Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

РИНОПЛАСТИКА ЖЕ МУРУНГА ОПЕРАЦИЯ

№203 22-28-сентябрь, 2006-ж.

ОПЕРАЦИЯ КАНДАЙЧА ЖАСАЛАТ?

Пластикалык операциялардын ичинен эң оору мурунга операция жасоо болуп эсептелет. Мисалы, 300 пластикалык хирургдун ичинен 30у гана ринопластика жасашат.
Мурундун учун кыскартып, таноону кичирейтип же мурун дөңүн алып түздөө болобу, кыскасы, ринопластика эки түр­дүүчө жасалат.

  • Мурундун ичинен
  • Мурундун сыртынан

Мурундун ичинен жасалуучу ыкма

Операция таноо аркылуу жасалат. Мында көбүнчө мурунга чоң өлчөм берип турган кемирчектер алынат. Мурун тери болсо операциядан кийин жаңы формага калыптагыдай отурушу керек. Ошондуктан, кардардын мурун терисинин абалы чоң роль ойнойт.
Эгер мурунду коррекциялоо татаалдык жаратпаса, анда операция жергиликтүү наркоз менен жасалып, болжолдуу түрдө бир саатка созулат.

Мурундун Сыртынан жасалуучу ыкма

Мында таноолор ортосундагы тосмонун тери алдынан тилик салынат. Анан мурун тери өйдөгө көтөрүлүп коюлат да, хирург операция жүргүзүүгө өтөт. Мисалы, хирург пациентинин мурдун анын каалоосундагыдай формага келтириши үчүн мурдундагы кемирчектин же сөөктүн бө­лүгүн, май ткандарды же жумшак ткандардын катмарларын алып чыгат.
Операциянын мындай түрүндө наркоз колдонулат да, операциядан кийин мурун териде тырык калбайт. Операция 2 саатка жакын созулат.

ОПЕРАЦИЯДАН КИЙИН

Мурунга гипс таңуу коюлат. Бул кемирчектер менен мурун сөөктө­рүнүн жылышып кетпөө­сү үчүн керек. Таңуу 8-10 күндөн кийин тигилген жиптер менен кошо алынат.
Пациент операция болгон жери айыгып, калыпка келгичекти клиникада болуусу керектелет.

КАНДАЙ УЧУРДА РИНОПЛАСТИКА ЖАСАТУУГА БОЛБОЙТ?

  • Ички органдардын оор ооруларында.
  • Жугуштуу оорулар менен ооруп жүргөн кезде.
  • Кандын уюшу бузулганда.
  • Пациенттин онкологиялык оорусу бар болсо.

РИНОПЛАСТИКА КАНЧА ТУРАТ?

Операциянын баасы оор же жеңилине карап бааланат. Анын үстүнө ар жер клиникада жасалган операциялардын баалары да түрдүүчө болгондуктан, так баасын берүүгө мүмкүн эмес.

ОПЕРАЦИЯ ҮЧҮН КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

  • Операциядан 2 апта мурун аспирин же анын ордуна колдонулуучу дарыларды ичпөө керек;
  • Сасык тумоо менен ооруган кезде, этек кир келген учурда операцияны артка жылдыруу каралат;
  • Операция дайындалган күнгө жакын аллергия кармаса да операция датасы жылдырылат;
  • Операцияга чейин 6 саат эч нерсе жебөө, ичпөө талап кылынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
15.09.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда кылынабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо