Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖОЖдун АШКАНАСЫНАН АКЧА, АЛТЫН УУРДАП КЕТИШКЕН

№550 17-май-23-май, 2013-ж

«Бишкек шаарындагы Каржы-экономикалык университетинин ашканасына уурулукка кирген» деп шектелип 2 жигит кармалды. Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдиргендей, 14-майда 51 жаштагы Абдулаким аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан аталган ЖОЖдун ашканасына белгисиз бирөөлөр кирип 1400 доллар,
60 миң сом жана алтын-күмүш буюмдарды уурдап кеткендигин билдирген. Шаардын Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип 21 жаштагы Камрам жана Кайрат аттуу жигиттер кармалып, учурда иликтөө жүрүп жатат.

ЖУМУШТАН КЕТИРГЕНИ ҮЧҮН БЫЧАКТАГАН
Ош шаарында өзүн жумуштан кетирген адамды бычактаганга шектелип кафенин кароолчусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 7-майда милицияга 38 жаштагы «Ош шаарынын тургунунун денесине оор залал келтирилген» деген маалымат түшкөн. Ал денесинен алган жарааттарынан улам ооруканага жеткирилген. Белгилүү болгондой, ошол күнү кечки саат 7лер чамасында Ош шаарындагы кафелердин биринде жабырлануучунун артына белгисиз адам бычак сайып салган. Бул факт боюнча Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй түштүк борбордун милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип, Кара-Кулжа районунун 71 жаштагы тургуну кармалган.
Иликтөө учурунда жабырлануучу менен шектүү бир кафеде, бирөөсү кароолчу, экинчиси ашпозчу болуп иштегендери билинген. Окуядан бир нече күн мурун ашпозчу кароолчуну жумуштан кетирип жиберген экен. Кылмышка шектүү соттун чечими менен СИЗОго киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 2 КИШИ КАЗА БОЛДУ
13-май күнү саат 7:30дар чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунда киши өлүмү коштолгон жол кырсыгы катталды. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын билдиришинче, Ысык-Ата районунун 22 жаштагы Бекзат аттуу тургуну Беш-Күңгөй айылында Фольксваген Гольф-2 автоунаасын башкарып келе жатып рулду башкара албай калып 25 жаштагы Сапар аттуу Бишкек шаарынын тургуну башкарып келе жаткан Форд Фокус автоунаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Гольфтун айдоочусу жана анын Жазгүл аттуу 23 жаштагы жүргүнчүсү алган жарааттарынан улам өзүнө келбей, ооруканада каза болгон. Форддун айдоочусу Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринин жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бул факт боюнча тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
20.05.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жаман болгон го,отуп кеткендердин арты кайырлуу болсун демекчибиз.
25.05.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочулар жолдо баратып абайласа боло, же бироонун же озунун омуруно чек койбой.
Ашканада алтын буюмдарды кармап не кылат дейм да..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо