ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН

№550 17-май-23-май, 2013-ж

(Башы өткөн сандарда)

Асмандын туулган күнүнө арналган кече шаңдуу өтүүдө. «Алдамай жок» деген оюнда бири-бирине суроо берип, жооп алып отурушкан. Мирзат капыстан сулууга суроо салды. «Мендик болчу» деген жигитке сенин жообуң кандай болор эле?» деген. Жаагын таянып отурган Асман күлүп жиберди да, жооп берди.
– Жок демекмин. Кыскасы, менин жообум жок бул суроого!
–Жооп бере албайм деп түшүнүш керекпи же жигитке отказ деш керекпи?
Отургандардын бирөө такып сурады кыздан.
– Жүрөгүм азыр сүйүүгө даяр эмес, анткен менен таптакыр жигит жандабай өтөм дегенден да алысмын.
– Оп бали, жооп эмес бекен!
– Койгулачы, эй, бүгүнкү кечтин ээсин капа кылбай! Кимдин көзү түшпөсүн ушундай периге?! Карачы, айдай жүзүн. Ии, аппагым го, аппагым,- деди шайыр досу.
Үмүттүү караган Мирзат унчукпай отуруп калды. Бирок бул убакта Мирзаттын деле сүйлөшкөн кызы бар болчу, тымпыйып алып кыздан кызды тандаганын Асман кайдан билсин?
Ушуну менен булардын чогулган жери кино тартуу талаасы болду. Тартылышты, көп кызык күндөр өттү. Бирок кыз жүрөгү сүйүүдөн көңүлү азып, көөдөнү толбой койду. Жөн гана баары менен жакшы мамиледе болуп, достуктан ары өтө албай далай жандар ашык болуп кала беришти ага.
Убакыт зымырап өтө берди, Асман дагы бир жылды артка таштады. Ырчылыкка жаңыдан кадам таштаган мезгили бир жылга карыды. Ачык-айкын, жайдарылыгы, баарын бетке айтып алып балтаң-шалтаң болгон мүнөзү дале калбады. Бирок бул кыял-жоругунан кыйшык издебеш керек, бала кыял, ичинде кири жок каарманымдын. Ыр артынан ыр жаралып, клип артынан клип тартылып чуркамай күндөр өтүүдө. Бул жаатта алганда Асман кыйла эле эл оозуна алынып, «баягы сулуубу?» деп шыпшынып калгандар өтө көп.
Шоу-бизнес дегениң ушул белем, заматта интрига, курулай пиарлоо деген заман башталып кетти. Продюсер деген түшүнүк пайда болду, бар балээнин баары ушундан чыкты. Урушмай-тирешмей, такташмай, чапташмай. Айтор, шоу-бизнес деген түшүнүктүн кеңири жайылышы менен жаңы толкун арасын кыргын каптагандай эле убак өттү. Кадимкидей кырылышмай, жамандамай, бут тосмой, шыбамай деген балээнин эпкини каптап келди. Баарынан да «жылдыз оорусу» дегени жабышты, мен ырчымын дегендер арасында. Азыркы муундун минтип көөп баратышын көргөн улуу муун, орто муун дегендер «капырай, бул не деген шумдук, ай, микрофонду оозго такаса эле жылдызбы? Бул не деген сандырак саптардан куралган ыр?!» деп жеришти, өкүртө сындашты. Бирок ага карабай жаш муундун ырчыларынын ырын жактырып уккан, же тескерисинче, өң-келбетине суктанган фанаттар пайда болгондугун тана албас элек. Спорт Ордосу, филармония сындуу концерт коюлчу имараттардын ижара акысы күн санап өсүп, анык бизнестин кулуна айланышты. Арасында чыныгы таланты менен таш жарып, кулак жыргатчу ырларды аткаргандар да арбын эле. Ошол көпчүлүк менен кошо Асмандын чыгармачылык жааттан да, популярдуулук тараптан да ити чөп жеп, таланты менен кошо жеке жашоосу кызыгуу туудурду. Аны туурап ырдап, бийлеп, андай болгусу келген жаштар көп болчу. Мунун өзү эле ал үчүн сыймык, бирок «жылдыз илдети» дегенге бул кыз да кабылды. Бир чети укмуш ушак-айыңдар жеке жашоосун аралап бараткан кара жолдон кантип кутулуп чыгарын билбегени үчүн орой сүйлөп, башкача бир ааламга сүңгүгүсү келгендир...
Акыркы кезде өзү тууралуу жакшы сөз укса дардалаңдап калган кыз жаман кепти көп жерийт. Колунда акча бар, эч кемчилиги жок, баары жайында болгону кийинки, мурунку жашоосундагы бир сүртүмдөр ага тоскоол болуп туруп алгансыйт. Кийинди, ичинди, ойноду, күлдү, көңүлү куунак, тилеген максаты ишке ашып, ырчы деген атка ээ болуп отурат. Бирок атактуулуктун да ооматы болот экен, бир келген. Кыязы, Асманга ошол оомат келген өңдүү. Эч нерседен камы жок уктап жаткан кызды агасынын телефон чалуусу ойготту.
– Асман, кайдасың?
– Үйдө!
– Алдаба, мен келгем, жоксуң үйдө!
– Сен алдаба, мен үйдө жатам!
– Чындаппы?
Самат карындашына жини келип, бирок өзүнүн жалганы чыгып калганына уялып калды.
– Кандай, качан келесиң биздин үйгө? Агаң, жеңең бар экенин билесиңби, унуткан жоксуңбу?
– Ммм, бүгүн барам, жок, унуткан жокмун, менин жөжөм не кылып жатат?
Азыр эле агасына ачуусу келип турган кыз кайра жибий түштү. Бөбөгүн эстеп кетип элжиреп алды да, чачын иретке келтирип, агасынын үйүнө жөнөп калды. Бүгүн үй-бүлө мүчөлөрү
баары ак дасторконго чогулушуптур. Инисин эркелетип Асман отурат.
– В честь чего майрамдайбыз бүгүн?
Жылдыз эжеси Саматтан сурап калды.
– Азырынча сюрприз! Эмне, биздин үй-бүлө айда-жылда ушинтип чогулуп турса болбойбу?
– Албетте, болот, апам качан келет?
Үй бака-шакага толуп, жеңе, жездеси, балдары менен бапыр-тапыр эле болуп отурушат. Бир убакта апасы келди, «балдарым бар, бактым бар, ырыстарым менин» деп. Айтор,
бүгүн үй шаңга толуп, бир башкача эле.
– Самат байкем сюрприз бар деп жатпайбы. Сизди күттүк, эми айтар себебин?
– Ой, тамашалайт, сюрприз деле эмес, жөн гана чогулуп чер жазалы дегенбиз,- деп баятан бери дасторкон даярдап жүгүрүп жүргөн жеңеси сөзгө кошулду.
– Аа, ошондой, эртең менен туруп эле мени кайтарып «кайдасың?» деп суракка алса, эмне болду деп санааркап баштагам. Кайра өзү жалжактап күлүп ийип жатпайбы, «конокко
келгиле
» деп.
Асман апасына эркелей ушинтип сүйлөдү. Көптөн бери бир туугандар минтип чогула элек экен, боор батырышып, Асмандын чыгармачылыгы тууралуу кеп салышып, акыл кебин
айтышып, айтор, жыргап отурушкан. Аңгыча жеңеси агасын ашканага чакырып калды.
– Алло, кандайсыз, аба? Ыя, не болуп, ким, каерден, кандай?
Самат катуу сүйлөшүп, такып жатканына караганда бир күтүүсүз кырдаал болгон окшойт. Баары тымтырс кулак түрүп калышты.
– Ким менен сүйлөшүп жатат? Деги тынччылык эле болсо экен.
Ушинткен эне жүрөгү туйлап кетти, бир нерсени сезгендей.
– Дагы мен тууралуу ушак кеп уккандыр да.
Асман камырабай өзүнүн маселесин кошо калды, эжеси да жездесинен уялдыбы, ким билсин, коштоп кетти.
– Аларга көңүл бурсаң жаның калабы? Эл көзүндөгүлөрдү ушинтип айта беришет, кайдагыны ойлоп таап. Көңүл бурба, көрө албагандар ичи күйүп кала берет.
Булардын мындай маанайын өңү бозоруп, кабагы чытылып кирген агасы бузду.
– Эмне болду, ким чалды?
Чыйпылыктап кетти, Асман агасынын кебетесин көрүп.
– Атам...
– Атама эмне болуптур? Үйлөнгөнүн давно укканбыз, бала-чакасы деле бар, анан?
– Кан басымы көтөрүлүп кетти дейт, ооруканада экен, абалы начар окшойт.
Үй ичи бир саамга жымжырт боло түштү. Баары сыртынан бир нерсе деп сөз айталбай турушат, ичтеринен ич этин жеп коёюн дешти. Кантсе да атасы да, кантсе да Маралдын бир
кездеги ашыгы эмес беле? Мынабу мончоктой балдар ошол экөөнүн аруу махабатынан жаралбады беле? Мейли, турмушта нелер гана болбойт, таарынышты, табышты, кайра тагдыр экен, ажырашты. Ага болгон таарынычы көкүрөктө күч. Балдары деле ошондой, башка бирөөгө башын байлап, андан балалуу болгонун катуу кабыл алышкан эмес. Бирок ата деген ата экен, ооруп жатат дегенде эт-жүрөгү эзилип кетти баарынын. Мына азыр жолго чыкчудай турушат баары...

(Уландысы кийинки санда)

Жаңыл Калыкова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 531-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 532-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН (жаӊы сериал) 533-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 534-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 535-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 536-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 537-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 538-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 539-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 540-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 541-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 542-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 543-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 544-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 545-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 546-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 547-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 548-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 549-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 551-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 552-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 553-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 554-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 555-сан
ЖЫЛДЫЗДУУ АСМАН 556-сан
Комментарийлер(22)
20.05.2013. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайдан да Бадыева деп койгонсунар,окусам эле ошону элестетип окуучу болдум...
20.05.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidanek, айтпа, мен дагы окусам эле ошону элестетем :))
20.05.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamolovna, Мен да ошону элестетем,эми акырын кутобузго,кандай болор экен.
24.05.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidanek, ошону айтсан.мен дагы оло кызыктымго
20.05.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хехе, тимеле Бразилия сериалындай кылып жазыптыр го, деги эле сериал корчу эмес элем бул чыгарма убакыт откон сайын кызыктырат го.
20.05.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык болуп жатат, кийинки санын чыдамсыздык менен кутом!
20.05.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бадыева ой Закирова экен точно!Бут айланамдын баары саткындар досумдан баштап деген ондуу маеги бар эмес беле )))
20.05.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бадыева десенер эле ошол окшойт деп эле калдымго.Мейли уландысын кутобуз эми.
20.05.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха ха, эээй достор. Мен да Асмандын ордуна Бактыгулду элестетип эле жатам.
20.05.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазган комментарийлерибиз бадыеванын турмушуна терс таасирин бербеселе болду .зорго турмушка чыкканда.
20.05.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактыгул аябай деле сулуу емесго ал емес
20.05.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми баарынар эле окшоштура берип,автор мазмунун озгортуп,башкача аяктаса отурасынар анан уят болуп.
24.05.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaisarbek, бул деген эчак эле жазылып бутконда.
20.05.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кызыгы кете баштады чыгарманын.
21.05.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бадыева эле болсо керек.Мирзат менен болгон суйлошуулорун аз эле берип койду го.Уй-булого ырк кетпесин десе керек автор.Бирок чын элне бул чыгарма коп деле кызыктуу эмес.Мурдакы сериялдарга салыштырмалуу.
22.05.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдан Бактыгул дединер Эле окусам Эле бактыгылду элестетип окучу болдум.
22.05.2013. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыгарма Айгүл Шаршендики эмес.
22.05.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакуляны элестетип окуп жатам
22.05.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары эле Бактыгулду элестетип жатат окшойт менимче. киного тартылганын анча жазбаптыр менимче атайын эле кыскартып койгонго дейм да.
22.05.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо китеби чыкканбы?
22.05.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizish,
Саламатсызбы! Жок, чыккан эмес)))
25.05.2013. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазгандарыбыздын бары бактьгулдун жашоосуна зыянын тийгизбесе болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо