Гүлмира Рысбаева:«БАКТЫМДЫ АЛЫСТАН ИЗДЕСЕМ, ТАГДЫРЫМ КОШУНАМА ТУШ КЫЛДЫ»

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Таланттуу ырчы айым Гүлмира Рысбаева кыштын ызгаарына карабай турмуш жолуна аттанган эле. Элибизге ак никесин чилдеде жарыялабай, жадыраган жазды күтүп жүргөнүн айтып, бизге кызыктуу маек куруп берип кетти.

– Кандайсың, Гүлмира? Тууруң туруктуу болсун!
– Жакшы жүрөм, рахмат. Биз күтүүсүз эле, тамашадан улам үйлөнүп калдык. Мен Орусиядан келгенде туугандарым «болду, убактың келди, турмуш курушуң керек» деп башташты. «Макулмун, бирок жигитти өзүм табам» дегем. Анан минтип таап алдым (күлүп).

– Кантип таанышып калдыңар?
– Бактымды алыстан издеп, жер кезип келсем, тагдырым кошунама байланган экен. Кызыгы, ушунча убакыт кошуна болуп, эч жолукпаган экенбиз. Бир жолу кокустан сүйлөшүп калдык. Өзү Ысык-Көлдүн кулуну, 1986-жылы туулган, аты – Камил. Бишкектеги фирмалардын биринде иштейт. Токтоолугу, ар дайым жүзү жарык, кабак бүркөбөй жүргөнү менен арбап алды. Тамашаны таап сүйлөгөн адам. Үйлөнүү жөнүндө сунушту да тамашага салып киргизди. Алгач ишенген эмесмин, көрсө, чын дилинен айтыптыр. 2 ай сүйлөшүп, кыргыздын салты менен баш коштук. Чоң тойду күзгө болжоп жатабыз.

– «Бир жаш – тең жаш» депсиң да?
– Ха-ха. Ооба, жолдошумдан бир жаш улуумун. Бирок бул нерсе экөөбүздүн бактылуу түтүн булатышыбызга тоскоол болбойт. Бирок сурагандарга жашыбыз тең деп эле коём. Кантсе да кээде уялып кетет окшойм.
Ии-и, турмушка чыккан сонун турбайбы. Жыргап эле калдым. «Кыз кишинин бактысы үй-бүлөдө» десе кулак салчу эмес элем. Чыныгы жашоонун даамын никеде татат экенсиң да.

– Келиндик кызматтан кыйналбай элесиңби?
– Жакшы эле өтөп жатат окшойм. Бир кызык айтайынбы, Көлдүн сонун салты бар экен. Күндө эртең менен келиндер өзүнөн улууларга жүгүнөт. Мисалы, мен жүгүнсөм, мага менден кичүүлөр келип жүгүнөт, аларга андан кичүүлөрү. Кыскасы, бири-бирибизге эле жүгүнүп жүрөбүз. Анан бир жакка конокко барсак, чай куюп отурган келин сага ордун дароо бошотуп берет, анан мен куюп баштайм. Башка келин келсе, мен ага өткөрүп берем. Кыскасы, эстафета сыяктуу. Келин болуу өзүнчө бир кесипти аркалоо сыяктуу окшойт.
Келин болуп жаңы барганда айылдын баары көчүп келген, «Чын эле кичинекей Гүлмирабы?» деп. Бирден көшөгөгө баш багып, текшерип кетишкен. Анан элге аралашып калгандан кийин идиш-аяк жууп жатсам сүрөткө тартып ыңгайсыз абалда калтыргандар да болду. Силерге мурун «жигитим бар» деп интервью бербедим беле, ошону кайындарым окуган экен. Барганымда айтып жатышпайбы, «ошондо биздин Камилди айткан экенсиң да» деп.

– Динара эжени күйөө баласы менен тааныштырдыңбы?
– Жо-ок, убакыт болбой жатат. Бирок тоюма сыйлуу конок катары чакырам. Ата-эне баласынын тоюнда сөзсүз отурушу керек да. Динара апам (ред. Акулова) мени чыгармачылыкка алып келген, канча жылдар бою тарбиялаган адам. Төрөгөн апама да айтпай турмушка кетип калайын дегем. Бирок айтууга туура келди (күлүп).

– Бактылуу бол!
– Рахмат!

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(33)
20.05.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз.
20.05.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болунуз!Торогон апама да айтпай турмушка кетип калайын дегем.Дейт го )))
20.05.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула,мага аябай жагат ушул ырчы!
20.05.2013. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болуп,кармашкан колунарды Аллах Таала туболуктуу кылсын.Колдук женекелердин чай куйгандары жакты. :-)))
20.05.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичинекей Гулмиранын Абдумалик мырза менен ырдаган "Балалык" деген ырын жантыгыбыздан жата калып укчу элек кичинекейибизде.Эми чон Гулмира турмуш сапарына аттаныптыр, бактылуу болушсун!!!
20.05.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.
20.05.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула тоюна динараны созсуз чакыр катташып алгыла кайрадан сахнага да бирге чыксанар болот
20.05.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Татынакай келин болуп калыптыр, туболугунор туз,баскан жолунар бир болсун.Тутунган энеди (Д.Акылова)капа кылбай байланышып тур, кантседа ушул даражага жетишине эженин салымы бар деп ойлойм
20.05.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай шайыр келин болгонго,бактылуу болгула.
20.05.2013. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа иии кичинекей гулмира минтип чон гулмира болуп,бактылуу бол!!!убакыттын отушун кара!
20.05.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакыт каалаайм кошогонор когорсун
20.05.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ути муйдусунан:)) Помпошка келин болгон го:))
20.05.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
20.05.2013. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдималик агабызды неге айтпайт жанынан жакшы корчу Гульмираны тан калыштуу, агабызды биринчи чакыр тойуна,сени Динара ежекебизди элге тааныткан Абдималик агабыз....Бактылуу болгула...
20.05.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине кезимде ушу эженин ырларын аябай жакшы коруп укчум даа Бактылуу болунуз!!! Кармашкан колунар эч качан узулбосун!!!
20.05.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чыныгы жашоонун даамын никеде тартат экенсин дейт ко.
21.05.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
alik1602, чындыгында эле ошондой болуп калат экен,мен да азыр жолдошум жок уктай албайм!!!!!!!
21.05.2013. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu bolushsun!
21.05.2013. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Иий турмушка чыккан сонун экен жыргап эле калдым дейт го?
21.05.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жолдошунун туру кантет же бул суротто жакшы тушпой калганбы? Бактылуу болгула
21.05.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu bol Gulmira!!!
22.05.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол келиндик доор дагы жакшы кайталангыс кундор отот
22.05.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфо крокодил формасында беле кечээ бир рецепт кордум эле бугун таппай жатам кайсыл санда эле сураныч айтып койунуздарчы.
22.05.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluu7, сиз сураган рецепт төмөнкү шилтемеде
http://www.super.kg/article/?article=20343
22.05.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун!!!
22.05.2013. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдималик чон муштум, озуно ишенбеген кызганчак , а Динара озу эле таланттуу.Гульмира бактылуу болсун.
23.05.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы жашоо никеде экен дегени жакшы экен. Свет тез тез очуп жатса керек анда. Бактылуу болгула.
24.05.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыз аябай суйкумдуу кыз да. Кичинекей кезиндеги ырларын эле билем, азыр ырдабай койгонбу..
26.05.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дайыма эле жадырап жургону жагат.бактылуу болушсун
27.05.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
куйосуу коркунучтуу экен
06.06.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба
06.08.2013. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии-и, турмушка чыккан сонун турбайбы. Жыргап эле калдым. дейтко
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо