Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Атай Өмүрзаков:«БИЙДИ ТАШТАБАСАМ, ИЙГИЛИККЕ ЖЕТМЕК ЭМЕСМИН»

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Жаш болсо да чоң иштерди жасап, дайыма аракет үстүндө жүргөн бийчи Атайды кимдер гана билбейт. Дүйнөгө өзүн гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанды таанытып келген Атайчик менен жылуу маектештик.

– Салам, Атай, Нооруз майрамында Москва шаарында жеке концертиңди бердиң, кепти ошол тууралуу баштасак...
-Жакшы болот. Москвадагы «Лужники» олимпиада комплексинин «Россия» концерттик залында өзүмдүн жана «Тумар КР» бий тобунун алгачкы жеке концертин бердик. Концертке ал жактагы мекендештерибизден сырткары Украинадан жана башка өлкөлөрдөн көрүүчүлөр келишти. Жети элчиликтин өкүлдөрү атайын концерттин аягына чейин күтүп, ар бирибизге ыраазычылык сөздөрүн айтып кетишти. Алардын айткан мактоолору биздин демибизге дем кошуп, өткөргөн иш-чарабыздын жыйынтыгына сүйүнүп калдык. Жалпысынан концерт биз күткөндөй өттү, залга 3,5 миңдей көрүүчү келди. Буга чейин жеке концертимди берсемби, бербесемби, балдарым даярбы-жокпу деп өзүмө ишенбей жаткам. Концерт өткөргөндөн кийин өзүмдүн күчүмө дагы көбүрөөк ишене баштадым, ыраазычылык сөздөрдөн кубат алдым. Эми 2014-жылы дүйнөлүк турга чыгалы деп жатабыз, учурда 18 өлкө менен сүйлөшүп койдук.

– Неге тушоо кесүү концертиңди Кыргызстанда эмес, Москвада өткөрдүң?
-Көбү «Атай биринчи Орусиянын артынан таанылды, ошондон улам» деп айтышат экен. Бирок чынында андай деле эмес. Жөн эле Москвада өткөрүп көрүүнү чечтим, каалоом ошол шаар болду.

– Бий студияңды ачып, окуучуларыңды кароо-сынактарга жөнөтүп, фестивалдарды өткөрүп жүрөсүң, мындай иш-чараларды кандай максатта уюштурасың?
-Биринчиден, таланттуу балдарга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү. Анткени бизде таланттуулар абдан көп, аларга шарт түзүп берсең, бат эле жыйынтык беришет. Экинчиден, кыргыз маданиятынын өнүгүүсүнө аз да болсо салым кошуу. Жакында эле окуучуларым Астанада өткөн эл аралык бий фестивалынан 2-орунду алышты, ал эми «Тумар КР» тобу «Украина – менин таланттарым» долбоорунан 3-орунду алып кайтышкан. Быйыл аларды Чехияга, андан кийин
АКШга сынакка жиберейин деп жатам. Өзүм бий менен 3 жыл машыгып, анан жыйынтык бере баштагам, окуучуларым бир жылга жетпей эле жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө, мындай жүрүш менен мени оңой эле ашып өтүшөт.

– «Мен эми бийлебейм» деп айттың эле, азыр өкүнбөйсүңбү ошол сөзүңө?
-Жок, эч качан. Бийлеп жүрө берсем, мындай иштерди жасай албайт болчумун. «Бий менен жашайм» деген бийчилерден эмесмин, бий мен үчүн жөн гана хобби. Алдыма «бийдин артынан чоң сахнага жетем» деп максат койгом, ошого жеттим. Мага ушул жетиштүү. Калган күчүмдү окуучуларыма жумшайм.

– Былтыр чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда бий фестивалын өткөрүп, кыргызстандыктарга майрам тартууладың эле, быйыл да ошондой иш-чара уюштурасыңбы?
-Ооба, сентябрь айына пландап жатабыз. Буюрса, быйыл фестивалга андан да атактуу ырчы-бийчилерди чакырабыз. Кимдер келери азырынча сыр болуп турсун.

– «Мүмкүнчүлүк болгондо апамды шаарга көчүрүп келмекмин» деген элең.
-Азыр мүмкүнчүлүгүм бар, бирок апам өзү Бишкекке келгиси келбей жатат. Караколдо жашап, ошол жакка көнүп калыптыр.

– Бир үйдүн эрке баласы эмессиңби, апаңды качан ысык чайын сунчу келиндүү кыласың?
-Азыр мага үйлөнүү тууралуу ойлонгонго эрте. Жок эле дегенде отузга чыкканда үйлөнөм. Алдыда ишке аша элек ой-максаттар көп.

– Бирок социалдык тармактарда бир сулууну кучагыңа кысып түшкөн сүрөттөрүң жүрөт го?..
-Ха-ха, ал эжем болчу. Бир тууган эжем эмес, мындай тууганым.

– Болочоктогу келинчегиңди кандай критерийлер менен тандап аласың?
-Эң негизгиси апама жакса болду. Апама окшош болсо, андан жакшы. Негизи, мындай болуш керек, тигиндей болуш керек деп божомолдой бергим келбейт. Бир көргөндө көңүлүмө жакса жакты, жакпаса, анда жакпайт да.

– Кыска кийинген кыздарды көргөндөгү сенин реакцияң?
-Билбейм эмнеге экенин, бирок жиним келе берет.

– Сыртыңдан адамга катуу сүйлөбөгөн, жумшак мүнөз, «ангел» көрүнөсүң, терс сапаттарың деле болсо керек?
-Ха-ха, чындап эле көбү мени ошентип ойлошот экен. Бирок мен периштеге жакындабай калам го. Терс сапаттарым көп эле, аны айтпай эле коёюн.

– Белгилүү Атай менен жөнөкөй Атайдын айырмасы?
-Ошо, кичине бузулуп кеттим окшойт, ха-ха. Атактуулук менин терс сапаттарымдын пайда болушуна шарт түзүп жатканын байкадым. Мурун чынында, сен айткандай, өзүмдү периште көрчүмүн. Уялчаак, бирөөгө сөз сүйлөөгө даап бара албаган бала элем. Эгер ошол Атай бойдон калсам, мындай ийгиликтерге жетпейт болчумун. Уялчаактыгымды жойбосом демөөрчү таппайт элем, сахнага чыкпайт болчумун. Өзгөрүүмдүн пайдасы көп тийди, учурдагы абалыма ыраазымын.

– Көз карашың, ой жүгүртүүң көп жашаган адамдардыкындай, эрте чоңоюп алган жоксуңбу?
-Алтын балалыгымдан арманым жок, мунун баары апамдын эмгеги. Кичинемде жыл өткөн сайын капалана берчүмүн, «эмнеге чоңоюп жатам?» деп. Анткени эч чоңойгум келчү эмес. Анан мектепти бүтүп жатканда ушунчалык ыйлагым келди, кетким келбей, чоңойбой эле койсом эмне деп. Ошондой таттуу балалыкта калтыргысы келген жашоону апам мага бере алды. Бирок убакыт бир жерде тура бербейт экен да.

– Материалдык жардам сурап кайрылгандар болобу?
-Болот. Колдон келген жардамымды аябайм. Жаш таланттар демөөрчү издеп келишет, аларга демөөрчү издешем. Себеби мен да учурунда демөөрчү издеп аябай кыйналгам. Бир жолу бир апа Москвада жүргөн уулун издөөгө акча керек деп сураганынан чөнтөгүмдө болгон акчаны колуна карматкам. Мындай учурлар көп кезигет.

– Дин жолуна түшкүң келеби?
-Ооба, намаз окугум келет. Ошол намаз окуган күндөргө келем деп ойлойм. Бирөөнүн таңуулоосу менен эмес, ар бир адам ал нерсеге өзү келиш керек. Өзүм философияны жакшы көргөндүктөн, ар бир суроого жооп издеп жүрө берем.

– Бош убактыңда эмне кыласың?
-Уктайм (күлүп). Жатып алып ойлоном, кылган иштериме баа берем. Бул ишти туура кылдымбы же жокпу деп. Бий студиясын ачарда да көп ойлондум, «муну ачып алсам, окуучулардын баары эле чоң сахнага чыга бербейт да, 1-2 окуучу ийгиликке жетишип, калгандары не болот? Алардын баары өзүн бийге арнап койгондор болсо...» деп кабатырлана берчүмүн. Азыр бий студиясы гана эмес, жаштар борборун ачтык. Анда шарт да, мүмкүнчүлүк да көп болот. Буюрса, бул жаштар борборунан Кыргызстандын алдыңкы таланттуу жаштары чыгат деген ишеничим чоң.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Атай Өмүрзаков: "30 жашымда үйлөнөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(69)
23.05.2013. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай Омурзаков АЗАМАТ
24.05.2013. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасынын баласы ) экен да
24.05.2013. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле КРАСАВЧИК ийгилик сага! Чынында эле эрте чонойуп алгандай. Бар бол!
24.05.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетим ий, бетим.. Уялбагандан озун уял дейт беле. Ноутбук бергенин коруп, тан калгандан кашым жогору тартылып, нервим кайнап кетти. Уят, уят. Жаш туруп чон ийгиликтерге жетишкен жигит- АЗАМАТ!
25.05.2013. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз !!!мен азыр Россиядамын башка улуттун окулдору менин Кыргызстандан экенимди билип калышса дароо Атай Омурзаков силердин бийчи э деп сонун мактоо создорун айтышат ,ошондо КЫРГЫЗ экениме аябай суйуном . жакында эле бир озбек эже айтып олло мактаса ыйлап да жибердим !бар болунуз кыргыз элимди бут планетага таанытарынызга ишенем !!!!
25.05.2013. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай Өмүрзаков кыргыздын мактаныч инсаны, жаш жанында жеткен жетишкендиктери, багынткан бийиктиктерине таазим. бар бол Атай, кыргыздын бактысына өзүңдөй талантту, жөнөкөй адамдар жарала берсин.
26.05.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол ноутбук менен кантип уялбай сыйлашты экен
26.05.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай алга!
SUPER.KG видео
19.06.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец родной
SUPER.KG видео
19.06.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура айтат, негизи орустар айтышат го, "мужчина должен посадить дерево, построить дом, вырастить сына"- деп. а биздин жашоодо болсо тескерисинче болуп жатпайбы, биринчи бала жасашат, анан уй салалбай кыйналышат, а бакты болсо омуру отургузушпайт.
SUPER.KG видео
19.06.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
azamatsyn Atai! sonun maek boluptur! kyrgyzdyn syimygy bolup juro ber! seni daiyma koldoibuz
SUPER.KG видео
19.06.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атай сен озун да ,жакшы тушуно элек болушун керек,сенканча адамга сыймык,канча адамга кубаныч алып келип жатканынды.Сен ушул жолунан тайбай кетсен биздин Чынгыз абабыздай болуп калат болушун керек.Азыр кыргыз Чынгыздын эли деп билсе,келечекте Чынгыз менен Атайдын эли деп,Сага албан-албан ийгилик,кудайдан омур тилейли.
SUPER.KG видео
19.06.2013. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой,ой, сен буттан турганча чал болуп каласын:) тез уйлон да. Создун оруну менен суйлогон сендей азамат Атай бар болсун!
SUPER.KG видео
19.06.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атай азаматсыз! сени менен сыймыктанабыз, кыргыздын бактысына жаралган инсан десек да ашык кетпейт, ушундай талаттарыбызды баалап, колдоп алаарг өлкө азыр алсыздык кылып турат, бирок эмне болгон күндө да силердей талантуу азаматтар өмүр боюу Кыргыз, Кыргызстан деп жашап өткүлө.
SUPER.KG видео
19.06.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаа.суйлогону зеригерлиик экен))БИРОК АЗАМАТ!
SUPER.KG видео
19.06.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
к-тилди 1-класстан баштап уйронуш керек эле деген жери дакты!талыкпаган эмгек сизге Атай!
Модератор admin_superstan түзөттү 20.06.2013 10:05
SUPER.KG видео
20.06.2013. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
akyrynda ministerstvodon chalyp jatat deivi?)))))))))))
SUPER.KG видео
20.06.2013. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamat we are proud of you!
SUPER.KG видео
20.06.2013. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аж он мне так нравится такой хороший, такой мягкий, такой взрослый и такой лаапочка:)) быйтыйган десе))
SUPER.KG видео
20.06.2013. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алга кыргыздын баласы
SUPER.KG видео
20.06.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NADUW, Сунушунузга рахмат!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Билдирүүңүз түзөтүлдү.
Модератор admin_superstan түзөттү 20.06.2013 10:05
SUPER.KG видео
20.06.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атай иним мен ойлойм сен менин жазганымды окуйсун деп.Атай сага айтаарым батыраак уйлоннуп ал,эмнеге дегенде никелуу адам арамдан алыс,адалга жакын болот,никелуу адамдын тапкан тутканы да берекелуу болот.адамдар айтышат намазга качан жыгыласын деп суроо берсен кичине алдыга койгон максатым бар жетейин анан окуйм деп.Жоок андай эмес намазга жыгылып батыраак уйлонуп никеленип алсан алдыга койгон максаттарына бат жетесин.Адам айткандай эч качан болбойт баары Аллаадан Атай.
SUPER.KG видео
20.06.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
molodets Atay sooonun maek boluptur,mne o4en' ponravilsa Atay za kadram))))))))))
SUPER.KG видео
20.06.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атайды корсом эле кичине баладай кылып кучактап, эзкилеп, опкулоп салгым келе берет % ))
SUPER.KG видео
20.06.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сендей потриоттор коп болсун.сени тороп остургон апана рахмат жана таазим.кайда болбо,ким менен болбо ар дайым бар бол
SUPER.KG видео
21.06.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn Atai kyrgyzcha sonun suilopsun, araketin jakshy boluptur, dagy bir jolu azamatsyn igilik kaalaim aman bol!
SUPER.KG видео
21.06.2013. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тилин жатташ керек эле)))) Азамаматсын, жатта.
SUPER.KG видео
22.06.2013. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аурасы таза, адамды тезле озуно тартып алат иштерине ийгилик
SUPER.KG видео
07.07.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
знакома лично , хороший парень скромный добрый милый .Побывал на многих конкурсах, показал себя на высоте, а 2 место на минуте славе это просто супер , болела вся страна , даже после этого остался таким же простын человеком .не стал высокомерным.
24.07.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайчик молодец...бирок улантсан болмок бийчилердин жана бийдин падышасысын.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо