АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВАНЫН ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛГАН КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

№550 17-май-23-май, 2013-ж

«АЙБАНДАРЧА КОЛ САЛУУ, КОРКУТУУ – БУЛ ЭМНЕ ДЕГЕН ШУМДУК?»
Бул сөздү мындан 3 жыл мурда КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева айтып катуу капа болгон эле. Тактап айтканда, 2010-жылдын 2-январында ырчы айым жолдошу Таалай экөө белгисиз бирөөлөр тарабынан ур-токмокко алынган. Үйдөн чыгып баратканда экөөнү күтүп турган бейтааныш 3 жигит кол салып сабап, «бирөөнү капа кылып жүрөсүң, жөн жүр» деген эскертүү сөзүн айтып коркутуп кетишкен. Ырчыга карата жасалган бул чабуул биринчиси эмес. Ал окуядан бир нече күн мурун бир концертке барганда Айчүрөк айымдын машинасын талкалап кетишкен. «Сен бирөөнү таарынткансың, жөн жүр, балдарың жетим калат» деген өңдүү телефон чалып коркутуулар да болуп турган.
Ырчы айым укук коргоо органдарына арыз жазган менен, тилекке каршы, ошол убакта бул кылмыштын бети ачылбай калган. Анткени ал Бакиевдин бийлигинин тушунда эле. Ал окуядан соң Айчүрөк айым ооруп да, коркуп да катуу жапа чегип жүрдү. Бул иштерди мурда кол алдында жүргөн, көз алдында чоңоюп тарбияланган бирөө кылдырып жатканын көпчүлүк боолгологон. Айчүрөк айым өзү билип турса да, «ооба, ошол» деп айткан эмес, «Кудайга койдум» деп тим болгон. «Менин турмушумда ушундай жаман окуя болуп кетти. Мындай нерсени душманыма да каалабайм. Айбандарча кол салуу, коркутуу – бул эмне деген шумдук?!» деп көзү жашылданып маек берген эле. Андан бери далай суулар акты, айлар өттү. Качан сураба ырчы айым «ооруканада жатам» деп айтчу. Өмүрүнө коркунуч, ден соолугуна зыян алып келген ошол чуулгандуу окуяны эч унута албастыгын айтып эле келет.

«АТКАРУУЧУЛАР КАРМАЛДЫ, БИРОК АЙЧҮРӨК АЙЫМ ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫ»
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз эстрада жылдызы Айчүрөк Иманалиеванын өмүрүнө кол салды деп шектелгендерди 3 жылдан кийин таап, кармады. Бирок ырчы айым кылмышка шектелип кармалгандарга карата «доом жок» деген арыз жазып бериптир. Анысын ырчы өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугунан корккондугу деп түшүндүк.

Окуя тууралуу УКККББнын бир кызматкери төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул кылмыш ишине шектүү адамдар кармалды, бирок Айчүрөк Иманалиева тосмо арыз жазып, токтотконго туура келип, буюртма берген адамдарды тактоого жетишпей калдык. Өзү аягына чейин турса жакшы болмок. Жабырлануучулар мындай тосмо арыз жазып коюп, иш сотто «сынып» калган учурлар көп. Айчүрөк айымды да түшүнсө болот, үй-бүлөсүн ойлоп, аялдык кылып чочулап койду окшойт. Ага кимдир бирөөлөр телефон чалып коркутушкан, ошондо нерви чыдабай кетти окшойт. Биз да бир сутка бою Айчүрөк Иманалиеваны кайтардык. Кимдер коркутуп чалгандыгын биз болжолдуу билебиз, тосмо арыз жазбаганда аягына чыкмакпыз. Эми учурда камакта жаткандардын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот аныктайт. Сот тосмо арыз жазылгандыгын эске алып аларды бошотуп жибериши мүмкүн. Азыр деле кеч эмес, эгер Айчүрөк Иманалиева кайра арыз жазса, бул кылмыштын түбүнө жетебиз.

«КАРМАЛГАНДАР КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ»
Андан соң ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын жетекчиси РАФИК МАМБЕТАЛИЕВге кайрылсак, ал бул иш боюнча төмөнкүлөрдү билдирди
:
– 2010-жылдын баш чендеринде белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиеваны жана анын жолдошу Таалай Жумабековду концерттен чыгып Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү үйүнө кирерде 3-4 белгисиз адам эч себепсиз эле ур-токмокко алып, сабап кетишкен. Бул факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошол убакта короодо жүрүп кылмышка күбө болгон адамдар суралган. Бирок кылмышкерлер аныкталбай, иш токтоп турган.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында биздин башкармалыктын кызматкерлерине «бул кылмышка Бауржан Карышкырбаев, Таалайбек Ысманов жана Самар Жолдошов дегендердин тийиштиги бар» деген оперативдүү маалымат түшкөн. Анан бул ишти биз өз карообузга алганбыз. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында бул кылмышка шектелип 1988-жылы туулган Бауржан Карышкырбаев жана 1985-жылы туулган Таалайбек Ысманов колго түшүрүлдү. Экөө тең Камчы Көлбаевге тиешелүү кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү. Аларды жабырлануучу жана күбөлөр таанып, ушул деп көрсөтүп беришти. Таалайбек Ысманов деген бизде мурун кылган башка кылмышы (орган кызматкерин сабагандыгы) үчүн издөөдө жүргөн. Экөө тең Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынды. Бул кылмышка тиешелүү дагы 2-3 жаран бар, алардын үстүнөн да иштеп жатабыз. Учурда тергөө аяктап, сотко жөнөттүк.

КАРТ ЖАРАСЫ КАЙРА ТЫРМАЛДЫ
3 жыл мурунку окуя бүгүнкү күнгө чейин уланып, телефон чалып коркуткандар болуп келе жатканын Айчүрөк айымдын сөздөрүнөн улам билдик. Эл алдына жаркырап-жайнап чыгып жүрсө «буларда кайгы жок» деп ойлошот. Сыртынан кайраттуу көрүнгөнү менен, көөдөнү ооруп, көкүрөгү жашка муунуп турганын ырчы айым менен сүйлөшүп отуруп байкадым. Аны дүпөйүл кылган нерселер дале бар өңдүү. Ушул окуя тууралуу бар чындыкты мына төгүп салам деп баратып, эмнегедир кетенчиктеп, «балким, бир күн акыйкат жеңип чыгар» деп үмүттөнө үн катпай тилин тишине катып калат. Анткени эне жүрөгү чочулайт, балдарынын, жакындарынын өмүрү үчүн да кооптонот. «Арызын алды, демек, коркту» деп жыйынтык чыгарган да туура эмес. Анткени жашоодо кылмыштар жазасыз калбайт. Сот аркылуубу, Жараткан аркылуубу, айырмасы жок. Ошон үчүн да жашоо – бумеранг дешет.

«Супердин» сурак бурчу
ШОУ-БИЗНЕСТЕГИ ИЧ АРА КОРКУТУП-ҮРКҮТҮҮЛӨРДҮ ЧОГУУ-ЧАРАН ЖӨНГӨ САЛА АЛАСЫЗДАРБЫ?

Турусбек Жумалиев, алпаруучу:
– Эгерде бизде мыйзам жакшы иштесе мындай адамдарды жок кылуу оңой эле. Мындай кылмышка баргандарды мен маңкурттар демекмин. Жашоодо өз ордун таба албаган коркок адамдар гана бирөөгө заказ бердиртип коркутуп-үркүтүшөт.

Кенже Дүйшеева, ырчы:
– Шоу-бизнесте ички согуш, тышкы согуш деген түшүнүк бар. Ич ара тартыштын негизги себеби акча болушу да мүмкүн. Мындайда өздөрү эле ич ара чечип койсо болот. Бирок жамандык кылган адам бүгүнкү күнү жыргашы мүмкүн, эртең эки эсе жамандык тартып каларын унутпаш керек.

Мирбек Иманбеков, ырчы:
– Шоу-бизнестин арасындагы адамдар эле коркутуп-үркүтүп жатса, аны ич ара чечишип алганга болот. Эгер сырттан адамдар аралаша турган болсо, анда ар бир ырчы өзү чечиши керек. Мен бул өңдүү көйгөйлөрдү эч кимди аралаштырбай дайыма өзүм бүтүрүп келем.

Асел Турдалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Кайсы гана өлкөнүн жараны болбосун, өз өлкөсүнүн мыйзамдарына баш ийип жашашы керек. Эгер маданият чөйрөсүндө ушундай көрүнүш кайталана берсе, баарыбыз чогулуп сүйлөшүп, маселени мамлекетке, сотко жеткирбей өзүбүз чечишибиз керек.

Бакыт Букаев, шоумен:
– Азыр элдин баары, чоңдор баш болуп маселеси болсо крим дүйнөнү аралаштырып чечип жатышпайбы. Эгер мамлекетте тартип, мыйзам иштебесе, мыйзам жазган депутаттар өздөрү жаман иштерге аралашып жүрсө, биз кайдан чечебиз ал маселени? Биз алардын алдында алсызбыз.

Бегимай Туратбекова, актриса:
– Ич ара чечкенге каршымын. Себеби досуң деле бир күнү касың болуп калып жатпайбы. Ич ара чечсе деле болот, бирок мыйзам деген мыйзам. Колу менен жасаганды моюну менен тартыш керек.Ич ара чечишүү болбогон нерсе.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(99)
21.05.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирок жамандык кылган адам бүгүнкү күнү жыргашы мүмкүн, эртең эки эсе жамандык тартып каларын унутпаш керек.
21.05.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ооой кыйын элесинерда. Козу ачыктарда, милициянын опер кызматкерлерида бул жакта калсын, баарын билесинер тим эле Айчурок менен Анжеликанын койнунда жатып жургонсуп. Аман эле бололук.
21.05.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aichurok eje sizge ijilik kaalaim, aman esen bolunuz, baktyluu bolunuz!!! Kudaiym daiym siz menen!!!
21.05.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким кылса дагы Бакиевдин ызуу-чуусу мн тынчытып коелу деген экен да ээ!мен айтаар элем "адам бир кун туз таткан жерине, мин кун салам бериш керек"!
Артты карай тукур бостон! Мен ойлойм эгер Анжелика кылган болсо эч качан кечир бесе керек деп.эгер акылдуу болгондо озуно кир жугузбай кек сактабайт эле.
22.05.2013. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygerim_tls,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
22.05.2013. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЙчурок эже Анжеликадан башка бироо-жарым менен капаланышып журот дегенин укпадык эле, балким койнунда баккан ийри жылаан дегендей болгондур... А балким таптакыр андай эместир, эми биз окурмандарга чын-тогунун билбей туруп бир жактуу пикир айтуубуз азга кыйыныраак го...
22.05.2013. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Анжеликанын оозун коптуруп- Мен мээримдуу энемин, шумдук жармын деп эле жар салып айтып келет, эгер ушундай ишке барып атса- кайдагы ыйман, мээрим бул адамда. Кудай алдында жооп берет, дагы коркутуп койгондурда Айчурок эжени арызын алганга караганда.
24.05.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
snejinka, Анын мээримдуу эне,жакшы жар экени куйоосуно маалым.Жалган жалаа да чон куноо,билбей жалаа жапканын учун,балким сен куноого батып жооп берип калаарсын...
22.05.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ой Анжеликаны эмне эле сулуу дейсинер! Ички дуйносу таза, журум туруму туз адам сулуу корунотда козго. Мага бир стерва эле корунот жагымсыз болуп. Шакирти устатын тартатда. Айчурок как вседа в своём репертуаре. Обе пиаршицы!
22.05.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А Самар Жодошов эмнеге кармалбаган?
22.05.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген шумдук...
22.05.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жанагы AsyaAsya деген ошол Анжелика озу го...Чындыгында экоо тен жасалма жана стервалар, бирок Анжелика жаш, ошонусу менен кучтуумун деп ойлосо керек.
22.05.2013. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пр дейсинер, койгулачы ай, адам ушинтип пр жасайбы эмне? Болгондо да кылмыштуу топ аралашып жатса! Ким буюртма берсе да бир куну Жараткан алдында жазасын алат деп ишенем! Айчурок эже, бекем болунуз, биз сиз менен!
22.05.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AsyaAsya - Анжелика экени кызык...
23.05.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
просто кашмар .козу ачыктар бул акта эле калыптыр.аллахтан да улуу болуп алыпсынар мусулмандар .силерди ким сынайт экен.кимиси б со да кыргыздын атын таанытып келе жатышат .
23.05.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Asya-Asya дегени Анжелика экени оркоюп эле билинип калыптыр го. Кайра-кайра эле ар кимге озун(Анжеликаны) жактап жооп берип, уруша бериптир. Озу болбосо, ото сыйлаган куйорманы болсо да минтип кайра- кайра жазбайт эле...Абайлап суйлойлу, бизди да сабатып салбасын:(
Кокус аша чаап кеткен болсом БАНга айдап жибербегилечи, сураныч.
23.05.2013. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хе-хе, чындап козу ачыктар окшойбуз ээ,козу ачылгандардын баары топтолуп алып жанагы козу ачыктарды кудай туткан немелерге барбайлыбы, жакында дагы жаны сезону башталып кабыл алып жатышат дейт КТР, кимибиздин аркабыз бар экен байкап багалы)))Акча утабыз дегендей;)Бирок Камбарканга Анжеликанын катышы деле жок эле го,же ал эмне фольклор жаатында беле хи-хи!Адыл Бакиев дагы кимиси болу кетти,эми сулуу адамдар бир адамдыкы эмес деп койчу беле,жорго мн сулуунун тери кургабайт дегендей )))))
24.05.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айчурок эженин жомогу,пиярбы бул?
24.05.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда айылдан келген кыздыда Анжеликадан сулуу кылып койсо болот жылдыздардын сулуулугу 50 пайыз калганы 50 пайызы грим. Ушу Анжелика озунчо эле бир нерсе боло берет эч жакпайт корсом эле чачым тик туруп албарстыны коргондой боло берем эмнесине кердейет мактанганы мактанган. Мен болгон чындыкты айтып жатам анан менида сабатып журбо AsyaAsya(Анжелика)
24.05.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен билем эмне учун Айчурок завлениесин алып алганын!Айчурок Анжеликадан 5000$ сураптыр деп уккам,она ни за что такие деньги ей не даст деп ойлодум эле!А она дала!!!Ха,ха теперь понятно почему!
24.05.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
junusova, eeee chyn elebi
24.05.2013. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми тушундум эмнеге Анжелика Айчурокко 5000$ бергенин,милциялар кол салган балдарды кармашып,эми ким заказ кылганын тактап баштаганда,Айчурок акча алыгандан кийин токтотмо кат жазган турбайбы!Жон жерден эле кайсыл соо,куноосу жок адам бере коймок эле,ммм эми тушундум!
24.05.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макалада Айчүрөк дооматым жок деп жазыптыр. Мен түшүнөм ал ырчы кызды. Азыр деле каркчылар жок деп эч ким кепилдик бере алат? Бакиевдин учуруна караганда алардын куйругун толгоп коюшту. Ошентсе да, ойлойм, Айчүрөк канчалык атактуу инсан болсо да, анда башкалардай эле коркуу сезими бар. Пугачева: “Также как все, я по земле хожу, и у судьбы как все счастье себе прошу” деп ырдаганда Айчүрөк деле бизге окшогон адам да.
24.05.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурек стала виновной лишь потому, что не хотела, чтобы ее воспитанница не стала на путь разврата. Но ее ученица с мамой выбрали себе именно этот путь! Понимаю, как тяжело Айчурек, которая пострадала, и материально ( когда разбили ее машину), и физически (когда их избили), и психологически (когда, избив их, начали угрожать детям)… Как это все тяжело, но все прошло, все позади… Но, не смотря на это, она словно птица Феникс, восстала из пепла и продолжает развивать свое творчество, кормить детей,
24.05.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика экенине толук доказательство барбы силерде, билбей эле кудайдан улук суйлобогулочу.
24.05.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канышай эже, чон эле эже экенсиз Анжелика менен Адылдын жанында свеча кармап тургандай аябай уверенно суйлопсуз , уят эле . Анжелика силерди каратып койуп эртенки кунун ойлонбой башка комнатага кирип кетти дейсиз ал сиз ойлогондой акылы жок кыз эмес .
25.05.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай койсонорчу жон эле бирону жамандай бербей,эко тен жаманбы жакшыбы кыргыз элине, акчанын кучу менен ырчы болуп журушот.
26.05.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде Анжелика сымалдар жыландай кобойуп кетиптир го. Ошонун жолу жакса, ошондой болгунар келсе, анда оз эненерди сабаткан жолго тушо бергиле!!! милиционерлер жымсалдап бериптир бул маалыматты. Жакында баары ачылганда билесинер кимдин ким экенин!
28.05.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ужас.куда катимся?жесть.сколько негатива сколько гнева.аиииййй уяты жоктор .
30.05.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Piar kylganyn kachan toktotot eken, kalp ele ozunun kolundagylardy kunoolop elgw baikuw korungon. Karyganda ebi mn karysa bbolmok, aljyp karydy go. Otup ketken okuyasyn kaira kaira duinonun problemasyndai kylyp. Uwul ayaldy tonop ketkenine da iwenbeim negizi. Ozu dele uyalsa bolo. Bogundai kyzga kechke asylat, uyat, salonunan baryp kiyimderin tiktirip anjelikanyn torundo konok bp ele juro berse bolmok. Anjelikanyn salonunan 3 4 jolu baryp kyzmatynan koldondum, a
Модератор admin_media түзөттү 30.05.2013 16:27
30.05.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ga cheyin ayabai jaman korgom, bir korgon jakwy degen tuura, adamgerchiligi jogoru ele kyz eken. Azamat Anjelika. koralbastardyn ichin orttop alga jyla ber!
30.05.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канышай эженин айтканын туура деп ойлойм,ошол создорду Айчурок эже айтып чыкканда сабалган.Анжелика башкача ат менен кирип алып коркутуп каментарий жазганын уят эле озун экени билинип калыптыр арбирине жооп жазып жаман болгон экенсин чычалап.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо