойноп жаздыбы деп ойлоп, кайра каарманыбызга, балким, психологдун жардамы керектир деп ойлодук.

«ЖАТСАМ-ТУРСАМ КЫЗДАРДЫ ОЙЛОЙМ»
– Атым – Назгүл. Азыр 24 жаштамын. 8-классымда Зарема деген казак кызды жакшы көрдүм. Мектептеги бардык балдар ал кызга ашык болушту. Аябай сулуу кыз эле. Ошол балдардан кем калбай, мен да аны тымызын сүйчүмүн. Бирок ал менин жакшы көрөрүмдү билчү эмес. Ошондон бери 8-9 жыл өттү, бирок ал кызды унута албадым, дагы деле жүрөгүмдө жашап келет.
Мектепти бүткөн соң жогорку окуу жайга тапшырдым. Бишкекте сулуу кыздар көп да, бирок эмнегедир Зарема эсимден кетпей койду. Аны акыркы жолу 3-курста окуп жүргөнүмдө көргөм, ошондон бери көрө элекмин. Азыр да жолуккум келет. Эмгиче ал күйөөгө тийип, балалуу болуп калган чыгар. Күйөөсүнөн талашпайм, бир эле жолу көрсөм дейм. Башка эч нерсе күтпөйм. Ага болгон сүйүүм ушунча катуу экенин билген эмесмин. Барган сайын кыйналып барам, жүрөгүм ооруп бүттү. Эркектер да бир колдонуп, анан качып кетишпей, мендей сүйсө дээр элем...
2-курста окуп жүргөндө Айжан деген таластык кызды жакшы көрүп калдым. Бирок ал бир бала менен сүйлөшүп жүрүп, андан боюнда болуп калды. Ошол окуядан соң мен ага таарынып, аны менен сүйлөшкүм келбей калды. Айжан да менин сүйөрүмдү билчү эмес, ага сырымды айтпай, курбу катары жүрчүбүз. Бирок экөөбүз жолуккан сайын жүрөгүм бат-бат согуп, сүйлөй албай толкунданып, кыйнала берчүмүн. Кээде ал жигити менен ээрчишип келип калганда ичимден аябай кызганчумун. Айжан да менин армандуу махабатым болуп жүрөгүмдө кала берди. Азыр аны көргүм келет, убагында жөн эле таарынганым үчүн кечирим сурап, кучагыма кыссам дейм...
2009-жылы 3-курсту аяктаган соң сүйгөн кыздарымды унутайын деген ой менен күйөөгө тийип алгам. Учурда эки балам бар. Балдарымды ушунчалык жакшы көрөм, ал эми күйөөмдү жек көрөм. Болбойт экен! Бул жашоодо жаратылыш кандай кылып жаратса, ошондой болуп өтөт экенсиң. Менин кыздарды гана сүйөрүмдү күйөөм, а түгүл ата-энем да билбейт. Чечилип, апама айткым келет, бирок уялам. Бир чети кабыл албай коёбу деп да корком. Жатсам-турсам кыздарды ойлойм. Күйөөм менен жашагым келбей калды. Ал мени эркектерден кызганат. Эркектер эмес, кыздардан кызганыш керек экенин ал кайдан билсин?!
Кээде ушундай болуп жаралганча жаралбай эле койсом болмок деп капа тартам. Акыркы күндөрү жашоого болгон кызыгуум жоголуп баратат... Бирок балдарым бар, ошолорду ойлоп, алар үчүн жашап келем. Бөтөндү сүйүп, башка менен жашоо – бул жашоодо эң оор нерсе экен. Урматтуу «Супер-Инфо»! Кыргызстанда мендейлер көппү? Мен эмне кылышым керек? Мага кеңеш берип койгулачы, суранам!

Назгүл, Кара-Балта шары

Психологдун кеңеши
«КҮЙӨӨСҮНӨ БОЛГОН СҮЙҮҮСҮН ӨСТҮРСҮН»
Каарманыбыздын суранычы менен «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу НУРЗАДА МАЯМЕРОВАга кайрылдык:
– Бул кыз азыр өзүн-өзү таппай жаткан чагы. Негизи, эркектин да, аялдын да денесинде 2 энергия (эркектик жана аялдык) болот. Эгерде жынысы аялзаты болуп, денесинде эркектик энергия 80 пайызга чейин жетсе, ал кыздарды жакшы көрө баштайт. Аялзатынын мындай болуп калышына кичинекей кезинде алган психологиялык жаракаты да себеп болушу мүмкүн. Мисалы, эгер бала төрөлө элегинде ата-энеси эркек бала төрөлүшүн күтсө же кызды кичинесинен эркек балача тарбияласа ушундай болуп калышы толук ыктымал. Болбосо, каарман эркектер тарабынан сексуалдык зордукка кабылганда да эркектерге болгон нааразычылыгы пайда болуп, кыздарды жакшы көрүп калат.
Эң алгач Назгүл «мен эмнени каалап жатам?» деген суроого жооп бериши керек. Эгер өзү «Жараткан мени ушундай кылып жараткан, мен аялдар менен жашайм» десе да, «мен өзгөрүшүм керек, үй-бүлөмдү сактап калам» десе да алгач психологго же психо-терапевтке кайрылышы керек. Жашоосун оңдош үчүн жок дегенде 6 ай убакыт кетет. Бул аралыкта ал адистердин кеңешин угуп турушу шарт. Антпесе каарманыбыз өз алдынча туура эмес чечим чыгарып алышы мүмкүн. Же болбосо йога, инь-янь сыяктуу чыгыш медитациялары менен алектенип, өз жашоосун оңдосо болот. Анткени бул медитациялар так ошол адамдын ички энергиясын кантип тең салмактуу алып жүрүш керек экендигин үйрөтөт.
Бул лесбияндык эмес, бисексуалдык белгилер. Тартылуу күчү эркектерге да, кыздарга да боло берет. Бирок адам денесиндеги энергияны кайсы жакка жөнөтсө, ошол ишке ашат. Бул айым күйөөсүнө болгон сүйүүсүн өстүрсө болот. Андыктан аракет кылсын. Ал үчүн, жогоруда айтып өткөндөй, психологго кайрылсын. Ал эми азыр ата-энесине же күйөөсүнө бул тууралуу айтса, мындай жорук биздин коомчулукка жат көрүнүш болгондуктан, түшүнбөстүктөр пайда болуп, үй-бүлө уроо коркунучу бар. Бизге деле кайрылса кеп-кеңешибизди айтып, үй-бүлөсүн сактап калууга жардам беребиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(71)
21.05.2013. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аял заты эркек затынан жабыр тарткан кезде, психикасына доо кетип эркек затын жактырбай калат.
22.05.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алла ынсап бере кор пенделерине
22.05.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Амей кантип эле ушундай болсун анда эмне эркек менен эркекда суйушөбу? ха ха бул жалган болуш керек!
22.05.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек шайтан кирип алганго ичине тазаланыш керек.
22.05.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bir emes 2 jolu gorup oozum achilip kalgan , balkondo gir jayip atsam ildiy karay kalsam ekoo obushup atat erkekbi dep karasam ekoonun ten chachtari uzun eken ,jakshilap gechke karap tursam kizdar eken da biroosu jash kiz biroosu uluu eken ,jash kizdi kuchaktap silap siypalap atbaybi.Anan korodo oturgan erkekter naglo ele mandayina oturup alishti da tigi kizdar ogo beter kuchaktaship obusho bashtashti .Minday gorunushtor Bishkekte da gop ele eken Kudayim tobo dep jakamdi karmagan teyden giri
23.05.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bahar, Жаман эле болосун мындайларды коруп, жон юолушпайюы деп карасан, кайра сени жаман коздору менен карап, жаман корушот
22.05.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Кудай, эмне дейт шумдук?
22.05.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
психиаторго кайрылыныз
22.05.2013. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Myndailardy lesbiyanka dep koichuu beleee??
23.05.2013. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Gey aial eken da, anyn nesi bar eken. Bul jashoogo bir kelgenden kiyin ozu uchun jashash kerek, ozuno okshogon biroonu taap jurup korsub da.
23.05.2013. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын,уйдон атам да гезиттен окуп алып, уй-булоолуу, балдары бар экен, ушундай да болобу деп тан калып, тобо чачы тик турду.
24.05.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмес малга да тенеп болбойтко. тооба кылдым
24.05.2013. 06:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайда боло баштабай эле коп да андайлар, былтыр болуш керек Бишкекте Цумдун жанында экоо тен татынакай кыздар кеч кирип калган эч ким жоктой обушуп жатышат элестетевляеш
24.05.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЛЛАХ эркекти эркек аялды аял кылып жаратат, эч качан андай болушу мүмкүн эмес, антип ойлоо өзүндөн. Бул жашоо ушуну менен эле бүтпөйт балдарыңды ойлоп куйөөңдүн көңүлүн алып жаша. Күйөөсүн ыраазы кылган аял бейишке кирет.
25.05.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сага бере турган жардам менин колуман келбейт екен кечирип кой
25.05.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх кудайга шугур Аллах бизди сулуу кылып жараткан. сизге не дээримди да билбейм. менин айланамда да сизге окшогон кыздар бар. ошондуктан капаланбай куйонуз менен бактылуу болунуз
25.05.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдар бар бирок оздорун жашырып журушчу. Азыр ачык чыга башташкан гоо
26.05.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болор иш болду,, энене айтпа. Ичинде калтыр. Чалынды карап, балдарындын жытын жыттап журо бер. Эч ким жок жерге бардагы бакыр .
26.05.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жараткан Аллахым озун ушул кызга жардам бере кор, уйбулосун жакшы коруп бактылуу жашашына, антип аялзатын жактыруу сезимин очуруп кой, Аллахым озун куноолорун кечир. ал нерселерди ойдон чыгарып жолдошунузду ойлонуз эжеке, ал сизди урматтап жакшы коруп жашап жатса, сиз болсо башка нерсени оз кызыкчылыгынызды ойлоп жатасыз, ал нерсени унутуп кайрадан жаныдан жашаганга аракет кылыныз.
27.05.2013. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызым, кудайдан жардам сура, кудайга жалын жана эне экенинди унутпай, уй-булонду бекем карман
25.07.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундан башка ой келбедиби?
сени эркек кылып жаратса кандай эркек болор экенин елестете албайм......
08.08.2013. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechirester erkek aial bolup 2ge bolunup ketet
09.08.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
назгул обращайся ко мне я помогу
10.08.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назгул айым,сиз мындай оор маселенизди тайсалдабай баяндап жазыптырсыз.Демек жаратылыштын мындай ынгайсыздыгын женгиниз келет.Бул жерде ар ким оз пикирин айтыптыр,жагымсыз"былжырагандарга"конул бурбашынызды суранат элем.Кээбирлерибиз "Аллах,Аллах"деп, Алланын жараткан нерселерин тушунууго алсыз келет экенбиз.Жараткан озу жараткан пендесин суйот.Андыктан чындыкты Курандан издешинизди кенеш береер элем.Бул дуйно,адамдар,алардын сезимдери...баары убактылуу,озгоруучу.А Куран-баардык нерсеге жооп!
11.08.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата енениз менен балдарынызды ойлоп куйоонузго болгон суйуунузду бекемден
25.08.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анаа сага...
03.11.2013. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кантип адистен кенеш алсам болот? Супер-инфо жардам беринизчи?
04.11.2013. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото окунучтуу мне ее очень жаль честно
29.01.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алладан жардам сура
01.02.2014. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ыйман жолунда журсон аллах тала озу жол корсотот
09.12.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оопа кармалдынбы ыя?

1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо