Элизат Садыралиева, НТС телеканалындагы «Жаңылыктар» кызматынын жооптуу редактору:«АТАМ АБАЙЛА, БАШКА ЧААП КЕТПЕСИН ДЕП КОРКУП ТУРАТ»

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктарды өз убагында элге жеткирип, маалымдап турган НТС телеканалында «Жаңылыктар» бөлүмү бар. Мына ошол бөлүмдүн жооптуу редактору болуп эмгектенип келген Элизат жаштыгына карабай өз ишине так.

ЭЛИЗАТ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 30-март
Туулган жери – Кочкор районунун Комсомол айылы
Кызыгуусу – Жаңы кинолорду кууп көрүү
Билими – М.Кашгари атындагы Чыгыш университетинин журналистика факультети
Үй-бүлөдө – 4 бир туугандын үчүнчүсү

– Салам, Элизат. Кичинекей кезиңде эле журналист болом деп чечип койдуң беле?
– Салам, кичинемде сыналгыдан депутаттардын бири-бирин чукуп сүйлөгөндөрүн көрүп «саясатчы, депутат болом» дей берчүмүн. Анда көп нерсени деле түшүнбөйсүң да. Эми гана алардын күндө кубулуп турарын, ар бир сөзүнүн артында кызыкчылыктары бар экенин түшүнбөдүмбү. Мектепти аяктап, борборго келип саясат таанууга тапшырайын десем, «шапка» сурашканынан акчам жетпей өтпөй калдым. Тесттен жакшы упай алсам да, «шапкадан» коркуп калган жаным таза дегенинен журналистикага тапшыргам.

– НТСке кантип келип калгансың?
– Студент кезде эле ар кандай жеке студияларда талапкерлерге ролик жасап, текст жазып жүргөм. Бир күнү эле НТСке иштеп көрөйүн деген ой келди. Анда сюжет кантип жасалат, интервью кандай болот, түшүнүгүм жок эле. НТСке келгенде учурдагы директордун орун басары Айдай Ивакова жол көрсөтүп, устатым болду. Эки жылдай кабарчы болуп жүрүп, жооптуу редакторлукка көтөрүлдүм.

– Экрандын артында да көп түйшүк жатса керек...
– Биздин жумуш абдан эле түйшүктүү, коркунучу да бар. Мисалы, эгер «Дордой» базарында өрт чыкса, 7-кичирайондон ал жакка барып келгениң менен бир саат кетсе, эфирге чыкканы 20 гана секунд болот. Ошол 20 секунддук кадрды бериш үчүн көп эмгек кетет. Кээде саясатчылардан 5-10 мүнөт интервью алып, аны 25-30 секунд кылып кыскартып берсек, «силер атайын өзүңөргө керектүү жерди кесип алдыңар» деп нааразы болушат. Бирок бардык кыйынчылыктарды Бакыт Аманов баш болгон күчтүү команда менен жеңип келебиз.

– Карьера деп жүрүп жеке жашоо артта калган жокпу?
– Баары эле «карьераңды түптөй алдың, жеке жашооңду кара» дешет. Өзүм да ойлойм, ушинтип тытынып жүрө бергеним менен, кийин баары бир сени колдоп турган бирөө керек деп. Кудай буюрса, ойлонуштуруп жатам. Азырынча сүйлөшкөнүм жок. Жумушубуз эртең мененки сегиз жарымда башталып, чыкканча түнкү саат он болот. Ондо кимди табасың? Тапканда да ал сени түшүнөбү?

– Турмушка чыкканда жумушту таштоого туура келсе кантесиң?
– Ошондон корком. Анткени тынбай иштеп көнүп калгам, үйдө отуруп калсам өзүмдү бир канатым сынгандай сезе берем. Бирок аялзаты болгондон кийин баары бир үй-бүлө керек.

– Ата-энең жумушуңа кандай көз карашта?
– Менин кеңешчим да, сынчым да атам. Материал кетери менен чалып «Кызым, бул жериң мындай болуп калыптыр, эмне кылып сүйлөп салгансың?» деп турат. Атам өзү айылдагы карапайым эле тракторчу. «Берип сала бер чындыкты» деп мени менен сыймыктанат дайым. Биз көп митингдерди баштан өткөрүп, курч материалдарды чыгарбадыкпы. Ошондой учурларда «абайла, кызым, башка чаап кетет» деп коркуп турат. Апам болсо китепканачы, сөзү курч, макалдатып сүйлөгөн адам. Менин сөзмөрлүгүм да апамдан калса керек.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
20.05.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иш жана иш деп журо бербей,турмуш жолуна да ойлонуз,Кыздын бакыты эне болуу да дейт го,иштеринизге да ийгилик каалайм.
21.05.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элизат алып барган Акыйнек теледебатында студенттик кезде катышып калгам, озунун кучуно ишенген, адамкерчиликтуу адам. Ишине ийгиликтерди каалайм, бар бол!
25.05.2013. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суротто кайсынысы? Жакшы ийгилик силерге.Бир созу жакты да кечки саат 10 до кимди таасын дегени кулкулуу болду.Багыныз ачылсын
Модератор admin_superstan түзөттү 25.05.2013 01:05
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо