№550 17-май-23-май, 2013-ж

«Боз салкын» тасмасында Анаранын ролун жараткан актриса Зарема Асаналиева өткөн жылы турмушка чыгып, уулдуу болгон. Ошондон тарта кино айдыңында дымы чыкпай калган. «Үйдө отура берип бук болуп кеттим. Уулума төрт эле ай болду. Ошого карабай Көлдөн Бишкекке келип, чыгармачылыкка кайрадан киришейин деп чечтим. Жакында эле режиссёр Эрнест Абдыжапаров уулум экөөбүздү «Такси жана телефон» аттуу жаңы тасмасында роль жаратууга чакырып, учурда ошого даярданып жүргөн чагым. Анан да Улуттук «Ак илбирс» киносыйлыгынын быйылкы сыйлык тапшыруу аземинде калыстар тобунун мүчөсү болууга жетиштим»,- дейт актриса.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |